Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-июлу № 420
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-декабрындагы № 688, 2015-жылдын 20-февралы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-декабрындагы № 678 "Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планында:
- 1.2-милдетинде:
1-пункттагы "1-апрелине чейин" деген сөздөр жана цифралар "30-сентябрына чейин" деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын;
4-пункт күчүн жоготту деп эсептелсин;
-1.4-милдеттин 4-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 3.1-милдеттин 4-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 21 "2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планында:
- 9-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 10-пункттагы "I" жана "II" деген цифралар иретине жараша "III" жана "IV" деген цифраларга алмаштырылсын.
3. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-февралы № 78 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пунктта "үч айлык" деген сөздөр "алты айлык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- (үчүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-декабрындагы № 688 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-мартындагы № 177 "2014-жылды Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 29-январындагы Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылын өткөрүү боюнча иш-чаралар планында:
- 21- жана 52-пункттар күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 41-пунктта "апрель" деген сөз "сентябрь" деген сөзгө алмаштырылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |