Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-ноябры, № 644
«Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн корутундусу жɵнүндɵ
«Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Б.Баатырбековдун демилгеси менен киргизилген «Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
«Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А. Б. Баатырбековдун демилгеси менен киргизилген «Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү тɵмɵнкүдɵй корутундуга келди.
Сунуш кылынган мыйзамдын долбоорунун максаты камсыздандыруу жɵнүндɵ мыйзамдардын жоболорун бирдей колдонуу жана ошондой эле «Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлɵрдүн жана аларга теӊештирилген адамдардын ɵмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык камсыздандыруу учурлары болгон мезгилде камсыздандыруу суммаларын тɵлɵп берүүнүн бирдиктүү саясатын камсыз кылуу болуп саналат.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренеси менен аталган Мыйзамдын 4-беренесине камсыздандырылган адамдын аскердик кызматтан бошотулгандан кийин, аскердик жыйындар аяктагандан кийин бир жыл ɵткɵнгɵ чейин ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 3-бɵлүгүндө көрсөтүлгөн себептердин натыйжасында майыптыгы белгиленип, андан кийин ушул эле мезгилде камсыздандырылган адам курман болгондо (ɵлгɵндɵ) камсыздоо суммасынын ɵлчɵмү курман болгондук (ɵлүм) боюнча тиешелүү болгон маянанын ɵлчɵмү менен ушул Мыйзамда каралган майыптык боюнча тиешелүү маянанын санынын айырмасын түзгɵн суммага кɵбɵйтүлɵөрү жɵнүндɵ толуктоону киргизүү сунушталып жатат.
Бул мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда сунушталып жаткан толуктоо республикалык бюджеттин чыгымынын көбөйүшүнө алып келээрине кɵӊүл бɵлүү зарыл.
Ошондой эле Мыйзамдын долбооруна финансы-экономикалык негиздеме, тиешелүү эсептер, ошондой эле каржылоо булактары жɵнүндɵ маалымат берилген эмес.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 4-бɵлүгүнɵ ылайык мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзамдардын долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөт каржылоо булагын аныктагандан кийин кабыл алынат.
Ошого байланыштуу, бул мыйзамдын долбоорунда көрсөтүлгөн суммаларды Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтерине жана ведомстволоруна республикалык бюджетте жыл сайын каралуучу каражаттын эсебинен төлөө сунушталат.
Жогоруда баяндалганга байланыштуу Кыргыз Республикасынын ϴкмɵтү жалпысынан «Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна берилген сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен макул экендигин билдирет.