Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-ноябры № 629
“Өндүрүштүк багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Өндүрүштүк багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри жана Кыргыз Республикасынын Экономика министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене. Максаттары жана колдонулуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында жардыргыч материалдарды жүгүртүүнү төмөнкү максаттарда жөнгө салуунун укуктук негиздерин аныктайт:
а) тынчтык максаттарында жарылуу энергиясын пайдаланууну камсыздоо;
б) жардыргыч материалдар менен иштеген персоналдын, калктын коопсуздугун, ошондой эле мүлктү жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыздоо;
в) коомдук коопсуздукка кылмыштуу кол салуулардын алдын алуу;
г) жардыргыч материалдарды жүгүртүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн төмөнкүлөргө жоопкерчиликти белгилөө:
- мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына;
- жардыргыч материалдарды жүгүрткөн субъекттин кызматтык жана жеке адамдарына.
2. Мыйзамдын күчү төмөнкүлөргө жайылтылат:
а) өндүрүштүк багыттагы бардык жардыргыч материалдарга;
б) уюштуруу-укуктук формасына карабастан жардыргыч материалдарды жүгүртүүгө катышкан юридикалык жана жеке жактарга;
3. Ушул Мыйзамдын күчү аскердик багыттагы жардыргыч материалдарды жүгүртүүгө, ошондой эле патрондорду жана куралга карата ок-дарыларды жүгүртүүгө жайылтылбайт.
2-берене. Жардыргыч материалдарды жүгүртүүнү укуктук жөнгө салуу
Жардыргыч материалдарды жүгүртүүнү укуктук жөнгө салуу ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.
3-берене. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр жана аныктамалар пайдаланылат:
өндүрүштүк багыттагы жардыргыч материалдарды жүгүртүүдөгү коопсуздук - өндүрүштүк багыттагы жардыргыч материалдарды жүгүртүүнүн белгиленген тартибин бузуулардан инсандын, коомдун жана мамлекеттин коргонуу абалы;
жардыргыч зат – айрым тышкы таасирлердин же ички процесстердин натыйжасында, жылуулукту бөлүп чыгарган жана катуу ысытылган газдарды түзгөн жарылууга жөндөмдүү химиялык бирикмелер же алардын аралашмасы. Мындай заттарда жүргөн процесстердин комплекси детонация деп аталат. Салттуу түрдө жардыргыч заттарга детонацияланбай, белгилүү ылдамдыкта күйгөн бирикмелер жана аралашмалар (ыргытылчу ок-дарылар, пиротехникалык курамдар) кирет. Жардыргыч заттар энергетикалык конденсацияланган тутумдарга кирет;
өндүрүштүк багыттагы жардыргыч материалдар (мындан ары - жардыргыч материалдар) – өндүрүштүк максаттарда пайдалануу үчүн арналган жардыргыч заттардын, анын ичинде күчөтүп импульс берүүчү (күчөтүү каражаттары) буюмдарды кошкондо ок-дарылардын, ошондой эле пиротехникалык каражаттардын жана алардын негизинде жасалган буюмдардын (пиротехникалык буюмдар) жалпы аталышы;
жардыруу иштери – жардырууларды даярдоо жана жүргүзүү, ошондой эле алардын кооптуу кесепеттерин жоюу менен байланышкан технологиялык процесстердин комплекси;
жардыргыч материалдарды сыноо – сактоо жана жардыруу иштеринде колдонуу үчүн жардыргыч материалдардын сапатын жана/же жарамдуулугун аныктоо;
маркалоо белгиси – жардыргыч заттарды камтыган буюмдарга жана (же) таңгактарына аларды идентификациялоо жана эсепке алуу максатында коюлуучу шарттуу жазуулар, белгилер, символдор жана (же) атайын маалыматтык алып жүрүүчүлөр;
жардыргыч материалдарды жүгүртүү – жардыргыч материалдарды чыгарууну, сыноону, таңгактоону, сатууну, ташууну, сактоону, колдонууга даярдоону, колдонууну, эсепке алууну, сатып алууну жана жок кылууну, ошондой эле аларды алып коюуну, Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзиттөөнү кошкондо, Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүнү жана анын чегинен тышкары ташып чыгууну камтыган иш;
жардыргыч материалдарды ташуу – жардыргыч материалдардын жайгашкан жерин өзгөртүү (юридикалык жактын бир аймагында жүргүзүлүүчү цехтер ортосундагы жана технологиялык ташуулардан тышкары), анын ичинде ташуунун шарттарына ылайык талап кылынуучу токтотуулар жана жардыргыч материалдардын жайгашкан жерин өзгөрткөнгө чейин, өзгөртүү убагында жана андан кийин ташуу шарттарына ылайык талап кылынуучу унаа каражаттарында жана контейнерлерде болгондогу убакыт;
жардыргыч материалдарды колдонууга даярдоо – жардыргыч заттарды эритүү жана аларды пайдаланууга, анын ичинде заряддык-унаалык каражатка жүктөөгө даярдоо, күчөтүү каражаттарын жана пиротехникалык буюмдарды пайдалануу үчүн жарактуу абалга келтирүү;
жардыргыч материалдарды колдонуу – жардыруу иштерин жана аталган материалдардын түз багыты менен каралган башка иш-аракеттерди аткаруу, ошондой эле аларды жүргүзүүгө даярдоо;
жардыргыч материалдарды чыгаруу – жардыргыч заттарды жана аларды камтыган буюмдарды жасоо, ошондой эле жаңы жардыргыч заттарды жана аларды камтыган буюмдарды иштеп чыгуу менен байланышкан илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштер;
жардыргыч материалдарды сатуу – аталган материалдардын менчик ээсин, колдонуучусун же тескөөчүсүн өзгөртүү менен байланышкан иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу;
күчөтүү каражаты – жардыргыч заттын детонациясын же күйүүсүн пайда кылуучу түзүлүш;
жардыргыч материалдардын реестри (мындан ары – реестр) – Кыргыз Республикасынын аймагында өнөр жайлык пайдаланууга уруксат берилген жардыргыч материалдар жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтык тутум;
жардыргыч материалдарды жүгүртүү субъекти – мыйзамдарга ылайык жардыргыч материалдарды жүгүртүү жаатында иштин тийиштүү түрүн жүзөгө ашырууга укук берилген юридикалык жак;
жардыргыч материалдарды жок кылуу – жардыргыч материалдарды зыянсыздандыруу (жардыруу, күйгүзүү, сууда эритүү);
жардыргыч материалдарды таңгактоо – жардыргыч материалдарды бузулуулардан жана булгануулардан коргоо, алардын айлана-чөйрөгө түшүүсүнө жол бербөө үчүн арналган, ошондой эле сактоонун, ташуунун, пайдалануунун жана аларды эсепке алуу мүмкүнчүлүгүнүн регламенттештирилген шарттарын камсыздоочу каражат же каражаттардын комплекси;
жардыргыч материалдарды жоготуу – жардыргыч материалдар уурдалган, чачылган жана жоготулган учурлардын жалпы аталышы;
жардыргыч материалдарды сактоо – жардыргыч материалдарды адистештирилген жерлерге, курулмаларга жана объекттерге жайгаштыруу.
4-берене. Жардыргыч материалдар менен иштөөнүн түрлөрү
Жардыргыч материалдар менен иштөөнүн түрлөрү илимий, техникалык жана чарбалык милдеттерди чечүү үчүн жардыруу энергиясын пайдалануу менен иштерди жүргүзүүнүн технологиялык процесстери менен аныкталат.
Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
5-берене. Жардыргыч материалдардын реестри
1. Жардыргыч материалдардын реестрин (мындан ары - реестр) атайын уруксат берүү функцияларына ээ жана өндүрүштүк коопсуздук жаатында мамлекеттик саясатты жана ченемдик-укуктук жөнгө салууну иштеп чыгуучу аткаруу бийлигинин органы жүргүзөт.
2. Реестрди түзүү жана жүргүзүү тартиби, анда камтылган маалыматтарды берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
6-берене. Жардыргыч материалдарды жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу
1. Жардыргыч материалдарды жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкүлөрдү берүү аркылуу жүзөгө ашырылат:
- өндүрүштүк багыттагы жардыргыч материалдарды чыгарууга, колдонууга, жок кылууга лицензияларды;
- жардыргыч заттарды жана буюмдарды (анын ичинде пиротехникалык) сатууга лицензияларды;
- өзгөчө товарларды (жардыргыч заттар, жардыруу каражаттары жана пиротехникалар) импорттоого жана экспорттоого лицензияларды;
- кооптуу жүктөрдү ташууга уруксатты;
- пиротехникалык буюмдарды сактоо укугуна уруксатты;
- жардыруу иштерин жүргүзүү укугуна уруксатты;
- жардыргыч материалдарды сактоо укугуна уруксатты;
- жардыргыч материалдарды сатып алуу укугуна уруксатты.
7-берене. Жардыргыч материалдарды жүгүртүүгө белгиленген чектөөлөр жана тыюу салуулар
1. Жардыргыч материалдар белгиленген тартипте берилген лицензиялардын жана (же) уруксаттардын негизинде гана жүгүртүүдө боло алат.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө жол берилбейт:
а) жеке адамдардын жардыргыч материалдарды жүгүртүүсүнө;
б) ушул Мыйзамга ылайык жүгүртүүгө уруксат берилбеген, ошондой эле реестрге киргизилбеген жардыргыч материалдарды колдонууга жана сатууга;
в) ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган келишим боюнча жооптуу сактоого өткөрүлүп берилген, ошондой эле белгиленген тартипте жардыргыч материалдарды убактылуу алып коюуда мамлекеттик көзөмөл органдары тарабынан жооптуу сактоого өткөрүлүп берилген учурлардан тышкары, алар менчик ээси болуп саналбаган юридикалык жактардын табылган жана (же) аларга өткөрүлүп берилген жардыргыч материалдарды сактоосуна жана колдонуусуна;
г) жардыргыч материалдарды жүгүртүү субъектинде жардыргыч материалдарды сактоочу жер, жардыргыч материалдарды ташуу үчүн унаа каражаттары, жардыргыч материалдардын коопсуздугун, сакталышын, эсепке алынышын жана жайгаштырылуучу жерлерди кайтарууну уюштурууну камсыздоо үчүн жооптуу кызмат адамы, ошондой эле жардыргыч материалдар менен иштерди аткаруу үчүн талап кылынган квалификациясы жана уруксаты бар персонал жок болгон учурда, жардыргыч материалдарды чыгарууга, сактоого, сатууга жана колдонууга;
д) жардыргыч материалдарды жүгүртүү жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкеш келбеген жардыргыч материалдарды жардыруу иштерин жүргүзүү үчүн колдонууга;
е) жардыргыч материалдарды төмөнкү жерлерде сактоого:
- аларды жайгаштыруу үчүн каралбаган; куралдуу кайтаруусуз;
- кайтаруу, өткөрүү жана объект ичиндеги режимдердин тартиби бузулган;
ж) жардыргыч материалдарды кол жүгү жана жол жүгү аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун бардык түрлөрү менен ташууга, ошондой эле жардыргыч материалдарды почта байланышы аркылуу жиберүүгө;
з) жардыргыч материалдарды алардын кыймылын бул максаттар үчүн багытталган эсепке алуунун жана отчеттуулуктун мамлекеттик формаларында чагылдыруусуз жүгүртүүгө.
3. Жеке адамдарга, ошондой эле юридикалык жактардын кызматкерлерине жана кызмат адамдарына табылган жардыргыч материалдарды сактоого тыюу салынат. Мындай заттардын жана предметтердин табылгандыгы жана алардын жайгашкан жери жөнүндө адамдар бир күндүк мөөнөттө укук коргоо органдарына билдирүүгө милдеттүү.
8-берене. Шайкештикти баалоо формалары
1. Өндүрүштүк багыттагы жардыргыч материалдарды жүгүртүүнүн шайкештигин баалоо, ушул Мыйзамда жана техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган милдеттерди ишке ашыруу максатында жүргүзүлөт.
2. Шайкештикти баалоо төмөнкү формаларда жүргүзүлөт:
- сертификациялоо;
- мамлекеттик көзөмөлдөө.
9-берене. Өндүрүштүк багыттагы жардыргыч материалдарды сертификациялоо
1. Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү өндүрүштүк багыттагы жардыргыч материалдардын жеткирип берүүчү өлкөлөрдүн аккредитацияланган уюмдарынын шайкештик сертификаттары болууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген өндүрүштүк багыттагы жардыргыч материалдардын сертификаттарын таануу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында жасалуучу өндүрүштүк багыттагы жардыргыч материалдар аларды колдонуу алдында өнөр жайлык сыноолордон милдеттүү түрдө өтүүгө тийиш.
Өнөр жайлык сыноолорду өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
10-берене. Ушул Мыйзамдын талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл
1. Ушул Мыйзамдын талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл ыйгарым укуктуу органдар тарабынан ушул Мыйзамдын талаптарынын аткарылышын текшерүү боюнча иш-чаралар формасында жүргүзүлөт.
2. Жардыргыч материалдарды жүгүртүүгө мамлекеттик көзөмөл төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
- юридикалык жактар тарабынан пайдаланылуучу жайларды (курулмалардын) жана кампа объекттерин физикалык жана техникалык коргоо боюнча режимдик-күзөттүк иш-чараларга, кооптуу жүктөрдү ташууда аларга куралдуу күзөттүн уюштурулушуна, жардыргыч материалдарды жүгүртүү менен байланышкан иштерге жеке жактарга уруксат берүүгө белгиленген талаптардын бузулушун аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген жардыргыч материалдарды жүгүртүүнүн тартибин бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу үчүн жардыргыч материалдарды чыгарууда, колдонууда, эсепке алууда, сактоодо, сыноодо жана жок кылууда бузууларды аныктоо;
- жардыргыч материалдарды мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоо жана бөгөт коюу.
11-берене. Жардыргыч материалдарды жүгүртүү субъекттеринин кызматкерлерине жардыргыч материалдарды жүгүртүү менен байланышкан иштерге уруксат берүү
1. Жардыргыч материалдар менен иштөөгө түздөн-түз уруксат берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүргүзүлөт.
2. Кызматкерлерге жардыргыч материалдарды жүгүртүү менен байланышкан иштерге уруксат берүүнү ырастаган документ ыйгарым укуктуу орган тарабынан эки жылдан көп эмес мөөнөткө берилет. Жүзөгө ашырууга уруксат берилгендигин ырастаган документти алуу талап кылынган жардыргыч материалдар менен байланышкан иштердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
3. Кызматкерлерге жардыргыч материалдарды жүгүртүү менен байланышкан иштерге уруксат берүүнү ырастаган документти алуу үчүн жардыргыч материалдарды жүгүртүү субъекти ыйгарым укуктуу органга арызды, анын квалификациясын ырастаган документти, анкетаны, ким экендигин ырастаган документти, саламаттык сактоо жаатындагы аткаруу бийлигинин органы тарабынан берилүүчү жардыргыч материалдарды жүгүртүү менен байланышкан иштерди жүзөгө ашыруу үчүн медициналык каршы көрсөткүчтөрдүн жоктугун жана ички иштер органдары тарабынан берилүүчү соттуулугунун жоктугун же анын жоюлгандыгын ырастаган документти берүүгө милдеттүү.
4. Уруксат берүүнү ырастаган документти алууга талапкер кызматкерлер төмөнкүлөргө укуктуу:
- кызматкерлерге жардыргыч материалдарды жүгүртүү менен байланышкан иштерге уруксат берүүнү ырастаган документти тариздөө мүмкүнчүлүгү (тариздөөдөн баш тартуу) жөнүндө маалыматты алууга;
- кызматкерлерге жардыргыч материалдарды жүгүртүү менен байланышкан иштерге уруксат берүүнү ырастаган документти тариздөөдөн баш тартууну белгиленген тартипте даттанууга.
5. Уруксат берүүнү ырастаган документти алууга талапкер болгон кызматкерлер төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кызматкерлерге жардыргыч материалдарды жүгүртүү менен байланышкан иштерге уруксат берүүнү ырастаган документти тариздөө жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон туура жана толук маалымат берүүгө;
- кызматкерлерге жардыргыч материалдарды жүгүртүү менен байланышкан иштерге уруксат берүүнү ырастаган документ ушул берененин алтынчы бөлүгүнө ылайык таризделбей турган жагдайлар келип чыкканда жардыргыч материалдарды жүгүртүү субъектинин жетекчисине маалымдоого.
6. Жардыргыч материалдар менен иштөөгө төмөнкү кызматкерлерге уруксат берилбейт:
- жыйырма жашка толо электерге;
- тийиштүү квалификациясы жок жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте аттестациядан өтпөгөндөргө;
- атайылап жасаган кылмышы үчүн алынбаган же жоюлбаган соттуулугу барларга;
- аларда жардыргыч материалдар менен иштерди жүзөгө ашырууга каршы көрсөткүчтөрдүн жоктугу жөнүндө медициналык корутунду бербегендерге;
- коомдук тартипке жана коомдук коопсуздукка кол салуучу административдик укук бузууларды бир жылдын ичинде кайра жасагандарга;
- террорчулук ишке катышы же террорчулук уюмдар менен байланышы бар адамдардын тизмесинде тургандарга;
- туруктуу жашаган жери жокторго;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы жокторго.
7. Кызматкерлерге жардыргыч материалдарды жүгүртүү менен байланышкан иштерге уруксат берүүнү ырастаган документ төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:
- аталган уруксат берүүдөн ыктыярдуу баш тартууда;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте аттестациядан өз убагында өтпөгөндө;
- жардыргыч материалдар менен иш жүргүзүүгө карата медициналык каршы көрсөткүчтөр болгон жагдайлар пайда болгондо;
- сот органы тарабынан тийиштүү чечим кабыл алынганда;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготууда.
8. Кызматкерлерге жардыргыч материалдарды жүгүртүү менен байланышкан иштерге уруксат берүүнү ырастаган документ жокко чыгарылган же токтотулуп турган учурда жардыргыч материалдарды жүгүртүү субъектинин жетекчиси бул адамды жардыргыч материалдар менен байланышкан иштерден четтетүүгө милдеттүү.
9. Кызматкерлерге жардыргыч материалдарды жүгүртүү менен байланышкан иштерге уруксат берүүнү ырастаган документтин наркы бланкалык продукцияны даярдоого жана аны тариздөөгө иш жүзүндө кеткен чыгашалар боюнча белгиленет.
12-берене. Жардыргыч материалдарды чыгаруу жана сыноо
1. Жардыргыч материалдар өндүрүүчүлөр тарабынан чыгаруу жана керектөө баланстары менен каралган чектерде гана, ошондой эле башка мамлекеттерге жеткирүү үчүн даярдалышы мүмкүн.
2. Жардыргыч заттардын ар бир өзүнчө колдонулуучу буюмунун өз номери, ошондой эле таңгагы жана маркасы болушу керек.
Жардыруу каражаттарын берүүдө аларды маркалоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
3. Жардыргыч материалдарды чыгаруу жана сыноо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
13-берене. Жардыргыч материалдарды сатуу
1. Жардыргыч материалдарды сатууну жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) жардыргыч заттарды жана буюмдарды сатууга лицензиясы (анын ичинде пиротехникалык), ошондой эле сатылуучу жардыргыч материалдарга сертификаттары болууга;
б) жардыргыч материалдарды ыйгарым укуктуу орган тарабынан мындай жардыргыч материалдарды сатып алууга берилген уруксаттарды көрсөткөндө гана сатууга;
в) сатып алынган жана сатылган жардыргыч материалдарды эсепке алууну жүргүзүүгө, ошондой эле эсепке алуу документтерин 10 жыл бою сактоону камсыздоого;
г) үч жумушчу күндүн ичинде сатылган жардыргыч материалдар жана аларды сатып алуучулар жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органга жиберүүгө;
д) ушул Мыйзамдын 15 жана 16-беренелерине ылайык жардыргыч материалдардын сакталышын, аларды сактоо жана ташуу коопсуздугун камсыздоого.
2. Жардыргыч материалдардын ар бир партиясы пайдалануу документтери, шайкештик сертификаты жана өнөр жайлык сыноо актысы (Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган жардыргыч материалдар үчүн) менен сатылууга тийиш.
14-берене. Жардыргыч материалдарды сатып алуу
1. Жардыргыч материалдарды сатып алуу укугуна төмөнкү юридикалык жактар ээ:
а) жардыргыч материалдарды чыгаруу, сыноо, сактоо, колдонуу жана сатуу менен иштеген жардыргыч материалдарды жүгүртүү субъекттери;
б) жардыргыч материалдарды илим-изилдөө, окутуу жана көрсөтүү максаттарында пайдаланган атайын илимий жана окуу жайлары, эгерде бул алардын уставдарында каралса;
в) спорттук, маданий жана аңчылык уюмдары (пиротехникалык курамдарга, ок-дарыга жана аларды камтыган буюмдарга, ошондой эле күчөтүүчү тийиштүү каражаттарга гана).
2. Жардыргыч материалдарды сатып алууга уруксат Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.
15-берене. Жардыргыч материалдарды ташуу жана транзиттөө
1. Жардыргыч материалдарды ташуу уруксат алуунун негизинде жүргүзүлөт.
2. Кооптуу жүктөрдү (жардыргыч материалдарды) ташууга уруксат:
а) жардыргыч материалдарды кампадан алар колдонулуучу жерге чейин дайыма ташуунун негизинде, жардыргыч материалдарды ташуу учурларында (юридикалык жактын бир аймагында жүзөгө ашырылуучу цехтер ортосундагы жана технологиялык ташуулардан тышкары) алты айдан көп эмес колдонуу мөөнөтү менен жардыргыч материалдардын конкреттүү санына (массасына);
б) ташуучу тарабынан билдирилген ташууларды жүзөгө ашыруу мөөнөтүнө, бирок ушул берененин экинчи бөлүгүнүн “а” пунктчасында көрсөтүлбөгөн башка ташууларды жүзөгө ашыруу учурунда бир айдан көп эмес мөөнөткө - бир жолу ташылуучу жардыргыч материалдардын конкреттүү санына (массасына) берилет.
3. Өзгөчө кырдаалдарда жардыргыч материалдарды табигый кырсыктарды авариялык-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүчү жерлерге ташуу ыйгарым укуктуу органга милдеттүү түрдө маалымдоо менен аталган уруксатты алуусуз жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
4. Жардыргыч материалдарды ташуу каттамы милдеттүү түрдө ички иштер органдары менен макулдашылууга тийиш.
5. Ушул беренеде аталган уруксаттарды берүү, кайра тариздөө жана жокко чыгаруу тартиби, ошондой эле жардыргыч материалдардын сакталышын камсыздоого жана ташууда аларды куралдуу кайтарууга карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
6. Жардыргыч материалдарды Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Мында, жардыргыч материалдарды ташуунун бардык учурлары кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу жаатында белгиленген талаптарга ылайык так жүргүзүлүүгө тийиш.
16-берене. Жардыргыч материалдарды сактоо
1. Жардыргыч материалдарды сактоо уруксаты бар юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Жардыргыч материалдар алардын сакталышын жана сакталуу коопсуздугун камсыздаган, башка адамдардын кирүүсүнө жол берилбеген шарттарда сакталууга тийиш.
3. Жардыргыч материалдардын жеке кампасы болбогон учурда, белгиленген тартипте сактоого тийиштүү уруксат алган жардыргыч материалдарды жүгүртүүчү башка субъекттерде жооптуу сактоо келишимдеринин негизинде, ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган материалдык жоопкерчилик жөнүндө келишимди милдеттүү түрдө түзүү шарттарында жардыргыч материалдарды сактоого жол берилет.
4. Жардыргыч материалдардын кампалары (жер астындагылардан тышкары) күзөт тарабынан куралдуу ок атма курал менен кайтарылуусу керек (ведомстволук же келишим боюнча).
5. Өндүрүштүк багыттагы жардыргыч материалдарды сактоо тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
17-берене. Жардыргыч материалдарды колдонуу
1. Жардыргыч материалдарды жүгүртүү субъекттери алардын чыгарууда, сыноодо, таңгактоодо, сатууда, ташууда, колдонууга даярдоодо, эсепке алууда жана сатып алууда, Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө, ташып кетүүдө жана транзиттөөдө көрсөтүлгөн максаттарда гана пайдаланылышын камсыздоого милдеттүү.
2. Жардыргыч материалдарды колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
3. Жардыргыч материалдарды, эгерде бул жоготууга, аварияга, персоналдын же калктын уулануусуна, жаракат алууга же өзгөчө кырдаалдын түзүлүшүнө алып келиши мүмкүн болсо колдонууга тыюу салынат.
18-берене. Жардыргыч материалдарга маркалоо белгилерин коюу
Жардыргыч заттарды камтыган буюмдарга, ошондой эле жардыргыч материалдар менен таңгактарга маркалоо белгилерин коюу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
19-берене. Жардыргыч материалдарды эсепке алуу
1. Жардыргыч материалдарды чыгарууну, сактоону, сатууну, колдонууну жана жок кылууну жүзөгө ашырышкан юридикалык жактардан жардыргыч материалдарды эсепке алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
2. Жардыргыч материалдарды жүгүртүү субъекттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте жардыргыч материалдарды эсепке алууну жүргүзүүгө жана эсепке алуу документтерин он жыл бою сактоого милдеттүү.
20-берене. Жардыргыч материалдарды жок кылуу
Жардыргыч материалдарды жок кылууну лицензиясы бар юридикалык жактар аткарууга укуктуу.
Жардыргыч материалдарды жок кылууда ушул Мыйзамдын 20-беренесинин талаптарына ылайык аларды эсепке алуу камсыздалышы керек.
21-берене. Жардыргыч материалдардын импорту, экспорту жана реэкспорту
Жардыргыч материалдардын импорту, экспорту жана реэкспорту Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактар тарабынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат
22-берене. Жардыргыч материалдарды жүгүртүүдө аларды жоготуу
1. Жардыргыч материалдарды жүгүртүүдө аларды жоготуу учурлары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте техникалык териштирүүгө жатат. Мындай ар бир учур жөнүндө жардыргыч материалдарды жүгүртүү субъектинин жетекчиси бир күндүк мөөнөттө ыйгарым укуктуу органга маалымдоого милдеттүү.
2. Жардыргыч материалдарды жүгүртүүдө аларды жоготуу учурларын техникалык териштирүү боюнча атайын комиссияларды уюштуруу жана мындай комиссиялардын төрагаларын дайындоо жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу орган кабыл алат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жардыргыч материалдарды жүгүртүүдө аларды жоготуу учурларын техникалык териштирүү боюнча атайын комиссияларды уюштуруу жөнүндө чечимди кабыл алууга жана мындай комиссиялардын төрагаларын дайындоого укуктуу.
3. Техникалык териштирүү боюнча атайын комиссия териштирүүгө эксперттерди жана адистерди тарта алат.
Жардыргыч материалдардын жоголуу себептерин техникалык териштирүүгө кеткен чыгымдарды каржылоо алардын жоголушуна жол берген жардыргыч материалдарды жүгүртүү субъекти тарабынан камсыздалат.
4. Жасалган жосундарда жазыктык укук бузуу жана кылмыштын белгилери болгондо техникалык териштирүүнүн материалдары тийиштүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселени чечүү үчүн укук коргоо органдарына жиберилүүгө тийиш.
5. Жардыргыч материалдар жоголгон учурлар мамлекеттик статистикалык отчеттуулук формаларында эсепке алынуусу керек.
23-берене. Жардыргыч материалдарды алып коюу
1. Жардыргыч материалдарды алып коюу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- тиешелүү лицензиялары жана (же) уруксаттары жок болсо;
- лицензиялар жана (же) уруксаттар белгиленген тартипте жокко чыгарылса;
- юридикалык жак жоюлса;
- колго жасалган же мыйзамсыз кайра жасалган жардыргыч материалдар аныкталса.
2. Жардыргыч материалдарды алып коюу, анын ичинде убактылуу алып коюу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
24-берене. Кызмат адамдарынын жана жарандардын жоопкерчилиги
Аткаруу бийлигинин кызмат адамдарынын, жардыргыч материалдарды жүгүртүү субъекттеринин, алардын кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин, ошондой эле жарандардын жардыргыч материалдарды жүгүртүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуусу белгиленген тартипте тартиптик, административдик же жазык жоопкерчилигине алып келет.
25-берене. Талаштарды чечүү тартиби
1. Жардыргыч материалдарды жүгүртүү менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу органдардын чечимдери жана иш-аракеттери сотто даттанылышы мүмкүн.
Даттануу ыйгарым укуктуу органдардын чечимдерин жана иш-аракеттерин аткарууну токтотпойт.
26-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. 2006-жылдын 22-майындагы № 88 “Өндүрүштүк багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2006-жылдын 26-майы, № 38) күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын
Президенти