Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-декабры № 693
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Көрсөтүлгөн долбоор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
57-статьянын 4-бөлүгүндөгү «деп эсептелинет» деген сөздөрдөн кийин «жана ага ушул Кодексте каралган бардык укуктар колдонулат» деген сөздөр менен толукталсын.
126-статья төмөнкү мазмундагы жетинчи бөлүк менен толукталсын:
«Эгер кызматкер бир айдан кем эмес иштесе анын эмгек өргүүсүнүн пайдаланылбай калгандыгы үчүн компенсацияга укугу пайда болот.»
157-статья төмөнкү мазмундагы алтынчы бөлүк менен толукталсын:
«Ушул статьянын төртүнчү жана бешинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн пайыздардын жалпы суммасы карыздын негизги суммасынын 200 пайызынан ашышы мүмкүн эмес. Пайыздардын эң жогорку суммасынын ушул чектөөсү иш берүүчү тарабынан эмгек укук мамилелерине байланышкан эмгек акы, өргүү жана башка төлөмдөрдү төлөп берүүнүн мөөнөтү бузулган учурдан тартып жана кызматкер тарабынан иш берүүчүгө карыздын мөөнөтү өтүп кеткен суммасын төлөө тууралуу жазуу түрүндөгү талап койгонго чейин гана колдонулат. Иш берүүчүгө карыздын мөөнөтү өтүп кеткен суммасын төлөө тууралуу талап койгондон кийин пайыздардын эң жогорку суммасынын чектөөсү колдонулбайт жана ушул статьянын төртүнчү жана бешинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн пайыздар иш жүзүндө эсептешкен күнгө чейин чегерилет.».
2-берене.
«Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1996-ж., № 7, 90-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
5-статья төмөнкү мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
«Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн туумдун жалпы суммасы карыздын негизги суммасынын 200 пайызынан ашышы мүмкүн эмес. Туумдардын эң жогорку суммасынын ушул чектөөсү мамлекеттик башкаруу органдары, ишканалар жана жумуш берүүчүлөр тарабынан эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөмдөрдү берүүнүн мөөнөтү бузулган учурдан тартып жана кызматкер тарабынан иш берүүчүгө карыздын мөөнөтү өтүп кеткен суммасын төлөө тууралуу жазуу түрүндөгү талап койгонго чейин гана колдонулат. Мамлекеттик башкаруу органдары, ишканалар жана жумуш берүүчүлөргө карыздын мөөнөтү өтүп кеткен суммасын төлөө тууралуу талап койгондон кийин туумдардын эң жогорку суммасынын чектөөсү колдонулбайт жана ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн туумдар иш жүзүндө эсептешкен күнгө чейин чегерилет.».
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат.
Кыргыз Республикасынын
Президенти