Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-ноябры № 666
“Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
“Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1052-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 22-беренеден тышкары, аталышындагы жана бүткүл текст боюнча “жана уруксат берилген” деген сөздөр алып салынсын.
2. Төмөнкүдөй мазмундагы 21-берене менен толукталсын:
“21. Табигый монополиялардын чөйрөлөрү
Табигый монополиялардын чөйрөлөрү болуп төмөнкүлөр таанылат:
магистралдык түтүк өткөргүчтөр аркылуу мунай жана мунайзаттарын жеткирүү;
жаратылыш газын жеткирүү, бөлүштүрүү, сактоо жана сатуу;
электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү, бөлүштүрүү, сатуу жана берүү;
улуттук энергия тутумун оперативдүү-диспетчердик башкаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
борборлошкон суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу;
жалпы пайдалануудагы электр байланыш жана почта байланыш кызмат көрсөтүүлөрү;
темир жол ташуулары;
учууларды аэронавигациялык жактан камсыздоо;
абадагы ички ташууларды жердеги тейлөө.
3. 3-беренеде:
- төртүнчү жана бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп табылсын;
- жетинчи, тогузунчу, онунчу абзацтардагы “монополиялардын” деген сөз “монополиянын” деген сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
“табигый монополиялардын чөйрөсү – ушул Мыйзам менен табигый монополияга киргизилген кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүү чөйрөсү, мында керектөөчү табигый монополиялардын субъекттеринин кызматтарын сатып ала алат;”;
- сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
- “керектөөчү (абонент) - табигый монополиялардын субъектиси тарабынан өндүрүлгөн (сатылган) товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуучу, пайдалануучу же пайдаланууну ниет кылган жеке же юридикалык жак”;
- он биринчи абзац күчүн жоготту деп табылсын;
- он экинчи жана он үчүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“баа (тариф) – Кыргыз республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте белгиленген табигый монополиянын субъектисинин жөнгө салынуучу товарларынын (иштеринин, кызмат көрсөтүүлөрүнүн) наркынын акчалай мааниси;
чарбакер субъекттердин паспорту - киреше жана чыгашалардын беренелери, жөнгө салынуучу товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмдөрү жөнүндө көрсөткүчтөр жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча жөнгө салынуучу товарларга (иштерге, кызмат көрсөтүүлөргө карата табигый монополиянын субъектисинин ишинин башка экономикалык көрсөткүчтөрү;
- төмөнкү мазмундагы он алтынчы-жыйырманчы абзацтар менен толукталсын:
- “ички рынок – керектөөчү табигый монополиялардын субъекттеринин товарларын (кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууга мүмкүн болгон товар (кызмат көрсөтүү) жүгүртүү чөйрөсү;
жөнгө салуунун узак мөөнөттүү параметрлери - жөнгө салуунун узак мөөнөттүү мезгилине белгиленүүчү узак мөөнөттөгү тарифтерди эсептөө үчүн зарыл болгон параметрлер;
жөнгө салуунун узак мөөнөттүү мезгили - жөнгө салуунун узак мөөнөттүү параметрлери белгиленүүчү мезгил, ал үч жылдан кем эмес болот;
табигый монополиялардын субъектилеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүк - Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттердин табигый монополияларынын субъекттеринин Кыргыз Республикасынын табигый монополияларынын субъекттеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
инвестицияланган капитал - табигый монополиялардын субъекттеринин жөнгө салынуучу ишти жүргүзүү үчүн зарыл болгон активдерин түзүү үчүн пайдаланылган капитал.”.
5. 4-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“4-берене. Табигый монополиялардын субъекттеринин иштерин мамлекеттик жөнгө салуунун принциптери
Табигый монополиялардын субъекттерин мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруудагы негизги принциптер төмөнкүлөр:
- керектөөчүлөр үчүн көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана алардын кардарлар үчүн талаптагыдай сапатын камсыздоо менен керектөөчүлөрдүн жана табигый монополиялардын субъекттеринин кызыкчылыктарынын балансын сактоо, табигый монополиялардын субъекттеринин натыйжалуу иштөөсү жана өнүгүүсү;
- атаандаштыкты өнүктүрүүгө шарт түзүү менен табигый монополиялардын чөйрөсүн кыскартууга багытталган жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- табигый монополиялардын тармактык өзгөчөлүктөрүн, иштеринин масштабын, рыноктун конъюнктурасын, орто мөөнөттүк (узак мөөнөттүк) макроэкономикалык жана тармактык божомолдорду, ошондой эле бул субъекттерди жөнгө салуунун баалык (тарифтик) чараларын белгилөө жолу менен табигый монополиялардын субъекттерин ийкемдүү баалык (тарифтик) жөнгө салууну колдонуу;
- ички рынокту тийиштүү талдоонун негизинде ал рынок табигый монополиянын абалында экендиги аныкталган учурда мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү;
- табигый монополиялардын субъекттерин жөнгө салуунун кабыл алынуучу чечимдердин көз карандысыздыгын, ырааттуулугун, ачыктыгын, тууралыгын жана айкындыгын камсыз кылуучу жөнгө салуу жол-жоболорун колдонуу;
- табигый монополиялардын субъекттеринин алардын кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүгүн камсыздоосу;
- табигый монополиялар чөйрөлөрүндө белгиленүүчү баалардын (тарифтердин) кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына ылайыктыгын камсыздоо;
- табигый монополиялардын субъекттерине чыгымдарды азайтуу, жаңы технологияларды киргизүү, технологияларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу пайдалуу болгон экономикалык шарттарды түзүү;
- экономикалык негиздүү кирешени алуу;
- табигый монополиялардын субъекттеринин тарифтерин (бааларын) көрсөтүлгөн кызматтардын ишенимдүүлүгүн жана сапатын эске алуу менен белгилөө;
- энергиялык натыйжалуулук жана экологиялык жагдайлар боюнча иш-чараларды аткаруу.”.
6. Төмөнкүдөй мазмундагы 41-берене менен толукталсын:
“41-берене. Табигый монополиялардын субъекттерин мамлекеттик жөнгө салуунун түрлөрү жана методдору
1. Мамлекеттик жөнгө салууну жана контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте табигый монополиялардын субъекттеринин мамлекеттик реестри түзүлөт жана жүргүзүлөт.
2. Ушул Мыйзам колдонулуучу чөйрөдө табигый монополиялардын субъекттеринин иштерин жөнгө салуунун төмөнкүдөй түрлөрү колдонулат;
1) бааны (тарифти) жөнгө салуу:
- бааларды (тарифтерди) белгилөө;
- баалардын (тарифтердин) чектүү деңгээлин белгилөө;
2) рентабелдүүлүктүн чектүү деңгээлин белгилөө;
3) милдеттүү тейлөөгө жаткан керектөөчүлөрдү (абоненттерди) аныктоо жана (же) жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо зарылчылыгын эске алуу менен, табигый монополиялардын субъектиси тарабынан өндүрүлүүчү (сатылуучу) товарга (кызмат көрсөтүүгө) керектөөлөрдү толук көлөмдө канааттандыруу, мамлекеттин коопсуздугун, жаратылышты жана маданий баалуулуктарды коргоону камсыз кылуу мүмкүн болбогон учурда аларды камсыз кылуунун минималдык деңгээлин белгилөө;
4) соода үстөгүнүн чоңдугун белгилөө;
5) табигый монополиялардын субъекттери болуп саналган инженердик-техникалык кызматтар үчүн милдеттенмелерди белгилөө, ушул субъект тарабынан өндүрүлүүчү (сатылуучу) товарга (кызмат көрсөтүүгө) керектөөлөрдү толук көлөмдө канааттандыруу мүмкүн болбогон учурда инженердик-техникалык камсыздоонун тиешелүү тармактарын өнүктүрүүнү жүзөгө ашыруу.
3. Бааны (тарифти) жөнгө салууда төмөнкүдөй жөнгө салуу методдору колдонулат:
1) экономикалык негиздүү чыгымдардын методу;
2) инвестициялык капиталдардын кирешелүүлүк методу.
4. Ушул мыйзамда каралган жөнгө салуунун түрлөрү жана методдору үчүн табигый монополиялардын субъекттеринин ишинин натыйжалуулугун салыштырма талдоо методун пайдалануу менен алынган жөнгө салуунун узак мөөнөттүү параметрлери да колдонулат.”.
7. 5-беренеде:
- 1-бөлүктө:
биринчи абзацтагы “Табигый жана уруксат берилген монополиялардын” деген сөздөр “Табигый монополиянын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1, 2, 3, 4-пункттардагы “монополиялардын” деген сөз “монополиянын” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 2-бөлүктө:
биринчи жана экинчи абзацтардагы “монополиялардын” деген сөз “монополиянын” деген сөз менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацтагы “атаандаштыкты чектөөчү жана рынокту монополизациялаштыруучу” деген сөздөр “ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүктүн биринчи абзацындагы “монополиялардын” деген сөз “монополиянын” деген сөз менен алмаштырылсын.
8. 6-беренеде:
- 3-бөлүктөгү “монополиялардын” деген сөз “монополиянын” деген сөз менен алмаштырылсын.
- 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“4. Табигый монополиялардын субъекттеринин жөнгө салынуучу товарларына (иштерине, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) белгилөөдө, эгер мамлекеттик салып алуулар жөнүндө мыйзамдарда же ушул Мыйзамда белгиленген тендерди өткөрүү жөнүндө талаптар табигый монополиянын субъектиси тарабынан бузулса анын өтүнмөсү четке кагылат.”.
9. 7-беренеде:
1-бөлүктө:
биринчи абзацтагы “монополиялардын” деген сөз “монополиянын” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 1-пункттагы “жана кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөтүүгө” деген сөздөр алып салынсын;
- 4-пункттагы “берүүгө” деген сөз “өндүрүүгө жана сатууга” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“5) рынокто жасалма тартыштыкты түзүү максатында жөнгө салынуучу товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүүнү жана сатууну токтото турууга же табигый монополиянын субъектиси үчүнчү жактардын иштерине таасирин тийгизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондо мындай шарттарды түзүүгө;”;
- 8-пункттагы “берүү” деген сөз “сатуу” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
- “9) ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленбеген баалар (тарифтер) боюнча жөнгө салынуучу товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатууга.”;
- 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“2 Табигый монополиянын субъектисинин жөнгө салынуучу товарларын (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) жеткирүүгө (сатып алууга) келишимдердин формалары, жөнгө салынуучу товарларын (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) берүү эрежеси ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылууга тийиш.”.
10. 9-берене күчүн жоготту деп табылсын.
11. 11-берененин 2-бөлүгүндөгү, 12-берененин 2-бөлүгүндөгү, 13 жана 15-беренелердин аталышындагы жана текстиндеги, 16-беренедеги, 18-берененин 3-бөлүгүндөгү “монополиялардын” деген сөз “монополиянын” деген сөз менен алмаштырылсын.
2-берене
1. Ушул Мыйзам расмий булакка жарыяланууга тийиш.
2. Ушул Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айдын ичинде өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти