Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-декабры № 705
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну ѳркүндөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик ишканалардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмѳтү жөнүндө" Кыргаз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттун үчүнчү абзацы темөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- келерки финансылык жылга ишкананын бюджетин жыл сайын иштеп чыгышсын жана тейлөөчү мамлекеттик орган менен макулдашып, тийиштүү финансылык жылдын 1-мартынан кечиктирбестен аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго беришсин;".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |