Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-ноябры № 664
«Атмосфералык абаны коргоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мынзамынын долбоору женүндө
Кыргыз Республикасынын Конституцнясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнѳ ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоору» кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралcын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий ѳкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-жыл, №11, 452-бер.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы кырк жетинчи - элүү биринчи абзацтар менен толукталсын:
"озонду бузуучу заттарды калыбына келтирүү - озонду бузуучу заттардын керектөөчүлүк касиеттерин калыбына келтирүү максаттарында рекуперацияланган озонду бузуучу заттарды чыпкалоо, кургатуу, дистилляциялоо, химиялык иштетүү жолу менен иштетүү;
озонду бузуучу заттарды рекуперациялоо - машиналарда жана жабдууларда, алардын курамдык бөлүктөрүндө, контейнерлерде камтылган озонду бузуучу заттарды, аларды техникалык тейлөөнүн жүрүшүндө же аларды эксплуатациядан чыгараардын алдында алуу, чогултуу жана сактоо;
рециркуляция - озон бузуучу заттарды кайталап пайдалануу максатында иштетүү;
озон бузуучу заттарды жок кылуу - озонду бузуучу заттардын жок болуусуна же озонду бузуучу болуп саналбаган заттарга айлануусуна алып келүүчү бузулуу процесси;
озон бузуучу заттарды керектөө - башка мамлекеттерге экспорттолгон озон бузуучу заттарды эсепке албаганда, Кыргыз Ресиубликасында өндүрүлгөн жана башка мамлекеттерден импорттолгон озон бузуучу заттардын жалпы саны;".
2. 20-берене төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Өзүнүн керектөө касиеттерин жоготкон жана озонду бузуучу заттарды камтыган продукцияны озонду бузуучу заттарды репиркуляциялоо же жок кыпуу үчүн рекуперациялабастан туруп өндүрүштүн жана керектѳөнүн калдыктарын жайгаштыруучу объекттерге көмүүгө тыюу салынат.".
3. 25-берене төмөнкүдөй мазмундагы онунчу - он экинчи абзацзар менеп толукталсын:
"Атмосферанын озон катмарып чарбалык жана башка иштердии терс таасирлеринен коргоо максатында колдонулушу Кыргыз Республикасында мамлекеттик жөнгө салууга жаткан озонду бузуучу заттардын тизмеги белгиленет.
Колдонулушу мамлекеттик жөнгө салууга жаткан озонду бузуучу заттардын тизмеги, Кыргыз Республикасында озонду бузуучу заттардын жол берилген керектелүүчү көлөмү, озонду бузуучу заттарды пайдаланууга карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөту тарабынан бекитилет.
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар чарбалык жана башка иштерди жүзөгө ашырууда ушул Мыйзамдын талаптарын сактоого милдеттүү.".
2-берене
1. Ушул Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жѳнγндѳ келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим кγчγнѳ кирген кγндѳн тартып кγчγнѳ кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ ѳзγнγн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти