Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-декабры № 698
“Кыргыз Республикасындагы жарандык-мекенчилдик
тарбия жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасындагы жарандык-мекенчилдик тарбия жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министри ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
Ушул Мыйзам мамлекеттик саясаттын маанилүү элементи катарында жарандык-мекенчилдикке тарбия берүүнүн максаттарын, принциптерин жана негизги багыттарын аныктоого багытталган.
1-берене. Укуктук жөнгө салуу предмети
Кыргыз Республикасынын жарандарына жарандык-мекенчилдик тарбия берүүнүн мамлекеттик тутумун калыптандыруунун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин орнотуу боюнча мамилелер ушул Мыйзамды укуктук жөнгө салуунун предмети болот.
2-берене. Кыргыз Республикасындагы жарандык-мекенчилдик тарбия жөнүндө мыйзам
Кыргыз Республикасындагы жарандык-мекенчилдик тарбия жөнүндө мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет жана ушул Мыйзамдан, башка да ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
3-берене. Жарандык-мекенчилдик тарбия түшүнүгү
1. Жарандык-мекенчилдик тарбия – бул, Мекенди сүйүүнү жана тынчтыкка ыктоону, ички эркиндикти жана мамлекеттик бийликти, мамлекеттик символиканы сыйлоону, ар-намыстуулук сезимин жана тартиптүүлүктү, улуттук сезимдин жана улуттар аралык карым-катнаштар маданиятынын шайкештигин, ошондой эле өзүнүн саясий, адеп-ахлактык жана укуктук тандоосу үчүн, турмуштук ийгиликке жетишүү максатында өзүнүн жөндөмдөрүн максималдуу түрдө өнүктүрүү үчүн жоопкерчилигин бекемдөөнү камтыган инсандык сапаттарды калыптандыруунун максаттуу, адеп-ахлактык жактан шартталган процесси.
2. Жарандык-мекенчилдик тарбия берүүнүн негизи катары улуттук аң-сезим, түпкүлүктүү улуттук баалуулуктар жана улуттук тарбия идеалы сыяктуу түшүнүктөр чыгат.
4-берене. Жарандык-мекенчилдик тарбиянын максаты жана милдеттери
1. Жарандык-мекенчилдик тарбия берүүнүн максаты болуп бул элдин тарыхый тажрыйбаларына негизденүү менен мамлекеттик максаттарга жетишүү кызыкчылыктары боюнча Кыргыз Республикасынын элин бириктирүү саналат.
2. Жарандык-мекенчилдик тарбиянын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- улуттук аң-сезимди, мекенчилдикти, мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти сыйлоону, ички жан-дүйнө эркиндигин жана жеке нарк сезимин калыптандыруу;
- жарандардын жана өсүп келе жаткан муундун аң-сезимин мекенге болгон сүйүү, жигердүү турмуштук позициясында, өзүнүн билимдерин жана эмгек потенциалын Мекендин жыргалчылыгы үчүн жумшоого умтулуу деминде калыптандыруу;
- укуктук маданиятты, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, мамлекеттик символикаларды - Кыргыз Республикасынын гербин, туусун, гимнин жана тарыхый идеалдарын сыйлоону тарбиялоо;
- коомдун экономикалык, социалдык жана cаясий туруктуулугунун маселелерин чечүү, аны андан ары өнүктүрүү үчүн коомду бириктирүү;
- заманбап дүйнөдө өсүп келе жаткан муундун тескери багыт алуусун болтурбоо максатында муундардын байланышы аркылуу руханий, адеп-ахлактык, жарандык жана мекенчилдик каада-салттарды калыбына келтирүү;
- жаштарды моралдын жалпы адамзаттык ченемдерине, улуттук каадаларга, кесиптик адептин кодексине үйрөтүү, өзүнүн ишинин натыйжаларына туура баа берүүнү тарбиялоо;
- жарандардын аң-сезиминде мекенчилдик жана жарандык баалуулуктарды аңдап билүүгө гана эмес, ал баалуулуктарды сактоого, коргоого муктаждыкты жана коргой билүүнү бекемдөө;
- жеке дареметтерди аныктоо жана өнүктүрүү, алардын негизинде адамдын жалпы жана жекече өзгөчөлүктөрүн, калыптандыруу, анын чыгармачыл потенциалын жана өз алдынча өнүгүү жөндөмүн өстүрүү;
- адамды гуманисттик сапаттарга жана турмуштук баалуулуктарга, өзүнүн ордун жана жашоо - турмушунун максаттарын аныктоого, өзүн-өзү аңдап билүүгө жана гуманисттик багыттагы жогорку дөөлөттөргө багыттоо;
- эмгекти сүйүүнү жана максатка умтулууну, турмуштагы ийгиликтерге жетишүүнүн башкы ыкмасы катары окууга, эмгекке, турмушка чыгармачыл мамиле кылууну тарбиялоо;
- муундардын ортосундагы үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуу, ата-энелерге, карыларга урмат көрсөтүүгө, кичүүлөргө жана өзгөчө муктаждыктагы адамдарга кам көрүүгө тарбиялоо;
- таза жашоо ыңгайына, үй-бүлө курууга, тукум улантууга, жаңы муунду материалдык жактан камсыздоого жана гуманизм духунда тарбиялоого үйрөтүү жана үгүттөө;
- жаратылышка, айлана чөйрөгө аяр мамиле кылууну тарбиялоо;
- көркөмдүккө мамилени, жалпы адамзаттык жана улуттук маданияттын дөөлөттөрүн өздөштүрүүгө мамилени тарбиялоо, эстетикалык баалуулуктарды жана табитти руханий маданияттын баалуулуктарын түзүүгө жана аны байытууга, коомдун маданий турмушуна катышууга умтулууну калыптандыруу.
5-берене. Жарандык-мекенчилдик тарбиянын принциптери
Жарандык-мекенчилдик тарбиянын негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелинет:
- жарандык, мекенчилдик, мыйзамдык руханий, ыймандык, интернационалдык, экологиялык жана эмгектик тарбия берүүнүн биримдиги;
- идеологиялык жана уюштуруучулук иштин теориясынын жана практикасынын биримдиги;
- тарыхый улантуучулук принциби;
- жарандык-мекенчилдик тарбия берүүнүн маселелерин, уюштурулушун аныктоого, формаларына жана методдоруна конкреттүү-тарыхый мамиле жасоо принциби;
- жарандардын жана мамлекеттин кызыкчылыгынын биримдиги;
- сабырдуулук принциби.
6-берене. Жарандык-мекенчилдик тарбиянын субъекттери
1. Жарандык-мекенчилдик тарбиянын субъекттери болуучулар:
- бардык деңгээлдеги мамлекеттик бийлик органдары;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
- эмгек жана аскер жамааттары;
- бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдары;
- маданият уюмдары;
- коммерциялык эмес уюмдар;
- жалпыга маалымдоо каражаттары;
- үй-бүлө;
- Кыргыз Республикасынын жарандары.
2. Жарандык-мекенчилдик тарбиянын субъекттери өздөрүндө болгон мүмкүнчүлүктөрүн жана каражаттарын пайдалануу менен, жарандык-мекенчилдик тарбия жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатка негизденүү менен айрым бир адамдардын тобун да, жана бүтүндөй мамлекеттин жарандарын да жарандык-мекенчилдик тарбиялоо маселелерин чечишет.
7-берене. Жарандык-мекенчилдик тарбия тутуму
1. Жарандык-мекенчилдик тарбия тутуму – бул, жарандык-мекенчилдик тарбия субъекттеринин жыйындысы, тарбия берүү, билим берүү жана жалпы агартуучулук иштин ченемдик укуктук жана руханий-адептик базасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын мекенчилдик сезимин жана аң-сезимин калыптандыруу боюнча иш-чаралардын комплекси.
2. Жарандык-мекенчилдик тарбия тутуму жарандык-мекенчилдик, укуктук, руханий, адептик, интернационалдык, экологиялык жана эмгектик тарбия берүүнүн бирдиктүү жана ажырагыс байланышына негизделген.
8-берене. Кыргыз Республикасында жарандык-мекенчилдик тарбия жаатындагы мамлекеттик саясат
1. Кыргыз Республикасында жарандык-мекенчилдик тарбия жаатындагы мамлекеттик саясат төмөнкүлөргө багытталган:
1) Кыргыз Республикасынын элин бириктирүүгө;
2) Кыргыз Республикасынын маданий-тарыхый жалпылык менен байланышкан бирдиктүү элинин руханий, адеп-ахлактык, жарандык жана мекенчилдик каадаларын калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө;
3) билим берүү, маданий, экологиялык жана маалымат саясаты аркылуу жарандык мекенчилдикти, башкаларга карата сабырдуулукту жана урматтоону тарбиялоого;
4) коомдун жана баарынан мурда өсүп келе жаткан муундун руханий, адеп-ахлактык, дене бой, интеллектуалдык жана психологиялык өнүгүүсүнө жардам көрсөтүүгө;
5) үй-бүлөдө жана коомдо туура багытты жандандырууга, үй-бүлөдө жана коомдо руханий, адеп-ахлактык, жарандык-мекенчилдик тарбия берүү боюнча үй-бүлөлүк багыттагы моделдерди, технологияларды, программаларды түзүү;
6) ата-энелерде ар тараптуу өнүккөн инсандын төрөлүшү жана ага тарбия берүү үчүн жоопкерчилик сезимдерин тарбиялоо жолу менен жарандарда дени сак, каалагандай баланын төрөлүшүнө аң-сезимдүү мамилени калыптандырууга;
7) билим берүүчү жана спорттук мекемелердин, жаштар, балдар уюмдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана бүтүндөй коомдун тарбия берүү потенциалын жогорулатууга;
8) Кыргыз Республикасынын элин бириктирүүчү фактор катары кыргыз тилин колдонууну коомдук-саясый, экономикалык, билим берүү, илимий, маданий чөйрөлөрдө жана иштин башка чөйрөлөрүндө кеңейтүү аркылуу анын ролун күчөтүүгө;
9) улуттук аң-сезимди (окшоштукту) калыптандыруу;
10) тарыхый-маданий жана корук жерлер боюнча жаштар жана жарандар үчүн туристтик маршруттарды иштеп чыгууга;
11) жарандык-мекенчилдик тарбия жаатында ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө;
12) жарандык-мекенчилдик тарбияны илимий жана усулдук жактан камсыз кылууга.
2. Руханий, адеп-ахлактык жана жарандык мекенчилдик жактан өнүгүү жана тарбиялоо үчүн шарттарды түзүү ведомство аралык комплекстүү мүнөзгө ээ жана экология, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм, маданият, массалык маалымат, жаштар саясаты, калкты социалдык жактан коргоо жаатында жана башка тармактарда мамлекеттик жана региондук максаттуу программаларды иштеп чыгууда жана аны ишке ашырууда руханий, адеп-ахлактык жана жарандык мекенчилдик өнүгүүгө жана тарбиялоого тийиштүү болгон иш-чараларды милдеттүү түрдө пландоо жана өткөрүү каралат.
3. Жарандык-мекенчилдик тарбия жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү төмөнкүдөй жолдор менен камсыз кылынат:
- жарандык-мекенчилдик тарбия жаатында башкаруу жана мамлекеттик контроль жүргүзүү;
- жаштарга жарандык-мекенчилдик тарбияны илимий-усулдук жактан камсыз кылуу;
- жарандык-мекенчилдик тарбия жаатында маалыматтык камсыз кылуу.
9-берене. Жарандарды жарандык-мекенчилдик тарбиялоо жаатындагы программалар
1. Жарандарды жарандык-мекенчилдик тарбиялоо жаатында мамлекеттик саясаттын укуктук, социалдык-экономикалык жана уюштуруу шарттарын жана кепилдиктерин, анын комплекстүүлүгүн жана мамлекеттик саясаттын башка багыттары менен макулдашуусун камсыз кылуу максатында жарандык-мекенчилдик тарбиянын мамлекеттик, ведомстволук жана региондук программалары иштелип чыгат.
2. Кыргыз Республикасынын жарандарын жарандык-мекенчилдик тарбиялоонун мамлекеттик программасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат.
Жарандарды жарандык-мекенчилдик тарбиялоонун ведомстволук программаларын аткаруу бийлигинин органдары иштеп чыгат жана алардын аткарылышын уюштурат.
Жарандык-мекенчилдикке тарбиянын региондук программаларын аларга мамлекеттик программанын иш-чараларын аткаруу боюнча конкреттүү иштерди киргизүү менен Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин тиешелүү органдары иштеп чыгат жана алардын аткарылышын уюштурат.
10-берене. Жарандык-мекенчилдик тарбия боюнча чаралар
1. Жарандык-мекенчилдик тарбия боюнча чаралар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) ченемдик укуктук жөнгө салуу;
2) жарандык-мекенчилдик тарбияны илимий жана усулдук жактан камсыз кылуу;
3) жарандык-мекенчилдик багыттагы иш-чараларга жарандарды түздөн-түз катышууга тартуу;
4) Кыргыз Республикасынын аскердик даңк жана унутулгус күндөрүнө, күжүрмөн аракеттерге, мамлекеттин эгемендүүлүгүн, бүтүндүгүн жана конституциялык түзүлүшүн коргоодо айырмаланган Кыргыз Республикасынын жарандарынын атын түбөлүккө калтыруу менен байланыштуу иш-чараларды өткөрүү;
5) мекенчилдик, аскердик-тарыхый, маданий-тарыхый, аскердик-техникалык, спорттук-техникалык жана аскердик-спорттук клубдардын жана уюмдардын иштерине жардам көрсөтүү;
6) жарандарды жарандык-мекенчилдикке тарбиялоого катышууга илимий, коммерциялык эмес уюмдарды жана айрым жарандарды тартуу;
7) үй-бүлөлүк жана жекече эс алуу үчүн тарыхый, маданий, спорттук, туристтик маршруттарды иштеп чыгуу;
8) Кыргыз Республикасынын жарандарын жарандык-мекенчилдикке тарбиялоого багытталган башка чаралар.
11-берене. Улуттук аң-сезим (бирдейлик)
1. Улуттук аң-сезим (бирдейлик) – бардык жарандар тарабынан өзүнүн өлкөсү, анын элдери жөнүндө кабыл алынуучу түшүнүк, өзүнүн өлкөсүнө жана элине болгон тиешелүүлүк сезими.
2. Калктын көпчүлүгүн түзүүчү жана мамлекеттин аталышын берген кыргыз этносу Кыргыз Республикасынын бирдиктүү көп улуттуу элинин бириктирүүчү өзөгү болуп саналат.
3. Улуттук бирдейликтин негизин Кыргыз Республикасынын бирдиктүү элинин базалык улуттук дөөлөттөрү жана жалпы тарыхый тагдыры түзөт.
12-берене. Базалык улуттук дөөлөттөр
1. Базалык улуттук дөөлөттөр – Кыргыз Республикасынын элинин маданий, үй-бүлөлүк, социалдык-тарыхый, дүйнө таануу каадаларында орун алган, муундан муунга берилүүчү жана заманга ылайык шарттарда өлкөнүн ийгиликтүү өнүгүүсүн камсыз кылуучу негизги моралдык баалуулуктар, артыкчылыктуу адеп-ахлактык багыттар.
2. Кыргыз Республикасында базалык улуттук дөөлөттөр катары төмөнкүлөр аныкталган:
- мекенчилдик – өз Мекенине, өз элине болгон сүйүү, Ата-Мекенге кызмат кылуу;
- үй-бүлө – сүйүү жана берилгендик, ден соолук, байгерлик, ата-энеге болгон сый-урмат, улууларга жана кичүүлөргө кам көрүү, тукум улантууга кам көрүү;
- Кыргыз Республикасы үчүн салттуу болгон дүйнө таануучу жана диний конфессиялар – конфессия аралык диалогдун негизинде түзүлүүчү дин, руханият, толеранттуулук жөнүндө түшүнүк;
- көркөм өнөр жана адабият – кооздук, гармония, адамдын руханий дүйнөсү, адеп-ахлактык тандоо, жашоонун маңызы, эстетикалык өнүгүү, адептик өнүгүү;
- жаратылыш – эволюция, туулган жер, таза жаратылыш, Жер планетасы, экологиялык аң-сезим;
- илим – билимдин наркы, чындыкка умтулуу, дүйнөнүн илимий турпаты;
- эмгек жана чыгармачылык – эмгекти сыйлоо, чыгармачылык жана жаратуу, максатка умтулгандык жана туруктуулук;
- жарандуулук – мыйзам жана тартип, ар-намыстын жана дин тутуу эркиндиги, укуктук мамлекет;
- социалдык тилектештик – жеке жана улуттук эркиндик, адамдарга, мамлекеттин жана жарандык коомдун институттарына ишеним көрсөтүү, акыйкаттык, кайрымдуулук, намыс, абийир;
- адамзат – бүткүл дүйнөдөгү тынчтык, маданияттардын жана элдердин көп түрдүүлүгү, адамзат прогресси, эл аралык кызматташтык.
13-берене. Улуттук тарбиянын идеалы
1. Мекендин тагдырын өзүнүн тагдырындай кабыл алган, өзүнүн өлкөсүнүн азыркы учуру жана келечеги үчүн жоопкерчиликти сезген, Кыргыз Республикасынын бирдиктүү элинин руханий жана маданий каадаларына сиңирилген, Кыргыз Республикасынын жогорку адеп-ахлактуу, чыгармачыл, компетенттүү жараны улуттук тарбиянын идеалы болуп саналат.
2. Улуттук тарбиялык идеал конкреттүү тарыхый инсандарда жана эпикалык образдарда ишке ашырылган кыргыз элинин руханий-адептик тарбиялык салттарына негизделет.
14-берене. Үй-бүлөдө жарандык-мекенчилдик тарбия берүү
1. Коомдун негизи жана балдарды жана жаштарды тарбиялоо үчүн табигый чөйрө катары үй-бүлөдө зарыл болгон коргоо жана колдоо болот.
2. Үй-бүлөдөгү тарбия берүү процесси төмөнкүлөрдүн негизинде уюштурулат:
– балдардын жана жаштардын үстүнөн физикалык, психологиялык жана башка зомбулукка жол бербей турган тарбия берүүнүн формаларын, ыкмаларын жана каражаттарын тандоо;
– үй-бүлөнүн руханий, адеп-ахлактык жана маданий салттарынын жана дөөлөттөрүнүн улуттук аң сезимдин, улуттук тарбиялык идеалдын, түпкүлүктүү улуттук дөөлөттөрдүн, дүйнөлүк маданияттын жетишкендиктеринин.
3. Ата-энелер (балдардын жана жаштардын башка мыйзамдуу өкүлдөрү) балдарды жана жаштарды жарандык-мекенчилдикке тарбиялоо үчүн өздөрүнүн жөндөмдөрүнүн жана мүмкүнчүлүктөрүнүн чектеринде шарттарды камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартышат.
15-берене. Билим берүүчү уюмдарда балдарды жана жаштарды жарандык-мекенчилдикке тарбиялоо
1. Билим берүүчү уюмдарда балдарды жана жаштарды жарандык-мекенчилдикке тарбиялоо окутуу процессинде жана окуудан тышкары иштерде ишке ашырылат.
2. Билим берүүчү уюмдарда жарандык-мекенчилдикке тарбиялоо Кыргыз Республикасында кабыл алынган балдарды жана окуган жаштарды тарбиялоо программаларына ылайык ишке ашырылат.
3. Билим берүүчү уюмдардагы улуттук дөөлөттөргө жана улуттук тарбия берүү идеалына негизделген тарбия берүү ишинин негизги багыттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
– улуттук жана жалпы адамзаттык дөөлөттөрдүн негизинде руханий жана адеп-ахлактык жактан жетик чыгармачыл инсанды калыптандыруу;
– жаранды жана мекенчилди тарбиялоо;
– өзүнө жана башка адамдарга, үй-бүлөгө, өзүнүн элинин каадаларына жана салттарына, башка улуттагы коомчулуктардын маданиятына урмат көрсөтүүнү тарбиялоо;
– чыгармачыл көндүмдөрдү калыптандыруу;
– адамды социалдык жактан калыптандырууда педагогикалык жана психологиялык колдоо көрсөтүү;
– жамаатташтык сезимдерин жана адамдар менен мамиле түзүүнүн көндүмдөрүн өнүктүрүү;
– коопсуз жана маданий жүрүш-туруштун, таза жашоонун көндүмдөрүнө ээ болуу;
– экологиялык маданиятты калыптандыруу;
– балдардын жана жаштардын девианттык жүрүш-турушун жана мыйзам бузууларын психологиялык-педагогикалык алдын алуу иштери.
16-берене. Жарандык-мекенчилдик тарбияга коммерциялык эмес уюмдардын катышуусу
1. Коммерциялык эмес уюмдар төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырышат:
- жарандык-мекенчилдик тарбия жаатында акцияларды жана өнөктүктөрдү даярдоого жана өткөрүүгө катышуу;
- түпкүлүктүү улуттук дөөлөттөрдү, улуттук аң-сезимди, улуттук тарбия берүү идеалын түшүндүрүү багытында үгүттөө-пропагандалык иштерди калк арасында жүргүзүү;
- социалдык программаларды натыйжалуу практикалык ишке ашыруу максатында бири-бири менен жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенишүү.
2. Мамлекеттик органдар жарандык-мекенчилдик тарбиянын кызыкчылыктарында коммерциялык эмес уюмдардын иштерин координациялашат.
Коммерциялык эмес уюмдардын ишин координациялоо боюнча төмөнкүлөр каралат:
- коммерциялык эмес уюмдардын жарандык-мекенчилдик тарбия боюнча ишке катышуусу үчүн шарттарды түзүү;
- улуттук жана дүйнөлүк маданияттын байлыктарына жаштарды, аскер кызматчыларын жана башка адамдарды тартууга багытталган шефтик ишке маданият уюмдарынын, коммерциялык эмес уюмдардын, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрүнүн катышуусун активдештирүү;
- Кыргыз Республикасынын жарандарында жарандык-мекенчилдик аң-сезимди калыптандырууга коомдук тарбиялык таасир берүүнүн активдүү формаларын өнүктүрүү.
17-берене. Жарандык-мекенчилдик тарбияны камсыз кылуу
Жарандык-мекенчилдик тарбияны камсыз кылуу төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылат:
1) жарандык-мекенчилдик тарбияны ченемдик укуктук жактан камсыз кылуу өзүнө ченемдик базаны өркүндөтүүнү жана жарандык-мекенчилдик тарбия берүүнүн социалдык-укуктук статусун, жарандык-мекенчилдик тарбиянын бирдиктүү тутумунун курамдык элементтери катары бийликтин ар бир органынын, ведомствонун, уюмдун өзгөчөлүктөрүн жана коомдун турмушунун бардык чөйрөлөрүндө болуп жаткан өзгөрүүлөрүн эске алуу менен алардын ролун, ордун, милдеттерин, функцияларын аныктоону камтыйт.
2) жарандык-мекенчилдик тарбияны педагогикалык жана усулдук жактан камсыз кылуу билим берүү жана тарбия берүү программаларынын комплексин, жарандык-мекенчилдик тарбияны уюштуруу жана жүргүзүү боюнча методикаларды фундаменталдык иштеп чыгууну, жарандардын тигил же бул категорияларынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен педагогикалык формалардын жана каражаттардын бардык көп түрдүүлүгүн колдонууну божомолдойт.
3) жарандык-мекенчилдик тарбияны маалыматтык камсыздоо мекенчилдиктин жайылтылышын, жарандардын аң-сезиминде жана сезимдеринде маанилүү дөөлөттөр катары Мекенге татыктуу кызмат кылууга даярдыкты, социалдык жана мамлекеттик институттардын активдүү катышуусунда жарандардын бардык категориялары менен тарбия берүү ишин жүргүзүү процессинде жалпыга маалымдоо каражаттарында мекенчилдик тарбиянын элементтерин жана идеяларын жигердүү пайдаланууну божомолдойт;
4) илимий-теориялык жактан камсыз кылуу мекенчилдик тарбия жаатындагы изилдөөлөрдү уюштурууну жана алардын натыйжаларын практикалык иште колдонууну, жарандын инсандыгын калыптандыруу жана өнүктүрүү көйгөйлөрү боюнча методикалык сунуштарды иштеп чыгууну, мекенчилдик тарбиянын мазмунун ага маданий-тарыхый, руханий-адептик жана башка компоненттерди киргизүү жолу менен социалдык-гуманитардык илимдер жаатында маанилүү жетишкендиктердин негизинде байытууну, жарандарды мекенчилдик баалуулуктарга тартуу жолдорун, алардын руханий өздөштүрүүсүн илимий жактан негиздөөнү билдирет;
5) жарандык-мекенчилдик тарбияны финансылык-экономикалык жактан камсыз кылуу республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, демөөрчүлүк жана гранттык жардамдардын, жарандардын жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кошумчаларынын эсебинен ишке ашырылат.
18-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө:
- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул Мыйзамдын жоболорун жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын
Президенти