Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-ноябры № 661
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене.
"Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 505-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
11-14 жана 28-беренелер күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
"Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2008-жылдын 12-августу, № 59-60) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
3-берененин үчүнчү абзацындагы "расмий уруксаты (лицензиясы)" деген сөздөр "лицензиясы" деген сөз менен алмаштырылсын.
3-берене.
"Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2008-жылдын 19-августу, № 62) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
1-берененин үчүнчү абзацындагы "атайын уруксаты (лицензиясы)" деген сөздөр "лицензиясы" деген сөз менен алмаштырылсын.
4-берене.
"Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2008-жылдын 12-августу, № 59-60) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
1-берененин үчүнчү абзацындагы "атайын уруксаты (лицензиясы)" деген сөздөр "лицензиясы" деген сөз менен алмаштырылсын.
5-берене.
"Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2008-жылдын 12-августу, № 59-60) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
1-берененин жыйырма биринчи абзацындагы "атайын уруксаты (лицензиясы)" деген сөздөр "лицензиясы" деген сөз менен алмаштырылсын.
6-берене.
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 761-бер.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 8-беренеде:
- тогузунчу абзацтагы "чакыртып алат (жокко чыгарат)" деген сөздөр алып салынсын;
- онунчу абзац "реестрин" деген сөздөн мурун "лицензияларынын" деген сөз менен толукталсын.
2. 9-берененин алтынчы абзацындагы "жана чакыртып алат (жокко чыгарат)" деген сөздөр алып салынсын.
3. 12-берененин 2-бөлүгүнүн 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арыз берүүгө;".
4. 40-берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы "башкаруу боюнча иш" деген сөздөрдөн мурун "ишеним" деген сөз менен толукталсын.
5. 45-беренеде:
- берененин аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Инвестициялык активдерди ишеним башкаруу боюнча иш";
- бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "инвестициялык активдерди башкаруу боюнча иш" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "инвестициялык активдерди ишеним башкаруу боюнча иш" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 52-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы "башкаруу боюнча иш" деген сөздөрдөн мурун "ишеним" деген сөз менен толукталсын.
7-берене.
"Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж. № 7, 759-бер.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 5-берененин жетинчи абзацындагы "жана башка уруксат берүүчү документтерди", "жана башка уруксат берүүчү документтердин", "жана аларды кайра чакыртып алат (жокко чыгарат)" деген сөздөр алып салынсын.
2. 6-берененин тогузунчу абзацындагы "жана башка уруксат берүүчү документтерди", "жана башка уруксат берүүчү документтердин", "жана кайра чакырып алуу (жокко чыгаруу)" деген сөздөр алып салынсын.
3. 10-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкү редакцияда баяндалсын:
- "лицензиясы убактылуу токтотулган же жокко чыгарылган кесипкөй катышуучуну төмөнкүлөргө милдеттендирүүгө:
- лицензиялардын убактылуу токтотулгандыгы, жокко чыгарылгандыгы жөнүндө кардарларга билдирүүгө;".
4. 19-берененин 2-бөлүгүнүн он тогузунчу абзацындагы "жана башка уруксат документтерди", "жана кайра чакыртып алуу" деген сөздөр алып салынсын.
5. 28-берененин 1-бөлүгүндө:
- үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- бешинчи абзацтагы "же кайра алып коюу" деген сөздөр алып салынсын.
8-берене.
"Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2009-жылдын 12-майы, № 34-35) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1, Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:
- түрдүү жөндөмөдөгү "күбөлүк" деген сөз (6-берененин он төртүнчү бөлүгүнүн төртүнчү абзацынан сырткары) тиешелүү жөндөмөдө "лицензия" деген сөз менен алмаштырылсын;
- түрдүү жөндөмөдөгү "лотерея ойнотуу укугуна күбөлүк", "лотерея өткөрүү укугуна уруксат" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "лотерея ишине лицензия" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 1-беренеде:
- экинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
- "Лотерея - келишимге ылайык өткөрүлүүчү оюн, андагы бир тарап (лотереяны уюштуруучу) жалпыга жарыяланган шарттарга ылайык лотереянын байге фондун ойнотот, ал эми экинчи тарап (лотереянын катышуучусу) лотереяны өткөрүүнүн шарттарына ылайык утту деп таанылган учурда утушка укук алат:";
- жетинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Утуш (байге) - лотереяны өткөрүү шарттарына ылайык жеңүүчү (утуп алуучу) деп таанылган оюнчунун (лотереянын катышуучусуна) жеке менчигине өткөрүлүүчү же берилүүчү акча каражаттары, мүлк, мүлктүк укуктар;";
- он үчүнчү абзацтагы "лотерея тиражынын" деген сөздөр "тираждык лотереянын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- расмий тилдеги текстинин он төртүнчү абзацындагы "организатором лотереи" деген сөздөрдөн кийин "договора" деген сөз менен толукталсын;
- он алтынчы - он сегизинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Чыгарылган лотереялык билеттердин көлөмү - чыгарылган лотереялык билеттердин санына жана лотереянын катышуучулары боло турган адамдарга лотереяны өткөрүү шарттарында көрсөтүлгөн баа боюнча аларды сатуу наркына карата эсептелген акча каражаттарынын жалпы көлөмү;".
3. 2-беренеде:
- 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
- 9-бөлүктүн үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- кызыктыруучу лотереянын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзүү үчүн лотерея өткөрүүнүн аныкталган (дайындалган) шарттарында, ушул Мыйзам менен белгиленген мазмун боюнча мындай лотереяны өткөрүү жөнүндө билдирүүнү лотерея ишин жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жибергенде.".
4. 3-беренеде:
- 1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Муниципалдык лотереялар лотерея өткөргөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тиешелүү административдик-аймактык бирдигинде өткөрүлөт.";
- 3-бөлүктөгү "мамлекеттик мекеме, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы" деген сөздөр "өткөрүлүп жаткан лотереяга жараша мамлекет же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы уюмдаштырган атайын түзүлгөн орган (юридикалык жак)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 5-берененин 2-бөлүгүндө:
- үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- лотереялык ишке (кызыктыруучу лотереялардан сырткары) лицензия берет, токтото турат, кайра жандандырат;";
- төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- бешинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"лотереяларды каттайт жана лотереялык ишке (кызыктыруучу лотереялардан сырткары) лицензиялардын реестрин жүргүзөт.";
- жетинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген лицензиялык талаптардын лотерея уюштуруучулар (лицензиаттар) тарабынан сакталышына лицензиялык контролдоо, ошондой эле лотерея өткөрүү шарттарынын сакталышына контролдоо жүргүзөт;";
- төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленген талаптардын жана кызыктыруучу лотереяны өткөрүү шарттарынын кызыктыруучу лотереянын уюштуруучулары тарабынан сакталышын контролдойт.".
6. 6-беренеде:
- 2-бөлүк төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Юридикалык жана жеке жактарга ишкердик жүргүзүүдө "лотерея" деген сөздү кандайдыр бир нерселерде жана контексттерде пайдаланууга лицензиялоо жөнүндө мыйзамдар жана ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте лотерея ишине лицензия алган же болбосо ушул Мыйзам менен аныкталган тартипте кызыктыруучу лотереяны өткөрүүгө укугу бар адамдардан сырткарыларга тыюу салынат.";
- 3-14-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
- 15-бөлүк төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кызыктыруучу лотереянын шарттары утуштарды, байгелерди жана (же) белектерди аныктоо жана (же) алуу үчүн механикалык, электрондук же башка техникалык түзүлүштөрдү колдонуу менен кызыктыруучу лотереянын катышуучусуна иш-аракеттерди жасоого жол берген жоболорду өзүнө камтыбоого тийиш;";
- 17-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"17. Башка лотерея катары квалификацияланышы мүмкүн болгон лотереянын шарттарына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүдө лотереянын уюштуруучусу бул шарттарды бөлүп көрсөтүүгө жана аларды жаңы лотерея катарында каттоого милдеттүү.
Лотереянын шарттарына толуктоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып лотереянын уюштуруучусу 5 жумушчу күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды жазуу жүзүндө маалымдоого милдеттүү.
Лотереяны өткөрүүнүн жүрүшүндө лотереяны өткөрүүнүн шарттарына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө төмөнкү бөлүктөрүнө гана жол берилет:
- лотереяны өткөрүүнүн максаттарына;
- лотерея өткөрүлө турган аймактын көрсөтүлүшүнө;
- лотереяны өткөрүүнүн мөөнөттөрүнө;
- утуштарды алуу тартибине жана мөөнөттөрүнө.".
7. Төмөнкү мазмундагы 6-1-берене менен толукталсын:
"6-1-берене. Кызыктыруучу лотереянын шарттары
1. Кызыктыруучу лотереянын шарттары кызыктыруучу лотереянын уюштуруучусу тарабынан бекитилет.
2. Кызыктыруучу лотереянын шарттары өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) кызыктыруучу лотереянын аталышын;
2) кызыктыруучу лотереяны өткөрүүнүн ыкмасын жана ал өткөрүлүүчү аймактын көрсөтүлүшүн;
3) кызыктыруучу лотереяны уюштуруучунун аталышын, анын юридикалык жана почта даректерин, банктык маалым даректерин, салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин жана насыя уюмунда эсеп ачуу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен;
4) кызыктыруучу лотереяны өткөрүү мөөнөтүн;
5) кызыктыруучу лотереяга катышуучулардын укуктарын жана милдеттерин;
6) кызыктыруучу лотереянын байге фондун ойнотуу тартибин, утуштарды аныктоо ыргагын;
7) утуштарды алуу тартибин жана мөөнөтүн;
8) кызыктыруучу лотереянын катышуучуларына бул лотереянын шарттары жөнүндө маалымат берүү тартибин.".
8. 11-берененин 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1. Дайындуу лотерея өткөрүү боюнча жарнама өнөктүгү лотерея ишине лицензия алгандан кийин же болбосо кызыктыруучу лотерея өткөрүү укугу пайда болгондон кийин гана башталышы мүмкүн. Ушул Мыйзамдын бул беренесин бузгандыгы үчүн лотереянын уюштуруучусу жоопкерчилик тартат.".
9. 12-беренеде:
- 3-бөлүктөгү "лотерея белеттерин" деген сөздөр "лотереялык белеттерди" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкү мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Тираждык лотерея белеттерин сатуу тираждык лотереянын байге фондусу ойнотулганга чейин беш саат мурун токтотулууга тийиш.
Тираждык лотереянын байге фондун ойнотууга ошол тираждын сатылган (таркатылган) лотерея белеттерине гана жол берилет, сатылбагандарына - ойнотууга жол берилбейт.
Бул бөлүктүн жоболору төмөнкүлөргө да таркатылат:
- айкалыштырылган лотереяларга;
- кызыктыруучу лотереяларга, алар боюнча утуштар аларды сатып алгандан кийин түздөн-түз аныкталбайт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Лотереянын уюштуруучусу лотерея белеттерин таркатуу, лотереянын байге фондун сактоо жана лотереянын катышуучуларына акчалай түрдө утуштарды төлөп берүү үчүн келишимдик негизде финансы-насыя мекемелерин тартууга укуктуу.
Лотерея белеттерин таркатуу жана/же акчалай түрдө утуштарды төлөп берүү жөнүндө келишим финансы-насыя мекемеси менен, бул мекемеде лотереяны уюштуруучунун банктык эсептеринин болгондугуна карабастан түзүлүшү мүмкүн.
Лотереянын уюштуруучусу менен түзүлгөн келишимдин негизинде лотерея белеттери таркатылган учурда финансы-насыя мекемеси лотереянын уюштуруучусунун атынан жана эсебинен агент катарында чыгат.".
10. 13-берененин 4-бөлүгүндө:
- биринчи абзац "сатылбаган" деген сөздөн мурун "лотереянын уюштуруучусу тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын;
- биринчи абзац "комиссия тарабынан кол коюлгандан" деген сөздөрдөн мурун "тираждык" деген сөз менен толукталсын;
- экинчи абзац алып салынсын;
- төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Лотереянын байге фондун ойнотууга жол берилген ар бир лотерея белетинин сериялык номери жөнүндө маалымат лотереяны ойнотконго чейин лотереянын уюштуруучусу тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүгө тийиш".
11. 14-беренеде:
- 6-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"6. 500 эсептик көрсөткүчкө барабар болгон өлчөмү акча эквивалентинен ашкан байгелердин суммасынын көлөмүндөгү лотереянын байге фондунун бөлүгү ар бир тираждын (чыгарылыштын) лотерея белеттери сатылганга (таркатылганга) чейин лотереянын уюштуруучусу тарабынан түзүлүүгө тийиш.
Ар бир тираждын (чыгарылыштын) лотерея белеттери сатылганга (таркатылганга) чейин лотереянын уюштуруучусу жогоруда көрсөтүлгөн байге фондунун бөлүгү түзүлгөндүгүн тастыктаган документтерди ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.";
7-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.
12. 15-беренеде:
2-бөлүктө:
- "тираждын" деген сөздөн кийин "(ойнотуунун)" деген сөз менен толукталсын;
- төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Утуштуу тез ойнотулуучу (тиражсыз) лотерея белеттери тез ойнотулуучу (тиражсыз) лотерея өткөрүүнүн бардык мөөнөтүнүн ичинде лотереянын уюштуруучусу тарабынан төлөп берүүгө кабыл алынат. Тез ойнотулуучу (тиражсыз) лотерея өткөрүү аяктаган учурда ал боюнча утуштуу лотерея белеттери тез ойнотулуучу (тиражсыз) лотерея өткөрүүнүн аяктагандыгы жөнүндө лотереянын уюштуруучусу расмий жарыялаган күндөн тартып үч айдын ичинде лотереянын уюштуруучусу тарабынан төлөп берүүгө кабыл алынат.";
- 3 жана 4-бөлүктөр төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"3. Утуштуу лотерея белети көрсөтүлгөндөн кийин 10 күндөн кечиктирилбестен эгерде лотерея өткөрүүнүн шарттарында башка мөөнөт көрсөтүлбөсө, утуштар бардык учурларда бир жолу төлөнөт же берилет. Мында көрсөтүлгөн мөөнөт утуштуу лотерея белети көрсөтүлгөндөн кийин бир айлык мөөнөттөн ашпашы керек.
4. Лотереянын уюштуруучусу (тез ойнотулуучу лотереядан сырткары) лотерея ойнотуунун жыйынтыгы аныкталган күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен лотереяны ойнотуунун жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого милдеттүү.".
13. 18-беренеде:
- 2-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
"2. Лотерея боюнча отчет Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.";
- 3 жана 4-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын.
14. 19-берене күчүн жоготту деп таанылсын.
15. 20-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"20-берене. Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлүүчү лотереялар үчүн милдеттүү ченемдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет
Кызыктыруучу лотереялардагы байге фондунун өлчөмүн байге өнөктүгүнүн планына ылайык уюштуруучу аныктайт, бирок 1000 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес. Башка учурда ушундай лотереяны уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынат.".
16. 21 -берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
17. Төмөнкү мазмундагы 21-1-берене менен толукталсын:
"21-1-берене. Лотереянын уюштуруучуларын аудитордук текшерүү
Лотереянын уюштуруучусунун (мамлекеттик жана муниципалдык лотереянын уюштуруучусунан сырткары) бухгалтердик эсеп жүргүзүүсү жана финансылык (бухгалтердик) отчеттуулугу жыл сайын милдеттүү тышкы аудитордук текшерүүдөн өтүүгө тийиш. Аудитордук текшерүү аудитордук иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.".
9-берене.
"Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2013-жылдын 20-декабры, № 101) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
36-берененин 1-бөлүгүндө:
- 2-пункттагы "жана чакырып алууну" деген сөздөр алып салынсын;
- 8-пункттагы "же чектөөнү", "же болбосо лицензияны чакырып алуу тууралуу чечим кабыл алууну" деген сөздөр алып салынсын.
37-берененин 1-бөлүгүндө:
- 4-пункттагы "жана чакырып алуу" деген сөздөр алып салынсын.
10-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|