Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-декабры № 692
Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине объекттерди өткөрүп берүү жөнүндө
2010-жылдын 6-8-апрелинде болуп өткөн окуялардын учурунда курман болгондордун үй-бүлөлөрүн жана жабыр тарткандарды турак жай менен камсыз кылуу максатында, “2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти 2010-жылдын апрелиндеги окуяларда жабыр тарткан жарандардын андан ары белгиленген тартипте менчиктештирүүсү үчүн Бишкек шаарынын “Тунгуч” кичи районундагы төмөнкү объекттердин алар жайгашкан жер участоктору жана инженердик инфратүзүмү менен: аянты 0,27 га жер участогу менен 135 батирлүү № 17/2 турак үйдү жана аянты 0,2 га жер участогу менен 90 батирлүү № 36/2 турак үйдү Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясына тиешелүү кызматтар менен бирдикте ушул токтомдун 1-пунктунда аталган турак үйлөрдөгү батирлерди 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарына социалдык колдоо көрсөтүүнү координациялоо боюнча мамлекеттик комиссия берген тизмеге ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке менчик укугунда акысыз менчиктештирүү жөнүндө зарыл болгон укук белгилөөчү документтерди белгиленген тартипте тариздөөнү жана берүүнү камсыз кылуу сунушталсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |