Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-ноябры № 663
«Атмосфералык абаны коргоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнѳ ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоору» кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий ѳкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
«Атмосфералык абаны коргоо жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы. 1999-ж., № 11), 450-бер.) төмөнкүдѳй толуктоо киргизилсин:
1. Тѳмѳнкγдѳй мазмундагы 401-берене менен толукталсын:
«401 -берене. Озонду бузуучу заттар менен иштѳѳнү мсмлекеттик эсепке алуу жана контролдоо
1. Оэонду бузуучу заттар менен иштѳѳнγ мамлекеттик эсепке алуу жана контролдоо Кыргыз Республикасында озонду бузуучу заттарды ѳндγрγγнγн жана керектѳѳнүн жол берилген кѳлѳмүн белгилѳө, ошондой эле озон катмарын коргоо жана бузулушунун алдын алуу, адамдын ѳмүрүн жана айлана-чѳйрѳнγ озон катмарынын бузулушунан келип чыккан жагымсыз кесепеттерден коргоо γчγн аны калыбына келтирγγ максатында ишке ашырылат.
2. Озонду бузуучу заттар менен иштѳөнү мамлекеттик эсепке алуу жана контролдоо Кыргыз Республикасына ташылып кирген жана Кыргыз Республикасынан ташылыл чыккан озонду бузуучу заттардын бажы статнстикасынын маалыматтарынын жана озонду бузуучу заттар менен иштѳѳ маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын отчеттуулугунун негизинде жγзѳгѳ ашырылат.
3. Озонду бузуучу заттар менен иштѳѳнү мамлекеттик эсепке алуунун жана контролдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ тарабынан белгиленет.».
2-берене
1. Ушул Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жѳнγндѳ келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим кγчγнѳ кирген кγндѳн тартып кγчγнѳ кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ ѳзγнγн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти