Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-ноябры № 681
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын социалдык-укуктук жактан коргоону жакшыртуу максатында, “Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө” жана “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 “Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана бөөдө кырсыктардын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулардын тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- 2-пункт “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине,” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына” деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана бөөдө кырсыктардын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алуунун тартибинде:
5-пункт “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети,” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы” деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинин эскертүүсүнүн он экинчи абзацы “Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине,” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына” деген сөздөр менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-апрелиндеги № 237 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын интернет-ресурстарынын даректерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын интернет-ресурстарынын даректеринде:
“Мамлекеттик кызматтар” бөлүмүнүн онунчу абзацындагы “http://www.pogran.gov.kg” деген сөздөр “http://www.border.gov.kg” деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-ноябры № 681
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264, 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын социалдык-укуктук жактан коргоону жакшыртуу максатында, “Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө” жана “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- 2-пункт “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине,” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына” деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана бөөдө кырсыктардын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алуунун тартибинде:
5-пункт “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети,” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы” деген сөздөр менен толукталсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)