Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-ноябры № 653
«Бишкек шаарында 2014-жылдын 29-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек шаарынын автомобиль жолдорун реабилитациялоо жана реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору женүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Регламента жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери женүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- «Бишкек шаарында 2014-жылдын 29-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкметү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек шаарынын автомобиль жолдорун реабилитациялоо жана реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2014-жылдын 29-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөту менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек шаарынын автомобиль жолдорун реабилитациялоо жана реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жогоруда аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
5. Бишкек шаарынын Протоколдо көрсөтүлгөн автомобиль жолдорун реабилитациялоо жана реконструкциялоо боюнча жогоруда аталган Протоколду ишке ашыруу Бишкек шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
Бишкек шаарында 2014-жылдын 29-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек шаарынын автоунаа жолдорун реабилитациялоо жана реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө протокол ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте билдирсин.
3 берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президент