Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ТОКТОМУ
2015-жылдын 29-майы
Жаран Канат Асанкадырович Джайлоевдын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 16-о аныктамасына даттануусун канааттандыруусуз калтыруу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: тѳрагалык кылуучу - судья М. Ш. Касымалиев, судьялар Ч. А. Айдарбекова, М. Р. Бобукеева, Э. Т. Мамыров, А. О. Нарынбекова, Э. Ж. Осконбаев, Ч. О. Осмонова, К. С. Сооронкулованын курамында, соттук отурумдун катчысы М. Э. Толобалдиевдин катышуусунда, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесенин 5-бѳлүгүн жетекчиликке алып, соттук отурумда жаран К. А. Джайлоевдын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 16-о «Жаран Канат Асанкадырович Джайлоевдын кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» аныктамасына даттануусун карап чыкты.
Даттануу боюнча соттук отурумду даярдоону жүргүзгөн судья Э. Ж. Осконбаевдын маалыматын угуп, көрсөтүлгөн материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2015-жылдын 19-февралында жаран К. А. Джайлоевдын «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1-бөлүгүн конституциялуу эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 35-беренесине карама-каршы келет деп таануу жѳнүндѳ ѳтүнүчү келип түшкѳн.
Арыздануучу аны менен талашылып жаткан мыйзамдын ченеми адвокаттар уюмунда милдеттүү мүчѳлүктү бекитет, ошону менен адвокаттардын конституциялык биригүү эркиндиктерин кемсинтет жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 35-беренесинде бекитилген ѳз ыктыярдуулук принцибине карама-каршы келет деп белгилейт.
2015-жылдын 27-мартында жаран К. А. Джайлоевден ѳзүнүн талаптарын тактоо жана кѳлѳмүн чоңойтуу жѳнүндѳ кошумча арыз келип түшкѳн. Анда ал кошумча «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 35-беренесине карама-каршы келет деп, ошондой эле жогоруда аталган мыйзамдын 1-беренесин, 2-беренесинин 1, 3-бѳлүктѳрүн, 5-беренесинин 1-бѳлүгүн, 26-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2, 6-пункттарын Жарандык кодекстин 11, 12-беренелерине, 83-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ, 85-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ, «Коммерциялык эмес уюмдар жѳнүндѳ» мыйзамдын 2, 3, 4-беренелерине карама-каршы келет деп таанууну суранган.
Андан тышкары арыз анын авторунун адвокаттык ишмердүүлүктү укуктук жѳнгѳ салуунун сапаты боюнча баалоочу пикирлерин камтыган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы Э. Ж. Осконбаев, М. Р. Бобукеева, Ч. О. Осмонованын курамында жаран К. А. Джайлоевдын кайрылуусун карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесенин 2-бѳлүгүн, 3-бѳлүгүнүн 4, 5-пункттарын, 5-бѳлүгүн жетекчиликке алып, 2015-жылдын 2-апрелинде тѳмѳнкүлѳрдүн негизинде аны ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ аныктама кабыл алган.
Судьялар коллегиясы арыздануучунун «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесин, 2-беренесинин 1, 3-бѳлүктѳрүн, 5-беренесинин 1-бѳлүгүн, 26-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2, 6-пункттарын Жарандык кодекстин 11, 12-беренелерине, 83-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ, 85-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ, «Коммерциялык эмес уюмдар жѳнүндѳ» мыйзамдын 2, 3, 4-беренелерине карама-каршы келет деп таануу бѳлүгүндѳгү талаптары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына караштуу эмес деп тапкан.
Коллегия, бул кѳз карашка негиздеме катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Конституциянын 97-беренесинин 6-бѳлүгүнѳ жана 5-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ ылайык ыйгарым укуктардын толук тизмесине ээ жана алардын чегинен чыга албайт, ушуга байланыштуу мыйзамдардын ченемдеринин бири-бирине болгон карама-каршылыгы, укуктук жѳнгѳ салуунун жана мыйзамдардын ченемдеринин мазмунунун кемчиликтерин жоюу маселелери конституциялык сот ѳндүрүшүнүн предмети боло албайт деп белгиледи.
Ошондой эле, судьялар коллегиясы «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесенин 3-бѳлүгүнүн 5-пунктуна ылайык арыздануучунун «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1-бөлүгүн, 15-беренесин Конституциянын 35-беренесине карама-каршы келет деп таануу жѳнүндѳ талабы ѳндүрүшкѳ кабыл алынышы мүмкүн эмес деп аныктаган, анткени бул ченемдердин конституциялуугу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палата тарабынан мурда текшерилген жана анын өз күчүн сактаган актысы бар (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 04-Р чечими).
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 16-о аныктамасы менен макул болбостон жаран К. А. Джайлоев 2015-жылдын 17-апрелинде Конституциялык палатага даттануу менен кайрылган.
Ѳзүнүн даттануусунда жаран К. А. Джайлоев Конституциялык палатанын 2015-жылдын 15-мартындагы чечиминин адилеттигинде күмѳн санабай тургандыгын жана анын жыйынтыктары менен макулдугун билдирет, бирок, анын ѳтүнүчү кароонун ѳзүнчѳ предмети боло алмак деп эсептейт, анткени анын кѳз караштары мурунку арыздануучулардын жүйѳлѳрүнѳн айырмаланып тургандыгын жана Конституциялык палата тарабынан башка иштин алкагында текшерилген ченемдердин конституциялуу эместигин негиздѳѳгѳ болгон ыкмасы башка экенин билдирет. Жекече, жаран К. А. Джайлоевдын ою боюнча маселе талашылып жаткан ченемдердин бүтүндѳй эмес, алардын ѳзүнчѳ болүктѳрү боюнча коюлушу зарыл болчу.
Арыздануучу, мурда кабыл алынган, ченемге жалпысынан баа береген чечимге шилтеме келтирүү ѳтүнүчтү ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу ченемдин ѳзүнчѳ жоболорунун конституциялуугуна күмѳн санап жаткан башка адамдардын укугун бузат деп божомолдойт.
Ошондой эле, арыздануучу анын кошумча арызындагы талаптарынын караштуу эместиги тууралуу судьялар коллегиясынын кѳз карашы менен макулдугун белгилейт. Бирок, арыз аны менен кайрылуунун предметин кеңейтүү үчүн эмес, аны менен коюлган маселенин караштуулугун аныктоо максатында берилгендигин белгиледи. Анткени, Бишкек шаарынын райондор аралык соту 2014-жылдын 24-декабрындагы аныктамасы менен анын «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» мыйзамдын айрым ченемдерин жараксыз деп таануу жѳнүндѳ арызын бул маселенин Конституциялык палатага кайраштуулугуна байланыштуу кайтарып берген. Ошентсе да, ал аны менен талашылып жаткан ченемдердин конституциялуугу тууралуу маселе койгон эмес, болгону гана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, «Коммерциялык эмес уюмдар жѳнүндѳ» жана «Юридикалык жактарды каттоо жѳнүндѳ» мыйзамдар менен карама-каршылыктар бар экендигин белгилеген.
Бишкек шаардык сотунун 2015-жылдын 5-февралындагы аныктамасы менен Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун жогоруда аталган аныктамасы ѳзгѳртүүсүз, ал эми К. А. Джайлоевдын жеке даттануусу канааттандыруусуз калтырылган.
Конституциялык палата арыздануучунун жүйѳлѳрүн жана судьялар коллегиясынын кайрылууну ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуунун негиздерин талкуулап чыгып, тѳмѳнкү жыйынтыктарга келет.
1. Судьялар коллегиясы «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесин, 2-беренесинин 1, 3-бѳлүктѳрүн, 5-беренесинин 1-бѳлүгүн, 26-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2, 6-пункттарын Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 11, 12-беренелерине, 83-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ, 85-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ, «Коммерциялык эмес уюмдар жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 3, 4-беренелерине карама-каршы келет деп таануу жѳнүндѳ талаптар Конституциялык палатага караштуу эмес деген чечимге туура келишкен.
Судьялар коллегиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Конституцияда бекитилген ыйгарым укуктарынын толук кандуулугуна болгон шилтемеси негиздүү болуп эсептелинет. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы мыйзамдардын ченеми менен кодекстердин жана башка ченемдик укуктук актылардын ченемдери менен катышын орнотууга, алардын ортосундагы коллизия маселелерин чечүүгѳ укуктуу эмес.
«Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32, 33-беренелерине ылайык ченемдик укуктук актылардын ортосунда коллизия болгон учурда укуктук мамилелердин субъекттери жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актынын ченемин жетекчиликке алууга милдеттүү. Мыйзамдардын ченемдери кодекстердин ченемдери менен ажырымданган учурда мыйзамдын ченемдери кодекске тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин гана колдонула алат. Ченемдик укуктук актыларда боштуктар жана коллизиялар табылганда ушул актыларды кабыл алган ченем жаратуучу субъекттерге тиешелүү толуктоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен аларды жок кылуу милдети жүктѳлѳт.
2. Ошондой эле, арыздануучу ѳзүнүн ѳтүнүчүндѳ «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1-бѳлүгүн жана 15-беренесин конституциялуу эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 35-беренесине карама-каршы келет деп таанууну суранган.
Аталган мыйзамдын 2-беренесинин 1-бѳлүгүнүн жана 15-беренесинин конституциялуугу да Конституциялык палата тарабынан 2015-жылдын 11-мартында каралган жана бул ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп таанылган (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 04-Р чечими).
Ченемдин конституциялуугун текшерүүдѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучунун жүйѳлѳрү менен байланбастан укуктук кѳз караштан укуктук баа берет. Ошондуктан, бекитилген тартипте конституциялуу деп таанылган ченем толугу менен да, анын ѳзүнчѳ болүктѳрү да, башка адамдарда анын конституциялуугунда күмѳн жаратуучу жаңы жүйѳлѳрдүн пайда болуусун эске алганда да жаңы кароонун предмети боло албайт.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 16-о «Жаран Канат Асанкадырович Джайлоевдын кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» аныктамасын жокко чыгаруу үчүн негиз тапкан жок.
Жогорулардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 28-беренесинин 5-бѳлүгүн, 51-беренесинин 1-бѳлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жаран Канат Асанкадырович Джайлоевдын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 16-о «Жаран Канат Асанкадырович Джайлоевдын кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» аныктамасын жокко чыгаруу жѳнүндѳ даттануусу канаттандыруусуз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын токтому акыркы, даттанууга жатпайт жана кол коюлган учурдан тартып күчүнѳ кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы