Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2014-жылдын 10-ноябры, № 632

"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнундө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине езгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий екүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЬШЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасыныи Алминистрациялык жоопкерчилик жөнүнде кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене

Кыргыз Республикасьшын Алминистрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасьшын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

77-статьяда:

- 1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептешүү керсөткүчүнүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү' керсөткүчүнүн беш жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Ушул берененин 1-бѳлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин кайталанып жасалса, -

ыйгарьгм укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген уруксаттан ажыратылышына альщ келет.".

2-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти