Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-октябры № 608
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 "Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттук формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Салык кызматынын органдарында кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын эсепке алуунун модернизацияланган автоматташтырылган тутуму боюнча жаңы программалык продуктту киргизүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 "Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттук формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жободо:
- 12-пунктта:
үчүнчү сүйлөм алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Салык органы тарабынан кабыл алынган КНСтин эсеп-фактураларынын бланкаларын берүү жөнүндө чечимге салык салынган субъекттин КНСтин эсеп-фактураларынын бланкаларын алууга арызы, төлөм тапшырмасынын же алынуучу КНСтин эсептик-фактураларынын бланкалары үчүн акы төлөгөндүгү тууралуу квитанция тиркелет.";
- 17-пункттун экинчи абзацындагы "мурда алынган бланктардын калдыгы" деген сөздөр "мурда алынган бланктар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 22-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"27. Эгер салык салынган субъекттин учурдагы жылдын башына мурда өткөн календардык жылга ыйгарылган КНСтин эсептик-фактураларынын бланкаларынын тармактык формаларынын пайдаланылбаган номерлеринин калдыгы болсо, ошондой эле салык салынган субъектке тапшырылган КНСтин эсептик-фактураларынын тармактык формаларына серияларды жана номерлерди ыйгаруу жөнүндө салык кызматынын органдарынын мурда кабыл алган чечимдери жокко чыгарылган учурда салык салынган субъект салыктык катталган жери боюнча салык органына 16.1-тиркемеге ылайык форма боюнча (DOC STI-091) КНСтин эсептик-фактураларынын тармактык формаларынын серияларын жана номерлерин жараксыз деп табуу жөнүндө арыз менен кайрылууга милдеттүү.
Салык салынган субъект жогоруда аталган КНСтин эсептик-фактураларынын бланкаларын тармактык формаларынын пайдаланылбаган номерлеринин калдыгын номерлер алар тарабынан мурдагы календардык жылдын акыркы салыктык мезгилинде ишке ашырылган жеткирүүлөр боюнча эсеп-фактураларды тариздөөдө пайдаланылган учурлардан тышкары, учурдагы жылы пайдалана албайт.
Аталган арыз салык органына мурдагы календардык жылдын акыркы салыктык мезгили үчүн КНС боюнча салык отчету менен бирге, КНС боюнча салык отчетторун берүү үчүн белгиленген мөөнөттө берилет.
Пайдаланылбаган жана салык кызматынын органдарынын чечими менен жокко чыгарылган эсеп-фактураларынын тармактык формаларынын номерлери ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бул маалыматты расмий басылмаларда жана ыйгарым укуктуу салык органынын ачык маалыматтык веб-сайтында жайгаштыруу менен жараксыз деп табылат.";
- 30-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Салык салынган субъект бул маалыматты жоюу/же кайра түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган айдан тартып кийинки айдан кечиктирбей салык органына жиберет.";
- 31-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-пунктча менен толукталсын:
"10-1) сатык салыгынын коюму жана суммасы;";
"төмөнкүдөй мазмундагы 40-1-пункт менен толукталсын:
"40-1. Сатып алуучудан алдын ала төлөнгөн сумма келип түшкөн учурда, салык салынган субъект тарабынан бухгалтердик эсептин регистри - төлөөгө эсеп таризделет.";
- 41-пункттагы "ИСН"," аббревиатурасы алып салынсын;
- 42-пункттагы "ИСНи" жана "ИСН"," аббревиатурасы алып салынсын;
- 43-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"43. Товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) Кыргыз Республикасынын резиденти эмеске жеткирип берүү учурунда "ИСН" маалым дареги боюнча "99999999999999" цифралары көрсөтүлөт";
- төмөнкүдөй мазмундагы 47-1 пункт менен толукталсын:
"47-1. Салыктык контракттын негизинде салыктарды төлөшкөн салык салынган субъекттер Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып кирилген товарлар боюнча жүктүн бажы декларацияларынын реестринен (DOC STI-024) тышкары, салык салынуучу жеткирүүлөргө КНСтин эсептик-фактураларын жазып беришет жана жалпы белгиленген тартипте салык органына КНСтин эсептик-фактураларынын бланктары боюнча салык отчетторун беришет.";
- 49-пункттагы "милдеттүү эмес дел саналат" деген сөздөр "жүргүзүлбөйт" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 53-пункттун 3-пунктчасынын экинчи абзацындагы "минус белгиси менен" деген сөздөр "-" белгиси менен, эгерде көбөйтүү жагына жүргүзүлсө "+" белгиси менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 60-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Жоголгон (уурдалган) КНСтин эсептик-фактураларынын бланкалары жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу салык органынын ачык маалыматтык веб-сайтында жайгаштырылат.";
- 61-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"61. Салык салынган субъект Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 271-беренесине ылайык жараксыз жана жоголгон деп табылган КНСтин эсеп-фактуралары боюнча сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин суммасын чегерүүгө кабыл алууга укугу жок.";
- 65-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын:
"Жаңылыш алынган КНСтин эсеп-фактураларынын бланкаларын кайтаруу үчүн салык салынган субъект салыктык катталган жери боюнча салык органына 16.2-тиркемеге ылайык форма боюнча (DOC STI-048) КНСтин эсеп-фактураларынын бланктарын кайтарууга арызын берүүгө милдеттүү.";
- жогоруда аталган Жобонун 9-тиркемесинде:
7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
"8) 13 жана 14-графаларда - КНСтин эсеп-фактурасынын бланкынын 404-сабынын маалыматтары.";
10-пункттун таблицасында:
бешинчи сап төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"
004 | Так отчеттуулук бланкаларын (ТОБ) колдонуу менен накталай эсептешүү үчүн кызматтарды көрсөтүү |
";
он бешинчи сап төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"
014 | Контролдук-кассалык машиналарды, электрондук терминалдарды жана банкоматтарды колдонуу менен жеткирүүлөр |
";
- 11-пунктта:
биринчи абзац "материалдык ресурстар" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле ТОБду колдонуу жана эсептешүүлөрдү электрондук терминалдар, банкоматтар аркылуу жүргүзүү менен калкка көрсөтүлгөн кызматтар" деген сөздөр менен толукталсын;
алтынчы абзацтагы "X" белгиси "-" белгиси менен алмаштырылсын;
жетинчи абзацтагы "номери көрсөтүлөт" деген сөздөр "цифралары көрсөтүлөт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
онунчу, он биринчи жана он экинчи абзацтар "(жумуштардын, кызматтардын)" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле ТОБду колдонуу жана эсептешүүлөрдү электрондук терминалдар, банкоматтар аркылуу жүргүзүү менен калкка көрсөтүлгөн кызматтардын" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-1 жана 11-2-пункттар менен толукталсын:
"11-1. КНСтин оңдоп-түзөтүлүүчү эсеп-фактураларын тариздөөдө 401-сапта КНСтин баштапкы оңдоп-түзөтүлүүчү эсеп-фактуралары боюнча жеткирилген күн көрсөтүлөт;
11-2. Оңдоп-түзөтүлүүчү эсеп-фактура КНСтин конкреттүү баштапкы эсеп-фактурасына жазылууга тийиш. КНСтин бир жалпы оңдоп-түзөтүлүүчү эсеп-фактураларын бир нече баштапкы эсеп-фактураларына тариздөөгө жол берилбейт.";
13-пунктта:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- 2-графада "жазып берилген күн" - салык салынган субъект тарабынан отчеттук салык мезгилинде КНСтин эсеп-фактураларынын бланкалары боюнча КНСтин эсеп-фактурасы жазып берилген күн, ал салык органынан субъект тарабынан КНСтин эсеп-фактураларынын бланкалары алынган күндөн эрте болбошу керек. КНСтин эсеп-фактураларынын бланкаларынын тармактык формалары үчүн - салык салынган субъект тарабынан КНСтин эсеп-фактуралары жазып берилген күн, ал салык органы тарабынан КНСтин эсеп-фактураларынын бланктарынын тармактык формаларынын номерлери субъектке ыйгарылган күндөн эрте болбошу керек;";
он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- 7-графада "сатып алуучунун ИСНи" - сатып алуучунун он төрт орундуу сандан турган ИСНи, буга ушул графада "99999999999999" цифралары көрсөтүлгөн учурда Кыргыз Республикасынын резиденти эмес кирбейт";
он үчүнчү абзацтагы "Кыргыз Республикасынын аймагында КНСтин "нөлдүк" коюму боюнча жеткирүүлөрдөн жана резидент эместерге" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын резиденти эместерге" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
он төртүнчү абзацтагы "КНСтин "нөлдүк" коюму боюнча жеткирүүлөр жана Кыргыз Республикасынын аймагында резидент эместер" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын резиденти эместер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй редакциядагы он тогузунчу абзац менен толукталсын:
- 13-графада "№" жана 14-графада "сериясы" - Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык бүтүмдүн шарттары өзгөрүлгөн учурларда салык салынуучу жеткирүүнүн наркына оңдоп-түзөтүү киргизилгенде жеткирүүчү тарабынан толтурулуучу КНСтин оңдоп-түзөтүлүүчү эсеп-фактурасынын номери жана сериясы.";
жогоруда аталган Жобонун 11-тиркемесинде:
- 7-пунктта:
6 жана 7-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6) 10 графада - сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин чегерүүгө жаткан суммасы;
7) 11 графада - сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин чегерүүгө жатпаган суммасы. Бул графада отчеттук салык мезгили үчүн 300,0 миң сомдон ашкан накталай формада сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин суммасы көрсөтүлөт;";
төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
"8) 12 жана 13-графаларда - КНСтин эсеп-фактураларынын бланкынын 404-сабынын маалыматтары.";
- 10-пунктта:
- биринчи абзац "материалдык ресурстар" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле ТОБду колдонуу жана эсептешүүлөрдү электрондук терминалдар, банкоматтар аркылуу жүргүзүү менен калкка көрсөтүлгөн кызматтар" деген сөздөр менен толукталсын;
- бешинчи абзацтагы "номери көрсөтүлөт" деген сөздөр "цифралары көрсөтүлөт" деген сөздөр менен алмаштырылсын";
сегизинчи, тогузунчу жана онунчу абзацтар "(жумуштардын, кызматтардын)" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле ТОБду колдонуу жана эсептешүүлөрдү электрондук терминалдар, банкоматтар аркылуу жүргүзүү менен калкка көрсөтүлгөн кызматтар" деген сөздөр менен толукталсын;
он биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- 11-графада "КНСтин чегерүүгө жатпаган суммасы" - ККМны колдонуу менен товардык жана кассалык чектер боюнча сатып алынган товарлардын (жумуштардын, кызматтардын), ошондой эле ТОБду колдонуу жана эсептешүүлөрдү электрондук терминалдар жана банкоматтар аркылуу жүргүзүү менен калкка көрсөтүлгөн кызматтардан чегерүүгө жатпаган КНСтин жалпы суммасы.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Жеткирүүчү тарабынан КНСтин оңдоп-түзөтүлүүчү эсеп-фактурасы таризделген учурунда 401-сапта КНСтин баштапкы оңдоп-түзөтүлүүчү эсеп-фактурасы боюнча жеткирилген күн көрсөтүлөт.";
- 13-пунктта:
он жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- 11-графада "КНСтин чегерүүгө жатпаган суммасы" - сатып алынган товарлардын (жумуштардын, кызматтардын) КНСнин чегерүүгө жатпаган жалпы суммасы.";
төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
"12-графада КНСтин оңдоп-түзөтүлүүчү эсеп-фактурасынын "№" жана 13-графада "сериясы" - Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык бүтүмдүн шарттары өзгөрүлгөн учурларда салык салынуучу жеткирүүнүн наркына оңдоп-түзөтүү киргизилгенде толтурулуучу КНСтин оңдоп-түзөтүлүүчү эсеп-фактурасынын жеткирүүчүдөн алынган номери жана сериясы.";
жогоруда аталган Жобонун 8 жана 10-тиркемелери ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин.
жогоруда аталган Жобонун 15-тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын;
жогоруда аталган Жобо ушул токтомдун 3 жана 4-тиркемелерине ылайык редакцияда 16.1 жана 16.2-тиркемелер менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2014-жылдын 28-октябрында № 83 жарыяланды
Премьер-министри |
| Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 608 токтомуна 1-тиркеме |
|
| "КНСтин эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобонун 8-тиркемеси |
DOC STI-022 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
|
|
Салык салынуучу жеткирүүлөр боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын РЕЕСТРИ".
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 608 токтомуна 2-тиркеме |
|
| "КНСтин эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобонун 10-тиркемеси |
DOC STI-023 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
|
|
Кыргыз Республикасынын аймагында алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын РЕЕСТРИ".
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 608 токтомуна 3-тиркеме |
|
| "КНСтин эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобонун 16.1-тиркемеси |
DOC STI-091 |
|
|
КНСтин эсеп-фактураларынын тармактык формаларынын серияларын жана номерлерин жараксыз деп табуу жөнүндө салык салынуучу субъекттин АРЫЗЫ".
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 608 токтомуна 4-тиркеме |
|
| "КНСтин эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобонун 16.2-тиркемеси |
DOC STI-048 |
|
|
КНСтин эсеп-фактураларынын бланктарын кайтарууга салык салынуучу субъекттин АРЫЗЫ".