Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-ноябры № 674
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкметү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, Ш.Ч.Айтматова, И.Ю.Карамушкина, Д.О.Тербишалиев, Д.А.Ниязалиева, М.И.Бакиров жана У.Т.Кочкоров тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 25 ноябрындагы № 674 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмѳтү "Кыргыз Республикасынын Өкметү женүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, Ш.Ч.Айтматова, И.Ю.Карамушкина, Д.О.Тербишалиев, Д.А.Ниязалиева, М.И.Бакиров жана У.Т.Кочкоров тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкү корутундуга келди.
1. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 287-беренесинин l-бөлүгүнүн он төртүнчү-жыйырма бешинчи саптарын акциз салыгынын базалык коюмдарын көбөйтүүнү караштыруучу төмөнкүдөй жаңы редакцияда берүү сунушталат:
- 2015-жылдын 1-январынан тартып чыпкалуу сигареттерге 1000 даанасы 550 сомго, чыпкасыз сигареттердин 1000 даанасы 100 сомго чейин;
- 2016-жылдын 1-январынан тартып чыпкалуу жана чыпкасыз сигареттерге 1000 даанасы 730 сомго чейин;
- 2017-жылдын 1-январынан тартып чыпкалуу жана чыпкасыз сигареттерге 1000 даанасы 950 сомго чейин.
Маалымат катары азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусуна байланыштуу салыктардын айрым түрлөрүнүн коюмдарын ылайыкташтыруу максатында акциздин базалык коюмдарын көбөйтүүнү караштырган мыйзам долбоору иштелип чыккандыгын билдиребиз. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан иштелип чыккан жогорудагы мыйзам долбоорунун алкагында сунушталган тамеки буюмдарына акциздик салыктын коюмдарын кароону сунуштайбыз.
2. Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин он экинчи абзацын жаңы редакцияда берүү сунушталат, анда тамеки тартуучу жай - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жабык коомдук жайларда бөлүнгөн жана жабдылган, изоляцияланган жайлар деп берүү сунушталат.
Ал эми, "тамеки тартуучу жай" түшүнүгүнүн учурдагы редакциясы ДСУнун тамекиге каршы күрөшүү боюнча алкактык конвенциясына (2005-жылдагы редакцияда) ылайык пайдаланылган, ага Кыргыз Республикасы да кошулган (2006-жылдын 2-мартындагы № 74 "ДСУнун 2003-жылдын 21-майындагы тамекиге каршы күрөшүү боюнча алкактык конвенциясын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы).
Мындан тышкары, мыйзам долбооруна карата негиздеме-маалымкатта кайсы себепке байланыштуу бул езгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыккандыгы көрсөтүлгөн эмес. Буга байланыштуу "тамеки тартуучу жай" түшүнүгүнүн аныктамасын колдонуудагы редакцияда калтырууну сунуштайбыз.
3. Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин чекене соода, коомдук тамак-аш ишканалары, кызмат көрсөтүү чөйрөсү керектөөчүлөргө тамеки буюмдарынын бир керектоо таңгагын керектөөчүлөргө, ошондой эле жекече ишкерлерге сатылышы мүмкүн болбогон баасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилей тургандыгын караштыруучу минималдуу чекене соода баасынын өлчөмүн караштырган жацы редакцияда баяндоо сунушталат. Тамеки буюмдарын минималдуу чекене баадан төмөн баада сатууга тыюу салынат. Бирок мыйзам долбооруна карата негиздеме-маалымкатта мындай өзгертүү киргизүүнүн эмнеге байланыштуу келип чыккандыгы көрсөтүлгөн эмес. Ошол эле учурда тамеки продукциясына минималдуу чекене баанын өлчөмүн белгилөө тамекиге болгон суроо-талапты кыскартуу боюнча салыктык чаралар катары чыгышы мүмкүн эмес.
"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык мамлекеттин жана анын органдарынын ишкерлердин ишине мыйзамдарда белгиленген негиздер боюнча жана тиешелүү органдардын ыйгарым укуктарынын чектериндегиден тышкарыда ишкерлердин ишине кийлигишүүсүнө жол берилбейт. Ошондой эле "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык ушул Мыйзам колдонулган чөйрөдө табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттеринин ишин жөнгө салуунун төмөнкү методдору колдонулат, бааны жөнгө салуу: бааларды (тарифтерди) белгилөө, баалардын (тарифтердин) чектүү деңгээлин белгилөө. Мындан тышкары мыйзам долбоорунда сунушталган тыюу салууну бузуу үчүн жоопкерчилик каралган эмес. Айтылгандардын негизинде "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин редакциясын кайра караштырууну сунуштайбыз.
4. Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 3-бөлүгүн тамеки тартууга тыюу салуу жөнүндө белгини тариздөөгө жана жайгаштыруу тартибине карата талаптарды жарандардын саламаттыгын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилей тургандыгын караштыруучу жаңы редакцияда баяндоо сунуш кылынат. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 18-беренесине ылайык ар бир адам ушул Конституцияда жана мыйзамдарда тыюу салынгандардан тышкары ар кандай аракеттерди жана ишти жүзөгө ашырууга укуктуу. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүнө ылайык адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлактуулугун сактоону коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар тарабынан чектелиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга ылайыктуу болууга тийиш. Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин чектөөчү мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салынат. Буга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин үчүнчү бөлүгүн колдонуудагы редакцияда калтырууну сунуштайбыз.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун ушул корутундуда баяндалган сунуштарды эске алуу менен кабыл алуу керек деп эсептейт.