Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги N 245 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-ноябры № 659
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-сентябрындагы № 8 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууну жана коргоону андан ары өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жободо:
61-пунктунун 8) пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“- облустар боюнча мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкармалыктарынын бирикмелеринин, аскердик бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин офицерлерин “капитанга” чейинки штаттык категорияны кошуу менен кызмат орундарына - облустар боюнча мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкармалыктарынын начальниктеринин буйруктары менен;”;
90-пунктунун 3) пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“- облустар боюнча мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкармалыктарынын бирикмелериндеги, аскердик бөлүктөрүндөгү жана мекемелериндеги кенже офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары - облустар боюнча мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкармалыктарынын начальниктеринин буйруктары менен;”;
111-пунктунун 3) пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“- облустар боюнча мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкармалыктарынын бирикмелеринин, аскердик бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин прапорщиктерин - облустар боюнча мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкармалыктарынын начальниктеринин буйруктары менен;”.
2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-сентябрындагы № 8 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын
башкаруу схемасы
|
|
|
|
|
| ||
|
|
|
|
|
| ||
Эскертүү. Аскердик бөлүктөр жана мекемелер юридикалык жактардын укуктарына ээ.