Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2014-жылдын “13”- ноябрындагы № 648
токтомунун 1- тиркемеси
1. Бул усулдук «Кыргыз Республикасындагы топтомо пенсиялык фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине ылайык иштелип чыкты жана топтомо пенсиялык фонддор үчүн төлөм жөндөмдүүлүктүн ченемдерин эсептеп чыгуунун ченемдик маанилерин жана формуласын, ошондой эле төлөм жөндөмдүүлүктүн ченемдерин аткаруу жөнүндө отчетту берүүнүн түрүн жана мөөнөттөрүн жана төлөм жөндөмдүүлүктү эсептөө үчүн кошумча маалыматтарды белгилейт .
2. Топтомо пенсиялык фонддордун каржылык абалдарынын начарлашынын алдын алуу, пруденциалык ченемдерди аткарышын камсыз кылуу, ошондой эле топтомо пенсиялык фонддордун (мындан ары –ТПФ) туруксуздугу жана төлөө жөндөмсүздүгү менен байланышкан коопсуздуктарды кыскартуу максатында бул усул тарабынан пруденциалык ченемдердин төмөнкүдөй түрлөрү белгиленет:
- төлөм жөндөмдүүлүктүн ченемдери;
- каржылык туруктуулуктун ченемдери.
3. Кабыл алынган милдеттенмелер менен өтүмдүүлүгү эске алынган активдердин ортосундагы ченемдик катнаштардын сакталышы ТПФтин төлөм жөндөмдүүлүгүнүн көрсөткүчү болуп саналат.
4. ТПФтин каржылык туруктуулугунун көрсөткүчү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- уставдык капиталдын минималдык өлчөмүн;
- пенсиалык резервдердин өлчөмүн жана башка милдеттенмелерди;
5. Бул усулдун 4-пунктунда көрсөтүлгөн эсептик көрсөткүчтүн ченемдик маанисин жана формуласын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
6. ТПФтин төлөм жөндөмдүүлүгү төмөнкү ченемдер менен камсыз кылынат:
1) пенсиялык резервдердин суммасына карата өтүмдүүлүгү жогору активдердин наркынын мамилеси катары эсептелген өтүмдүүлүгү жогору активдердин жетиштүүлүгүнүн ченемдери төмөнкүдөй формула боюнча чыгарылат:
ВА
Нва = ──────,
CP
кайда:
Нва - өтүмдүүлүгү жогору активдердин жетиштүүлүгүнүн ченеми ;
ВА – бул усулдун 3-главасына ылайык, активдердин сапаты жана өтүмдүүлүгү боюнча жиктешүүсүн эске алуу менен эсептелип чыгарылган өтүмдүүлүгү жогору активдердин наркы;
CP – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген талаптарга ылайык эсептелип чыгарылган ТПФтин пенсиялык резервдеринин суммасы.
ТПФтин өтүмдүүлүгү жогору активдеринин жетиштүүлүгүнүн ченеми бирдиктен аз болбоого тийиш;
2) сапаты жана өтүмдүүлүгү боюнча жиктелген активдерди эске алуу менен бардык активдердин наркынын катнашы катары эсептелип чыгарылуучу, иштеп жаткан ТПФтин уставдык капиталынын минималдык өлчөмүнө карата пенсиялык резервдердин жана башка милдеттенмелердин суммаларына азайтылган капиталдын жетиштүүлүгүнүн ченеми Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген төмөнкү формула боюнча чыгарылат:
А - CP - О
Нк = > ──────────,
Мк
кайда:
Нк –ТПФтин капиталынын жетиштилүүгүнүн ченеми;
А – бул усулдун 3-главасына ылайык, сапаты жана өтүмдүүлүгү боюнча жиктелген активдерди эске алуу менен эсептелип сыгарылуучу ТПФтин бардык активдеринин наркы;
CP - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн талаптарына ылайык эсептелип чыгарылуучу ТПФтин пенсиялык резервдеринин суммасы;
О – ТПФтын милдеттенмеси, пенсиялык резервдердин суммасынан тышкары;
Мк - иштеп жаткан ТПФ үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү.
ТПФтин капиталынын жетиштүүлүгүнүн ченемдери бирдиктен аз болбоого тийиш;
3) учурдагы төлөө жөндөмдүлүктүн ченеми төлөмдөрдүн жана операциялык чыгымдардын суммасына карата топтомо пенсиянын неттосунун катнашы катары төмөнкү формула боюнча эсептелип чыгарылат:
СПн
Нтп => ────────,
СВн + ОР
кайда:
Нтп – ТПФтин учурдагы төлөм жөндөмдүүлүгүнүн ченеми;
СПн – топтомо пенсиянын неттосу - отчеттук мезгилде ТПФ алган топтомо пенсиянын суммасы;
СВн - нетто төлөмдөрү - отчеттук мезгилде ТПФ жүргүзгөн төлөмдөрдүн суммасы;
ОР – операциялык чыгымдар.
Иш жүргүзүүдө төлөмдөрдү жана учурдагы чыгымдарды жабуу үчүн топтомо пенсиянын келип түшүшү түрүндө агып кирген каражаттардын жетиштүү экендигин бул көрсөткүч мүнөздөйт.
ТПФтин учурдагы төлөө жөндөмдүүлүгүнүн ченеми бирдиктен аз болбоого тийиш.
7. Каржылык туруктуулукту жана өтүмдүүлүктү аныктоодо сапаты жана өтүмдүүлүгү боюнча жиктелген активдерди эске алуу менен ТПФтин активдеринин наркынын эсебине төмөнкүлөр кирет:
1) акча каражаттары:
кассадагы акча каражаттары - теңдемдик нарктын 100 пайыздык көлөмүндө;
түшүп келаткан акча каражаттары - теңдемдик нарктын 100 пайыздык көлөмүндө;
банктагы акча каражаттары - теңдемдик нарктын 100 пайыздык көлөмүндө;
2) Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жайгаштырылган салымдар (депозиттер):
сурап алма салымдары - күмөндүү болгон (өнүшү ишенимсиз) карыздардын резерви кармалып калгандан кийинки эсептердеги сумманын 100 пайыздык көлөмүндө (негизги карыздын жана кошулуп эсептелген сыйлыктардын суммасын эске алуу менен);
мөөнөттүү салымдар - күмөндүү болгон (өнүшү ишенимсиз) карыздардын резерви кармалып калгандан кийинки эсептеги сумманын 100 пайыздык көлөмүндө (негизги карыздын жана кошулуп эсептелген сыйлыктардын суммасын эске алуу менен);
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары - күмөндүү болгон (өнүшү ишенимсиз) карыздардын резерви кармалып калгандан кийинки теңдемдик нарктын 100 пайыздык көлөмүндө (негизги карыздын жана кошулуп эсептелген сыйлыктардын суммасын эске алуу менен);
4) акционердик коомдордун баалуу кагаздары - күмөндүү болгон (өнүшү ишенимсиз) карыздардын резерви кармалып калгандан кийинки теңдемдик нарктын 100 пайыздык көлөмүндө (негизги карыздын жана кошулуп эсептелген сыйлыктардын суммасын эске алуу менен);
5) бөлүп берилген зайымдар:
зайымдык келишимдин шарттары боюнча мөөнөтү узартылбаган бересе – алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 100 пайыз көлөмүндө;
мөөнөтү 90 күнгө чейин узартылган бересе - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 70 пайыз көлөмүндө;
мөөнөтү 90 күндөн 180 күнгө чейин узартылган бересе - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 40 пайыз көлөмүндө;
мөөнөтү 180 күндөн ашык узартылган бересе - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 0 пайыз көлөмүндө;
6) аффилирденген уюмдарды инвестициялоо жана аларга коюлуучу талаптар төмөнкү бөлүктөргө коюлат:
туунду жана көз каранды юридикалык жактардын капиталын инвестициялоого, карыздык жана/же үлүштүк баалуу кагаздарга, ошондой эле башка аффилирденген уюмдарга – сатып алуу наркынын 0 пайыз көлөмүндө;
туунду жана көз каранды юридикалык жактардын кыска мөөнөттүк жана узак мөнөттүк дебитордук карыздарына, ошондой эле башка аффиллирденген уюмдарга - карыздардын учурдагы суммасынын өлчөмүнөн 0 пайыз көлөмүндө;
7) милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырылган жактан жана пенсиялык келищим боюнча аманатчыдан алынуучу топтомо пенсиянын төмөнкү бөлүктөрүнө:
келишимдин шарттары боюнча мөөнөтү узартылбоочу бересеге - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 100 пайыз көлөмүндө;
мөөнөтү 90 күнгө чейин узартылган бересеге - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 70 пайыз көлөмүндө;
мөөнөтү 90 күндөн 180 күнгө чейин узартылган бересеге - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 40 пайыз көлөмүндө;
мөөнөтү 180 күндөн ашыкка узартылган бересеге - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 0 пайыз көлөмүндө;
8) негизги иш боюнча алынуучу эсептер:
алына турган комиссиялардын түрлөрүнө:
узартылбаган бересеге - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 100 пайыз көлөмүндө;
мөөнөтү 90 күнгө чейин узартылган бересеге - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 70 пайыз көлөмүндө;
мөөнөтү 90 күндөн 180 күнгө чейин узартылган бересеге - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 40 пайыз көлөмүндө;
мөөнөтү 180 күндөн ашык узартылган бересеге - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 0 пайыз көлөмүндө;
алынуучу башка эсептердин түрлөрүнө:
узартылбаган бересеге - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 100 пайыз көлөмүндө;
мөөнөтү 90 күнгө чейин узартылган бересеге - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 70 пайыз көлөмүндө;
мөөнөтү 90 күндөн 180 күнгө чейин узартылган бересеге - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 40 пайыз көлөмүндө;
мөөнөтү 180 күндөн ашык узартылган бересеге - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 0 пайыз көлөмүндө;
9) материалдык эмес активдер ( амортизацияны алып салгандан кийин) – теңдемдик нарктын 0 пайыз көлөмүндө;
10) негизги каражаттардын (амортизацияны алып салгандан кийин) төмөнкү бөлүктөрүнө:
жерге - теңдемдик нарктын 100 пайыз көлөмүндө;
имараттарга жана курулмаларга - теңдемдик нарктын 100 пайыз көлөмүндө;
бүтпөгөн капиталдык курулуштарга - теңдемдик нарктын 30 пайыз көлөмүндө;
машинага жана жабдыктарга, транспорт каражаттарына - теңдемдик нарктын 50 пайыз көлөмүндө;
негизги каражаттардын башка түрлөрүнө - теңдемдик нарктын 0 пайыз көлөмүндө;
11) материалдарга - теңдемдик нарктын 0 пайыз көлөмүндө;
12) күмөндүү болгон (өнүшү ишенимсиз) карыздардын резервине – резервдердин суммасынан 0 пайыз көлөмүндө;
13) башка дебитордук карыздардын бөлүгүнө:
а) кыска мөөнөттүү дебитордук карыздарга:
мөөнөтү үч айдан ашпаганга – карыздын суммасынан 100 пайыз көлөмүндө;
мөөнөтү үч айдан тартып алты айдан ашпаганга - карыздын суммасынан 70 пайыз көлөмүндө;
мөөнөтү алты айдан ашпаганга - карыздын суммасынан 40 пайыз көлөмүндө;
б) узак мөөнөттүү дебитордук карыздарга:
мөөнөтү үч жылдан ашпаганга - карыздын суммасынан 20 пайыз көлөмүндө;
мөөнөтү үч жылдан ашпаганга - карыздын суммасынан 0 пайыз көлөмүндө;
14) келечектеги мезгилдин чыгымдарына – чыгымдардын суммасынан 0 пайыз көлөмүндө;
15) бөлүнүп берилген аванстар:
негизги ишке – аванстык суммадан 100 пайыз көлөмүндө;
башка операцияларга - аванстык суммадан 0 пайыз көлөмүндө;
16) башка активдерге – башка активдердин суммасынан 0 пайыз көлөмүндө.
8. ТПФтин активдеринин наркынын эсебин алуу жана кайра баалоо бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарга жана ТПФтин эсеп саясатына ылайык жүргүзүлөт.
9. Чет өлкөлүк валютада көрсөтүлгөн активдердин нарктары отчеттук күндөгү абалы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын расмий курсу менен бааланат.
10. Пруденциялык ченемдерди аткаруу жөнүндө отчет (мындан ары – отчет) жана төлөө жөндөмдүүлүгүнүн пруденциялык ченемдерин эсептеп чыгууга керектүү кошумча маалыматтар (мындан ары – кошумча маалыматтар) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен түр боюнча кийинки отчеттук айдын 25-күнүнөн кечиктирилбестен, ар ай сайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
Отчет менен кошумча маалыматтар кагазга жазуу жана электрондук түрүндө берилет.
11. Отчет жана кошумча маалыматтар улуттук валютада эсептелет.
12. Отчет менен кошумча маалыматтар эки нускада түзүлөт, ага ТПФтин биринчи жетекчиси, башкы бухгалтери кол коет жана ТПФтин мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Отчет менен кошумча маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет (бир нускасы), экинчи нускасы ТПФде сакталат.
13. Оңдоолору жана тазалоолору бар отчет менен кошумча маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынбайт жана ал кайтарып берилүүгө жатат.
14. Зарыл болуп калган учурда, отчетту жана кошумча маалыматтарды берген күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө отчетко жана/же кошумча маалыматтарга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө кат жүзүндөгү өтүнүч, өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү зарылдыгынын себебин түшүндүрүү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
15. Отчетту жана кошумча маалыматтарды өз учурунда берилбесе, таптакыр берилбесе же отчетто жана кошумча маалыматтарда калпыс маалыматтар берилсе, ошондой эле бул усул менен белгиленген талаптарды ТПФ аткарбаса “Кыргыз Республикасындагы топтомо пенсиялык фонддор жнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинде белгиленген жоопкерчиликтерге кириптер болот.