Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-декабры № 709
"Кыргыз Республикасында инвестицнялар жөнγнде" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн корутундусу жѳнүндѳ
"Кыргыз Республикасынын Өкмѳтү жѳнүндѳ" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты З.И.Бекбоев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасында инвестициялар жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизγγ тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын «17» декабрындагы № 709 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-берснесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты З.И.Бекбоев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-пунктун инвестор менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органынын. юридикалык жана жеке жактардын ортосунда тузүлүүчү келишим катары түшүнүлгөн "инвестициялык макулдашуу" түшүнүгүн ачып берген жана инвестициялык иштин атайын режимин караштырган 4-1-пункт менен толуктоо сунушталат.
Ошондой болсо да. жогоруда аталган Мыйзамдын, ошондой эле сунушталган долбоордун «инвестициялык иштин атайын режими» түшүнүгүн ачып бербегендигин белгилей кетүү зарыл. Буга байланыштуу сунушталган толуктоо практикада ишке ашпай калат. Аталган атайын режим түшүнүгүн тактабай туруп белгиленген толуктоону киргизүү максатка ылайык келбейт.
Мындан тышкары Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 4-бөлүгүндө баяндалган. сунушталып жаткан 4-1-беренесинин редакциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмѳтү. ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тараптардын бири катары чыккан инвестициялык макулдашуу конкурс өткөрүү жолу менен түзүлөт.
Бирок Мыйзамдын долбоорунда конкурс өткөрүү аркылуу түзүлүүчү инвестициялык макулдашууларга карата талаптар белгиленген эмес, ошондой эле конкурс ѳткѳрүү тартибин аныктоо жана бекитүү боюнча ыйгарым укуктар компетенциясына кирген орган аныкталган эмес.
Жогоруда көрсөтүлгөн толуктоолор боюнча төмөнкүлөрдү эске алууну сунуштайбыз.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими - мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте күчүнѳ кирген, Кыргыз Республикасы бир же бир нече мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык укуктун башка субъекттери менен эл аралык мамиле тармагындагы укуктар жана милдеттер боюнча Кыргыз Республикасынын тең укуктуу жана ыктыярдуу макулдашуусу болуп эсептелген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими.
"Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 1-пунктуна ылайык эл аралык уюм инвестор катары чыгышы мүмкүн.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтү менен эл аралык уюмдардын ортосунда түзүлүүчү инвестициялык макулдашуу эл аралык келишим болуп саналып. аны түзүү тартиби жана күчүнѳ кирүүсү "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-главасы менен регламенттештирилет. Жогоруда аталган мыйзамда белгиленген эл аралык келишимдерди түзүү тартиби аларды конкурс өткөрүү жолу менен түзүүнү караштырбайт.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын жоболорунун ортосунда кандайдыр бир ылайык келбөөчүлүк болгон учурда инвестор үчүн эң жагымдуу жоболор артыкчылыктуу күчкө ээ боло тургандыгын белгилѳѳ сунушталат. Баяндалгандарды эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ушундай жобо киргизилет.
Ошону менен бирге ченемдик укуктук актылардын коллизияларын чечүү тартиби "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген. Аталган Мыйзамдын 32-беренесине ылайык. ченемдик укуктук актылардын ортосундагы коллизия пайда болгон учурда укуктук мамилелердин субъекттери кыйла жогорку юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыны жетекчиликке алышат. Бирдей юридикалык күчкѳ ээ болгон ченемдик укуктук актылардын ортосунда коллизия келип чыкканда жана эгерде алардын бири дагы кыйла жогорку юридикалык күчкө ээ болгон актыга каршы келбеген учурда укуктук мамилелердин бул чөйрөсүн жѳнгө салуучу актынын жоболору колдонулат.
Мындан тышкары. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлугүнүн 2-пункту боюнча сот органдары кѳз каранды эмес жана бардык ченемдик укуктук актылардын жыйындысына, ошондой эле ар бир конкреттүү иштин материалдарына жараша чечим чыгара тургандыгын белгилей кетүү зарыл. Мыйзамдарда белгиленген соттук териштирүүлөрдү жүргүзбөй жана ишти толук карабай туруп соттор тараптардын бирин күн мурунтан жактай алышпайт.
Буга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн жана 3-бөлүгүнүн 2-пунктун алып салууну сунуштайбыз.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын эске алуу менен мамлекеттик каражаттардын эсебинен товарларды. жумуштарды. кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматтарды толук же жарым-жартылай сатып алууда, анын ичинде тендер ѳткөрбөстөн бир булактан товарларды. жумуштарды жана кызмат көрсѳтүүлөрдү сатып алуу методу, ошондой эле объекттерди долбоорлоого, финансылоого, курууга, калыбына келтирүүгө, реконструкциялоого мамлекеттик өнѳктѳштүн жеке ѳнөктѳштү тартуу маселелери боюнча мамлекеттик жана жеке өнөктөштѳрдүн өз ара аракеттенүү тартибин, ошондой эле мурдагы же жаңы түзүлгѳн объекттерди. анын ичинде инфратүзүмдүк объекттерди башкарууну регламенттөѳчү "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жекече ѳнѳктѳштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонуучу түз сүйлөшүүлөр аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү инвестициялык макулдашууларды түзгөн учурларды аныктаган 4-1-берененин 2-пунктунун сунушталган редакциясын кайра караштыруу зарыл.
4-1-берененин сунушталган редакциясында инвестициялык макулдашуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган жеңилдиктерди берүүнү караштырышы мүмкүн экендиги айтылат. Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү инвестициялык макулдашуунун жоболоруң ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдардын аларды сакташын жана аткарышын кепилдейт.
Бул жобо боюнча "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндѳ" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бѳлүгүнө ылайык Өкмөт коллегиялык орган болуп саналып, Кыргыз Республикасындагы аткаруу бийлик органдарынын бир типтүү тутумун башкарып. алардын ишин жетектей тургандыгын белгилей кетүү зарыл. Мына ошентип Кыргыз Республикасынын Өкмөтү башка мамлекеттик органдардын инвестициялык макулдашууларынын. ошондой эле ал тарап болуп саналбаган инвестициялык макулдашуулардын жоболорун башка мамлекеттик органдардын сакташына жана аткарышына кепил боло албайт.
Мындан тышкары "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 7-пунктунда экономиканын приоритеттүү тармактарында жана социалдык чөйрөдө, ошондой эле мамлекеттик ѳнүктүрүү программаларына (долбоорлорго) жараша республиканын белгилүү бир аймактарында инвестицияларды ишке ашырган инвесторлорго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инвестициялык жеңилдиктер каралышы мүмкүн экендигин белгиленген.
Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун 4-1-беренесинин сунушталган редакциясында эгерде инвестициялык макулдашуу "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 2-пунктунда көрсѳтүлгөн ченемдик укуктук актылардан тышкары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кабыл алынгандан башка жөнгө салууну белгилесе, мындай инвестициялык макулдашууну жөнгө салуу боюнча бул макулдашуунун ченемдери колдонулат. - деп белгилеп жатат.
Бирок, түзүлүүчү инвестициялык макулдашуулар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына негизделүүгө жана аларга ылайык келүүгө тийиш жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген жоболорду камтыбашы керектигин белгилейбиз. Ошондой эле сунушталган жобо коррупциялык багытка ээ экендигин белгилейбиз.
Ошол эле учурда долбоордун жоболорун "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндѳ" "Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-главасынын ченемдерин эске алуу менен кайра каран чыгуу керектигин билдиребиз.
Атап айтсак. "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын беренелеринин структуралык бѳлүктѳрү болуп бѳлүктѳр эмес. пункттар эсептелээрине кѳңүлдү бурабыз (долбоордун 1-беренесинин 4-бөлүгү боюнча сын пикир). Мында жаңы пункттар менен пункт эмес. берене толукталышы мүмкүн (долбоордун 1-беренесинин 1-бөлүгү боюнча сын пикир). 4-1-берене менен жогоруда айтылып жаткан Мыйзамдын 1-главасы эмес. 2-главасы толукталууга тийиш (долбоордун 1-беренесинин 4-бөлүгү боюнча сын пикир).
Мындан тышкары "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндө" "Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22 жана 23-беренелерине ылайык сунушталган долбоор ченем жаратуучу органдын расмий сайтында жайгаштыруу аркылуу коомдук талкууга алынууга тийиш. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун мөөнөтү кеминде бир айды түзөт. Коомдук талкуулоонун натыйжалары жөнүндө информация долбоордун негиздеме-маалымкатында чагылдыры.тууга тийиш (аталган Мыйзамдын 25-беренеси). Мында, берилген негиздеме-маалымкат аталган Мыйзамдын 25-беренссинин талаптарына ылайык эместигин белгилейбиз.
Аталган мыйзамдын 19-беренесине ылайык ишкердик жүргүзүγнү жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген методикага ылайык жөнгө салынуучу таасирдин анализинен өтүүгө тийиш. Жөнгө салуу таасиринин анализи ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуучу тарабынан ишке ашырылат жана камсыз кылынат.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мыйзамдын долбоорунун сунушталган редакциясын кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.