Загрузка документа…
(КР Ѳкмѳтγнγн
токтомуна ылайык
кγчγн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-ноябры № 646
“Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 23-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“23-глава. Коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар”.
2. 221-статьяда:
статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
“(3) Ошол эле жосун, мамлекет же муниципалдык түзүлүш акциялардын отуз жана андан ашык пайызына (уставдык капиталдагы үлүшүнө) ээ болгон мамлекеттик же муниципалдык ишкананын, чарбакер коомдун кызматчысы тарабынан жасалса, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч эселенген айып же болбосо үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.”;
эскертүүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Эгерде ушул статьяда же болбосо ушул главанын башка статьяларында каралган жосун мамлекет же муниципалдык түзүлүш акциялардын отуз жана андан ашык пайызына (уставдык капиталдагы үлүшүнө) ээ болгон мамлекеттик же муниципалдык ишкана, чарбакер коом болуп саналбаган коммерциялык уюмдун гана кызыкчылыктарына зыян келтирсе, кылмыш-жаза куугунтугуна алуу ошол уюмдун арызы же анын макулдугу же болбосо ошол уюмдун акционеринин (катышуучусунун) арызы боюнча жүзөгө ашырылат.”.
3. 306-статьянын эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Ушул статьяда кызмат адамдары деп мамлекет же муниципалдык түзүлүш акциялардын элүүдөн ашык пайызына (уставдык капиталдагы үлүшүнө) ээ болгон мамлекеттик же муниципалдык ишканаларда, чарбакер коомдордо уюштуруучу-тескөөчү, административдик-чарбалык, контролдук-текшерүүчү функцияларды аткарган адамдар да түшүнүлөт.”.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти