Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-ноябры № 677
«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жвнундө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду "жана - езгертүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасыньн Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасыньш Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агептгиктин директору, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри жана Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берγγ тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Too" гезити, 2013-жылдын 29-октябры, № 87) төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 8-берененин 2-бөлүгү "Лицензиялык талаптарга" деген сөздөрдөн кийин "экспорттук контролдоо боюнча талаптардан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын.
2. 9-берененин 1-пунктунун "б)" пунктчасы "карата" деген сөздөн кийин ", ошондой эле ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 33 - 35-пункттарында каралган лицензияларга жана 17-беренесинин 2,12 - 14, 26 - 29 жана 37-пункттарында каралган уруксаттарга карата" деген сөздөр менен толукталсьш.
3. 16-беренеде:
- 6-пункттагы "күйүүчү кычкылдандыруучу газдар жана" деген сөздөр алыл салынсын;
- 7-пункттагы "химиялык коркунучтуу" деген сөздөр "таасири күчтүү уулуу" деген сөздөр менен алмаштырьшсын.
4. 17-беренеде:
- 13-пункттагы, "сактоо" деген сөз алып салынсын;
- 27 жана 28-пункттар төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"27) өнөр жай багытындагы жарылуучу материалдарды сактоо укугу;
28) Кыргыз Республикасынын аймагына пиротехникалык буюмдарды ташып келүү;";
- төмөнкү мазмундагы 37-пункт менен толукталсын:
"37) пиротехникалык буюмдарды сактоо укугу.".
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти