ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-декабрындагы № 703 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58»Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын (өлчөмдөрүн) бекитүү жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2014-жылдын 12-декабры № 703

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын

28-январындагы № 58 «Экономикалык иштин түрлөрү боюнча

милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын

(өлчөмдөрүн) бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү

киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 349-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 «Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин  негизиндеги салыктын ставкаларын (өлчөмдөрүн) бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-  1-пунктунун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген букмекердик же тотализатордук кызмат көрсөтүүлөргө милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкалары күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

3. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев