Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-октябры № 621
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январьндагы № 11 «2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегаясы жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жьлдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасыньн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасын кайра куруу жана өнүктүрүү максатьнда, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасын өнүктүрүүнүн негизги багыттары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Негизги багыттарды ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасьнын Өкмѳтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасында рыноктук мамилелерди орнотуу мамлекеттин саясий жана социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнүн механизмдерин үзгүлтүксүз өркүндөтүү шарттарында өтөт. Республикада жүрүп жаткан саясий жана социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде мамлекеттик тутумдун маанилүү түзүмдүк бөлүгү болгон почта байланыш секторун да олуттуу түрдө камтыйт.
Учурда республикадагы почта байланышы рыногунда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы (мындан ары - «Кыргыз почтасы» МИ) жана коммерциялык почта операторлору («Интерпост» ЖЧК, «Джамку экспресс» ЖЧК, «Дейли Транс Сервис» ЖЧК, «СитиСерВЭкспресс» ЖЧК, «Транс Курьер» ЖЧК, «СПСР-экспресс» ЖЧК, «Кыргыз Экспресс Пост» ЖЧК) бар.
Республикада көп пайдаланылуучу почта кызмат көрсөтүүлөрүнүн кеңири түрлөрүн Кыргыз Республикасынын өзүн-өзү каржылоочу чарбалык субъектиси жана стратегиялык объектиси болуп эсептелген «Кыргыз почтасы» жүзөгө ашырат, байланыш тармагынын түзүмүндө жана региондордун инфратүзүмүндө маанилүү орунду ээлейт, республикадагы почта байланышынын аймактык филиалдарынын жана бөлүмдѳрүнүн эң кеңири жайылган тармагына ээ (республика боюнча 920 объектини ичине камтыйт), почта байланыш тармагынын табигый монополияларынын категориясына кирет жана почта жөнөтмөлөрүн - кепилденген мамлекеттик универсалдык почта кызматтарынын категориясына кирген жазуу корреспонденцияларын, посылкаларды, почта акча которууларын кабыл алуу, иштеп чыгуу жана жеткирүү, жазылууну жүргүзүү жолу менен мезгилдүү басма сөздү жайылтуу жана эң алыскы, барууга кыйын райондорду кошуу менен республиканын бардык калктуу конуштарында чекене баада сатуу боюнча кызмат көрсөтөт.
«Кыргыз почтасы» МИ почта байланыш тармагынын 920 объектисин ичине камтыйт, анын ичинде:
Борбордук аппарат жана «Кыргыз почтасы» МИнин 49 филиалы;
почта байланышынын 870 бөлүмү (192 шаардык жана 678 айылдык). «Кыргыз почтасы» МИ 151 почта маршруту боюнча эки тарапка жалпы узундугу 26,5 миң км созулган почта ташууларын ишке ашырат.
«Кыргыз почтасы» МИнин материалдык-техникалык базасынын негизин имараттар, курулуштар, административдик жана өндүрүштүк имараттар түзөт, б.а. кыймылсыз мүлк (негизги фонддун наркынын 69,67 %), автотранспорт (6,93 %), жабдуу: компьютерлер, иш техникасы жана башка техникалык каражаттар (23,4 %) түзөт.
Кыймылсыз мүлк:
Региондордогу 920 объектинин ичинен мамлекеттик почта байланышынын 536 объектиси же 58,2 % «Кыргыз почтасы» МИнин балансында, имараттардын калган 41,8 % - айыл екмөттөрүнүн жана башка юридикалык жактардын балансында турат.
Транспорт:
«Кыргыз почтасы» МИде автотранспорттун 106 бирдиги бар, алардын жалпы санынын 50 % жакыны 20-25 жылдан бери пайдаланышат жана эскиргендигине байланыштуу пайдаланууга жараксыз. Республика боюнча почта ташуунун 70 % ижарага алынган транспорт аркышуу ишке ашырылат, бул почта ташуунун наркынын жогорулашына алып келет.
Телекоммуникациялар:
Эсепке алуу маалыматтары боюнча почта байланышынын айылдагы бөлүмдөрүнүн 49,5 % телефондошкон эмес, анын ичинде Баткен облусу боюнча -70%, Жалал-Абад облусу боюнча - 76 %, Ысык-Көл облусу боюнча - 20 %, Нарын облусу - 82 %, Ош облусу - 73 %, Талас облусу - 66 %, Чүй облусу - 21 %. Телефон байланьшынын жоктугу почта байланыш бөлүмдөрүнүн калкка электр байланыш кызматын көрсөтүү гана эмес, ошондой эле оперативдүү кызматтык байланышты ишке ашыруу, күнүмдүк пайдаланууну камсыздоо маселелерине, почтаны жана финансы каражаттарын жана башка тез маалыматты жеткирүү, жөнөтүү маселелерине тиешелүү кызматтык маалыматтарды берүү мүмкүнчүлүгүнѳн да ажыратат.
Учурда «Кыргыз почтасы» МИ тарабынан Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Макулдашууга ылайык Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы каржылаган 2014-2018-жылдардын мезгилине «Кыргыз Республикасынын финансы секторун өнүктүрүү» долбоору ишке ашырьлууда.
Макулдашуу финансы менеджментин жаңылоону жана долбоорду каржылоонун жалпы суммасы карыз алуунун атайын укуктары (КАУ) 3,75 млн түзгөн, анын ичинде карыз алуунун атайын укуктары 2,62 млн - насыялык жана карыз алуунун атайын укуктары 1,13 млн - гранттык негизде болгон финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү караштырат.
2003-жылдан азыркы учурга чейин негизги өндүрүштүк көрсөткүчтөрдүн жалпысынан оң динамикасы байкалууда. Таблицада 2003-жылдан 2013-жылдарга чейинки мезгилдеги «Кыргаз почтасы» МИнин негизги көрсөткүчтөрүнүн динамикасы келтирилди (млн сом).
Таблиц
Көрсөткүч | 2003 | 2004 | 2005 | J006 | 2007 | 2008 | 2009 | 2010 | 2011 | 2012 | 2013 |
Дун кирешелер | 118,8 | 133,8 | 155,8 | 169,9 | 188,9 | 230,9 | 333,8 | 433,6 | 511,2 | 512,9 | 527,9 |
Өсүү темпи % | 105,1 | 112,6 | 116,0 | 109,1 | 111,1 | 122,3 | 144,6 | 129,8 | 117,9 | 1003 | 102,9 |
Дүч чыгашалар | 115,7 | 127,9 | 147,0 | 164,6 | 179,9 | 219,1 | 294,3 | 397,6 | 482,8 | 498,5 | 526,3 |
Өсүү темпи % | 106,4 | 110,6 | 114,9 | 111,9 | 109,3 | 121,8 | 134,3 | 135,1 | 121,4 | 103,3 | 105,5 |
Эмгекке төлөө фонду (ЭТФ) | 48,9 | 50,3 | 67,7 | 72,4 | 89,8 | 118,3 | 175,9 | 251,4 | 311,7 | 319,0 | 323,8 |
Дүң чыгашалардын үлүшу % менен | 42,26 | 39,28 | 46,05 | 44,02 | 49,91 | 53,98 | 59,77 | 63,2 | 64,6 | 64,0 | 61,5 |
Баланстык киреше | 3,1 | 5,9 | 8,8 | 5,3 | 9,0 | 11,8 | 39,5 | 36,0 | 28,4 | 14,4 | 1,6 |
«Кыргыз почтасы» МИнин пенсияларды жана жөлөкпулдарды тѳлөѳ боюнча кызмат көрсөтүүлөрү үчүн комиссиялык сыйакынын өлчөмүн азайтууну, ошондой эле мамлекеттик бюджетке таза пайдадан 50 % өлчөмүндө кошумча төлөмдү киргизүүнү эске алуучу негизги финансы-экономикалык көрсөткүчтѳрүн талдоо «Кыргыз почтасы» МИнин өнүктүрүү фондун түзүү боюнча анын мүмкүнчүлүктөрүнүн төмөндөшүн көрсөтөт.
«Кыргыз почтасы» МИнин комиссиялык сыйакысынын өлчемүнүн 2011-жылдын 1-ноябрынан бери пенсияларды төлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн 1,7 %дан 1,3 %га чейин жана жөлөкпулдарды төлөө үчүн 2011-жылдын 1-декабрынан бери 2,1 %дан 1,3 %га чейин олуттуу азайышы, ошондой эле 2011-жылдан бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттин бюджетине пайдага салыктан башка, таза пайдадан 50 % которуу почта байланышынын ведомствого караштуу объектилеринин материалдык-техникалык жана технологиялык базасын жаңылоого жана ѳнүктүрүүгө «Кыргыз почтасы» МИнин каражаттарын инвестициялоо мүмкүнчүлүгүнүн төмөндөшүнө таасирин тийгизди.
Күчтүү жактары:
- почта байланышынын 920 аймактык объекттеринен турган бутактанган тарамдарга ээ экендиги жана республиканын бардык калктуу конуштарьш тейлегендиги;
- мамлекеттик почта байланышынын бардык объекттеринин ортосунда почта жана басылмаларды ташуунун 151 почталык автомобилдик маршруту боюнча үзгүлтүксүз каттамы;
- салттуу почталык жана финансылык кызмат көрсѳтүүлөрдүн стабилдүү иштелип чыккан спектринин бар экендиги;
- мамлекеттик почта кызматына калктын ишеними;
Начар жактары;
- материалдык-техникалык жана технологиялык базасын өнүктүрүүгѳ финансылык каражаттардын жетишпестиги;
- негизги фонддордун өтө эскиргендиги (имараттар, жайлар, транспорттук каражаттар жана башка жабдуулар);
- эмгек акы төлөөнүн төмөн деңгээли, андан улам «Кыргыз почтасы» МИ көрсѳткѳн кызматтын сапатына таасир берүүчү кадрлардын бат-бат алмашуусу жана квалификациянын төмөңдүгү.
Өнүктүрүүнγн максаттары болуп почта байланышынын мамлекеттик тармактарынын материалдык-техникалык жана технологиялык базасын модернизациялоо, анын негизинде Кыргыз Республикасынын финансылык төлөм тутумуна интеграцияланган жана республиканын бардык аймагындагы калкты жана башка керектөөчүлөрдү эң жеткиликтүү почта, почта-банктык жана башка почта-финансылык жана маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыздоого арналган жогорку натыйжалуу жана ишенимдүү почталык-сактык тутумун андан ары эл аралык почта-финансылык тутумга ырааттуу интеграциялоо менен түзүү жана өнүктүрүү саналат.
«Кыргыз почтасы» МИни өнүктурүүнүн милдеттери:
- почта байланышы тармагындагы ченемдик укуктук актыларды өнүктүрүү жана жаныртуу;
- «Кыргыз почтасы» МИнин негизги жана өндүрүштук фонддорун (почта байланыш объектилери, транспорт жана жабдуулар) модерниазациялоо жана жаныртуу;
- почта-сактык тутумун өнүктүрүү;
- «Кыргыз почтасы» МИни акционерлөө жана «Кыргыз почтасы» МИнин инфратүзүмүн корпоративдик башкаруунун заманбап принциптерин киргизүү.
«Кыргыз почтасы» МИни өңүктүрүүнүн негизги багыттары:
Бул багытты ишке ашыруу үчүн «Почта байланышы женүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун финансылык жана почталык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү багыгында иштеп чыгуу, ведомстволук ички ченемдик документтерди (жоболорду, нускамаларды, эрежелерди, методикалык окуу куралдарды ж.б.) иштеп чыгуу жана кайрадан бекитүү талап кыльшат.
Негизинен «Кыргыз почтасы» МИнин бардык объекттери коопсуздукту камсыздоонун заманбап талаптарына, кардарларды тейлөөнүн санитардык жана технологиялык ченемдерине жана шарттарына жооп берүүчү түп тамырынан бери кайра курууну жана модернизациялоону талап кылат.
«Кыргыз почтасы» МИнин балансында турбаган имараттарды капиталдык оңдоп-түздөө маселелерин үлүштүк негизде чечүү же болбосо аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 2-майындагы № 260 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик почта байланышынын абалы жана өнүгүү перспективалары жөнүндө» токтомуна ылайык «Кыргыз почтасы» МИнин балансына өткөрүп берүү талап кылынат.
Объекттерди өткөрүп берүүнүн шарттарын (кайтарымдуу, жеңилдетилген же кайтарымсыз негизде) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен иштеп чыгуу жана «Кыргыз почтасы» МИ активдерин баалоо жол-жобосу аяктаганга чейин кыймылсыз мүлк объектилерин ѳткөрүп берүүнү аяктоо зарыл.
Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды модернизациялоо (инновациялык технологияларды жана программалык-техникалык продуктуларды киргизүү) төмөнкүлөрдү караштырат:
- Корпоративдик маалыматтык-коммуникациялык тармакты, маалыматтык тутумга, корпоративдик маалыматтык-коммуникациялык порталга мониторинг жүргүзүү жана аны башкаруу тутумун түзүү;
- финансы тутумун башкаруу;
- «Кыргыз почтасы» МИнин бюджетин жана экономикасын башкаруу;
- эсепке алуу-отчеттук, статистикалык, маркетингдик, аналитикалык тутумду өнүктүрүү;
- маалыматтык-логистикалык тутумду өнүктүрүү;
- дистанттык окутуу тутумун түзүү;
- аудио-, видеоконференциялар, Call Centre тутумун түзүү.
Борборлошкон маалыматтык тутумду түзүү үчүн техника-экономикалык негиздемени жана техникалык тапшырманы иштеп чыгуу зарыл, анда төмөндөгү багыттар чагылдырылышы керек:
- финансы, материаддык жана адам ресурстарын башкаруунун борборлошкон тутумун түзүү;
- эсепке алуу жана отчеттуулуктун борборлошкон тутумун түзүү;
- электрондук иш кагаздарын жүргүзүунүн борборлошкон тутумун түзүү;
- борборлошкон маалыматтык-логастикалык тутумду түзүү;
- «Кыргыз почтасы» МИнин корпоративдик порталын түзүү;
- «Кыргыз почтасы» МИнин корпоративдик интеграцияланган маалыматтык-коммуникациялык автоматташтырылган тармагын түзүү;
- телефондун борборлошкон тутумун тузүү;
- инновациялык технологиялардын пайда болуусун эске алуу менен иштеп чыгуу, өз учурунда оңдоп-түздѳѳ жана орто мөөнѳттүү жана узак мөөнөттүү мезгилге маалыматтык тутумду өнүктүрүүнүн планын ырааты менен аткаруу.
Корпоративдик, автоматташтырылган маальшаттык-коммуникациялык технологиялык тармакты өнүктүрүү этап боюнча ишке ашырьлат:
1-этап (2014-2017-жылдар) - филиалдардан күнүмдүк отчеттук финансы-экономикалык маалыматтарды жана өндүрүштүк статистиканы интеграцияланган оперативдүү эсепке алуу, топтоо жана системалык талдоо тутумун киргизүү, «Кыргыз почтасы» МИнин борбордук аппаратьнда өндүрүш процесстерин жана финансы агымдарын (финансы менеджменти) башкаруу боюнча баалоолорду жана чечимдерди кабыл алуу учүн жыйынтыкталган натыйжаларды алуу жана почта байланышынын 400 бөлүмүн автоматташтыруу;
2-этап (2018-2021-жылдар) - биринчи этапта ишке ашырылган автоматташтырылган тутумдарды жана технологияларды «Кыргыз почтасы» МИнин калган 470 почта байланыш бөлумдөрүнө киргизүү;
3-этап (2022-2023-жылдар) - «Кыргыз почтасы» МИге жана почта байланышынын ведомстволук филиалдарына жана бөлүмдөрүне киргизилген жаңы автоматташтырылган тутумдарды жана технологияларды «Кыргыз почтасы» бирдиктүү корпоративдик маалыматтык-коммуникациялык тутумга интеграциялоо, Кыргыз Республикасынын төлөм тутуму боюнча енөктөштөрдүн маалыматтык тутумуна интеграциялоо.
Почта-сактык тутумунун негизги максаты болуп Кыргыз Республикасынын аймагында почта, почта-сактык, почта-банктык жана башка кызматтарды эң жеткиликтүү жана натыйжалуу кѳрсөтүүнү камсыздоого жөндөмдүү, бирдиктүү бутактанган жана ишенимдүү инфратүзүмдү түзүү, анын ичинде: республиканын бардык аймагында калктын почта, почта-сактык, почта-банктык жана башка коммерциялык жана коммерциялык эмес кызмат көрсөтүүнүн түрлөрүнө эркин жеткиликтүүлүктү; почта-сактык тутумунун тармагы аркылуу калктан төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн алууну; республиканын бардык аймагында накталай эмес эсептѳшүүлөр боюнча төлөмдөрдү ишке ашырууга бара-бара өтүүнү камсыздоо эсептелет.
Почта-сактык тутумун өнүктүрүү «Кыргыз почтасы» МИнин, төлөм тутумунун катышуучулары болгон финансы-насыялык мекемелердин жана башка уюмдардын бириккен тармагын түзүүнү караштырат.
Акционерлештирүү ишканалардын уюштуруучулук, өндүрүштүк жана финансы-экономикалык ишине маркетингдик, коммерциялык жана жаңы рынокторду, продуктуларды, кызмат көрсөтүүлөрдү издөөгө, ишкананын кирешелүүлүгүн жана пайдалуулугун жогорулатууга багыт алган башка окшош бөлүнγштөрдүн ендүрүштүк түзүмүнө атаандаштыкка негизделген рынок механизмдерин киргизүүнү караштырат.
«Кыргыз почтасы» МИни акционердик коомго кайра уюштуруу анын атаандаштыкка жѳндѳмдүүлүгүн жогорулатууга, өндүрүштүк жана финансы-экономикалык процесстерди башкаруунун заманбап корпоративдик рынок механизмдерин колдонуунун эсебинен эл аралык стаңдарттардын деңгээлиңде калктын почта, финансылык жана башка сапаттуу кызмат көрсетγүлѳрдү алуудагы муктаждыктарын канааттандырууга мүмкүндук берет.
Акционерлештирүүнүн максаты:
- корпоративдик башкаруунун принциптерин киргизүү;
- финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин келишимдик жана лицензиялык негизде кеңейтүү (калктын акча салууларын кабыл алуу, эсептик-кассалык тейлөө, эсептерди ачуу, алмашуу операциялары, системалык акча которууларын жүргүзүү, төлөмдөрдү накталай жана накталай эмес түрдө кабыл алуу);
- «Кыргыз почтасы» МИ инфратүзүмү жана Кыргыз Республикасынын почта-сактык тутуму аркылуу көрсөтүлүүчү почталык, почта-банктык жана башка финансылык, маалыматтык-коммуникациялык коммерциялык жана коммерциялык эмес кызматтарды көрсетүүнүн сапатын жогорулатуу;
- заманбап атаандаштык рыногунун талаптарына ылайык келүүчү өндүрүштүк жана финансы-экономикалык базаны жана имиджди түзүү;
- инвестициялык жагымдуулук.
«Кыргыз почтасы» МИнин кирешелүүлүгүн жана пайдалуулугун жогорулатуунун, почта байланышынын филиалдарынын жана бөлүмдөрүнүн өндүрγштүк ишин өнүктγрүүнүн жана өбөлгөлөөнүн натыйжалуу фонддорун «Кыргыз почтасы» МИнин каржы каражаттарынын эсебинен түзүүнүн маанилүү фактору болуп кызматтын ар кандай түрлөрүн көрсетүүгѳ кеткен эмгек чыгымдарынын экономикалык так эсеп-кысабына, жаңы технологияларды киргизүүгѳ финансы каражаттарына негизделген таразаланган финансы-экономикалык жана техникалык саясат эсептелет.
Экономикалык тобокелдиктер.
Бюджеттик каржылоонун жетишсиздиги. Болжоддонгон тобокелдиктин мүмкγндүгγ жогору катары бааланат. Тобокелдикти башкаруу жана кыскартуу үчүн пенсия жана жөлөкпулдарды тѳлөө боюнча көрсѳтүлгөн кызматтар үчүн комиссиондук акы төлөөну көбөйтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фоңдго таза пайданын 50 пайызын которуудан бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн деңгээлинде чечимдерди кабыл алуу зарыл.
Социаддык тобокелдиктер.
Почта байланышына социалдык жактан олуттуу кγч келет. Жалпыга жеткиликтүү универсалдык почта кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтери иш жүзүндөгү өздүк наркына шайкеш келбейт. Универсалдуу почта кызматын көрсөтүүнүн чыгашаларынын ордун толтуруу кызмат керсөтүүнүн башка түрлөрунөн түшкөн кирешелердин эсебинен ишке ашырылат. «Кыргыз почтасы» МИнин кызмат көрсөтүүлѳрүнө тарифтерди кайра кароо кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркын, почта алмашуулардын көлөмүн жана керектөө рыногундагы баалардын өзгөрүү тенденцияларын эске алуу менен дайыма жүргүзүлүшү керек.
Технологиялык тобокелдиктер.
Транспорт тармагынын өнүкпөгөндүгүн жана тѳмѳн сапатынын, калктын жайгашуу жыштыгынын төмөндүгүн жана ири эл жайгашкан пункттар эле эмес, орто жана майда пункттардын да бири-биринен алыстыгын эске алуу менен, почта тутумунун натыйжалуулугунун денгээли кыска мөөнөттүн ичинде бир нече эсе өсүп кетүүсү мүмкүн эмес.
Kѳп учурда почта кызматынын натыйжалуу эместиги жана чыгашалуулугу корреспонденцияларды, мезгидүү басылмаларды, посылкаларды (жөнөтүүлөрдү) жана башка жеке жөнөтүүлөрдү керектөөчүгө жеткирүүгө байланышкан өтө чоң транспорттук чыгымдар менен шартталган.
Жазуу жүзүндөгү корреспонденциянын жана башка почта жөнөтүүлөрүнүн көлөмүнүн анча чоң эместигине байланыштуу аларды иштеп чыгуу кол эмгеги менен жүргүзүлөт, көбүнчө узак мөөнөттү талап кылган почта которууларынын эскирген технологиясы сакталат.
«Кыргыз почтасы» МИ өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу тышкы инвестициялардын жана «Кыргыз почтасы» МИнин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү, МКТнын жаңы заманбап компоненттерин жана тутумдарын, ѳндүрүштүк жана технологиялык процесстерди модернизациялоо процесстерине ылайык келүүчү финансылык жана материалдык ресурстарды эсепке алуу, башкаруу тутумдарын иштеп чыгуу, тестирлөө жана киргизүү процесстерин ишке ашыруу боюнча «Кыргыз почтасы» МИни ѳнүктүруүнүн негизги багыттарын жүзөгө ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү, уюштуруу жана контролдоо иш-чаралардын бекитилген план-графиктеринин аткарылган же аткарылбаган пункттарын, айрым максаттуу тапшырмаларды ишке ашыруунун белгиленген мөөнөттөрүнөн четтөөсүн, сын-пикирлердин, маселелердин жана чечилбеген көйгөйлөрдүн тизмегин түзүү менен аткарылган иштердин көлөмүн баалоонун эсебин алуу жана контролдоо жолу почта байланышы жана «Кыргыз почтасы» МИ тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
«Кыргыз почтасы» МИни өнүктүрүүнүн негизги багыттарын натыйжалуу ишке ашыруу 2014-жылдын деңгээлине салыштырмалуу 2017-жылы төмөнкүдөй көрсөткүчтөргө жетишуүнү болжолдойт:
- «Кыргыз почтасы» МИнин кирешелеринин өсүшүнүн ар жылдагы орточо темпи 103% болсо, киреше болжолдуу 1,3 эсеге осет;
- «Кыргыз почтасы» МИнин кызматкерлеринин орточо айльж акысынын өлчөмүнүн тиешелүү өсүшү;
- «Кыргыз почтасы» МИнин кызматкерлеринин жылдык орточо санын 2014-жылдагы санына салыштырмалуу 101%дан кѳп эмес чекте сактап калуу;
- калкка жана башка айыл жергесиндеги керектөөчүлөрдүн категорияларына финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу;
- оперативдүү көзөмөл, «Кыргыз почтасы» МИнин финансы тутумунун ачыктыгы;
- республиканын бардык аймагында почта-сактык тутумун түзүү жана өнүктүрүү маселелерине шайкеш келүүчү «Кыргыз почтасы» МИнин материалдык-техникалык жана технологиялык базасын модернизациялоо.