Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2014-жылдын 28-ноябры № 683

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-августундагы № 560 "Аскердик, атайын жана ведомстволук форма кийимдерди кийип жүрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабры № 829 токтомдун редакциясына ылайык)

Кийимдин атайын жана ведомстволук формаларын кийип жүрүүнү тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 3-декабры № 829 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жана суу транспортунун мамлекеттик агенттигинин кызматкерлеринин атайын (ведомстволук) форма кийимин сатып алуу менен байланышкан чыгымдары учурдагы жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев