Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 485 токтому менен бекитилген
|
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-ноябрындагы № 685 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруунун алкагында калкты иш менен камсыз кылуу жана миграция саясаты миграция процесстерин тартипке салууга жана ички жана тышкы эмгек миграциясын цивилизациялуу өнүктүрүү шарттарын түзүүгө жана экономикалык жактан активдүү калктын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-ноябрындагы № 685 токтомунун редакциясына ылайык)
Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн активдүү саясатын жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишмердигинин негизги социалдык артыкчылыктарынын бири катары саналат.
Эмгек базары бул көптөгөн субъектилер: мамлекет, иш берүүчү, жумушчулар, кесиптик союздар жана башкалар катышкан экономикалык система болуп эсептелет. Азыркы учурдагы иш менен камсыз кылуу саясаты өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндөгү калкты рационалдуу түрдө иш менен камсыз кылуунун шартын түзгөн комплекстүү иш-чаралар менен толук камтылган эмес. Базар мамилелери, бир жагынан, өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө иш менен камсыз кылууну андан ары өнүктүрүүнү кеңейтсе, экинчи жагынан - эмгек ресурстарынын сапатын жана экономикалык жактан активдүүлүгүн жогорулатуунун жаңы чараларын иштеп чыгууну жана ишке ашырууну талап кылат.
Дүйнө жүзүндөгү калктын бүгүнкү эл аралык миграциясы мигранттарды кабыл алган өлкөлөр үчүн дагы, миграция агымы пайда болгон өлкөлөр үчүн дагы өнүгүүнүн маанилүү ресурсу катары каралат. Ошону менен катар, миграциянын масштабынын кеңейүү жана анын ааламдашуу шартында, кабыл алган жана чыгып кетип жаткан өлкөлөр үчүн, ошондой эле мигранттардын өздөрү үчүн миграцияны натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылган, миграциялык агымдарды тартипке салууга мүмкүндүк берген механизмдерди, жигердүүлүк менен издештирүүгө түрткү бере турган мамлекеттер ортосундагы "миграциялык өз ара көз карандылык" сыяктуу кубулуш келип чыгат. Ушул ракурстан алганда эмгек миграциясынын маселелери иш менен камсыз кылууну жогорулатуу максатында келечекте адам ресурстарын өнүктүрүүгө багытталат.
Мамлекеттин милдети эмгекке жарамдуу калктын өзүнүн эмгек укуктарын жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн гана камсыздоо эмес, өлкө ичинде же өлкөнүн чегинен сырткары экендигине карабастан, эмгек миграциясын жана жумушчу күчтөрүнүн кесиптик курамын жөнгө салуу экендиги белгилей кетүү зарыл.
1. Программанын максаты
Калктын өндүрүмдүү иш менен камсыз болуу шарттарын түзүү, эмгек ресурстарын абдан толук жана рационалдуу колдонууну эсепке алып, калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чараларын активдештирип, жумушсуздуктун жана суроо-талап менен сунуштун дисбалансын төмөндөтүү, чет өлкөлөрдө эмгектенген Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо.
2. Учурдагы кырдаалды талдоо
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча калктын саны табигый жана миграциялык процесстердин натыйжасында 2012-жылы 111,2 миң адамга же 2%га көбөйүп, 5,6 млн. адамды түзгөн(1). Шаардык калк 1,9 млн. адамды (34%), айылдык калк - 3,7 млн. адамды (66%) түзөт.
2012-жылы демографиялык кырдаал калктын тышкы миграциялык активдүүлүгүнүн төмөндөөсү менен мүнөздөлдү. Алсак, туруктуу жашоо үчүн республикага 5,5 миң адам келсе, 13,0 миң адам чыгып кеткен, миграциялык кетүү (-) 7,5 миң адамды түзгөн, ошол эле убакытта 2011-жылы миграциялык кетүү (-) 36,5 миң адамды түзгөн. Тышкы миграциянын бир топ жогорку көрсөткүчү Чүй облусунда (10 миң адамга 56 адамдан) жана Бишкек шаарында (10 миң адамга 38 адамдан) белгиленет.
Кыргыз Республикасынын эмгек базарынын башкы өзгөчөлүгү жумушчу күчүнүн ашыкчылыгы болуп эсептелет, бул калктын эмгекке жарамдуу курактагыларынын тез темпте өсүп жаткандыгы менен түшүндүрүлөт. Эмгекке жарамдуу курактагы калктын үлүшү 2005-жылдагы 57,8%дан 2012-жылы 61,1%га чейин көбөйгөн. Акыркы алты жылдын аралыгында эмгекти сунуштоо суроо-талапка караганда 32%дан ашыгыраак жогорулаган. Экономикалык активдүү калк 2490,1 миң(2) адамды түзөт, экономикалык жактан активдүүлөрдүн ичинен иш менен камсыз кылынгандар 2277,7 миң адамды же алардын 91%ын түзөт.
2013-жылдын 1-январына карата жаштар (14-28 жаштагы курактык топ) 1 млн. 657 миң адамды, республиканын бардык калкынын 30%ын жана экономикалык жактан активдүү калктын 68%ын түзөт.
Айыл жергесиндеги экономикалык жактан активдүү калк 1 млн. 599 миң адамды түзүп, алардын ичинен 1 млн. 469 миң адам иш менен камсыз болгон же айыл чарбасындагы экономикалык жактан активдүү калктын 94%ын, ал эми жумушсуз айылдыктар 102,9 миң адамды түзөт. Айыл жергесиндеги иш менен камсыз болгондордун жогорку деңгээли айыл чарбасындагы иштер убактылуу (сезондуу, 5-6 ай) мүнөзгө ээ экендиги менен түшүндүрүлөт.
Өлкөдө иш менен камсыз болгон калк 2277,7 миң адамды түзөт, иш менен камсыз болуу деңгээли болжол менен 59%. Ош облусунда 590,0 ммң адам, Жалал-Абадда 423,8 миң адам, Баткенде 165,0 миң адам, Ысык-Көлдө 174,9 миң адам, Нарында 85,4 миң адам, Таласта 103,3 миң адам, Чүйдө 350,2 миң адам иш менен камсыз кылынган.
Финансы секторунда (82%га), курулушта (21%га), транспорт менен байланыш чөйрөсүндө (10%га) калктын иш менен камсыз болгон санынын өскөндүгү белгиленген.
1-таблица
(миң киши)
┌─────────────────────────────┬───────┬───────┬───────┬───────┬───────┐
│ Тармактар │2007-ж.│2008-ж.│2009-ж.│2010-ж.│2011-ж.│
├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│Бардыгы │ 2152,7│ 2184,3│ 2216,4│ 2243,7│ 2277,7│
├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│Айыл чарбасы │ 742,1│ 742,9│ 718,5│ 699,1│ 700,2│
├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│Өнөр жайы │ 192,9│ 191,3│ 187,3│ 192,1│ 189,8│
├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│Электр энергетикасы │ 38,3│ 37,8│ 38,8│ 41,4│ 38,7│
├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│Курулуш │ 205,3│ 221,9│ 244,0│ 240,1│ 249,1│
├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│Соода │ 316,9│ 319,4│ 316,0│ 337,5│ 345,9│
├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│Транспорт жана байланыш │ 133,3│ 133,8│ 144,9│ 147,5│ 147,2│
├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│Финансылык сектор │ 9,7│ 12,2│ 15,8│ 18,2│ 17,7│
├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│Мамлекеттик башкаруу │ 106,8│ 101,7│ 103,6│ 99,9│ 102,6│
├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│Билим берүү │ 156,6│ 156,1│ 164,3│ 171,9│ 177,1│
├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│Саламаттык сактоо │ 86,2│ 86,2│ 79,4│ 74,4│ 78,5│
├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│Экономиканын башка тармактары│ 164,6│ 181,0│ 203,8│ 221,6│ 230,9│
└─────────────────────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴───────┘
Экономикада иш менен камсыз болгондордун квалификациясы алган билимдеринен жана аны жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүнүн деңгээлине көз каранды, андыктан окуу жайлардын инфраструктурасын, алардын потенциалын жана компетенциясын өлкөнүн экономикасынын өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтыруу абдан маанилүү.
2013-жылдын 1-январына карата чарба субъектилеринин саны 541,3 миң болгон.
Чарбалык субъектилердин жалпы санында дыйкан (фермер) чарбаларынын үлүшү 45,4%ды, жеке ишкерлердин үлүшү - 43,3%ды түзөт. Чарба субъектилердин жалпы санында юридикалык жактардын үлүшү 4,9%ды же 26,4 миң бирдикти түзет. Бардык юридикалык жактардын жалпы санында мамлекеттик менчикте 14,3% чарба субъекттери, муниципалдык менчикте - 14,9%, жеке менчикте - 70,6% белгиленген. Юридикалык жактардын көпчүлүк үлүшү (79,5%) кичи чарба субъектилерине кирет, алардын ичинен 34,4% Бишкек шаарында катталган. Орто жана ири чарба субъекттеринин үлүшү 14,0% жана 6,5%ды тиешелүүлүгүнө жараша түзгөн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2012-жылы республикада 112,5 миң жумуш оруну түзүлгөн. Түзүлгөн жумуш орундарынын 7% формалдуу сектордо (ишканаларда - 7,5 миң жумуш оруну), формалдуу эмес сектордо 93% (жеке ишкерлер, фермер жана дыйкан чарбалары 104,9 миң бирдик).
2-таблица
2012-жылы тармактар боюнча жумуш орундарын түзүү
(бирдик)
┌─────────────────────────────────────┬─────────┬─────────────────────┐
│ Экономика сектору │ Бардыгы │ анын ичинде │
│ │ ├──────────┬──────────┤
│ │ │Юридикалык│ Жеке, │
│ │ │ жактар │фермердик │
│ │ │ │ чарбалар │
├─────────────────────────────────────┼─────────┼──────────┼──────────┤
│Айыл чарбасы │ 32609 │ 170 │ 32439 │
├─────────────────────────────────────┼─────────┼──────────┼──────────┤
│Өнөр жайы │ 5798 │ 1480 │ 4318 │
├─────────────────────────────────────┼─────────┼──────────┼──────────┤
│Курулуш │ 7451 │ 979 │ 6472 │
├─────────────────────────────────────┼─────────┼──────────┼──────────┤
│Соода │ 33511 │ 755 │ 32756 │
├─────────────────────────────────────┼─────────┼──────────┼──────────┤
│Мейманканалар жана ресторандар │ 2313 │ 42 │ 2271 │
├─────────────────────────────────────┼─────────┼──────────┼──────────┤
│Транспорт жана байланыш │ 8594 │ 360 │ 8234 │
├─────────────────────────────────────┼─────────┼──────────┼──────────┤
│Финансы иши │ 753 │ 374 │ 379 │
├─────────────────────────────────────┼─────────┼──────────┼──────────┤
│Кыймылсыз мүлк операциялары │ 2748 │ 1394 │ 1354 │
├─────────────────────────────────────┼─────────┼──────────┼──────────┤
│Мамлекеттик башкаруу │ 472 │ 472 │ - │
├─────────────────────────────────────┼─────────┼──────────┼──────────┤
│Билим берүү │ 1866 │ 1038 │ 828 │
├─────────────────────────────────────┼─────────┼──────────┼──────────┤
│Саламаттык сактоо │ 861 │ 158 │ 703 │
├─────────────────────────────────────┼─────────┼──────────┼──────────┤
│Коммуналдык чарба │ 5536 │ 372 │ 5164 │
├─────────────────────────────────────┼─────────┼──────────┼──────────┤
│Иштин башка түрлөрү (патенттер) │ 9971 │ - │ 9971 │
└─────────────────────────────────────┴─────────┴──────────┴──────────┘
Формалдуу сектордогу жумуш орундарынын эң көбү өнөр жай ишканаларында, курулуш чөйрөсүндө, ошондой эле билим берүү системасында, эң азы - тейлөө (мейманкана жана ресторандар) жана саламаттык сактоо чөйрөлөрүндө түзүлгөн. Формалдуу эмес сектордогу эң көп сандагы жумуш орундары айыл чарбасы жана соода чөйрөсүндө түзүлгөн.
Түзүлгөн жумуш орундарынын эң көп саны Чүй облусунда (29128), Бишкек шаарында (25737) жана Жалал-Абад облусунда (24344) белгиленген. Ош шаарында (1360), Ысык-Көл (3244) жана Талас облустарында (3218) түзүлгөн жумуш орундарынын санынын аз экендиги байкалат. Түзүлгөн жумуш орундарынын жалпы санынын болжол менен 20%ын фермердик чарбалар түзөт (23332). Түзүлгөн жумуш орундарынын эң көп саны Чүй областында (56%) фермердик чарбаларга (16541) мүнөздүү.
Түзүлгөн жумуш орундарынын саны жумушсуз жарандарды жаңы жумуш орундары менен камсыз кылууга жетишсиз.
Эмгек миграциясы жаатындагы кырдаалды талдаганда, эмгек миграциясынын жогорку динамикасынын жана масштабынын себептери, тикелей түрдө улуттук эмгек базарынын кырдаалына жана республиканын калкынын түзүмүнүн демографиялык жактан өзгөрүүсүнө дал келээрин көрсөтөт.
Алсак, акыркы жылдары эмгекке жарамдуу калктын табигый өсүшүнүн эсебинен эмгекке жарамдуу курактагы калктын санынын көбөйүүсү тез темп менен уланууда, анын натыйжасында эмгек базарында жумушчу күчүнө болгон суроо-талап менен сунуштун ортосунда диспропорция келип чыкты. Жыл сайын 70 миңден ашык жаштар эмгекке жарамдуу куракка толот. Акыркы жылдары эмгекке жарамдуу курактагы калктын санынын өсүшү иш менен камсыз кылуунун өсүшүнөн 2 эсеге жогору экендигин көрсөттү.
Республиканын ичинде эмгектенүү чөйрөсүн жана киреше алуу мүмкүндүгүн жоготуу чет өлкөлөргө калктык миграциялык кетүүлөргө шарт түзүү экендиги да аныкталды. Россия Федерациясы жана Казакстан Республикасы мурункудай эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын ишке орношуу максаты менен баруучу негизги өлкөлөрү катары кала берүүдө. Эксперттердин берген баасы боюнча Кыргыз Республиканын 350дөн 500 миңге жакын жараны чет өлкөдө эмгектенип жана иштеп жатышат. Өнүккөн ыраакы чет өлкөлөрдө 30 миңдей кыргызстандыктар бар.
Убактылуу эмгектенген кыргызстандыктардын саны, жылдын ар кайсы мезгилинде республиканын экономикалык жактан активдүү калкынын 5тен 10%ына чейин вариацияланып турат.
Жарандардын бардык аймактык которулууларынын 60%ы туура келген калктын ички миграция процессиндеги кырдаал дагы абдан татаалдашып кеткен. Калктын ички миграциясы негизинен айыл жерлеринен экономикалык жана инфраструктуралык жактан өнүккөн, бирок потенциалы чектелген (жер, турак-жай, коммуникациялык, эмгек базары жана башкалар) шаарларды карай жүрүүдө. Стратегиялык жактан маанилүү чек ара аймактарындагы жана айылдык райондордогу калктын сандык жана сапаттык курамынын кыскарышы агрардык сектордун жана экономиканын башка тармактарынын өнүгүү келечегин чектейт.
Иш менен камсыз кылуу чөйрөсүнө жыл сайын өсүп жаткан калктын эмгекке жарамдуу бөлүгүн тартуу жана калктын иш менен камсыз болуу деңгээлин сактап калуу үчүн 150 миң жумуш орундарын түзүүнүн эсебинен иш менен камсыз болгондордун санынын өсүшү 7%дан кем эмес камсыздалгыдай экономикалык шарттарды түзүү зарыл. Объективдүү жактан алганда өлкөнүн экономикасы жаңы жумуш орундарынын санынын керектүү өсүшүн камсыз кыла албай жатат.
Азыркы этапта жарандарды чет өлкөлөрдө иш менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын калкын иш менен камсыз кылуу саясатынын маанилүү бөлүгү бойдон кала берүүдө. Бир жагынан алганда, калктын тышкы миграциясы бир катар терс көрүнүштөргө ээ (демографиялык көрсөткүчтүн начарлашы, адистерди жана квалификациялуу жумушчу кадрларды жоготуу, үй-бүлө институтундагы көйгөйлөрдүн курчушу), экинчи жагынан алганда - эмгек ресурстарынын бир бөлүгүнүн чыгып кетиши эмгек базарында оң таасирге ээ, эмгек мигранттары чет өлкөдө жүрүп, кайра мекенине кайтып келгенде колдонууга мүмкүн болгон жаңы билимдерге жана тажрыйбаларга ээ болушуп, жаңы технологияларды өздөштүрүшүүдө, өндүрүштү уюштуруунун жаңы стандарттарын үйрөнүшүүдө. Тышкы эмгек мигранттарынан түшкөн акчалар алардын үй-бүлөлөрүн камсыз кылуунун негизги булагы катары саналат. Эгерде 2003-жылы учурундагы трансферттердин көлөмү ИДПнын 6,9%ын түзсө, 2011-жылы ал ИДПнын 29%ын түзгөн.
2013-жылдын 1-январына карата жалпы жумушсуздуктун деңгээли 8,6%ды түзгөн, расмий жумушсуздуктун деңгээли 2,4%ды түзөт. Расмий жумушсуздуктун эң жогорку деңгээли Ош шаарында (10,79%), эң төмөнкүсү Талас областында (5%) катталган.
Расмий жумушсуздуктун деңгээли жыл сайын 2ден 3%га чейин өзгөрүп турат. Расмий жумушсуздуктун деңгээли менен жалпы деңгээлдин ортосундагы ажырым 5%га жакынды түзөт, сандык көрсөткүчтө - 100 миңден 130 миңге чейин адам өз алдыларынча иш издегендер болуп саналат. Жыл сайын иш издеген 100 миңдей адам иш менен камсыз кылуу кызматтарынан ишке орноштурууга байланышкан маселелер боюнча консультацияларды алышат.
Жумушсуз калктын саны 212,4 миң адамды түзөт. Жумушсуздуктун саны Бишкек шаарында (40,8 миң адам), Ош (42,0 миң адам) жана Чүй облустарында (38,6 миң адам) жогору экени белгиленген.
2012-жылы иш менен камсыз кылуу кызматтарына жумушсуз 95,2 миң адам катталып, 60,4 миң адам расмий жумушсуз статусуна ээ болгон. Иш менен камсыз кылуу кызматтарына сунушталган 53,9 миң бош иш орундары (70%) жумушчу адистиктерге басым коюлган. Ай сайын бош иш орундарынын 15%ы төмөнкү эмгек акынын айынан талап кылынбаган бойдон калат. Иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан 39,6 миң адам ишке орноштурулган.
Жумушсуздуктун деңгээли жана жумуш орундарынын тартыштыгы өскөн учурда калк менен иштөөнүн артыкчылыктуу багыты болуп, жумушсуз жарандарды эмгек базарында талап кылынган кесиптерге окутуу саналат. 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча кесиптик окууга 6,5 миң адам жиберилген.
Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү аркылуу эмгек базарында жаңы жумуш орундарын түзүү максатында жумушсуз жарандарга чакан насыя берилүүдө. 2008-2012-жылдары чакан насыя берүү аркылуу 9,5 миң жаңы жумуш оруну түзүлгөн. Региондор арасында эң көп чакан насыя алган жумушсуздардын саны Бишкек шаарында (2,0 миң адам), Ысык-Көл (1,8 миң адам), Ош (1,5 миң адам), Жалал-Абад (1 миң адам) жана Баткен (1,2 миң адам) облустарында жашашат.
2012-жылы болжол менен 4,0 миң жумушсуз жаран 35,0 млн. сомдой чакан насыя алышкан.
Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн активдүү саясатындагы чаралардын бири акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды жүргүзүү болуп саналат. Узак убакыт бою иш издегендерди убактылуу иш менен камсыз кылуу үчүн убактылуу ишке орноштуруу иретинде акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга 19,0 миң адам жиберилген. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар негизинен мектеп, музей, спорт аянттары жана башка объектилер сыяктуу региондордогу социалдык инфраструктураны жакшыртуу үчүн уюштурулат.
Жумуш орундарын түзүү республиканын экономикалык саясатынын артыкчылыктарынын бири болуп эсептелет, калкты чет өлкөдө иш менен камсыз кылуу - калкты иш менен камсыз кылуунун бир түрү катары эмгек базарындагы чыңалууну азайтуунун убактылуу мүмкүнчүлүгү катары каралышы керек.
Эмгек базары боюнча статистика реалдуу шарттарды чагылдырбай тургандыгын белгилей кетүү керек, расмий жумушсуздук өзүнө жумуш издеп жүргөн жарандардын бөлүгүн гана камтыйт. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети тарабынан эсептелген жумушсуздуктун жалпы деңгээли дагы жумушсуздуктун чыныгы санын бербейт, анткени өлкөнүн калкынын экономикалык жактан активдүү иштебеген бөлүгү эсепке толук көлөмдө алынган эмес. Эмгек ресурстары боюнча так маалыматтардын жоктугу эмгек базарындагы суроо-талап менен сунуштан негизделүүгө зарыл болгон ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууларды татаалдантат. Мамлекеттик жөнгө салуу чараларынын чектелген шартында эмгек базары чаржайыт, талап кылынган кесиптердин түрлөрү жана аймактар боюнча суроо-талаптар менен сунуштарга тиешелүү баа берилбестен калыптанууда.
Эмгек базарындагы керектөөлөрдү божомолдоонун комплекстүү механизмин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-мартындагы № 203 токтому менен Эмгектик ресурстарга керектөөлөрдү божомолдоо методикасы бекитилген. Бул божомолдоо өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарына ылайык эмгек базарындагы кесипкөй кадрлардын суроо-талаптарына багытталган кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону стратегиялык пландоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу үчүн зарыл болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылы 17-августундагы № 591 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга чейин калкты иш менен камсыз кылуунун улуттук саясаты" программасы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-сентябрындагы № 433 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2007-2010-жылдарга миграциялык процесстерди жөнгө салуу боюнча мамлекеттик программасы ишке ашырылды. Бул программаларды ишке ашыруунун алкагында калкты иш менен камсыз кылуу, тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү бир катар проблемалар чечилди, эмгек мигранттарын коргоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү, калкты иш менен камсыз кылуу маселелери боюнча жумуш берүүчүлөр менен эриш-аркак иштер жүргүзүлүп, жумуш орундардын түзүлүшүн талдоо механизми ишке киргизилген.
Социалдык-эмгектик жана аны менен байланышкан экономикалык мамилелердеги негизги маселелер боюнча макулдашылган иш-чараларды ишке ашыруу максатында 2013-2015-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жана республикалык жумуш берүүчү бирикмелердин ортосундагы Башкы макулдашууга кол коюлган.
"Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 660 токтому менен Кыргыз Республикасынын калкын ишке орноштурууга көмөктөшүү чөйрөсүндө мыйзамдарды жакшыртуу, иш менен камсыз кылуу жаатындагы жарандардын укуктарын аныктоо, калкты иш менен камсыз кылуу кызматынын кызмат көрсөтүүлөрүнө жумушсуз жарандарды алуусунун мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү караган "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылган.
3. Көйгөйлөр
"Кыргыз Республикасынын 2010-жылга чейин калкты иш менен камсыз кылуунун улуттук саясаты" программасын жана Кыргыз Республикасынын 2007-2010-жылдарга миграциялык процесстерди жөнгө салуу боюнча мамлекеттик программасын ишке ашырууга карабастан, эмгек акысы салыштырмалуу жогору деңгээлде түзүлгөн жаңы жумуш орундарынын санынын аздыгы, ички миграциянын өсүүсүнө таасирин тийгизип жаткан региондордун экономикалык өнүгүүсүнүн дисбалансы, калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү иш-чараларын ишке ашырууга жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын начар катышуусу, кесиптик билим берүү деңгээлинин эмгек базарынын керектөөлөрүнө туура келбегендиги, кызматкерлер үчүн социалдык кепилдиктердин деңгээлинин төмөндүгү, стихиялуу тышкы эмгек миграциясы сыяктуу бир катар көйгөйлөр бар.
Эксперттердин божомолдоолорунун негизинде алдыдагы жылдарда калктын саны, анын ичинде эмгекке жарамсыз калктын санынын өсүүсү күтүлөт. Эмгек акынын деңгээлинин төмөндүгү жана жаңы жумуш орундарынын жетишсиздиги эмгек миграциясынын көлөмүнүн өсүшүнө таасирин тийгизет. Шаардык типтеги калктуу пункттардын калкынын өсүшү азык-түлүк, суу, сырье жана энергияга болгон суроо-талаптын кескин түрдө жогорулоосуна алып келет, ошондой эле эмгек базарынын тең салмакташтырылган өнүгүүсү менен байланышкан кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн.
Ишке орношуу учурунда кыйынчылыктарга жана тоскоолдуктарга кабылып жатышкан эмгек мигранттарынын санын өсүшү, тышкы эмгек миграциясын жөнгө салуу үчүн жаңы жолдорду жана механизмдерди иштеп чыгуу зарылдыгын шарттап жатат. Кыргызстандын жарандарынын эмгек миграциясын калкты иш менен камсыз кылуунун бир формасы катары кароо зарыл. Мындай мамиле кылуу глобалдык иш менен камсыз кылуу пайдасынан пайдаланууга мүмкүндүк берип, ички жана эл аралык эмгек базарынын мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен Кыргызстандын жарандарын ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.
Кыргызстандын экономикасынын орчундуу бөлүгүн формалдуу эмес (көмүскөдөгү) экономика түзөт. Формалдуу эмес сектордогу ишмердик ИДПнын жана иш менен камсыз кылуунун расмий маалыматтарында жарым-жартылай гана эске алынат. Формалдуу эмес сектордун үлүшү көз карандысыз эксперттердин баалоосунун негизинде ИДПнын 18%нан 50%на чейин түзөт. Экономиканын формалдуу эмес секторунун динамикасы экономиканын өсүшүнүн расмий көрсөткүчүнөн олуттуу айырмаланышы мүмкүн.
Гендердик аспектилер барган сайын чоң актуалдуулукка ээ болуп жатат. Кыргыз Республикасынын Конституциясы эркектер жана аялдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү кепилдикке алат. Бирок аялдардын экономикалык жактан активдүүлүгү эркектердикине салыштырмалуу төмөнкү деңгээлде. Аялдар негизинен формалдуу эмес сектордо эмгектенишет (айыл чарба, тейлөө чөйрөсү, соода). Мындан тышкары аялдардын көпчүлүгү чакан насыя жана насыя алуу системасына негизделген, өзүн-өзү иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндө иштейт, бул алардын толук эмгек ишмердүүлүгүнө белгилүү деңгээлде тобокелдикти пайда кылат.
Калкты иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндө бир катар көйгөйлөр бар, алар:
- активдүү эмгекке жарамдуу курактагы жумушсуз жарандардын санынын өсүүсү;
- республиканын эмгек ресурстарынын интеллектуалдык жана кесиптик потенциалынын бир кыйла төмөндөөсүнө жана квалификациялуу эмгек ресурстарын жоготууга алып келүүчү калктын тышкы эмгек миграциясынын деңгээлинин жогору болушу;
- эмгек базарындагы кесипкөй кадрларга болгон суроо-талап менен сунуштун диспропорциясы;
- экономиканын формалдуу эмес секторундагы иш менен камсыз кылуунун олуттуу масштабы менен шартталган эмгек мамилелери системасынын деформациясы;
- иш издөө учурунда кыйынчылыктарга туш келишкен жарандардын айрым категориясын ишке орноштуруу деңгээлинин төмөндүгү (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар, жаштар, аялдар, пенсияга чыгуу курагындагы адамдар, жалгыз бой жана жашы жете элек балдарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды тарбиялап жаткан, көп балалуу ата-энелер жана башкалар);
- иш берүүчүлөрдүн кадрларды кесиптик даярдоого жана кайра даярдоого, квалификацияны көтөрүүгө начар катышуусу;
- жумушсуздук боюнча жөлөкпулдун деңгээли менен жашоо минимумунун ортосундагы чоң айырманын болушу;
- жумушсуздуктун жана эмгек миграциясынын реалдуу масштабы жөнүндө маалыматтардын жоктугу;
- иш менен камсыз кылуу кызматынын жетишсиз иштөөсүнүн айынан, эмгек базарларынын керектөөлөрүн божомолдоо системасынын иш жүзүндө жоктугу;
- калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүгө жана жумушсуз жарандарды финансылык колдоого багытталган иш-чаралардын жетишсиз каржыланышы.
4. Программанын негизги багыттары жана милдеттери
Программанын негизги багыттары:
- иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү, ошондой эле айрым аялуу топтун бөтөнчө керектөөсүн эске алуу менен бирге бир катар чараларды иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу аркылуу жумушсуз жарандарды жана калктын социалдык жактан аялуу катмарын иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү боюнча активдүү иш-чараларды күчөтүү;
- окутуу, кайрадан окутуу жана квалификацияны жогорулатуу системасын өркүндөтүү, кадрларды даярдоодо иш берүүчүлөр тарабынан көз карандысыз баалоо жүргүзүү жана тастыктоо механизмин жайылтуу маселелеринде социалдык өнөктөштүктү өркүндөтүү аркылуу эмгек базарында жумушчу күчүнүн сапатын жана атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
- эмгек базарын талдоого алуу менен бирге эмгек ресурстарына болгон муктаждыкты болжолдоо системасын жана эмгек базарынын маалыматтык системасын өнүктүрүү, өлкөнүн экономикалык тармактарына болгон муктаждыкка ылайык адистерди даярдоонун түзүмүн жана көлөмүн аныктоо;
- чет өлкөлөрдө эмгектенген Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча толук системаны камсыз кылуу;
- мыйзамдарды, маалыматтык билим берүүнү камсыз кылууну, чет өлкөдө эмгектенүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарына кызмат көрсөтүүнү өркүндөтүү аркылуу эмгек миграциясын мамлекеттик жөнгө салуунун жыйынтыктуу системасын түзүү жана өнүктүрүү;
- эки жана көп тараптуу мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүгө негизделген эмгек миграциясын башкаруунун формаларын жана методдорун өнүктүрүү;
- чет өлкөдө эмгектенген Кыргыз Республикасынын жарандарын уюшкандыкта даярдоо, жиберүү жана коргоо боюнча иштерде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү кеңейтүү жана чыңдоо;
- иш менен камсыз кылуу жана миграция чөйрөсүндө иш менен камсыз кылуу кызматтарынын кызмат көрсөтүүсүнүн сапатынын жыйынтыктуулугун жогорулатуу.
Программанын аталган багыттарынын алкагында төмөндөгү милдеттерди чечүү керек:
- иш менен камсыз кылууга көмөктөшкөн жана ички жана тышкы эмгек миграциясын жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
- экономиканын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес секторлорунда калктын иш менен камсыз болуусуна көмөктөшүү үчүн шарттарды түзүү, анын ичинде:
жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүү максатында региондордун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
2013-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын жана республикалык жумуш берүүчүлөр бирикмелеринин ортосундагы Башкы макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу;
- эмгек базарындагы иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн активдүү чараларын күчөтүү;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын - эмгек мигранттарынын кесиптик жана билим берүү деңгээлин, Кыргыз Республикасынын жарандарынын өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө ишке орношуу мүмкүнчүлүгү жана шарттары тууралуу маалымдуулугунун деңгээлин жогорулатуу;
- эмгек базарын талдоого алуу жана божомолдоо системасын өркүндөтүү;
- иш менен камсыз кылуу жана миграция мамлекеттик кызматтардын ишинин жыйынтыктуулугун жогорулатуу.
Региондордун социалдык-экономикалык жактан ийгиликтүү өнүгүшү калктын жыйынтыктуу түрдө иш менен камсыз кылынышына, эмгек миграциясынын кыскарышына өбөлгө болот. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууну, жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болгон регионду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн региондук комплекстүү чараларын иштеп чыгуу, анын ичинде жумушка орношууда өзгөчө кыйынчылыкка дуушар болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жумуш ордун түзүүнү караган калкты иш менен камсыз кылуу программасын иштеп чыгууга жана аткарууга катышуу менен камсыз кылат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-ноябрындагы № 685 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Күтүлүүчү натыйжалар
Программанын иш-чараларын жүзөгө ашыруу төмөндөгү натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берет:
- жалпы жумушсуздуктун деңгээли 8%га чейин, расмий жумушсуздуктун деңгээли 2%га чейин төмөндөйт;
- катталган жумушсуздардын жалпы санынан иш менен камсыз кылуу кызматы ишке орноштурган жарандардын үлүшү 40%дан төмөн болбойт;
- кесиптик окутулуудан өткөндөн кийин ишке орноштурулган жумушсуз жарандардын үлүшү 70%дан төмөн болбойт;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө уюшкан түрдө ишке орноштуруу системасы болот;
- Кыргызстандын жарандары эмгектенген өлкөлөрдүн мамлекеттик түзүмдөрү жана иш берүүчүлөрү менен өнөктөштүк мамилелер өнүгөт;
- Кыргызстандын аймагында экономикалык ишмердигин жүргүзгөн чет өлкөлүк ишканаларда иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны көбөйөт;
- эмгек ресурстарына болгон муктаждыкты божомолдоонун жана эмгек базары тууралуу талдоо жыл сайын болот.
6. Чакырыктар жана тобокелдиктер
Бул Программаны жүзөгө ашырууда төмөнкүдөй чакырыктар жана тобокелдиктер болушу мүмкүн.
Экономикалык: мамлекеттик органдардын бюджеттик мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүүлүгү Программаны аткаруу учурунда көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн.
Уланып жаткан дүйнөлүк экономикалык кризистин айынан гранттык жана донордук жардамдын мүмкүн болуучу төмөндөөсүнө, ошондой эле республиканын экономикасына келүүчү тышкы жана ички инвестициялардын келүүлөрүнүн начарлашына көңүл буруу зарыл. Программанын айрым бөлүктөрүн гана жүзөгө ашыруу тобокелдиги бар.
Уюштуруучулук: мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалынын жетишсиздиги Программанын иш-чараларын формалдуу аткарылышынын тобокелдигин пайда кылат.
Социалдык-экономикалык: өлкөдө түзүлгөн жумушчу орундары, мүнөздөлүшү боюнча (эмгек акы, эмгектин коопсуздугу, социалдык пакет) Кыргыз Республикасынын жарандары иштеген өлкөлөрдөгү жумуш орундарына жетпейт, ошондой эле алардын саны өлкөдө калкты иш менен камсыздоонун өсүшүн камсыз кылуу үчүн жетишсиз болуп саналат.
7. Ресурстар
Бул Программаны аткарууда ресурстардын ар кандай түрү колдонулат.
Кадрдык: калкты иш менен камсыз кылуу боюнча иш-чараларды ишке ашырууга кызыккан министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлчүлүктөрү.
Техникалык: аткаруу бийлик органдарынын компьютердик жана башка офис техникасы, транспорт каражаттары.
Финансылык: бул Программаны каржылоонун негизги булактары болуп тиешелүү жылга республикалык бюджеттен мамлекеттик органдарга каралган каражаттар, ошондой эле бюджеттен тышкаркы булактар (гранттык программалар, эл аралык жана донордук уюмдардын каражаттары) эсептелет.
Алдын ала маалыматтар боюнча, республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан 2020-жылга чейин дээрлик 1,3 млрд. сом, ошондой эле гранттык программалардан, эл аралык жана донорлордун уюмдарынын каражаттарынан 250,0 млн. сом талап кылынат. Жыл сайын бул Программаны ишке ашыруу үчүн дээрлик 180 млн. сом талап кылынат.
8. Мониторинг жана баалоо
Программанын иш-чараларынын аткарылышына байма-бай мониторинг жана баалоо жүргүзүү аны жүзөгө ашыруу стадиясынын чечүүчү компоненти болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тарабынан Программанын иш-чараларынын аткарылышына байма-бай мониторинг жана баалоо жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
Иш-чаралардын мониторинги жана баалоо системасы Программанын коюлган максатына жана милдеттерине жетишүүсүнүн ийгилигине системалык талдоону камсыз кылууга багытталат.
Мониторингдин маалыматтарынын негизинде Программанын иш-чараларын жүзөгө ашырууга баа берилип турат. Алынган натыйжалардын негизинде иш-аракеттердин жыйынтыктуулугун жогорулатуу, ресурстарды кайра бөлүү жана аларды оптималдуу пайдалануу, кызыкдар аткаруучулар менен координацияны жакшыртуу боюнча чечимдер кабыл алынат.
(1) 2013-жылдын январь айындагы социалдык-экономикалык абал.
(2) КР Улутстаткомитетинин "Иш менен камсыз болуу жана жумушсуздук" жыйнагы, 2012-жыл.