Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-ноябры № 686
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79 жана 80-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен ушул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы ушул мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин Тоо” гезити, 1997-жылдын 24-декабры, № 114-115) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 17-берененин 5-пунктунун биринчи абзацы “чек” деген сөздөн кийин “же товарларды накталай эмес формада төлөгөндүгүн ырастаган документ” деген сөздөр менен толукталсын.
2. 27-берене төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
“Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте перифериялык түзүлүштөгү аппараттарды пайдалануу менен накталай эмес түрдө (төлөм карточкалары) товарлар үчүн (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) эсептешүүдө сатып алуучунун төлөө ыкмасын тандап алуусун чектөөгө.”.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-б.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
153-берене төмөнкүдөй мазмундагы 37, 38 жана 39-пункттар менен толукталсын:
“37) “Накталай түрдө сатып алынган материалдык ресурстардын наркын төлөө” – материалдык ресурстарды жеткирип берүүнү жүзөгө ашыруучу салык салынуучу субъектинин түздөн-түз кассасына накталай акча каражаттарын төгүү аркылуу төлөө.
38) “Накталай эмес түрдө сатып алынган материалдык ресурстардын наркын төлөө” – материалдык ресурстарды жеткирип берүүнү жүзөгө ашыруучу салык салынуучу субъектинин банктагы эсебине накталай акча каражаттарын төгүү жана/же акча каражаттарын которуу жолу менен төлөө.
39) “Соода ишмердиги” – сатуу максатында сатып алынган товарларды сатуу боюнча ишмердик.”.
2. 224-берененин 4 жана 5-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 319-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“319-берене. Салыктын ставкасы
1. Сатуудан алынуучу салыктын ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
1) КНС салынуучу жана КНСтен бошотулган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда:
а) накталай эмес түрдө сатуу шарттарында соода ишмердиги жана айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүү боюнча ишмердиги үчүн – 1,0 пайыз өлчөмүндө. Накталай түрдө сатуу шарттарында салыктын ставкасы 1,2 пайыз өлчөмүндө белгиленет;
б) ушул пункттун “а” пунктчасында каралбаган ишмердик үчүн – 2,0 пайыз өлчөмүндө;
в) уюлдук байланыштар чөйрөсүндөгү ишмердик үчүн – 5,0 пайыз өлчөмүндө;
2) ушул берененин 1-пунктунда каралбаган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда:
а) накталай эмес түрдө сатуу шартында соода ишмердиги үчүн – 2,0 пайыз өлчөмүндө. Накталай түрдө сатуу шарттарында салыктын ставкасы 2,2 пайыз өлчөмүндө белгиленет;
б) ушул пункттун “а” пунктчасында каралбаган ишмердик үчүн – 3,0 пайыз өлчөмүндө.”.
3-берене
“Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 923-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 6-берененин 2 жана 6-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.
4-берене
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
2. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч айдан кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти