Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-ноябры № 652
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.А. Абдиев, М.Ю. Абдылдаев, А.Б. Калматов жана Т.У. Шайназаров тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын "17" ноябрындагы № 352 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары К.А. Абдиев, М.Ю. Абдылдаев, А.Б. Калматов жана Т.У. Шайназаров тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Бул Мыйзамдын долбоору менен "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүдө, анда 2014-жылдын 1-январына чейин пенсияга чыккан прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн пенсияларына ай сайын төлөнүүчү кошумча акыларды:
15тен 20 жылга чейинки иш стажында - дайындалган пенсиядан 0,5 эсе өлчөмдө;
20дан 25 жылга чейинки иш стажында - дайындалган пенсиядан 0,75 эсе өлчөмдө;
25 жылдан жогорку иш стажында - дайындалган пенсиядан 1 эсе өлчөмдө белгилөө каралган.
Азыркы учурда республика боюнча пенсионердин жашоо минимуму 4408,8 сом болсо, 2014-жылдын 1-октябрынан тартып бардык кошумча акылар менен көбөйтүүлтү эсепке алганда пенсиялардын орточо өлчөмү 4633,5 сомду түзөт (көбөйтүлгөнгө чейин 4432 сомду тузгѳн). ал эми прокуратура органдарынын кызматкерлеринин пенсияларынын орточо ѳлчөмү 8131,5 сомду. пенсияга кошумча акыларды эсепке алуу менен 16262.0 сомду түзөт.
Пенсиялык мыйзамдарга ылайык, пенсияларга кошумча акылар компенсациялык мүнөзгө (Улуу Ата мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына; репрессиянын натыйжасында жапа чеккен, реабилитацияланган жарандарга; Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюуга катышкан жана анын натыйжасында жапа чеккен майыптарга; жоокеринтернационалисттерге; бирөөнүн жардамына муктаж болгон I топтогу майыптарга - ден соолугуна физикалык жана моралдык зыян келтирилгендиги үчүн) же болбосо сыйлоо мүнезүне ээ (баатыр-энелерге, 80 жашка чыккан пенсионерлерге - конкреттештирбестен, бардыгына жалпы негиздерде). Коомдун алдында сиңирген жеке эмгеги үчүн дайындалган пенсиянын өлчөмүнө карата 60 пайыздан 120 пайызга чейин пенсиянын олчөмүн көтөрүү менен Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгегине пенсиялар дайындалышы мүмкүн.
Каралып жаткан мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда прокуратура органдарынын кызматкерлерине дайындалган пенсияга кошумча акылардын орточо өлчөмү 8131,5 сомду түзөөрүн. анда 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлеринин жана аларга тенештирилген адамдардын пенсияларына кошумча акылар айына 200 сомдон 475 сомго чейин, ал эми 1986-1989-жылдардагы Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюуга катышкандарга - айына 350 сомду, көрүүсү боюнча I топтогу майыптарга - 200 сомду түзө тургандыгын, ал эми "'Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку артыкчылык даражасына ээ болгон адамдардын пенсиясы дайындалган пенсиядан 120 пайызга гана көбөйүшү мүмкүн экендигин белгилейбиз.
Прокурорлордун жана башка айрым кызматчылардын пенсияларына кошумча акылардагы чон диспропорциялар коомчулукта коптоген нааразычылыктарды жаратат. аларды белгилеодо жана дайындоодо адилетсиздикти керсотот жана копчүлүк учурларда аларды жокко чыгаруу тууралуу маселе коюлат. Келечекте пенсияга кошумча акыларды белгилөө бөлүгүндө мындай талаптарды башка күч түзүмдөрүнүн кызматчылары коюшу мүмкүн.
Социалдык нааразылыктарды болтурбоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкметү прокуратура органдарынын пенсионерлеринин пенсияларына кошумча акылардын туура келбеген тү-рлөрүн белгилөөдөн карманууну максатка ылайыктуу деп эсептейт.
Ошондой бюджеттин мүмкүнчүлүгү чектелүү шарттарда чыгымдарды оптималдаштыруу боюнча чараларды көрүү жана пенсияга кошумча акыларды эсептое принциптерин жокко чыгаруу зарыл, анткени пенсияга кошулуучу кошумча акылардын өлчомү иштеп тапкан пенсиянын өлчөмүнөн бир нече эсе ашып кетүγдө.
Кызматкерлердин, анын ичинде прокуратура органдарынын кызматкерлеринин айрым категорияларын социалдык колдоо маселесин алардын эмгек акыларын аткаруучу милдетинин өзгөчөлүгүн жана татаалдыгын эске алуу менен реформалоонун жүрүшүндө, б.а. пенсия курагына жеткенде пенсияга кошумча акылардын туура келбеген түрлөрүн белгилеө жолу менен эмес, тиешелүү эмгеги үчүн тийиштүү эмгек акыны белгилөө менен чечүү керек.
Ошондой эле Кыргыз Республикасында коомду өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 82 "Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги учүн пенсиялар тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсияларына ай сайын төлөнүүчү кошумча акылар синирген эмгегине жараша дайындалган пенсиянын 60 пайызынан 120 пайызына чейинки өлчөмдө белгиленээрин жана республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен төлөнөөрүн белгилөө зарыл.
Бул долбоорду ишке ашырууга алдын-ала эсептөөлөр боюнча республикалык бюджеттен кошумча 9,6 млн сом талап кылынат. Бул сумма республикалык бюджеттин чыгымдоо бөлүгүндө каралган эмес, б.а. прокуратура органдарынын кызматкерлеринин пенсияларына кошумча акы киргизүү республиканын бюджеттик мүмкүнчүлүктөрү жана калктын башка категорияларынын пенсияларына кошумча акылардын колдонулуудагы өлчөмдөрү эсепке алынбастан белгиленген.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүтүне ылайык ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен каржылоону талап кылуучу ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныктатганга чейин кабыл алынбайт.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сунушталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.