Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-ноябры № 627
"Баткен" эркин экономикалык зонасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Н.Измалкова, Ж.К.Исаев, У.Т.Кочкоров, Н.Т.Арипов, К.К.Иманалиев, Б.Э.Торобаев, Т.Балтабаев тарабынан демилгеленген "Баткен" эркин экономикалык зонасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр |
| Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-ноябрындагы № 627 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Н.Измалкова, Ж.К.Исаев, У.Т.Кочкоров, Н.Т.Арипов, К.К.Иманалиев, Б.Э.Торобаев, Т.Балтабаев тарабынан демилгеленген "Баткен" эркин экономикалык зонасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүдөй корутундуга келди.
"Баткен" эркин экономикалык зонасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун (мындан ары - мыйзамдын долбоору) негизги максаты болуп Баткен облусунун алыскы Баткен, Сүлүктү шаарларынын жана жетүүгө кыйын Баткен жана Лейлек райондорунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат.
1. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык преамбулага ченемдик буйрумдарды киргизүүгө жол берилбейт. Буга байланыштуу, мыйзамдын долбоорунун ченемдик укуктук актыны жөнгө салуу предметин аныктоочу преамбуласын өзүнчө берене түрүндө тариздөө зарыл.
2. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгү менен "Баткен" эркин экономикалык зонасынын (мындан ары - "Баткен" ЭЭЗ) иши жана "Баткен" ЭЭЗдин субъекттери катары юридикалык жактарды каттоо менен байланыштуу келип чыккан мамилелер ушул Мыйзам, "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, салыктык мыйзамдар, бажылык мыйзамдар, "Баткен" ЭЭЗи жөнүндө жобо, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат деп белгилөө сунушталган.
Буга байланыштуу, "мыйзамдар" жана "ченемдик укуктук акты" деген түшүнүктөр жалпыланган түшүнүктөр болуп саналат жана кеңири чечмеленүү мүмкүнчүлүгүн берүүчү так эмес мүнөзгө ээ. Алсак, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык мыйзамдар деп коомдук мамилелерди жөнгө салууну ченемдик укуктук актылардын жыйындысы, ал эми ченемдик укуктук акт деп ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясынын чегинде же болбосо референдум аркылуу кабыл алынган, укук ченемдерин белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган, белгиленген формадагы расмий документ түшүнүлөт. Мында, аталган Мыйзамдын 5-беренеси менен ченемдик укуктук актыларды өздөрүнүн компетенциясынын чөйрөсүндө гана кабыл алууга укуктуу ченем жаратуучу органдардын толук тизмеги аныкталган. Буга байланыштуу, ченемдик укуктук актыларды жана аларды кабыл алуучу субъектти конкреттештирүүнү, ал эми мыйзамдын долбоорунун корутунду жоболорунда мындай субъектке тиешелүү актыларды кабыл алууну тапшырууну караштыруу максатка ылайык деп эсептейбиз.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Мында, башка эл аралык келишимдердин ченемдерине караганда адам укуктары боюнча эл аралык келишимдердин ченемдери түздөн-түз колдонулат жана артыкчылыкка ээ. Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинде:
- 1-бөлүгүн "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган" деген сөздөрдөн кийин ", мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген" деген сөздөр менен толуктоону;
- 2-бөлүгүн алып салууну сунуш кылабыз.
4. "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык ЭЭЗди түзүү максаттары жогоруда аталган Мыйзам жана ЭЭЗ жөнүндө мыйзамдар менен аныкталат.
Буга байланыштуу, мыйзамдын долбоорунун 3-беренесиндеги "жана башка максаттарда" деген сөздөрдү алып салуу жана "Баткен" ЭЭЗин түзүүнүн максаттарынын толук тизмегин көрсөтүү зарыл.
5. Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинде "Баткен" ЭЭЗинин иштөө мөөнөтү - 2040-жылдын 31-декабрына чейин, башкача айтканда учурдагы жылды эсепке алуу менен - 25 жыл деп каралган. Бирок, "Баткен" ЭЭЗин түзүүнүн максаттары болуп социалдык-экономикалык өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, өндүрүштөрдү, транспорттук инфратүзүмдү, туризмди, санаториялык-курорттук чөйрөлөрдү түзүү жана өнүктүрүү эсептелээрин эске алганда бул мөөнөт узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуу үчүн анчалык жагымдуу эмес.
6. Мыйзамдын долбоорунун 8-беренеси "Баткен" ЭЭЗинин ишинин чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясын аныктайт, анын ичинде ага "Баткен" ЭЭЗинин башкы директорун жана анын орун басарларын дайындоо кирет.
Муну менен бирге "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине жана "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык ЭЭЗдин башкы директорлорун, алардын орун басарларын дайындоо жана бошотуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыйгарым укуктарына киргизилген.
7. Мыйзамдын долбоорунун 10-беренесинде каралган "Баткен" ЭЭЗинин субъектти" аныктамасы мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинде баяндалган ушундай аныктамага шайкеш келбейт. Мында кайталоочу жоболордон качуу үчүн "Баткен" ЭЭЗинин субъекти" бирдиктүү түшүнүгүн аныктоо жана аны мыйзамдын долбоорунун түшүнүк аппаратын аныктоочу 1-беренесинде көрсөтүү зарыл.
8. Мындан тышкары ички карама-каршылыктар мыйзамдын долбоорунун 10-беренесинин 2-бөлүгү менен 15-беренесинин ортосунда да бар.
Мында, "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 10-бөлүгүнүн жоболорун көңүлгө алуу менен, ага ылайык ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып, регионду тез өнүктүрүү максатында түзүлгөн ЭЭЗдин субъектиси чектеринде ЭЭЗ жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында биринчи жолу катталган, юридикалык жак боло алуучу мыйзамдын долбоорунун 15-беренесин алып салуу керек.
9. Мыйзамдын долбоорунда "Баткен" ЭЭЗинин аймагын тосуу шарттары каралбагандыгын жана ал Баткен облусунун Баткен, Сүлүктү шаарларынын, Баткен жана Лейлек райондорунун административдик чек арасында жайгаша тургандыгын эске алуу менен, мыйзамдын долбоорунда "Баткен" ЭЭЗинин ар бир субъекти жайгашкан жердин аймагы "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин талаптарына ылайык бажы контролун камсыз кылуу максатында милдеттүү түрдө тосулууга тийиш экендиги жөнүндө ченемди көрсөтүү зарыл деп эсептейбиз.
Мында, Мыйзамдын жогоруда аталган беренесине ылайык ЭЭЗ атайын бөлүнгөн аймактарда түзүлө тургандыктан бул ЭЭЗдин аймагын так аныктоону сунуш кылабыз.
10. Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында баяндалган маалыматка ылайык сунушталган Мыйзамдын долбоору республикалык бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүүнү талап кылбайт.
Ошол эле учурда ЭЭЗдин толук өнүгүүсү жана иштөөсү, тийиштүү инфратүзүмдү түзүү жана аймакты ыңгайлаштыруу, ошондой эле инвесторлорду тартуу боюнча иш-чараларды жана башка иш-чараларды өткөрүү үчүн финансылык каражаттар талап кылынат.
Бирок, каржылоо булактарынын бардыгы жөнүндө маалыматтар жана тиешелүү финансылык-экономикалык эсептер жок. Мында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен каржылоону талап кылуучу ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбайт.
11. Жалпы алганда мыйзамдын долбоорунун жоболору негизинен "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин кайталаарын белгилейбиз.
Муну менен бирге аталган Мыйзамдын 8-беренесине ылайык ЭЭЗ жөнүндө мыйзамда ЭЭЗди түзүү максаты, анын тиби, анда пландалган иштин мүнөзү, ЭЭЗ чек аралары, иштөө мөөнөтү, каржылоо булактары жана иштин артыкчылыктуу түрлөрүнүн тизмеги аныкталууга тийиш.
12. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 375-беренесине ылайык "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында коюлуучу талаптарга ылайык келген ЭЭЗдин субъекттеринин иши салыктын бардык түрлөрүнөн бошотулат. Буга байланыштуу, ЭЭЗдин субъекттеринен жер салыгы, мүлк салыгы жана сатуудан салык боюнча түшүүлөр болбогондуктан жергиликтүү бюджеттер салыктык түшүүлөрдөн бир топ жоготууга учурайт.
Буга байланыштуу, каралып жаткан мыйзамдын долбоорун кабыл алганга чейин "Баткен" ЭЭЗин түзүү пландаштырылып жаткан аймактардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана ишкерлер менен потенциалдуу пайдаларды жана жоготууларды талдоо үчүн, ошондой эле "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде каралган жергиликтүү бюджеттерге "Баткен" ЭЭЗинин Башкы дирекциясынын чегерүүлөрүнүн өлчөмүн аныктоо үчүн аны талкуулоо максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
Мында, мыйзамдын долбоору Баткен облусунун аймагында иштеген ишкердик субъекттеринин ишине тийиштүү экендигин эске алуу менен, ишкердик субъекттеринин ишине жөнгө салуучу таасирди талдоо зарыл деп эсептейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде "Баткен" эркин экономикалык зонасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун берилген редакцияда кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.