Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-декабры № 704
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
«Саясий партиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 1999-жылдын 25-июну, № 51) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
«каржылоонун айкындуулугу;»
2. 5-статьянын 1-бөлүгүндөгү «10» деген цифралар «120» деген цифралар менен алмаштырылсын.
3. 11-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
«Саясий партиялар төмөнкүлөргө милдеттүү:
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын талаптарын сактоого;
кызыкдар жарандарга партиянын иши, чечимдери жана каржылоонун булактары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга;
салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө жана көлөмдө өзүнүн салык милдеттенмелери тууралуу отчётту салык кызматына тапшырууга;
отчёттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен эки жылда бир жолу Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдумду даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылуучу мамлекеттик органга аталган отчёттук мезгилде келип түшкөн жана чыгымдалган каражаттары жөнүндө финансылык топтомо отчётту аталган мамлекеттик орган аныктаган формада тапшырууга.».
4. 16-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«16-статья. Саясий партиялардын ишин каржылоо
Депутаттарды шайлоо жөнүндө мыйзамга ылайык шайлоо кампанияларын каржылоодон башка учурларда, саясий партиялардын иши мамлекеттик бюджеттен каражаттар бөлүнбөстөн бул партиялардын каражаттарынын эсебинен каржыланат.
Саясий партия ушул статьянын 3-бөлүгүндө каралган жактарды кошпогондо, жеке жана юридикалык жактардан акча каражат жана башка мүлк түрүндөгү кошумчаларды кабыл алууга укуктуу, эгерде бул кошумчалар документтүү бышыкталган жана алардын булагы көрсөтүлгөн болсо.
Саясий партиялардын ишин төмөнкүлөрдүн эсебинен каржылоого тыюу салынат:
1) чет мамлекеттердин;
2) чет өлкөлүк юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн);
3) чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын;
4) эл аралык уюмдардын;
5) уюштуруучусу (акционерлери, мүчөлөрү, катышуучулары) чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар болгон Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактардын;
6) курагы он сегиз жашка жете элек адамдардын;
7) мамлекеттик бийликтин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын;
8) мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын;
9) уставдык капиталында мамлекеттик же муниципалдык үлүшү бар, ошондой эле салыкты, жыйымдарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча жеңилдиктерден пайдаланган юридикалык жактардын;
10) аскердик бөлүктөрдүн, аскердик мекемелердин жана уюмдардын;
11) укук коргоо органдарынын, соттордун;
12) кайрымдуулук уюмдардын;
13) диний уюмдардын;
14) жашыруун кошумча берүүчүлөрдүн. Жашыруун кошумча берүүчү деп - кошумча берүүдө төлөм документте төмөнкү маалыматтардын бирөөсүн: фамилиясын, атын, атасынын атын жана жашаган жерин көрсөтпөгөн же туура эмес маалымдарды көрсөткөн жаран же кошумча берүүдө төлөм документте төмөнкү маалыматтардын бирөөсү: салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, аталышы, банктык маалым даректери көрсөтүлбөгөн же туура эмес маалыматтарды көрсөткөн юридикалык жак таанылат;
15) эл аралык же чет өлкөлүк уюмдардан гранттарды жана башка каражаттарды алуучу жарандардын жана юридикалык жактардын;
16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталгандан баштап кошумча берген күнүнө чейин бир жыл боло элек юридикалык жактардын;
17) мамлекеттик бюджетке салыктар жана камсыздандыруу төгүмү боюнча карызы бар юридикалык жана жеке жактардын.
Эгерде саясий партияга ушул статьянын 3-бөлүгүндө каралган жеке жана юридикалык жактардан акча каражаттары келип түшкөн болсо, анда соттун чечими боюнча банктык же башка финансылык-кредиттик мекеме бул каражаттарды республикалык бюджетке которууга милдеттүү.
Саясий партиянын акча каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагында катталган банктардагы жана башка финансылык-кредиттик мекемелердеги эсебине гана жайгаштырылуусу мүмкүн.
Саясий партияларга чет өлкөлөрдүн аймагында жайгашкан банктарда жана башка финансылык-кредиттик мекемелерде акча каражаттарды, баалуу металлдарды жана башка баалуулуктарды сактоого тыюу салынат.
Саясий партиянын акча каражаттары жана башка мүлкү анын мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүлүүсү мүмкүн эмес жана уставдык максаттарга ылайык сарпталууга тийиш.».
5. 17-статьяда:
- «каражаттары» деген сөздөн кийин «кирүү жана» деген сөздөр менен толукталсын;
- «кредиттердин,» деген сөз алып салынсын.
6. Төмөнкүдөй мазмундагы 171-статья менен толукталсын:
«171-статья. Юридикалык жана жеке жактардын кошумчалары:
Саясий партиянын Кыргыз Республикасынын бир юридикалык жагынан алган ар жылдык кошумчаларынын жалпы суммасы беш миң эсептик көрсөткүчтөн ашпашы керек.
Саясий партиянын бир жеке жактан алган ар жылдык кошумчаларынын жалпы суммасы беш жүз эсептик көрсөткүчтөн ашпашы керек. Бул чектөөлөр саясий партиянын мүчөлөрүнүн анын уставынын негизинде төлөнүүчү мүчөлүк акыларына карата колдонулбайт.
Юридикалык жана жеке жактар саясий партияга кошумчаларды акча каражат түрүндө берүүдө саясий партиянын алыш-бериш эсебине накталай эмес эсептешүү эрежелерине ылайык которот.
Эгерде саясий партияга тиешелүү жактардан ушул статьянын 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн суммадан ашкан акча каражаты келип түшкөн болсо, анда соттун чечими боюнча банктык же башка финансылык-кредиттик мекеме бул каражатты республикалык бюджетке которууга милдеттүү.».
7. 19-статьяда:
- 1-бөлүктө «түзүшөт» деген сөз «түзүшү мүмкүн» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүктө «ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөндөн башка учурларда,» деген сөздөр алып салынсын.
8. 20-статья төмөнкүдөй редакциядагы 2-бөлүк менен толукталсын:
«Саясий партиянын келип түшкөн жана чыгымдалган каражаттары жөнүндө финансылык топтомо отчёту эки жылда бир жолу республикалык басылмаларда жана Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдумду даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылуучу мамлекеттик органдын расмий сайтында жарыяланат.».
9. Төмөнкүдөй мазмундагы 201-статья менен толукталсын:
«201-статья. Саясий партиялардын аудити
Саясий партиялар аудитордук иш жөнүндө мыйзамга ылайык жыл сайын милдеттүү аудиттен өтүүгө тийиш.».
2-берене
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 1998-жылдын 9-сентябры № 123-130) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Төмөнкүдөй мазмундагы 4021-статья менен толукталсын:
«4021-статья. Саясий партиялардын ишин каржылоонун талаптарын бузуу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык саясий партияларды каржылоого тыюу салынган субъекттер тарабынан саясий партияларды каржылоо, -
юридикалык жактарга мыйзамсыз кошумчаны конфискациялоо менен алты жүз эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, жана жеке жактарга мыйзамсыз кошумчаны конфискациялоо менен элүү эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Саясий партияларды чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок жактар тарабынан каржылоо, -
мыйзамсыз кошумчаны конфискациялоо менен жүз эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга жана Кыргыз Республикасынын чегинен администрациялык чыгарууга алып келет.».
2. 508-статьянын 1-бөлүгүндө:
«400» деген цифралардан кийин «4021,» деген цифралар менен толукталсын;
мамлекеттик тилдеги текстинде «4011, 4012, 4013» деген цифралар «4001, 4002, 4003, 4021,» деген цифралар менен алмаштырылсын.
3. 5561-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун жыйырма экинчи абзацы «354,» деген цифралардан кийин «4021,» деген цифралар менен толукталсын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти