Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-ноябры № 630
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары женүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 8-октябры № 694 , 2016-жылдын 10-февралындагы № 55, 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849 токтомдун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1 -беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык кошумча акылардын өлчөмдөрү 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун кызматкерлерине төмөнкүлөрдүн төлөнөөрү белгиленсин:
- иштин жыйынтыгы, сапаты жана демилге көтөргөнү үчүн кызматтык маянанын 30 пайызга чейин өлчөмүндө кошумча акы;
- өргүүгө чыгууда - ден соолугун чыңдоо үчүн эмгек акы фондусунун эки айлык өлчөмүндө жөлөкпул.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 55 токтомунун редакциясына ылайык)
2-1. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2-2. Иштин жыйынтыгы, сапаты жана демилге көтөргөнү үчүн кошумча акынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ведомстволук ченемдик актысында каралган тартипте аныкталары белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 55 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте « Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджета жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөрүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун даярдасын жана киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом 2014-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 55 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кызматтын аталышы | Кызматтык маяналардын өлчөмү (сом менен) |
1 | Директор | 19000 |
2 | Директордун орун басары | 18000 |
3 | Башкармалыктын начальниги | 16000 |
4 | Бөлүм башчы | 15000 |
5 | Лаборатория, сектор башчысы | 14000 |
6 | Башкы адис | 13000 |
7 | Башкы инженер | 12000 |
8 | Жетектөөчү адис, жетектөөчү инженер | 11000 |
9 | 1-категориядагы адис, административдик-чарба бөлүмүнүн башчысы, инженер-программист, инженер-механик | 10000 |
10 | Жетекчинин катчысы, архивариус, иш алып баруучу, айдоочу | 8500 |
11 | Жыйноочу | 2500 |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык кошумча акылардын өлчөмдөрү
№ | Иш стажы | Пайыздык кошумча акылардын өлчөмдөрү |
1 | 1ден 3 жылга чейин | 5 % |
2 | Здөн 5 жылга чейин | 10% |
3 | 5ден 10 жылга чейин | 15% |
4 | 1 Одон 15 жылга чейин | 20% |
5 | 15ден 20 жылга чейин | 25 % |
6 | 20дан 25 жылга чейин | 30% |
7 | 25 жылдан ашык | 40% |