Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-ноябры № 654
2012-жылдын 5-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын 5-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги россиялык тарапка аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө кабарласын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Мьшдан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтү,
маданият, илим, билим берүү, жаштар саясаты, маалымат жана спорт жагындагы байланыштар эки мамлекеттин түпкү таламдарына жооп берээрине жана достук, жакшы коншулаштык мамилелерди жана ѳз ара пайдалуу кызматташууну андан ары өнүктүрүүгө ебөлгө болоруна ынанып,
маданияттардын, маданий баарлашуунун салттарынын жакындыгьш жана эки мамлекеттин өз ара мамилелеринде орус тилинин калыптанып калган тарыхий ролун көңүлгө алып,
эки мамлекеттин элдеринин маданий мурасын сактоо зарылчылыгьн аңдап түшүнуп,
эки мамлекеттин жаштарынын ортосундагы көп турдүү мамилелерди жана алмашууларды өнүктүрүү эддердин ортосунда достук мамилелердин жана ишенимди бекемдөөнүн маанилүү элемента экендигин эске алып,
эки тараптуу жаштардын алмашууларына жаңы импульс берүүнү каалап, 1992-жылдьш 10-июндагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы достук, кызматгашуу жана ез ара жардам берүү жөнүндө Келишимдин жоболоруна ылайык,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Тараптар маданият, илим, билим берүү, жаштар саясаты, маалымат жана спорт жагында, анын ичинде кыргыз жана россиялык коомдук уюмдардын, чыгармачыл бирликтердин, ассоциациялардын жана фонддордун ортосунда кызматташууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзүшөт.
2-берене
Тараптар маданият жагында кадрларды даярдоодо кызматташууну өнүктүрүүгө, кызыкдар министрликтердин, ведомстволордун, уюмдардын жана мекемелердин ортосунда тажрыйба алмашууга, ошондой эле конференцияларды, симпозиумдарды жана тегерек столдорду өткөрүүгө көмөк көрсетөт.
3-берене
Тараптар өз мамлекеттеринин тарыхый-маданий мурастарьш сактоо жагында кызматташат.
Тараптар жоголуп кеткен же мыйзамсыз ташыльш чыккан жана Тараптын ар бир мамлекетинин аймаганда болуп калган маданий баалуулуктарга байланышкан маселелерди Тараптардын ар бир мамлекетинин мыйзамдарынын жана эл аралык укуктун колдонулуучу ченемдердин негизинде сүйлөшүүлөр жолу менен чечет.
Тараптар бир Тараптын мамлекетинин аймагынан башка Тараптын мамлекетинин аймагына убактылуу ташылып чыккан маданий баалуулуктардын сакталышына жана кайтарылышына мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт.
4-берене
Тараптар ѳз мамлекеттеринин архивдик мекемелеринин линиясы боюнча кызматташууда, архивдик материалдардын көчүрмөлөрүн алмашууда, ошондой эле документтердин жыйнагын даярдоодо жана көргөзмөлөрдү өткөрүүдө көмөк көрсөтөт.
Тараптар бир Тараптын мамлекетине таандык, экинчи Тараптьш мамлекетинин аймагына убактылуу ташылып чыккан архивдик материалдардын сакталышына жана кайтарылышына мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт.
Тараптар Тараптардын мамлекеттеринин аймагында түзүлгөн жана алардын мамлекетинин архивинде сакталган архивдик материалдарды табууга, сактоого жана жайылтууга кемөк керсөтөт.
5-берене
Бир Тарап экинчи Тараптын мамлекетинин керкөм фестивалдарын, жамааттардьш жана солистердин гастролдорун, авторлордун музыкалык жана драмалык чыгармаларын коюуга, делегациялар жана адабият, керкөм көргөзме, анын ичинде дүйнелүк мааниси бар коллекциялардан алмашууга көмөк көрсетөт.
6-берене
Тараптар ез мамлекетгеринин музейлеринин, галереяларынын жана китепканаларынын ортосунда кызматташууну колдойт, эки мамлекеттин жарандары үчүн бирдей шартта мамлекетгик китепканалык жана музей фонддоруна өз ара жеткиликтүүлүктү жана бул фондцорду маданий, илимий жана билим берүү максаттарында коддоонууну колдойт.
7-берене
Тараптар өз мамлекетгеринин кызыкдар министрликтеринин, ведомстволорунун, уюмдарынын жана мекемелеринин кинематография жагында теменку багыттар боюнча түздөн-түз кызматташуусу үчүн шарттарды түзөт:
кыргыз жана россиялык кино көркем енөрүн жайылтуу;
Тараптардын мамлекетгеринин аймагында бул кинофестивалдардын регламентине ьшайык еткөрүлүүчү эл аралык кинофестивалдарга катышуу;
кинотасмаларды биргелешип түзүү жана санариптештирүү, кинотасмаларды алмашуу;
ез мамлекеттеринин кинематография уюмдары жана мекемелеринин ортосунда тикелей байланыштарды жана алмашууларды кеңейтүү.
8-берене
Тараптар жалпыга маалымдоо каражаттар жагында кызматташууну енүктүрөт жана ушул максатта:
бир Тараптын мамлекетинин телекөрсөтүү жана радиоберүү уюмдарынын программаларын, ошондой эле мезгилдүү басма сөз басьшмаларын экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында жайылтууга көмөк керсөтөт;
Тараптардьш телекерсөтүү жана радиоберүү уюмдарынын, мезгилдүү басма сөз басылмаларынын, маалыматтык агенттиктеринин жана басмаларынын ортосунда тикелей кызматташууну кубаттайт;
адабий чыгармаларды которуу жана басып чыгаруу, жазуучулардын жана журналисттердин делегацияларын жиберишүү, басмалардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарьшын редакцияларынын ортосунда түрдүү материалдарды алмашуу, тийиштүү түрдө Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын саясий, экономикалык, маданий жана илимий турмушу жөнүндө материалдарды жарыялоо, ошондой эле Тараптардьш ар бир мамлекетинин элдеринин тилинде газеталарды жана журналдарды басып чыгаруу үчүн шарттарды түзөт.
Мындай кызматташуунун конкреттүү түрү жана шарттары Тараптардьш мамлекетгеринин таламдаш министрликтери, ведомстволору, уюмдары жана мекемелери ортосундагы тийиштуү макулдашуулар менен женгө салынат.
9-берене
Тараптар маданият, көркөм өнер, тарьгхый-маданий мурас, кинематография, архивдик иш, автордук жана чектеш укуктар, илим, билим берүү жана жаштар саясаты жагында ченемдик-укуктук жөнгө салуу тажрыйбасын алмашат.
10-берене
Тараптар маданият, илим жана билим берүү жагында илимий-изилдөө иштеринин багыттарьш аныктоо, илимий-изилдөөлөрдүн натыйжалары жөнүндө ез ара маалымдоо боюнча кызыкдар министрликтер, ведомстволор, уюмдар жана мекемелер ортосунда консультацияларды, бул максаттарда биргелешкен илимий жана илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды жана симпозиумдарды жана биргелешкен басма ишин жүргузүүгө көмек көрсөтет, ошондой эле илимий алмашуунун жана кызматташуунун башка түрлөрүн колдонот.
Консультациянын негизи кызматташуунун жаңы жактарын жана түрлөрүн издөө, маданият, илим жана билим берүү чөйрөсүндө жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу маселелери, маданий, илимий жана билим берүү мекемелеринин ишин укуктук жана социалдык- экономикалык женге салуу, илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү кызыкчьшыгында иш-чараларды жүргүзүү, ошондой эле маданияттын, илимдин жана билим берүүнүн статистикасын жүргузүүнүн макулдашылган принциптерин иштеп чыгуу болушу мүмкүн.
11-берене
Тараптар маданияттын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү маселелеринде кызматташат, маданият жана искусство уюмдары жана мекемелери үчүн жабдууларды жана техникалык каражаттарды берүүнү өз ара пайдалуу негизде жүргүзөт.
12-берене
Тараптар билим берүү жагында өнүктүрөт жана ушул максатта:
өзүнүн мамлекеттеринин билим берүү мекемелеринин ортосунда тикелей байланыштарды орнотуу жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт;
окутуу, стажировка, лекцияларды окуу, окутуучулук иштер жана квалификацияны жогорулатуу үчүн окугандарды, илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерди өз ара жиберишуү үчүн шарттарды түзөт;
эки мамлекетте еткөрүлө турган илимий жана илимий-педагогикалык семинарларда, конференцияларда, симпозиумдарда жана башка иш-чараларда илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлердин катышуусу үчүн, ошондой эле биргелешкен илимий долбоорлорду жана программаларды жүзөгө ашырууда кызматташуу үчүн шарттарды түзет;
жалпы жана кесиптик билим берүү жагында кызматташуунун башка формаларын коддошот;
Мындай кызматташуунун конкреттүү формалары жана шарттары Тараптардын мамлекеттеринин кызыкдар министрликтеринин, ведомстволорунун, уюмдарынын жана мекемелеринин ортосунда тийиштуү макулдашуулар менен женго салынат.
13-берене
Тараптар Тараптардьш ар бир мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык, Кыргаз Республикасында орус тилинде жана Россия Федерациясында кыргыз тилинде окутуу менен жалпы билим берүү мекемелерин, жалпы билим берүү мекемелерде класстарды жана бөлүмдөрдү түзүүнү колдошот, ошондой эле бул мекемелер үчүн кадрларды даярдоо, материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө, окуу куралдарын жана башка окуу-усулдук адабияттарын иштеп чыгуу жана басып чьггаруу үчүн шарттарды түзѳт.
Кыргыз Тарап Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында орус тилин окутуу үчүн шарттарды түзөт.
14- берене
Тараптар Россия Федерациясьгаын жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринин филиалдарьга Кыргыз Республикасында жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринин филиалдарын Россия Федерациясында, ошондой эле биргелешип жүргүзүлүүчү билим берүү мекемелерин түзүүге кемөк көрсөтүшөт.
Тараптар эки мамлекеттин тилдерин, тарыхын, адабиятын жана маданиятын өз аралык негизде окуп -үйрөнүүгө комок керсөтөт жана ушул максатта орус тилин жана кыргыз тилин жана адабияттарын окуп үйрөнүү жагында илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерди, ошондой эле окуу усулдук окуу куралдар жана материаддарды алмашууну өнүктүрүүге өбелгө түзөт.
Тараптардын ар бири тилдик жана елке таануу курстарын жана семинарларын өткөрүү, тиешелүү адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт, ошондой эле экинчи Тараптын мамлекетинин тилин жана маданиятын окуп-үйрөнүү боюнча телекөрсөтүу жана радиоберүү мүмкүнчүлүктөрүн колдонот.
15-берене
Тараптардьш бири өз мамлекетинин мыйзамдарына ылайык аньш мамлекетинин аймагында туруктуу жашаган экинчи Тараптьш мамлекетинин жарандарынын билим алууга керектөөлөрүн тийиштүү түрдө кыргыз жана орус тилинде билим берүү үчүн шарттарды түзүү жолу менен камсыз кылат.
Өз мамлекетинин мыйзамына ылайык бир Тарап анын мамлекетинин аймаганда туруктуу жашаган экинчи Тараптын мамлекетинин жарандарына билим берүүгө ез жарандары менен бирдей укуктарга кеггилдик берет.
Бул укуктарды жүзөгө ашьфуу тартиби жана шарттары Тараптардын мамлекеттеринин кызыкдар министрликтеринин, ведомстволорунун, уюмдарынын жана мекемелеринин ортосундагы макулдашуу менен аныкталат.
16-берене
Тараптар Кыргыз Республикасында россиялык жамааттьш жана Россия Федерациясындагы кыргыз жамааттын маданияттарынын эркин жана тең укуктуу өнүгүшүнө кепилдик берет, алардын улуттук ѳз алдынчалуулугун, маданиятын, тилин, рухий жана диний керектөөлөрүн сактоо учун жагымдуу шарттарды түзөт.
17-берене
Тараптар жаштар уюмдарынын ортосунда тикелей кызматташууга жана ез мамлекеттеринин аймагында уюштурулган, анда Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын жаштарынын катышуусуна дем берүү максатында, жаштар иш-чаралары жөнүндө маалыматтарды алмашууга көмөк керсетет.
18-берене
Тараптар дене тарбия жана спорт жагында, баарынан мурда спорт коомчулугу ортосунда тикелей байланыштарды жүргүзүү жолу
менен кызматташууну өнүктүрүүгө, мелдештерди жана жолугушууларды өткөрүүгө, спортсмендер жана машыктыруучуларды ез ара жиберүүгө, илимий-усулдук маалыматтар жана атайын адабияттарды, ошондой эле эл аралык таймаштарда катышуу тажрыйбасын алмашууга көмөк көрсөтет.
Мындай кызматташуунун конкреттүү формалары жана шарттары Тараптардын мамлекеттеринин кызыкдар министрликтеринин ведомстволорунун, уюмдарынын жана мекемелеринин ортосунда макулдашуулар менен жөнгө салынат.
19-берене
Тараптар Тараптардын мамлекеттеринин улуттук комиссияларынын ортосунда ЮНЕСКО иштери боюнча кызматташууга көмек керсөтөт.
20-берене
Бул Макулдашууну аткаруу жана иш-чараларды конкреттештирүү максатында маданият, илим, билим берүү, жаштар саясаты, маалымат жана спорт жагында кызматгашуу жөнүндө өкмөттөр аралык программалар, ошондой эле кызыкдар министрликтердин, ведомстволордун, уюмдардын жана мекемелердин линиясы боюнча кызматташуу программалары кабыл алынышы мүмкүн.
21-берене
Бул Макулдашуу дипломатиялык каналдар боюнча анын күчүнө кириши үчүн зарыл мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы жөнүндө жазуу жузүндөгү акыркы билдирүүнү алган датадан 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу күчүнө кирген датадан тартып 1995-жылдын 27-мартындагы маданият, илим жана билим берүү жагында кызматташуу женүнде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуу езүнүн колдонуусун токтотот.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгертүүлөр киргазиши мүмкүн, алар езүнчө протокол менен таризделет.
22-берене
Бул Макулдашуу 5 жыддык меөнөткө түзүлөт, ал мөенөт аяктаганда анын колдонулушу кийинки 5 жылдык мезгилге, эгерде Тараптардын бири кезектеги 5 жылдык мезгил аяктаганга 6 ай калганга чейин дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Тарапка ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети женүнде жазуу жүзүнде билдирбесе, автоматтык түрдө узартылат.
Бишкек шаарында 2012-жылдын «5» апрелинде, ар бйри кыргыз жана орус тилдеринде эки нускада түзүлдү, мында эки текст тең бирдей күчкө ээ.