Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-ноябры № 685
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 485 “2020-жылга чейин калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана тышкы эмгек миграциясын жөнгө салуу программасы жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 485 “2020-жылга чейин калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана тышкы эмгек миграциясын жөнгө салуу программасы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- аталыштагы жана 1-пункттагы “тышкы” деген сөз “ички жана тышкы” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- преамбула “камсыз кылуу,” деген сөздөрдөн кийин “ички жана” деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2020-жылга чейин калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана тышкы эмгек миграциясын жөнгө салуу программасында:
- аталыштагы, преамбуланын 1-абзацындагы жана 4-бөлүмдүн 11-абзацындагы “тышкы” деген сөз “ички жана тышкы” деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2020-жылга чейин калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана тышкы эмгек миграциясын жөнгө салуу программасын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планында:
- аталыштагы жана 1-милдеттеги “тышкы” деген сөз “ички жана тышкы” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |