Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014–жылдын 1-декабры № 688
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-февралы № 78 токтомдун редакциясына ылайык)
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-декабрындагы № 678 «Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планындагы 1.2-милдеттин 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 21 «2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планынын 11-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-февралы № 78 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-июнундагы № 420 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |