Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-ноябры № 662
«Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
Ушул Мыйзамдын максаттары жана жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзамдын максаттары өсүмдүктөрдү жана Кыргыз Республикасынын аймагын карантиндик объекттердин ага өтүп киришинен жана жайылып кетишинен коргоону камсыз кылуу, карантиндик объекттердин жайылып кетишинен келтирилген залалдын алдын алуу болуп эсептелет.
2. Ушул Мыйзам өсүмдүктөрдүн карантини жаатында жөнгө салуунун укуктук негиздердин белгилейт, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ыйгарым укуктарын, ошондой эле өсүмдүктөрдүн карантини жаатында жеке жана юридикалык жактардын негизги укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
2-берене
Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
фитосанитардык тобокелдиктин талдоосу – организмдин зыяндуу организмге таандыктыгын аныктоо, жөнгө салуу зарылчылыгы жана ага карата карантиндик фитосанитардык чараларды көрүү максатында биологиялык же башка илимий жана экономикалык дайындарды баалоо процесси;
зыяндуу организм – өсүмдүктөр же өсүмдүк өнүмү үчүн зыяндуу өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын же патогендик агенттердин каалагандай түрү, ар түрдүүлүгү же биотиби;
мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролдоо (көзөмөлдөө) – өсүмдүктөрдүн карантини жаатында контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын карантинге алынуучу өндүрүмдөрдө, карантинге алынуучу объекттерде карантиндик объекттерди табууга, карантиндик фитосанитардык талаптардын сакталышын камсыз кылууга багытталган ишмердиги;
текшерип кароо – карантиндик объекттердин бар же жок экендигин табуу жана (же) карантиндик фитосанитардык талаптардын сакталышын текшерүү максатында сынамдарды жана (же) үлгүлөрдү тандоо мүмкүнчүлүгү менен карантинге алынуучу өндүрүмдөрдү, карантинге алынуучу объекттерди текшерүү;
убактылуу чектөөлөр – Кыргыз Республикасына карантинге алынуучу өндүрүмдү ташып кирүүгө, Кыргыз Республикасынан карантинге алынуучу өндүрүмдү ташып чыгууга, Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча карантинге алынуучу өндүрүмдү алып өтүүгө тыюу салуучу карантиндик фитосанитардык чараларды белгилүү мөөнөткө көрүү;
жугузуу – карантинге алынуучу өндүрүмдөрдө, карантинге алынуучу объекттерде жашоого жөндөмдүү зыяндуу организмдердин болушу;
өсүмдүктөрдүн карантини – Кыргыз Республикасынын аймагында өсүмдүктөрдү жана өсүмдүк өндүрүмүн карантиндик объекттерден коргоо боюнча чаралардын тутумун караштыруучу укуктук шарттам;
карантиндик объект – Кыргыз Республикасынын аймагында жок же чектелип жайылтылган жана Карантиндик объекттердин бирдиктүү тизмегине киргизилген зыяндуу организм;
карантиндик тастыктама – Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча алып өтүүдө карантинге алынуучу өндүрүмдүн партиясынын карантиндик фитосанитардык талаптарга шайкештигин ырастоочу документ;
карантиндик фитосанитардык коопсуздук – Кыргыз Республикасынын аймагынын карантиндик объекттердин ага өтүп киришинен жана жайылып кетишинен улам пайда болуучу тобокелдиктерден корголуу абалы;
карантиндик фитосанитардык иш-чаралар – өсүмдүктөрдүн карантини жаатында карантиндик фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу максатында белгиленген аткаруу үчүн милдеттүү талаптар, эрежелер жана жол-жоболор;
карантиндик фитосанитардык шарттам – өсүмдүктөрдүн карантинин камсыз кылуу жана карантиндик объекттердин андан ары жайылып кетишинин алдын алуу максатында карантиндик фитосанитардык чөлкөмдө карантиндик объекттин очогун чектөө жана (же) карантиндик объекттин популяциясын жоюу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган чаралардын комплекси;
фитосанитардык карантиндик жугушсуздандыруу – зыяндуу организмдерди жок кылуу, алып салуу, стерилизациялоо (репродуктивдүү жөндөмүнөн ажыратуу) же аларды жашоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуу боюнча жол-жобо;
фитосанитардык карантиндик текшерүү – карантин объекттеринин популяциясын аныктоо жана белгиленген мезгилде карантиндик фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу максатында өткөрүлүүчү жол-жобо;
карантинге алынуучу өндүрүмдүн, карантинге алынуучу объекттин аймагындагы карантиндик фитосанитардык абалы – карантинге алынуучу өндүрүмдүн, карантинге алынуучу объекттин аймагында карантиндик объекттердин болушу же жок болушу;
фитосанитардык карантиндик талаптар – карантинге алынуучу өндүрүмгө, аны ташып кирүүгө, өндүрүүгө (анын ичинде кайра иштетүүгө), чыгарууга, өндүрүүгө (анын ичинен кайра иштетүүгө), сактоого, ташууга, сатууга, жок кылууга жана карантинге алынуучу объектке коюлган талаптар;
карантиндик объекттин популяциясын жоюу – карантиндик объекттин популяциясын жок кылуу үчүн карантиндик фитосанитардык чараларды көрүү;
карантиндик объекттин очогун чектөө – карантиндик объект табылган аймакта жана ошол аймактын тегерегинде мындай объекттин жайылып кетишинин алдын алуу үчүн карантиндик фитосанитардык чараларды көрүү;
кароо – карантиндик объекттерди табуу максатында сынамдарды жана (же) үлгүлөрдү тандап албастан, карантинге алынуучу өндүрүмдү, карантинге алынуучу объектти көрүнө кароо;
карантин объектисинин очогу – карантиндик объекттин популяциясы табылган же карантиндик объекттин популяциясынын саны кескин көбөйүп кетүүсү табылган Кыргыз Республикасынын же чет өлкөнүн аймагынын бөлүгү;
карантиндик өндүрүмдүн партиясы – бир унаа каражаты менен бир баруу жерине бир алуучуга жөнөтүү үчүн арналган карантинге алынуучу бир өңчөй өндүрүмдүн саны;
карантинге алынуучу өндүрүм – карантиндик фитосанитардык чараларды көрүү зарыл болгон карантиндик объекттерди алып жүрүүчүлөр болушу мүмкүн болгон жана (же) жайылып кетүүгө жөндөмдүү өсүмдүктөр, өсүмдүк өндүрүмү, идиш, таңгак, анын ичинде таңгактоочу материалдар, жүктөр, топурак, организм же материалдар;
карантинге алынуучу объекттер – Кыргыз Республикасынын аймагына карантиндик объекттердин өтүп кирүү жана (же) жайылып кетүү булагы болуп эсептелүүгө жөндөмдүү каалагандай максаттуу багыттагы жер участоктору, имараттар, курулуштар, курулмалар, резервуарлар, топтоо жерлери (жайлары), жабдуулар, унаа каражаттары, контейнерлер, башка объекттер;
реэкспорттук фитосанитардык тастыктама – өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча улуттук уюм тарабынан карантинге алынуучу кийин аймагынан ташып чыгарылуучу өлкөгө ташып кирилүүчү жүккө берилген эл аралык үлгүдөгү документ;
карантинге алынуучу өндүрүмдүн менчик ээси – жеке менчик укугунда карантинге алынуучу өндүрүмгө ээ болгон жак;
фитосанитардык тастыктама – экспортер өлкөнүн өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча улуттук уюм тарабынан берилген жана карантинге алынуучу өндүрүмдүн партиясын коштоочу, баруучу өлкөнүн карантиндик фитосанитардык талаптарына карантинге алынуучу өндүрүмдүн шайкештигин ырастоочу эл аралык үлгүдөгү документ;
фитосанитардык контролдоочу пост – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өсүмдүктөрдүн карантини пункту жабдылуучу башка жерлериндеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайын жабдылган өсүмдүктөрдүн карантини пункту;
фитосанитардык тобокелдик – Кыргыз Республикасынын аймагына карантиндик объекттердин өтүп кирүү жана жайылып кетүү ыктымалдуулугу, ошондой эле ушул мүмкүн болуучу кесепеттер менен байланышкан масштаб.
3-берене
Өсүмдүктөрдүн карантини жаатында укуктук жөнгө салуу
Өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана ушул Мыйзамга, ошондой эле аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына негизделет.
4-берене
Өсүмдүктөрдүн карантини жаатында саясатты ишке ашыруу
Кыргыз Республикасында өсүмдүктөрдүн карантини жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана өсүмдүктөрдүн карантини жаатында аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарын аныктоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат.
5-берене
Мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролдоо (көзөмөлдөө)
1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролдоо (көзөмөлдөө) өсүмдүктөрдү жана Кыргыз Республикасынын аймагын карантиндик объекттердин ага өтүп киришинен жана жайылып кетишинен коргоону камсыз кылууга, карантиндик объекттердин жайылып кетишинен келтирилген залалдын алдын алууга, импортёр өлкөлөрдүн карантиндик фитосанитардык талаптарын сактоого багытталган.
2. Карантинге алынуучу өндүрүмдү мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролдоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында, карантинге алынуучу өндүрүмдү сактоо жана кайра иштетүү жерлеринде, карантинге алынуучу объектти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу башка жерлерде жүзөгө ашырылат.
3. Мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролдоо (көзөмөлдөө) төмөнкүлөрдү камтыган иш-чараларды өткөрүү аркылуу жүзөгө ашырылат:
- карантинге алынуучу өндүрүмдүн абалынын карантиндик фитосанитардык талаптарга шайкештигин аныктоо максатында өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн карантинге алынуучу өндүрүмдүн сынамдарын жана (же) үлгүлөрүн тандап алуу менен карантинге алынуучу өндүрүмдү карап текшерүү, кароо;
- карантиндик фитосанитардык чөлкөмдөрдөн чет мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына келүүчү карантинге алынуучу өндүрүмдү, карантинге алынуучу объекттерди, ошондой эле унаа каражаттарын карантиндик фитосанитардык жугушсуздандырууну уюштуруу;
- карантинге алынуучу объекттерде карантиндик фитосанитардык текшерүүлөрдү өткөрүү.
4. Мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролду уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
6-берене
Кыргыз Республикасынын аймагындагы карантиндик фитосанитардык абалга мониторинг
Кыргыз Республикасынын аймагында карантиндик фитосанитардык абалга мониторинг Кыргыз Республикасынын аймагындагы карантиндик объектилерди байкоого алуу, талдоо, баалоо жана таралышын божомолдоо системасынан турат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте ишке ашырылат.
7-берене
Фитосанитардык тобокелди талдоо
Фитосанитардык тобокелди талдоо объективдүүлүктүн, тууралыктын жана бул тобокелди минималдаштыруу боюнча чараларды колдонуунун натыйжалуулук принциптерин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте ишке ашырылат. Фитосанитардык тобокелди талдоонун жыйынтыгы төмөнкүлөргө негиз болот:
- карантиндик фитосанитардык талаптарды иштеп чыгууга;
- карантиндик фитосанитардык шарттамды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
- карантинге алынуучу өндүрүмдү Кыргыз Республикасына ташып кирүүгө убактылуу чектөө коюуга жана (же) Кыргыз Республикасына ташып кирүүчү карантинге алынуучу өндүрүмгө карантиндик фитосанитардык талаптарды белгилөөгө;
- Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) ишке ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү карантиндик объекттердин жана карантиндик фитосанитардык талаптардын тизмесин түзүүгө.
8-берене
Өзгөчө карантиндик шарттамды киргизүүнүн жана алып салуунун тартиби
1. Карантиндик объект табылгандан кийин булганган аймакта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте 24 сааттын ичинде өзгөчө карантиндик шарттам киргизилет.
2. Өзгөчө карантиндик шарттамдагы аймактагы иш-чаралар төмөнкүдөй жолдор менен ишке ашырылат:
- транспорт каражаттардын киришин чектөө жана аларды текшерип кароо;
- карантинге алынуучу тийиштүү жүктөрдү ташып чыгууга убактылуу чектөөлөрдү киргизүү;
- карантинге алынуучу материалдарды жана объекттерди зыянсыздандыруу;
- карантинге алынуучу материалдарды техникалык иштетүү же жок кылуу.
3. Карантинге алынуучу объект жок кылынгандан кийин карантиндик шарттам алып салынат.
9-берене
Карантинге алынуучу өндүрүмдү Кыргыз Республикасына ташып кирүүнүн жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгуунун эрежелери
1. Жогорку жана төмөнкү фитосанитардык тобокели бар, карантинге алынуучу, карантиндик фитосанитардык талаптарга ылайык келген өндүрүмдү Кыргыз Республикасына ташып кирүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу атайын жабдылган пункттарда ишке ашырылат.
2. Карантинге алынуучу өндүрүмдү Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга импортёр өлкөнүн карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык фитосанитардык сертификат бар болсо жол берилет.
3. Карантинге алынуучу жүктөргө бажылык документтер фитосанитардык карантиндик контроль ишке ашырылгандан кийин гана таризделет.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан жана өзгөчө карантиндик зоналардын чегинен өткөрүлүүчү бардык карантинге алынуучу өндүрүм жана объекттер кайсы өлкөдө чыгарылганына карабастан, бир-бирден өткөрүүчү шарттамда фитосанитардык карантиндик контролго алынат.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй учурларда карантинге алынуучу өндүрүмдү Кыргыз Республикасына ташып кирүүгө убактылуу чектөөлөрдү киргизе алат:
- чет мамлекеттин бүткүл аймагында же аймагынын бир бөлүгүндө, чет мамлекеттердин тобунун аймактарында карантиндик объекттердин очогу чыкканы жөнүндө маалымат болсо;
- карантинге алынуучу өндүрүмдүн партияларында карантиндик объекттер дайыма табылган болсо.
6. Карантинге алынуучу өндүрүмдү Кыргыз Республикасына ташып кирүүгө убактылуу чектөө коюу жөнүндө чечим алынып кирүүчү карантиндик өндүрүмгө карата кошумча карантиндик фитосанитардык талаптарга ылайык кабыл алынат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- андай чектөөнү колдонуу мөөнөтү;
- тийиштүү чечимдин күчүнө кирүүчү мөөнөтү.
7. Чечим убактылуу чектөө киргизүүнүн себеби жоюлганга чейин белгисиз мөөнөткө кабыл алынышы мүмкүн.
10-берене
Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториялык изилдөөлөр
1. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториялык изилдөөлөр карантинге алынуучу өндүрүмдө карантиндик объектилер жуккандыктын белгилери бар же жоктугун аныктоо максатында карантинге алынуучу өндүрүмдүн сынамдарын жана (же) үлгүлөрүн изилдөөдөн турат.
2. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториялык изилдөөлөр төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- карантинге алынуучу өндүрүмдүн абалы карантиндик фитосанитардык талаптарга ылайык экендигин аныктоодо;
- Кыргыз Республикасынын аймагынын карантиндик фитосанитардык абалын мониторингдөөдө;
- фитосанитардык сертификат берүүдө;
- карантиндик сертификат берүүдө;
- карантинге алынуучу объектилерде карантиндик фитосанитардык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө;
- илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө;
- карантинге алынуучу өндүрүмдү Кыргыз Республикасынын аймагында ташууда же карантиндик объектилер жок зоналардан ташып чыгууда.
3. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториялык изилдөөлөрдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте аккредиттелген сыноо лабораториялары жүргүзүшөт.
11-берене
Карантиндик фитосанитардык жугушсуздандыруу
1. Карантиндик фитосанитардык жугушсуздандыруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу кызмат адамы тарабынан карантинге алынуучу өндүрүмдү, карантинге алынуучу объекттерди карантиндик фитосанитардык жугушсуздандыруу жөнүндө көрсөтмө берилген;
- эгерде карантинге алынуучу өндүрүм карантиндик объекттер тарабынан жукса карантинге алынуучу өндүрүмдүн менчик ээси карантиндик фитосанитардык чара катары тандап алган.
2. Карантиндик фитосанитардык жугушсуздандырууга аны жүргүзүү үчүн ал жерде адамдардын өмүрүнө же саламаттыгына, айлана-чөйрөгө зыян келтирүү коркунучун түзбөгөн ыкмалардагы шарттар камсыз кылынганда гана жол берилет.
3. Карантиндик фитосанитардык жугушсуздандыруунун көрсөтүлгөн жугушсуздандыруу боюнча ишти аткаруунун сапатын камсыз кылуучу методдорго жана ыкмаларга талаптар, алардын натыйжаларын тариздөө тартиби Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы мыйзамдарына ылайык белгиленет.
12-берене
Фитосанитардык тастыктамалоо, реэкспорттук фитосанитардык тастыктамалоо жана карантиндик тастыктамалоо
1. Кыргыз Республикасынан ташып чыгарылган партиясынын тастыктамасы жана реэкспорттук фитосанитардык тастыктамасы тышкы экономикалык иштин катышуучусунун арызынын негизинде берилет, лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана карантинге алынуучу өндүрүмдүн карантиндик фитосанитардык абалы жөнүндө корутунду берүү үчүн карантинге алынуучу өндүрүмдүн сынамдарын жана (же) үлгүлөрүн тандап алуу менен карап чыгуу.
2. Фитосанитардык тастыктаманы, реэкспорттук фитосанитардык тастыктаманы жана карантиндик тастыктаманы берүүнүн формалары жана тартиби, ошондой эле берилген тастыктамалар жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
13-берене
Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы эл аралык кызматташтыгы
1. Өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы эл аралык кызматташтык Кыргыз Республикасы катышкан белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
2. Эл аралык кызматташтык төмөнкү жолдор менен ишке ашырылат:
- чет мамлекеттердин карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча улуттук уюмдары менен карантиндик фитосанитардык коопсуздук жөнүндө зарыл болгон маалымат алмашуу;
- карантинге алынуучу өндүрүмгө коюлуучу талаптар жөнүндө жана чет мамлекеттердин карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча улуттук уюмдары менен карантинге алынуучу өндүрүмгө карата чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө билдирүү;
- чет мамлекеттердин карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча улуттук уюмдарына Кыргыз Республикасына алып келинген карантинге алынуучу өндүрүмгө Кыргыз Республикасынын карантиндик жана фитосанитардык талаптарга ылайык эместиги жөнүндө жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгарылган карантинге алынуучу өндүрүмдүн чет мамлекеттердин карантиндик фитосанитардык талаптарына жооп бербеген учурда жүргүзүлгөн изилдөөлөр жөнүндө кабарлоо.
14-берене
Өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча функцияларды ишке ашырган кызмат адамдары аларга жүктөлгөн милдеттерди жаан функцияларды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылышат.
2.Өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы контролдоо жана көзөмөл боюнча функцияларды ишке ашырган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын кызмат адамдарынын аракеттери же аракетсиздиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
3. Ушул Мыйзамды бузууда күнөөлүү болгон жаран жана кызмат адамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, администрациялык жана жазык жоопкерчилигине тартылат.
15-берене
Жарандын, юридикалык жактардын өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы милдеттери
1. Менчигинде, ээлигинде, пайдалануусунда, ижарага алуусунда карантинге алынуучу объекттери болгон же карантинге алынуучу өндүрүмдү өндүрүүнү (анын ичинде кайра иштетүүнү) ишке ашырган, Кыргыз Республикасына ташып кирүүнү, Кыргыз Республикасынан ташып чыгууну, сактоону, ташууну жана сатууну ишке ашырган жарандар, юридикалык жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- карантиндик фитосанитардык талаптарды аткаруу;
- өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы контролдоону жана көзөмөлдөөнү ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органына карантинге алынуучу өндүрүмдү, карантинге алынуучу объекттерди жеткирүү жөнүндө кабарлоо;
- мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуу;
- карантинге алынуучу өндүрүмдү, карантинге алынуучу объекттерди сактоо үчүн карантиндик фитосанитардык талаптарга ылайыктуу жайды бөлүп берүү;
- карантинге алынуучу өндүрүм, башка карантинге алынуучу объекттер бар унаа каражаттарын жана контейнерлерди бара жаткан жолунда, ошондой эле ал үчүн арналбаган жерлерде тазалоого жол бербөө;
- карантинге алынуучу өндүрүмдү, карантинге алынуучу объекттерди өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролдоону жүзөгө ашырганга чейин талаптагыдай сакталышын камсыз кылуу;
- карантиндик фитосанитардык жугушсуздандырууну жүргүзүү, карантинге алынуучу өндүрүмдү, карантинге алынуучу объекттерди тазалоо, газдан арылтуу үчүн унаа каражаттарын, атайын жабдылган аянттарды, жайларды бөлүп берүү;
- өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органына карантинге алынуучу өндүрүмдүн, карантинге алынуучу объекттердин карантиндик объекттер тарабынан жугушунун белгилери табылгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте кабарлоо;
- карантинге алынуучу өндүрүмдү ташууну, аны жоготуу мүмкүнчүлүгүн жана Кыргыз Республикасынын аймагына карантиндик объекттердин жугуусунун мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган чараларды көрүү менен ишке ашыруу;
- өсүмдүктөрдүн карантини жаатында контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын кызмат адамдарынын компетенциясына таандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандар жана юридикалык жактар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү жазма эскертүүлөрдү аткарууга;
- карантиндик объекттерди табуу жана аларга каршы күрөшүү максатында лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө;
- карантиндик фитосанитардык жугушсуздандыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жана карантинге алынуучу өндүрүмдү кармап калуу, кайтарып берүү жана жок кылуу боюнча сарптоолорго акы төлөөгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, өсүмдүктөрдүн карантинин камсыз кылуу эрежелерине жана ченемдерине ылайык өсүмдүктөрдүн карантини жаатында башка милдеттерди аткарууга.
16-берене
Ушул Мыйзамдын күчүнө киришинин тартиби
3. Ушул Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” 1996-жылдын 27-июнундагы № 26 Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу” 1998-жылдын 2-июнундагы № 74 Мыйзамы.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти