Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-декабры № 712
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат
жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору (макулдашуу боюнча) аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-бап. Жалпы жоболор
2-бап. Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты башкаруу
3-бап. Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу
4-бап. Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын укуктук абалы
5-бап. Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты өтөө тартиби
6-бап. Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын ишине дем берүү, тартиптик жоопкерчилиги
7-бап. Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын социалдык кепилдиктери
8-бап. Мамлекеттик жарандык кызматтагы жана муниципалдык кызматтагы этика жана коррупцияга каршы механизмдер
9-бап. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын токтотулушу
10-бап. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү
Ушул Мыйзамдын колдонулушу мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууга, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Кыргыз Республикасынын жарандарынын кесиптик кызматтык ишинин жолун жолдоочулугун, туруктуулугун жана көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталган.
Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
кесиптик кызматтык иш – тийиштүү кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптарга ылайык атайын билимдери жана көндүмдөрү бар Кыргыз Республикасынын жарандары жүзөгө ашыруучу эмгек иши;
мамлекеттик кызмат - мамлекеттик органдардагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын кесиптик кызматтык иши. Мамлекеттик кызмат өзүнө мамлекеттик жарандык кызматты, аскердик кызматты, укук коргоо кызматын жана дипломатиялык кызматты камтыйт;
мамлекеттик жарандык кызмат (мындан ары – кызмат) - Кыргыз Республикасынын Конституциясында (мындан ары – Конституция) жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында (мындан ары – ченемдик укуктук актылар) аныкталган милдеттерди, функцияларды жана бийликтин ыйгарым укуктарын туруктуу негизде жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик органдардагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын кесиптик кызматтык ишин билдирген мамлекеттик кызматтын түрү;
муниципалдык кызмат (мындан ары – кызмат) – Конституцияда жана башка ченемдик укуктук актыларда аныкталган милдеттерди, функцияларды жана бийликтин ыйгарым укуктарын туруктуу негизде жүзөгө ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын кесиптик кызматтык иши;
аскердик кызмат – мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрдө жана мамлекеттик органдарда жарандардын жалпы аскердик милдеттерин аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын өзгөчө түрү;
укук коргоо кызматы – коопсуздукту, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча функцияларды жүзөгө ашырган укук коргоо органдарындагы кызмат орундарында Кыргыз Республикасынын жарандарынын кесиптик кызматтык ишин билдирген мамлекеттик кызматтын түрү;
дипломатиялык кызмат – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын курамдык бөлүгү болуп саналат жана дипломатиялык кызмат, өкүлчүлүк, эл аралык мамилелер, Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын практикалык жүзөгө ашыруу чөйрөсүндө мамлекеттин кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу жана коргоо боюнча органдарынын кызматкерлери болуп эсептелген Кыргыз Республикасынын жарандарынын кесиптик ишин өзүнө камтыйт;
мамлекеттик жарандык кызматчы (мындан ары – кызматчы) – мамлекеттик органда администрациялык кызмат ордун ээлеген жана кызмат орду боюнча берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча кесиптик кызматтык ишти республикалык бюджеттин каражаттарынан акчалай сыйакы алуу менен туруктуу негизде жүзөгө ашырган жана аларды аткаруу үчүн жоопкерчилик тарткан Кыргыз Республикасынын жараны;
муниципалдык кызматчы (мындан ары – кызматчы) – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында администрациялык кызмат ордун ээлеген жана кызмат орду боюнча берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча кесиптик кызматтык ишти жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан акчалай сыйакы алуу менен туруктуу негизде жүзөгө ашырган жана аларды аткаруу үчүн жоопкерчилик тарткан Кыргыз Республикасынын жараны;
мамлекеттик орган – Конституцияга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык туруктуу негизде уюмдаштырылган, мамлекеттик бийликтин функцияларын жүзөгө ашырууга, аткаруу үчүн милдеттүү болгон чечимдерди кабыл алууга жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылууга ыйгарым укуктуу республикалык бюджеттен каржылануучу орган.
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы – Конституцияга жана ченемдик укуктук актыларга ылайык туруктуу негизде уюмдаштырылган, тийиштүү администрациялык–аймактык бирдиктин чек араларында өкүлчүлүктүү жана аткаруу функцияларын жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча аткаруу үчүн милдеттүү чечимдерди кабыл алууга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылууга ыйгарым укуктуу жергиликтүү бюджеттен каржылануучу орган;
мамлекеттик кызмат орду – Конституцияда жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган кызмат орду же ошол органдын ыйгарым укуктарын аткаруу жана камсыз кылуу боюнча аны ээлеген адамдын милдеттери менен мамлекеттик органдын штаттык бирдиги катары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында (мындан ары – мыйзамдар) белгиленген тартипте уюмдаштырылган кызмат орду. Мамлекеттик кызмат орундары саясий, атайын жана администрациялык болуп бөлүнөт;
- саясий мамлекеттик кызмат орду – кызмат орду, аны ээлеген адам бийликтин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат жана саясий программаларды жана долбоорлорду турмушка ашырууга багытталган саясий-аныктоочу чечимдерди кабыл алат, Конституцияда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген ыйгарым укуктардын алкагында коюлган саясий максаттар менен милдеттерди ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик тартат;
- атайын мамлекеттик кызмат орду – кызмат орду, аны ээлеген адам саясий-аныктоочу чечимдерди кабыл алуу менен байланышпаган контролдук-көзөмөлдөөчү, соттук же башка атайын мүнөздөгү чечимдерди кабыл алуу жана иш-аракеттердин өндүрүшү боюнча бийликтин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат;
- администрациялык мамлекеттик кызмат орду (мындан ары – администрациялык кызмат орду) – ыйгарым укуктардын жана жоопкерчиликтин белгиленген көлөмдөрү менен мамлекеттик органдын штаттык бирдиги катары уюмдаштырылган, мамлекеттик органдын милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн түзүлгөн кызмат орду;
муниципалдык кызмат орду – Конституцияда жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган кызмат орду же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте ушул органдын ыйгарым укуктарын аткаруу жана камсыз кылуу боюнча иштеген адам үчүн милдеттердин кандайдыр бир чөйрөсү менен уюмдаштырылган кызмат орду. Муниципалдык кызмат орундары саясий жана администрациялык деп бөлүнөт;
саясий муниципалдык кызмат орду – тике же кыйыр шайлоо аркылуу шайлануучу, бийликтин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу жана саясий программаларды жана долбоорлорду турмушка ашырууга багытталган саясий-аныктоочу чечимдерди кабыл алуучу Конституцияда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде тийиштүү администрациялык-аймактык бирдикте коюлган саясий максаттарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү жамааттын алдында жоопкерчилик тарткан жергиликтүү кеңештин депутатынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат орду;
администрациялык муниципалдык кызмат орду (мындан ары – администрациялык кызмат орду) – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктардын жана жоопкерчиликтин белгиленген көлөмү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын штаттык бирдиги катары уюмдаштырылган кызмат орду;
мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестри – мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча унификацияланган жана классификацияланган саясий, патронаттык кызмат орундарынын, ошондой эле атайын жана администрациялык кызмат орундарынын тизмеги;
мансаптык пландоо - мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын ишин, кесипкөйлүгүн жана моралдык сапаттарын баалоо тутумунун негизинде келечекте кызмат боюнча жогорулоого багытталган иш-аракеттердин комплекси;
патронаттык кызмат орду – саясий мамлекеттик кызмат ордун, атайын мамлекеттик кызмат ордун жана саясий муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдардын ишмердигин камсыз кылган консультанттар, кеңешчилер жана жардамчылар үчүн түзүлгөн кызмат орду;
кызматчыларды кайра даярдоо - кесиптик иштин жаңы түрүн аткаруу, кызматчылардын квалификациясын кеңейтүү, алардын өзгөргөн экономикалык жана социалдык шарттарга ыңгайлашуусун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон кошумча билимдерге, ыкмаларга, көндүмдөргө ээ болуу, адаптациялоо максатында жүзөгө ашырылуучу окутуу;
кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу - өзүнүн кызматтык милдеттерин натыйжалуу аткаруу, кошумча кесиптик билим берүү программаларын, анын ичинде эл аралык талаптарды жана стандарттарды эске алуу менен өздөштүрүү үчүн кызматчылардын иш чөйрөсүндөгү теориялык жана практикалык билимдерин, ыкмаларын жана көндүмдөрүн жаңыртуу максатында жүзөгө ашырылуучу окутуу.
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдар Конституциядан, ушул Мыйзамдан, башка мыйзамдардан жана ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, кызматчыларга эмгек жана социалдык коргоо жөнүндө мыйзамдар колдонулат.
1. Ушул Мыйзамдын колдонулушу мамлекеттик жарандык кызматтагы жана муниципалдык кызматтагы администрациялык кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга жайылтылат.
2. Аскердик, укук коргоо жана дипломатиялык кызматтардагы администрациялык кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылардын иши, алардын кесиптик иши атайын мыйзамдар менен жөнгө салынбаган даражада ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.
3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу мамлекеттик кызматчынын жана анын жакын туугандарынын кирешелери жана чыгашалары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларация берүү бөлүгүндө аскердик, укук коргоо жана дипломатиялык кызматтардагы администрациялык кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларга жайылтылат.
4. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
- саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган адамдарга;
- патронаттык кызмат орундарын ээлеп турган адамдарга;
- аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча жана башка иштерди жүзөгө ашырган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган органдарда, мекемелерде, ишканаларда жана уюмдарда эмгектенген кызматчыларга, анын ичинде ушул мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерине;
- мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген техникалык жана тейлөөчү персоналдагы адамдарга.
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат мамлекеттик башкаруу тутумунун бирдиктүүлүгүнө жана бүтүндүгүнө негизденет жана төмөнкү принциптерге таянат:
1) Конституциянын үстөмдүгүнө;
2) туруктуулукка жана жолун жолдоочулукка;
3) кесипкөйлүккө, компетенттүүлүккө жана демилгелүүлүккө;
4) кызматка кирип жатканда жынысына, расасына, тилине, майыптуулугуна, этностук таандыктыгына, диний ишенимине, саясий же башка ынанымдарына, ата тегине, мүлктүк же башка абалдарына карабастан Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдей жеткиликтүү болуусуна;
5) кесиптик жактан сиңирген эмгегинин негизинде кызматка көтөрүлүүгө;
6) кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн тартиптүү болууга жана жеке жоопкерчиликке;
7) кызматчылардын укуктук, экономикалык жана социалдык жактан корголуусуна, анын жана үй-бүлөсүнүн татыктуу турмуш деңгээлинин кепилденилишине;
8) кызматчылардын ишине саясий, диний таасир тийгизүүнү жана мыйзамсыз кийлигишүүнү болтурбашына.
1. Мамлекеттик жарандык кызматты башкаруу тутумун төмөнкүлөр түзөт:
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңеш;
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- мамлекеттик органдардын статс-катчылары (мындан ары - статс-катчы);
- мамлекеттик органдардын персоналын башкаруу кызматы же болбосо персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам.
2. Муниципалдык кызматты башкаруу тутумун төмөнкүлөр түзөт:
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңеш – муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү саясатты калыптандыруу бөлүгүндө;
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - муниципалдык кызматтын саясатын иштеп чыгуу жана аны ишке ашырууну камсыз кылуу бөлүгүндө;
- шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппараттарынын жетекчилери жана айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчылары;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын персоналды башкаруу кызматы же болбосо персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам.
1. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңеш (мындан ары – Кеңеш) мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги органдары, ошондой эле жарандык коом аркылуу мамлекеттин кызыкчылыгын билдирген мамлекеттик жарандык кызматты өнүктүрүү стратегиясын калыптандырган коллегиалдуу орган болуп саналат.
2. Кеңеш муниципалдык кызматтын саясатын калыптандыруу маселелерин Конституцияда белгиленген мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүп ажыратуу принцибинин негизинде жөнгө салат.
3. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө демилге кылынган мыйзам долбоорлору Кеңештин оң корутундусунун негизинде гана кабыл алынат.
4. Кеңештин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу саясатын иштеп чыгуу;
2) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат тутумуна коррупцияга каршы механизмдерин киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
3) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат маселелери боюнча ченемдик укуктук базаларды калыптандыруунун артыкчылыктарын аныктоо;
4) конкурстук тандоо жана статс-катчылардын кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлерди сунуштоо;
5) статс-катчыларга аттестация өткөрүү жана статс-катчылардын рейтингин аныктоо;
6) статс-катчылардын мыйзамсыз иш-аракеттерине болгон даттанууларды кароо, кызматтык териштирүүлөрдү дайындоо;
7) статс-катчыларды ротациялоого же кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү же макулдук берүүдөн баш тартуу;
8) мыйзамдарда каралган учурларда статс-катчыларды кызмат ордундарынан бошотуу жөнүндө маселени демилгелөө.
5. Кеңеш мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат тутумундагы иштин жалпы абалы жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу чаралары тууралуу мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин маалыматын угат.
6. Кеңештин курамына төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) тарабынан үч жылдык мөөнөткө дайындалган парламенттик көпчүлүктүн бир өкүлү (Кеңештин төрагасынын орун басары) жана парламенттик оппозициянын бир өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары – Президент) тарабынан үч жылдык мөөнөткө дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентинин бир өкүлү (Кеңештин төрагасынын орун басары);
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (мындан ары – Премьер-министр) тарабынан үч жылдык мөөнөткө дайындалган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары – Өкмөт) эки өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары – Жогорку сот) төрагасы тарабынан үч жылдык мөөнөткө Жогорку соттун мүчөлөрүнүн ичинен дайындалган Жогорку соттун бир өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун төрагасы тарабынан үч жылдык мөөнөткө дайындалган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эки өкүлү;
- туруктуу негизде мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси (Кеңештин төрагасы).
7. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кеңештин жумушчу органы болуп саналат.
8. Кеңештин иш тартиби Президент тарабынан бекитилген Регламент менен аныкталат.
1. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу максатында Президент тарабынан мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) түзүлөт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды Президент тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана бошотулуучу жетекчи башкарат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирген маселелер боюнча Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн жана башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жыйындарына катышууга укуктуу.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты өркүндөтүү боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн аны талдоо, мониторинг жүргүзүү жана иштешин баалоо;
- улуттук жана мамлекеттик программалык концепциялардын жана документтердин, ошондой эле Кеңештин чечимдеринин негизинде кадр саясатындагы стратегиялык максаттарга жана милдеттерге жетишүүдө оперативдүү башкарууну багыттоо;
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү кадр саясатын ишке ашыруу үчүн жетиштүү деңгээлдеги ыйгарым укуктарга жана дараметке ээ болгон башкаруу аппаратын калыптандыруу;
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана макулдашуу, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө демилге кылынган мыйзам долбоорлоруна андан ары Кеңештин кароосуна киргизүү менен милдеттүү түрдө корутунду берүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин иштеп чыгуу;
- статс-катчыларды ротациялоо же ээлеген кызмат ордуна ылайык келүүсү жөнүндө маселени Кеңештин кароосуна демилгелөө;
- кызматчынын этикасынын ченемдерин иштеп чыгуу;
- тутумдуу деңгээлде кызматчылардын мансап боюнча өсүүсүн уюштуруу;
- мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) тутумун киргизүү, өнүктүрүү жана тескөө;
- администрациялык бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди тестирлөөнү уюштуруу жана өткөрүү;
- кызматтык териштирүү жүргүзүүдө жана бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди полиграфтан тестирлөөнү уюштуруу жана өткөрүү;
- мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка талапкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо;
- мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын улуттук жана ички резервдерин калыптандыруунун жана иштешинин механизмдерин ишке ашыруу;
- кызматчылардын жана кадрлар резервинде турган адамдардын окутууга болгон жалпы муктаждыгын калыптандыруу, пландоо жана болжолдоо;
- мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кадрлар резервин натыйжалуу пайдалануу;
- кызматчыларды окутуу, квалификациясын жогорулатуу жана кызматчыларды кайра даярдоо боюнча мамлекеттик билим берүү программаларын макулдашуу;
- кызматчыларды окутууга мамлекеттик тапшырыкты түзүү, ошондой эле мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө илимий жана изилдөө иштерин уюштуруу;
- кызматчыларды окутуу чөйрөсүндө донордук жардамды координациялоо;
- кызматчыларды окутуу натыйжалуулугун жана таасирдүүлүгүн баалоо;
- методикалык жардам берүү, консультацияларды жана окутуу иш-чараларын өткөрүү аркылуу мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында насаатчылык институтун түзүүгө көмөктөшүү;
- статс-катчылардын жана мамлекеттик органдардын аппарат жетекчилеринин иштерине рейтинг жана мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу;
- муниципалдык кызмат маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин жана жооптуу катчыларынын иштерине мониторинг жүргүзүү;
- кызматчылар тарабынан этиканын ченемдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүү;
- мамлекеттик кадр саясаты, мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты өтөө маселелери боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына консультативдик, методикалык жана маалыматтык жардам көрсөтүү;
- кызматчылардын кесипкөйлүгүн жогорулатууга өбөлгөлөөчү материалдык жана материалдык эмес жүйөлөштүрүү тутумун түзүү;
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө статистикалык отчёттуулукту түзүү;
- мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын актуалдуу проблемалары боюнча талкууларды уюштуруу жана сунуштарды иштеп чыгуу;
- кызматчылардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу;
- терс негиздер боюнча ээлеген кызмат ордунан бошотулган кызматчылардын маалымат базасын түзүү.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мыйзамдарга ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.
5. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүүнүн тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.
1. Мамлекеттик жарандык кызмат иштеп турган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында статс-катчынын кызмат орду уюмдаштырылат.
2. Мыйзамдар менен Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарында статс-катчынын кызмат орду уюмдаштырылышы мүмкүн.
3. Статс-катчы мамлекеттик органдарда жогорку администрациялык кызмат ордун ээлеген мамлекеттик кызматчы болуп саналат.
4. Статс-катчынын кызмат орду туруктуу болуп саналат жана укуктук статусу боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басарынын кызмат ордуна теңештирилет.
5. Статс-катчынын кызмат орду уюмдаштырылбаган мамлекеттик органдарда ушул Мыйзамдын жоболорунун аткарылышы ошол органдардын аппарат жетекчилерине жүктөлөт.
6. Статс-катчынын кызмат ордун ээлеп турган адам мамлекеттик органдын жетекчисинин отставкасына жана кызмат ордунан бошошуна байланыштуу бошотулбайт.
7. Статс-катчы ушул Мыйзамга ылайык:
- мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
- мамлекеттик органдардын максаттарына жана милдеттерине жетишүүсү боюнча анын ишин уюштурууну камсыз кылат;
- мамлекеттик органдардын ишинин стратегиялык, келечектеги пландарын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана кызматчылардын пландарын иштеп чыгууну уюштурат;
- программалык бюджетти иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн жооп берет;
- мамлекеттик органдын башкаруу түзүмүн иштеп чыгат;
- мамлекеттик органдын персоналды башкаруу кызматынын ишин уюштурат;
- кызматчылардын мансаптык өсүүсүн пландоо боюнча ишти камсыз кылат;
- мамлекеттик органдарда кадрларды тандоону жана жайгаштырууну уюштурат;
- коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгат жана алардын ишке ашырылышын уюштурат;
- башкаруунун жаңы технологияларын, анын ичинде процесстерди автоматташтырууну жана электрондук башкарууну ишке киргизүүнү уюштурат;
- колдоо функцияларын, анын ичинде финансылык, материалдык жана адам ресурстарын башкарууну жүзөгө ашырат;
- кызматчылардын дараметин жогорулатууну камсыз кылат;
- кызматчыларды материалдык жана материалдык эмес жүйөлөштүрүүнүн механизмдерин иштеп чыгат;
- мамлекеттик органдын ишине мониторинг жүргүзүү тутумун иштеп чыгат жана иштешин камсыз кылат;
- аткаруу жана эмгек тартиби үчүн контролдоону жүзөгө ашырат;
- таламдардын кагылышуусун алдын алуу, аныктоо жана чечүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- кызматчылардын ишин баалоону (мындан ары - баалоо) жүргүзүүнү уюштурат;
- мамлекеттик органдын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт.
8. Мамлекеттик органдын жетекчиси жок болгондо анын милдетин аткарган учурларды кошпогондо, статс-катчыга мамлекеттик органдын тармактык функцияларын ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктар берилиши мүмкүн эмес.
9. Статс-катчы төмөнкүлөргө отчёт берет жана жоопкер болуп саналат:
- мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу үчүн - Кеңештин алдында;
- ушул Мыйзам менен жүктөлгөн милдеттердин чегинде мамлекеттик органдын максаттарына жана милдеттерине жетишүү боюнча анын ишин уюштуруу үчүн - мамлекеттик органдын жетекчисинин алдында.
10. Статс-катчынын ишин баалоо жыл сайын Кеңеш тарабынан рейтингдин жыйынтыктарын эске алуу менен жүргүзүлөт.
11. Статс-катчыны ротациялоо үч жылда 1 жолудан ашырбай жүргүзүлөт. Эгерде жагдайлар мамлекеттик жарандык кызматка олуттуу зыян келтирүүнүн алдын алуу үчүн ушул сыяктуу чараларды көрүүнү талап кылса, анда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ротациялоонун мөөнөтү келип жеткенге чейин статс-катчыны ротациялоо боюнча сунушту киргизиши мүмкүн.
12. Статс-катчыны аттестациялоо үч жылда бир жолу Кеңеш тарабынан жүргүзүлөт, анын жыйынтыгы боюнча статс-катчынын ээлеген кызмат ордуна шайкештиги аныкталат.
13. Статс-катчынын бош кызмат ордун ээлөөгө тандоо конкурстук негизде, талапкердин квалификациялык талаптарга шайкештигин эске алуу менен Кеңеш тарабынан жүзөгө ашырылат.
14. Статс-катчынын кызмат ордуна талапкерлерди тандоодо, Кеңештин жыйынына мамлекеттик органдын жетекчиси чакырылат, ал Кеңештин жыйынына кеңешүүчү добуш берүү укугу менен катышат.
15. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарындагы статс-катчы мамлекеттик органдын жетекчисинин макулдугу менен Кеңештин сунушу боюнча Премьер-министр тарабынан 5 жумушчу күндүн ичинде дайындалат.
Премьер-министр мамлекеттик органдын жетекчиси макул болбогон учурда конкурсту кайра өткөрүү зарылчылыгы жөнүндө Кеңешке андан ары кабарлоо менен статс-катчынын кызмат ордуна талапкерди четке кагууга укуктуу.
Конкурс кайрадан өткөрүлгөн учурда конкурстан өткөн адам Кеңештин сунушу боюнча Премьер-министр тарабынан 5 жумушчу күндүн ичинде дайындалат.
16. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарындагы статс-катчы ээлеген кызмат ордунан төмөнкү учурларда Премьер-министр тарабынан бошотулат:
- Кеңештин сунушу боюнча – мамлекеттик органдын жетекчисинин макулдугу менен;
- мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча – Кеңештин макулдугу менен.
17. Башка мамлекеттик органдардагы статс-катчыны кызмат ордуна дайындоонун жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби ушул Мыйзамда белгиленген жол-жоболорго ылайык ушул мамлекеттик органдар карамагында болгон жогору турган мамлекеттик орган (кызмат адамы) тарабынан аныкталат.
18. Статс-катчынын кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда башкы кызмат орундарында иштеген 5 жылдан кем эмес жыйынды стажы же иштин башка чөйрөлөрүндө 7 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы, бирок бир эле учурда мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтардагы башкы кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иштеген жыйынды стажы бар адамдар ээлей алат.
19. Статс-катчы жөнүндө жобо Кеңеш тарабынан иштелип чыгат жана Өкмөт тарабынан бекитилет.
1. Шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аппарат жетекчинин кызмат орду түзүлөт.
2. Айыл өкмөттөрүндө жооптуу катчынын кызмат орду түзүлөт.
3. Аппарат жетекчи, жооптуу катчы:
- муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын максаттарына жана милдеттерине жетишүү боюнча анын ишин уюштурууну камсыз кылат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишинин стратегиялык, келечектеги пландарын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана кызматчылардын пландарын иштеп чыгууну уюштурат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналын башкаруу кызматынын ишин уюштурат;
- кызматчылардын мансаптык пландоосун камсыз кылат;
- кадрларды тандоону жана жайгаштырууну уюштурат;
- коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгат жана алардын ишке ашырылышын уюштурат;
- башкаруунун жаңы технологияларын, анын ичинде процессти автоматташтырууну жана электрондук башкарууну ишке киргизүүнү уюштурат;
- колдоо функцияларын, анын ичинде финансылык, материалдык жана адам ресурстарын башкарууну жүзөгө ашырат;
- таламдардын кагылышуусун алдын алуу, аныктоо жана чечүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- кызматчылардын дараметин жогорулатууну камсыз кылат;
- кызматчыларды материалдык жана материалдык эмес жүйөлөштүрүүнүн механизмдерин иштеп чыгат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишине мониторинг жүргүзүү тутумун иштеп чыгат жана иштешин камсыз кылат;
- аткаруу жана эмгек тартиби үчүн контролдоону ишке ашырат;
- кызматчылардын ишин баалоону (мындан ары – баалоо) жүргүзүүнү уюштурат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт.
1. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналын башкаруу кызматы (мындан ары - персоналды башкаруу кызматы) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрдык дараметин калыптандыруу, өнүктүрүү жана кесипкөйлүк жактан өркүндөтүү максатында түзүлөт.
2. Персоналды башкаруу кызматы мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
3. Персоналды башкаруу кызматы:
- мансаптык пландоо боюнча ишти жүзөгө ашырат;
- кадрлардын резервин калыптандырат жана аны жүргүзөт;
- кадрларды тандоону жана эсепке алууну уюштурат, кадр маселелери боюнча иш кагаздарын жүргүзөт;
- эмгек тартибин камсыз кылуу, баалоо жана конкурстарды өткөрүү менен байланышкан иштерди уюштурат;
- мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты өтөөгө байланышкан чектөөлөрдү сактоону камсыз кылат;
- кызматчылар тарабынан декларацияларда көрсөтүлгөн маалыматтарга алгачкы баалоо жүргүзүүнү (верификация, валидация) камсыз кылат;
- кадрларды окутуу, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти уюштурат;
- кызматчылардын ишинин натыйжалуулугун баалоо боюнча ишти уюштурат;
- мамлекеттик кызматчыларды жүйөлөштүрүү тутумун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизет;
- кызматчыларды ротациялоо схемасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ишти жүзөгө ашырат;
- таламдардын кагылышуусун алдын алуу, аныктоо жана чечүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
- тейлеген иш чөйрөсүн регламенттөөчү ченемдик укуктук актылардын, типтүү келишимдердин жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат.
4. Персоналды башкаруу кызматы жөнүндө типтүү жобо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
5. Персоналды башкаруу кызматынын аталышы, түзүмү жана штаттык саны мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.
1. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жүктөлгөн милдеттердин жалпы комплексине байланыштырылган кызмат орундарынын тутумуна негизделет.
2. Тутумдун иштеши кызматчылардын мансаптык пландоосунун негизинде жогорулатуу менен камсыз кылынат.
3. Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелердин төмөнкү чөйрөсүн камтыйт:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын реестрин түзүү аркылуу кызмат орундардын иерархиясын белгилөө;
- кызмат орундарына карата квалификациялык талаптарды жана кызматка кирүүнүн эрежелерин белгилөө;
- кадрларды даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу;
- кызмат боюнча жогорулоонун тартибин жана жол-жоболорун бекитүү;
- кызматчыларды жүйөлөштүрүү жана жоопкерчилик тутумун киргизүү;
- кызматтан бошотуунун тартибин аныктоо.
4. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат өзүнө төмөнкү этаптарды камтыган бүтүндөй циклди билдирет:
- кызматка кирүү;
- кызмат өтөө;
- кызматты токтотуу.
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестри (мындан ары – кызмат орундарынын реестри) төмөнкүлөрдөн турат:
- топторго, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бөлүнбөгөн кызмат орундарынын аталыштарын камтыган саясий, атайын жана патронаттык кызмат орундарынын реестри;
- топтор жана категориялар, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча бөлүнгөн кызмат орундарынын аталыштарын камтыган администрациялык кызмат орундарынын реестри;
- топтор, категориялар жана мамлекеттик органдар боюнча бөлүнгөн, кызмат орундарынын аталыштары камтылган Куралдуу күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын администрациялык кызмат орундарынын реестри.
2. Кызмат орундарынын реестри Президент тарабынан бекитилет.
1. Администрациялык кызмат орундары төмөнкү топторго бөлүнөт:
- жогорку кызмат орду;
- башкы кызмат орду;
- улук кызмат орду;
- кенже кызмат орду.
2. Администрациялык кызмат орундарынын топторунун ичинде кызмат орундарынын реестри менен белгиленүүчү категориялар түзүлүшү мүмкүн.
1. Администрациялык кызматчыларга карата квалификациялык талаптарга төмөнкү талаптар киргизилет:
- стажга жана адистик боюнча иш тажрыйбага жана тийиштүү кесиптик ыкмаларга карата;
- администрациялык кызмат орундарынын категориясын жана тобун эске алуу менен билимдин деңгээлине жана тармагына карата.
2. Администрациялык кызмат орундарын ээлөө үчүн иш стажына карата төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет:
- кенже кызмат орду - иш стажына талаптар коюлбайт;
- улук кызмат орду - мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же тийиштүү кесиптик чөйрөдө үч жылдан кем эмес иш стажы;
- башкы кызмат орду - мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы үч жылдан кем эмес же тийиштүү кесиптик чөйрөдө беш жылдан кем эмес иш стажы;
- жогорку кызмат орду - мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы беш жылдан кем эмес же тийиштүү кесиптик чөйрөдө жети жылдан кем эмес иш стажы.
3. Администрациялык кызмат орундарына билим деңгээлине карата төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет:
- кенже кызмат орду – мамлекеттик жарандык кызматчылар үчүн жогорку билим, муниципалдык кызматчылар үчүн жогорку же орто кесиптик билим;
- улук, башкы жана жогорку кызмат орундары – жогорку билим.
4. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери ар бир администрациялык кызмат орду боюнча квалификациялык талаптарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Өкмөт тарабынан бекитилген типтүү квалификациялык талаптардын негизинде бекитет.
1. Класстык чен - бул администрациялык кызмат ордун ээлеген кызматчылардын ар бирине өзүнчө ыйгарылуучу атайын наам.
2. Класстык чендер администрациялык кызмат орундарынын топторуна жана категорияларына ылайык келет.
3. Класстык чендер, ушул Мыйзамдын 16-беренесинин 11-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, кызматчылардын ишин баалоонун жыйынтыгы боюнча ыйгарылат.
4. Мамлекеттик жарандык кызматчыларга төмөнкү класстык чендер ыйгарылышы мүмкүн:
- мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспектору;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
5. Муниципалдык кызматчыларга төмөнкү класстык чендер ыйгарылышы мүмкүн:
- муниципалдык кызматтын кенже инспектору;
- муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспектору;
- муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси.
1. Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспекторунун, муниципалдык кызматтын кенже инспекторунун класстык чени кенже кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга ыйгарылат.
2. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспекторунун, муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспекторунун класстык чени улук кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга ыйгарылат.
3. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчилеринин, муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчилеринин класстык чени башкы кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга ыйгарылат.
4. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчилеринин, муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы муниципалдык кеңешчилеринин класстык чени жогорку кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга ыйгарылат.
5. Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспекторуна, мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспекторуна, мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчисине класстык чендерди ыйгаруу, алып салуу, төмөндөтүү статс-катчынын сунушу боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.
6. Муниципалдык кызматтын кенже инспекторуна, муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспекторуна класстык чендерди ыйгаруу, алып салуу, төмөндөтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.
7. Муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчисине класстык чендерди ыйгаруу, алып салуу, төмөндөтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин сунушу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.
8. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисине класстык чендерди ыйгаруу, алып салуу, төмөндөтүү тийиштүү мамлекеттик органдын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилеринин биргелешкен сунушу боюнча Президент тарабынан жүргүзүлөт.
9. Муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы муниципалдык кеңешчисине класстык чендерди ыйгаруу, алып салуу, төмөндөтүү тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын биргелешкен сунушу боюнча Президент тарабынан жүргүзүлөт
10. Ыйгарылган класстык чен кызматтык ырастамада көрсөтүлөт.
11. Кызматчы мамлекеттик органдан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан мамлекеттик органга которулганда ага мурдагы кызмат орду боюнча класстык ченге ылайык келген класстык чен ыйгарылат.
12. Президент, Жогорку Кеңеш, Жогорку Кеңештин Төрагасы, Премьер-министр, Жогорку соттун Төрагасы жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы тарабынан өзгөчө тартипте дайындалуучу (шайлануучу) адамдарга класстык чендер жана ушул берененин 8-бөлүгүндө каралган жол-жоболор өткөрүлбөстөн жана баа берүүсүз ыйгарылат.
13. Аскердик же атайын наамдары, атайын класстык чендери, дипломатиялык рангдары бар адамдар мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө класстык чен ээлеген кызмат ордуна ылайык баа берүүсүз ыйгарылат.
14. Администрациялык кызматчыларга класстык чендерди ыйгаруунун жана төмөндөтүүнү алып салуунун тартиби менен байланышкан маселелер Өкмөт тарабынан белгиленет.
1. Мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы кызматчылардын мансаптык өсүшүнө багытталган чаралардын комплексин иштеп чыгат.
2. Мамлекеттик органдарда кызматчылардын мансаптык пландоосунун процессин статс-катчы, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызматчылардын тийиштүүлүгүнө жараша жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аппарат жетекчиси же жооптуу катчысы камсыз кылат.
3. Мансаптык пландоону уюштуруу мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервинин иштеши, конкурстук тандоонун жол-жоболорун ротациялоо тутумун сактоо, кызматчынын дараметин жогорулатуу, кызматчынын ишин баалоо, кызматчыларды материалдык жана материалдык эмес жүйөлөштүрүү аркылуу камсыз кылынат.
1. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резерви (мындан ары - кадрлар резерви) - бул администрациялык кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин тобу. Кадрлар резерви улуттук жана ички резервден турат.
2. Кадрлардын улуттук резерви башкы жана жогорку администрациялык кызмат орундарына талапкерлерден турат.
3. Кадрлардын улуттук резерви төмөнкү талапкерлердин арасында конкурстарды өткөрүү аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт:
- кызматтык жогорулоого талапкер кызматчылардын;
- баалоонун натыйжалары боюнча мамлекеттик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин сунушу боюнча кызматчылардын;
- квалификациялык талаптарга ылайык келген Кыргыз Республикасынын башка жарандарынын.
4. Кадрлардын ички резерви кенже, улук жана башкы кызмат орундарына талапкерлерден турат.
5. Кадрлардын ички резерви төмөнкүлөрдөн турат:
- баалоонун жыйынтыктары боюнча сунуш кылынган ушул органда администрациялык кызмат орундарын ээлеген кызматчылардан;
- органдын кайра уюштурулгандыгына, штаттарынын кыскаргандыгына, ден соолугунун абалы боюнча узакка эмгекке жараксыздыгына байланыштуу кызмат орундарынан бошотулган кызматчылардан;
- бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышкан, жогорку натыйжаларды көрсөтүшкөн, бирок дайындоого сунуш кылынбаган кызматчылардан жана башка адамдардан.
6. Кадрлардын ички резерви мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери тарабынан тийиштүү түрдө түзүлөт.
7. Кадрлардын ички жана улуттук резервдерин түзүүнүн жана анын иштешинин тартиби Өкмөт тарабынан белгиленет.
1. Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
- Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
- мамлекеттик жарандык кызмат үчүн - 21 жаштан төмөн эмес куракта;
- муниципалдык кызмат үчүн - 18 жаштан төмөн эмес куракта;
- ушул кызмат орду үчүн мыйзамдарда жана кызматка алууну жүзөгө ашырып жаткан тийиштүү мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.
2. Төмөнкү адамдар кызматчы боло албайт:
- соттун чечими менен жөндөмсүз деп таанылгандар же ага соттун айыптоочу өкүмү менен кызматчы катары ишти жүзөгө ашырууга же мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда кандайдыр бир кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынгандар;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте алынбаган же жоюлбаган соттуулугу барлар.
1. Кызматчы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жетекчилер, кесиптештери жана жарандар тарабынан анын жеке кадыр-баркынын сыйланышына, ага карата адилеттүү жана сый урмат мамиле кылынуусуна;
2) белгиленген ыйгарым укуктардын көлөмүндө тийиштүү мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана алардын кызмат адамдарынан, жеке жана юридикалык жактардан Конституцияны жана башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чектеринде кызматчылар кабыл алган чечимдердин аткарылышын талап кылууга;
3) өзүнүн кесиптик квалификациясын жогорулатуу үчүн окууга;
4) кызматтык ишинин, билим деңгээлинин, компетенттүүлүгүнүн, кесиптик квалификациясынын жана тажрыйбасынын натыйжаларын эске алуу менен кызмат боюнча жогорулоого;
5) иштин натыйжаларына жараша өз учурунда жана толук көлөмдө эмгек акы алууга;
6) кызматтык ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды, документтерди жана башка материалдарды белгиленген тартипте алууга;
7) жумуш убагынын чектик узактыгын белгилөө, жумушчу күндүн ичинде эс алуу жана тамактануу үчүн тыныгуу, жума сайын дем алыш күндөрүн, жумушчу эмес майрам күндөрүн, ошондой эле ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүлөрдү берүү менен камсыз кылынуучу эс алууга;
8) мыйзамдарга ылайык жеңилдиктерди алууга;
9) ден соолук үчүн коопсуз эмгек шарттарынын түзүлүшүнө;
10) чечимдерди кабыл алууга же аларды даярдоого жана кароого катышууга;
11) жетекчиден так аныкталган милдеттерди коюуну талап кылууга;
12) өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте кызмат адамдарынын бейукук аракеттерине даттанууга;
13) кызматчынын пикири боюнча негизсиз күнөөлөөнү же шектенүүнү алып салуу максатында кызматтык териштирүүнү жүргүзүүнү талап кылууга;
14) пенсиялык камсыз кылууга, мамлекет тарабынан социалдык жана укуктук коргоого, анын ичинде мыйзамдарда каралган учурларда анын үй-бүлө мүчөлөрүн дагы;
15) мыйзамдарда белгиленген тартипте ээлеген кызмат ордунан өз каалоосу боюнча бошонууга;
16) оозеки буйруктун мыйзамдуулугу жөнүндө шектенүү пайда болгон учурда жетекчинин ошол тескемесин жазуу жүзүндө бышыктоону талап кылууга;
17) кесипкөй бирликтерге биригүүгө;
18) өзүнүн укуктарын, социалдык-экономикалык жана кесиптик кызыкчылыктарын коргоо, кызматка байланыштуу талаш-тартыштарды чечүү максатында белгиленген тартипте сотко, профсоюз жана башка уюмдарга кайрылууга;
19) жетекчи менен макулдашуу боюнча мыйзамдарда тыюу салынбаган каражаттардан кошумча төлөнүүчү тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү билим берүү, эксперттик, илимий жана башка чыгармачылык иштер менен алектенүүгө;
20) жетекчи тарабынан куугунтуктоодон коргонууга.
2. Кызматчылар ошондой эле мыйзамдарда белгиленген башка укуктарга ээ.
3. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери кызматчылардын ушул Мыйзамда каралган укуктарын ишке ашырууну камсыз кылууга милдеттүү.
1. Кызматчы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Конституцияны жана башка ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алуу менен кызматтык милдеттерин жана кызматтык ыйгарым укуктарды, тийиштүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын чектеринде чыгарылган чечимдерин ак ниеттик менен аткарууга;
2) мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын Этика кодексин (мындан ары - Этика кодекси) сактоого;
3) эмгек тартибин сактоого;
4) жарандардын укуктарынын, эркиндиктеринин жана кызыкчылыктарынын бузулушуна жол бербөөгө;
5) жарандардын, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылууларын өз учурунда кароого жана мыйзамдарга ылайык алар боюнча объективдүү чечим кабыл алууга;
6) өзүнө белгилүү болгон мыйзамдарды бузуу фактылары жөнүндө жетекчиликке жана тийиштүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына токтоосуз түрдө маалымдоого;
7) өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик квалификациянын деңгээлине ээ болууга;
8) өз ишинде электрондук башкаруунун жаңы прогрессивдүү технологияларын, методдорун жана аспаптарын колдонууга;
9) мамлекеттик, кызматтык жана башка мыйзам менен корголгон сырларды сактоого, анын ичинде кызмат өтөөнү токтоткондон кийин мыйзамда белгиленген тартиптеги мезгилдин ичинде сактоого;
10) кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурда жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр - баркына тийиштүү маалыматтарды жашыруун сактоого жана мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары, алардан мындай маалыматтарды берүүнү талап кылбоого;
11) мүлктү жана менчикти сарамжал күтүүнү жана сактоону камсыз кылууга;
12) ушул Мыйзамда белгиленген кызматты өтөөгө байланышкан чектөөлөрдү өзүнө кабыл алууга;
13) декларациялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык маалыматтарды берүүгө.
2. Кызматчынын мыйзамдарга ылайык башка милдеттери болушу мүмкүн.
3. Жетекчинин мыйзамга карама-каршы келген тапшырмасын алган учурда кызматчы мыйзамдын жоболорун жетекчиликке алууга милдеттүү.
1. Кызматчыга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) мамлекеттик жарандык кызматчыга - муниципалдык кызматта турууга, муниципалдык кызматчыга - мамлекеттик жарандык кызматта турууга;
2) ушул Мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 19-пунктунда каралган учурларды кошпогондо башка акы төлөнүүчү иш менен алектенүүгө;
3) өзү же ишенимдүү жактар аркылуу ишкердик иш менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан чарбалык субъекттерди башкарууга катышууга, ошондой эле бул үчүн кандай гана болбосун пайда алуу менен жеке жана юридикалык жактардын ишкердик ишин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга;
4) эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында үчүнчү жактардын иштери боюнча ишеним берилген же башка өкүл болууга;
5) маалыматтарды, материалдык-техникалык, финансылык жана маалыматтык камсыз кылуу каражаттарын, кызматтык автотранспорт каражаттарын жана башка кызматтык иш үчүн гана арналган мүлктөрдү кызматтык эмес максаттарга пайдаланууга;
6) кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу мыйзамдарда каралбаган сый акыларды (акчалай жана башка сый акыларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, көңүл ачууга, эс алууга, транспорттук чыгымдарга төлөөлөрдү) жана жеке жана юридикалык жактардан белектерди алууга. Протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектер тийиштүү түрдө Кыргыз Республикасынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мүлкү катары таанылат жана Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте тийиштүү мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өткөрүп берилет;
7) өзүнүн кызматтык иштерине байланыштуу жана кызмат учурунда саясий партияларды, коомдук бирикмелерди жана диний уюмдарды түзүүгө, алардын иштерине кандайдыр бир формада катышууга же көмөктөшүүгө; кызматтык иштерин партиялык программаларга жана чечимдерге баш ийдирүүгө;
8) жакын туугандык мамилелерде турган адамдардын түздөн-түз кол алдында же контролдугунда болгон кызматтарда туруусуна;
9) өзүнүн кызматы менен байланышкан ыйгарым укугу жок иштер боюнча өзүнө милдеттенмелерди алууга жана убада берүүгө;
10) кызматчынын өзүнүн жана анын жакын туугандарынын түздөн-түз жеке кызыкчылыгын козгогон маселелерди чечүү максатында өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга;
11) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине бөгөт болгон иш таштоолорго, митингдерге, манифестацияларга жана башка иш-чараларды уюштурууга же аларга катышууга;
12) кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон, мыйзамдарга ылайык пайдалануусу чектелген маалыматтарды кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышпаган максаттарда жайылтууга же пайдаланууга;
13) референдум жана шайлоо кампанияларынын мезгилинде кызмат учурунда шайлоо алдындагы үгүт иштери менен алектенүүгө;
14) эл аралык келишимдерде жана мыйзамдарда башкача каралбаса, чет өлкөлүк камкордук же байкоочу кеңештеринин башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдардын башкаруу органдарынын жана Кыргыз Республикасынын аймагында алардын иштеп жаткан түзүмдүк бөлүмдөрүнүн курамына кирүүгө;
15) мыйзамдарга жана эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылуучу кызматтык иш сапарларды кошпогондо жеке жана юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары кызматтык иш сапарларга чыгууга;
16) мамлекеттик, жергиликтүү жана коомдук кызыкчылыктарга жогору турган орган же кызмат адамы тарабынан келтирилген зыяндар далилденген учурларды кошпогондо, алардын иш-аракеттерин эл алдында сын-пикирге алууга.
2. Ушул беренеде каралган чектөөлөрдүн бузулган фактысын белгилөө кызматчыга карата тартиптик жоопкерчилик көрүү чараларына, ошондой эле ээлеген кызмат ордунан бошотууга чейин негиз болуп саналат.
3. Кызматчы кызматты токтоткондон кийин бир жылдын ичинде төмөнкүлөрдү аткара албайт:
- үчүнчү жактын кызыкчылыгы үчүн анын компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча өзү мурда иштеген жерге кайрылууга;
- кызматта турган мезгилинде анын карамагындагы иштер боюнча жеке же юридикалык жактын атынан ошол жеке же юридикалык жакка кошумча артыкчылык берүү үчүн иш-аракет жүргүзүүгө.
4. Кызматчы мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарында тура албайт.
5. Кош жарандыгы бар кызматчы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчи кызмат орундарын ээлей албайт.
1. Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүү конкурстук негизде жүргүзүлөт.
2. Бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
- ички жана улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен конкурс;
- ачык конкурс.
3. Бош кызмат орду пайда болгон учурда статс-катчы (аппарат жетекчиси, жооптуу катчы, персоналды башкаруу кызматы) бул тууралуу үч жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлайт.
4. Бош кызмат ордун ээлөөгө конкурстун катышуучусу - бул конкурска катышууга арыз берген жана конкурска катышууга уруксат берилген адам.
5. Бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка Кыргыз Республикасынын жарандарынын тең катышуусун камсыз кылууга тийиш.
6. Конкурс биринчи кезекте ички жана улуттук кадрлар резервинде турушкан адамдардын арасында өткөрүлөт. Эгерде конкурс болбой калса же конкурстан өткөн адам кызмат ордуна дайындалбаса, анда ачык конкурс жарыяланат. Ачык конкурс жүргүзүлгөн учурда башка негиздер боюнча бош кызмат ордуна дайындоого жол берилбейт.
7. Ачык конкурс бош кызмат орду болгон учурда конкурс өткөрүү жөнүндө маалыматты гезитке жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайтында же башка расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына, ошондой эле мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын веб-сайтында бош кызмат орду пайда болгондон кийин он жумушчу күндүн ичинде жайгаштыруу аркылуу жарыяланат.
8. Бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы жана юридикалык дареги;
- бош кызмат орундун аталышы;
- бош кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар;
- ушул кызмат ордунун функциялык милдеттери;
- конкурска катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеги;
- документтерди кабыл алуунун убактысы жана орду.
9. Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды беришкен адамдардын ачык конкурска катышуусуна жол берилбейт.
10. Конкурс өткөрүлгөн учурда конкурстук комиссия аңгемелешүүнүн видео жазууларын же аудио жазууларын жүргүзөт.
Конкурстарды алыскы райондордо өткөрүүдө аңгемелешүүнүн аудио жазуусун гана жүргүзүүгө жол берилет.
11. Конкурстун катышуучусунун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча үч күндүн ичинде ага аңгемелешүүнүн видео жазууларынын же аудио жазууларынын өзүнө тийиштүү бөлүгүнүн көчүрмөсү берилет же ал катышкан аңгемелешүүнүн толук видео жазуусу же аудио жазуусу көрсөтүлөт.
12. Аңгемелешүүнүн видео жазуусу жана аудио жазуусу үч жылга сакталууга тийиш.
13. Ачык конкурстун жыйынтыктары катышуучуларга ал түздөн-түз бүткөндөн кийин маалымдалат.
14. Статс-катчы (аппарат жетекчи, жооптуу катчы) үч жумушчу күндөн кечиктирбестен мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине бош кызмат ордуна конкурстан ийгиликтүү өткөн адамды дайындоо жөнүндө сунуш киргизүүгө жана мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын веб-сайтына маалымат жайгаштырууга милдеттүү. Мамлекеттик органынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймактык бөлүмдөрүндө конкурс өткөрүүдө сунуш киргизүү жана веб-сайтка маалымат жайгаштыруу мөөнөтү жети жумушчу күндү түзөт.
15. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси сунушту алгандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде конкурстан өткөн адамды кызмат ордуна дайындоо тууралуу буйрук чыгарат.
16. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси конкурстук тандоонун жол-жоболору бузулган фактысы белгиленген учурда гана сунушталган талапкерликти четке кага алат.
17. Ушул Мыйзамда аныкталган тартипте ротациялоо иретинде бош кызмат ордун ээлөөгө жол берилет.
18. Бош кызмат орду пайда болгондо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси кызматчыны квалификациялык талаптарга шайкеш келген шартта баалоонун жыйынтыгы боюнча кийинки жогору турган кызмат ордуна дайындоого укуктуу.
19. Конкурсту өткөрүүнүн тартибин жана кызматтык жогорулоо жол-жоболорун Кеңеш иштеп чыгат жана алар Өкмөт тарабынан бекитилет.
1. Дайындоо (шайлоо) Президент, Жогорку Кеңеш, Жогорку Кеңештин Төрагасы, Премьер-министр, Жогорку соттун төрагасы, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы, Президенттин, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн, функцияларына Президенттин, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн ишин материалдык-техникалык жана башка камсыздоо кирген мамлекеттик органдардын аппарат жетекчилери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары тарабынан ишке ашырылуучу мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын айрым администрациялык кызмат орундарына кирүү үчүн өзгөчө тартип белгиленилет.
2. Президент төмөнкү кызмат орундарына дайындоолорду жүзөгө ашырат:
- Президенттин Аппарат жетекчисинин орун басарларын;
- Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин;
- тийиштүү мамлекеттик органдардагы Президенттин атайын, туруктуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн;
- функцияларына Президенттин жана Өкмөттүн ишин материалдык-техникалык жана башка камсыздоо кирген мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарларын.
3. Жогорку Кеңеш, Жогорку Кеңештин Төрагасы төмөнкү кызмат орундарына дайындоолорду (шайлоолорду) жүзөгө ашырат:
- атайын мыйзамдарда белгиленген тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан шайланган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларын;
- Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчисинин орун басарларын;
- Жогорку Кеңештин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, жетекчилердин орун басарларын;
- кызмат орундары Жогорку Кеңештин Төрагасынын номенклатурасына кирген Жогорку Кеңештин ишин материалдык-техникалык жана башка камсыздоо компетенциясына таандык болгон мамлекеттик органдын кызматчыларын.
4. Премьер-министр төмөнкү кызмат орундарына дайындоолорду жүзөгө ашырат:
- Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басарларын;
- Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, жетекчилердин орун басарларын;
- тийиштүү мамлекеттик органдардагы жана эл аралык уюмдардагы Өкмөттүн атайын, туруктуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн.
5. Жогорку соттун төрагасы атайын мыйзамдарда белгиленген тартипте төмөнкү кызмат орундарына дайындоолорду жүзөгө ашырат:
- Жогорку соттун аппарат жетекчисин;
- жергиликтүү соттордун иштерин камсыз кылуучу Жогорку соттун алдындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисин;
- Жогорку соттун алдындагы Судьялардын окуу борборунун жетекчисин.
6. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы атайын мыйзамдарда белгиленген тартипте Жогорку соттун Конституциялык палатасынын аппарат жетекчисин кызмат ордуна дайындоону жүзөгө ашырат.
7. Президенттин, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн аппараттарынын жетекчилери тийиштүү аппараттарда ушул берененин 2, 3 жана 4-бөлүктөрүндө белгиленбеген кызматчыларын тиешелүү түрдө Президент, Жогорку Кеңеш жана Өкмөт тарабынан аныкталган тартипте кызмат ордуна дайындоону жана бошотууну жүзөгө ашырат.
8. Функцияларына Президенттин, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн ишин материалдык-техникалык жана башка камсыздоо кирген мамлекеттик органдардын жетекчилери тийиштүү мамлекеттик органдарда ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн кызматчыларды кызмат орундарына дайындоону жана кызмат орундарынан бошотууну тийиштүү түрдө Президент жана Жогорку Кеңеш тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырышат.
9. Айыл өкмөтүнүн башчысы айылдын тургундарынын чогулушунун макулдугу менен айыл башчысын дайындоону жүзөгө ашырат.
10. Дайындоолору өзгөчө тартипте жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча администрациялык кызмат орундарынын тизмеги кызмат орундарынын реестринде көрсөтүлөт.
Биринчи жолу кызмат ордуна киришип жатып, кызматчы жазуу жүзүндөгү төмөнкүдөй ант берет:
“Мен, Кыргыз Республикасынын жараны, кызматынын кызмат ордуна киришип жатып жана Кыргызстандын элинин алдындагы өзүмдүн жогорку жоопкерчилигимди түшүнүү менен Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын ыйык сактоого, өз ишимде мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк принциптерин жолдоп, өз милдеттеримди ак ниет жана берилгендик менен аткарууга жана Кыргызстандын элине бүткүл билимиме жана берилгендигиме ылайык кызмат кылууга, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын Этика кодексинин ченемдерин сактоого салтанаттуу ант берем. Бул ант бузулган учурда белгиленген жоопкерчилик тартууга даярмын.”.
Ант берген адам анттын текстине кол коёт жана аны кабыл алган датаны көрсөтөт. Анттын тексти мамлекеттик кызматчынын өздүк ишинде сакталат.
1. Кызматчынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен эмгектик мамилелерине тийиштүү бардык маалыматтары, материалдары жана документтери кызматчынын өздүк ишинде камтылат. Өздүк иш мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналды башкаруу кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында өздүк иш тийиштүү түзүмдүк бөлүм же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Кызматчы башка мамлекеттик органга жумушка которулган учурда анын өздүк иши көрсөтүлгөн жаңы жумуш ордуна берилет. Бир кызматчыга бир нече өздүк иш жүргүзүүгө жол берилбейт.
4. Кызматчынын саясий жана диний көз караштары жөнүндө, анын жеке турмушу тууралуу маалыматтарды, материалдарды жана документтерди жыйноого жана өздүк ишине киргизүүгө тыюу салынат.
5. Өздүк ишине киргизилүүгө жаткан өздүк ишти жүргүзүүнүн жана сактоонун тартиби, маалыматтардын, материалдардын жана документтердин тизмеги, ошондой эле аларды пайдалануу тартиби, кызмат өтөөнү эсепке алуу маселелери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Өкмөт тарабынан бекитилет.
6. Кызматчынын өздүк ишинде камтылган маалыматтарды, материалдарды жана документтерди ачыкка чыгарууга тыюу салынат. Кызматчы өздүк ишинде камтылган маалыматтар, материалдар жана документтер менен таанышууга укуктуу.
1. Биринчи жолу кызматка киришип жаткан кызматчынын кесипкөйлүк сапатын текшерүү үчүн мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси ээлеген кызмат орду боюнча эмгек акысын төлөп берүү менен үч айлык сыноо мөөнөтүнө кызмат ордуна дайындайт. Сыноо мөөнөтүнө убактылуу эмгекке жөндөмсүз мезгили жана жүйөлүү себептер боюнча кызматчы жумушка келбей калган мезгил кошулбайт.
2. Конкурстук комиссиянын сунушу боюнча үч айлык сыноо мөөнөтү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан мамлекеттик же муниципалдык кызматта эмгек стажы бар адамдар үчүн белгиленилиши мүмкүн.
3. Сыноо мөөнөтү аяктагандан кийин кызматчыга баалоо жүргүзүлөт, анын негизинде ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу жөнүндө чечим кабыл алынат. Эгерде баалоонун натыйжасы канааттандыраарлык эмес деп таанылса, анда кызматчы төмөн турган башка кызмат ордуна дайындалышы же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен кызматтан бошотулушу мүмкүн.
4. Кызматчыга кийинки баалоо жалпы негизде жүргүзүлөт.
5. Сыноо мөөнөтү мезгилинде кызмат ордун ээлеген кызматчыга ушул Мыйзамдын колдонулушу жайылтылат.
1. Кызматчыны окутуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон анын кесипкөйлүүлүгүн өнүктүрүү максатында жүргүзүлөт.
2. Кызматчыларды окутуу тутумунда окутуунун негизги эки түрү - кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу практикаланат.
3. Кызматчыларды кайра даярдоо төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:
- кызматка биринчи жолу кирген адамдар үчүн;
- кызматчылардын жогору топтогу кызмат орундарына, анын ичинде адистер категориясынан жетекчилер категориясына которулууда;
- кызматчынын кызматтык жана функциялык милдеттери өзгөрүлгөндө.
4. Кайра даярдоо кызматчынын мансаптык жактан жогорулашынын милдеттүү шарты болуп саналат. Кайра даярдоо кызмат ордуна дайындоодон кийин үч айдан кечиктирилбеген мөөнөттө мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
5. Кайра даярдоо статс-катчынын кызмат ордун ээлөө үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.
6. Квалификациясын жогорулатуу кызмат орундарынын бир тобунун алкагында 3 жылда 1 жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
7. Кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу кызматчынын ишин баалоодо эске алынат жана жаңы кызмат ордун ээлөөдө артыкчылыкка ээ болот.
8. Кайра даярдоодон жана квалификациясын жогорулатуудан өтүү тийиштүү документ менен тастыкталат.
9. Кызматчы мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин чечими менен окууга төмөнкүдөй жөнөтүлөт:
1) кызматчынын демилгеси боюнча;
2) статс-катчынын демилгеси боюнча;
3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аппаратынын жетекчисинин, жооптуу катчысынын демилгеси боюнча;
4) конкурстук комиссиянын сунуштоосу боюнча;
5) кызматчынын ишин баалоонун жыйынтыктары боюнча.
10. Кызматчыларды окутуу, мамлекеттик программалар боюнча мамлекеттик тапшырыкты түзүү жана жайгаштыруу маселелери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан координацияланат.
11. Конкурстук жол менен окутуу программаларын жана билим берүү мекемелерин тандоо мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык бирдиктүү тапшырыкчы катары чыгып жаткан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
12. Мамлекеттик тапшырык ушул максаттарга мамлекеттик бюджетте каралган каражаттардын чектеринде календардык жылга карата кызматчыларды окутуунун планын билдирет.
13. Мамлекеттик тапшырык кызматчылардын ар кандай категориялары үчүн бардык программаларды, квалификациясын жогорулатуу курстарын, илимий изилдөөлөрдү жана окуу-методикалык иштеп чыгууларды өзүнө камтыйт.
14. Кадрлардын резервине киргизилген, кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү же баласын багуу боюнча өргүүдө жүргөн кызматчылар окуудан өтүүдө артыкчылыктуу укуктарга ээ.
15. Кызматчыларды окутууну өткөрүү үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин каржылоо үчүн каралган каражаттардын бир пайызынан кем эмес эсебиндеги алардын бюджетинен финансылык каражаттар бөлүнөт. Окутуу мыйзамдарда тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен да жүргүзүлүшү мүмкүн.
16. Мамлекеттик тапшырыкты ишке ашыруу инфляцияны эске алуу менен Өкмөт тарабынан бекитилген окутуунун баасынын ченемдеринин негизинде мамлекеттик бюджеттен каржыланат.
17. Жалпы багыттар боюнча окутууну жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетинен окутууга болгон муктаждыкка ылайык, ошондой эле окутуу тутумун кадрдык, илимий жана окуу-методикалык камсыз кылууну каржылоо үчүн чыгымдардын бюджеттик классификациясынан өзүнчө сап менен финансылык каражаттар бөлүнөт.
18. Ведомстволук багыттар боюнча окууларды өткөрүү үчүн окууга болгон муктаждыкка ылайык чыгымдардын бюджеттик классификациясында өзүнчө корголгон сап менен мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына финансылык каражаттар бөлүнөт.
19. Үч айдан ашпаган мөөнөткө окууга жөнөтүлгөн кызматчы тийиштүү мамлекеттик органда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында аныкталган мөөнөттө иштеп берүү боюнча милдеттенмелер жана ошондой эле эгерде кызматчы өз каалоосу боюнча кызматты токтотсо, анда окутууга байланыштуу чыгымдарды кайтарып берүү жөнүндө келишимди мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен түзөт.
20. Кызматчы ушул берененин 19-бөлүгүнүн талаптарын сактабагандыгы үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
21. Кызматчыларды окутуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муктаждыгынын негизинде жүзөгө ашырылат. Окутууга болгон муктаждыкты аныктоонун, пландоонун жана божомолдоонун тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
22. Окууларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн, мамлекеттик тапшырыктарды түзүүнүн тартиби жана окутуу чөйрөсүндөгү башка маселелер Өкмөт тарабынан аныкталат.
1. Кызматчылардын ишин баалоо мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын максаттарына жана милдеттерине жана келечекте мансаптык жактан өсүүсүнө ылайык кызматтык милдеттерин аткаруунун натыйжалуулук даражасын аныктоону билдирет.
2. Баалоо жүргүзүүнүн жалпы принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
- объективдүүлүк - кызматчыга жана анын мамлекеттик органдагы же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органындагы ишине калыс, атайы иштелбеген мамиле кылуу;
- бир түрдүүлүк - бирдиктүү үлгү боюнча белгиленген баалоо көрсөткүчтөрүнүн жана критерийлеринин тизмеги;
- ачык айкындык - кызматчыны баалоонун айкын жол-жобосу, анын натыйжалары кабыл алуунун себептерин жана жүйөлөрүн түшүндүрүү менен кызматчыга билдирилет;
- туруктуулук - мезгил-мезгили менен белгиленген мөөнөттө уюштурулуучу баалоо жол-жобосу.
3. Баалоонун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- кызматчынын кесипкөйлүк деңгээлин, анын ичинде аткарган ишинин сапатын, көлөмүн жана татаалдыгын аныктоо;
- мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын максаттарын жана милдеттерин аткарууга кызматчынын салымынын даражасын аныктоо;
- коюлган милдеттерди аткаруунун учурдагы натыйжаларын талдоо;
- натыйжаларга жетишүү процессин түзөтүү;
- кызматчынын кесипкөйлүк өнүгүүсүн пландоо;
- жогорку натыйжаларга жетишүүгө кызматчыны шыктандыруу.
4. Баалоо кварталдардагы баалоону эске алуу менен кызматчынын ишинин жыйынтыктары боюнча жыл сайын жүргүзүлөт.
5. Баалоо жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын комиссиясы түзүлөт (мындан ары – баалоо боюнча комиссия).
6. Баалоо боюнча комиссия кызматчынын жылдык баалоосун аныктайт, анын негизинде:
- эмгек акынын сеткасында кадамды (коэффициентти) аныктайт;
- ээлеген кызмат ордуна шайкештигин жана шайкеш эместигин аныктайт;
- кызмат орду боюнча жогорулатуу же төмөндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
- сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизет;
- квалификацияны жогорулатуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
- кызматчыны ротациялоо жөнүндө сунуштарды киргизет;
- класстык ченди ыйгаруу үчүн сунуш кылат;
-кадрлардын ички резервине киргизүү үчүн сунуш кылат.
7. Баалоо боюнча комиссиянын сунуштоосу жана сунуштары боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тийиштүү чечимдерди кабыл алат.
8. Баалоо жүргүзүү тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.
1. Ротациялоо - мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын тутумунда кызматчыларды которуу же ордунан жылдыруу.
2. Ротациялоо төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
- кызматчылардын мүмкүнчүлүктөрүн сарамжалдуу пайдалануу;
- мансаптык жүйөлөштүрүүнү жогорулатуу;
- таламдардын кагылышуусун алдын алуу жана коррупциянын тобокелдигин төмөндөтүү.
3. Ротациялоо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан таламдардын кагылышуусун алдын алуу жана коррупциянын тобокелдигин төмөндөтүү максатында ротациялоо учурларын кошпогондо, кызматчынын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлөт.
4. Коррупциянын тобокелдиги бар учурлардын жана абалдардын тизмеги тийиштүү мамлекеттик органдын статс-катчысы тарабынан иштелип чыгат жана Кеңеш тарабынан бекитилет.
5. Коррупциянын тобокелдиги бар учурлардын жана абалдардын тизмеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан иштелип чыгат жана жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
6. Ротациялоо кызмат орундарына же төмөн турган теңдеш кызмат орундарына жүргүзүлөт. Төмөн турган кызмат ордуна ротациялоодо кызматчынын эмгек акысы мурдагы кызмат орду боюнча сакталат.
7. Кызматчынын ден соолугунун абалы боюнча ага карама-каршы келген кызмат ордуна ротациялоого тыюу салынат.
8. Коррупциянын тобокелдигин төмөндөтүү максатында жүргүзүлгөн ротациялоо эки жылда бир жолудан көп эмес өткөрүлөт.
9. Ротациялоонун түрлөрү:
- мамлекеттик органдын ичиндеги ротациялоо;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ичиндеги ротациялоо;
- мамлекеттик органдардын ортосундагы ротациялоо;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы ротациялоо;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы ротациялоо.
10. Мамлекеттик органдардын ортосундагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы ротациялоо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин биргелешкен (ведомстволор аралык) буйругу боюнча жүзөгө ашырылат.
11. Мамлекеттик орган менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ортосундагы ротациялоо мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин биргелешкен буйругу боюнча жүзөгө ашырылат.
12. Ротациялоо жөнүндө жобо Өкмөт тарабынан бекитилет.
1. Кызматчыларды материалдык жүйөлөштүрүү Өкмөт тарабынан бекитилген эмгек акынын бирдиктүү тутумуна негизделет.
2. Эмгек акы төлөө тутуму кызмат орундардын реестри менен аныкталуучу кызмат орундардын иерархиясына жана кызматчынын ишин баалоого негизделет.
3. Эмгек акы кызматтык маянадан жана үстөк акыдан турат.
4. Кызматтык маянанын өлчөмү бирдиктүү минималдуу базалык коюмду колдонуунун жана баалоонун жыйынтыктары боюнча белгиленилүүчү коэффициенттин негизинде эсептелет.
5. Кызматчыга классттык чени үчүн жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы иштеген жылдары үчүн үстөк акы белгиленилет.
6. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн мыйзамдарда башка үстөк акылар белгиленилиши мүмкүн.
7. Кызматчыга мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишинин жыйынтыктары боюнча кызматчынын ишин баалоону эске алуу менен сыйакы төлөнүшү мүмкүн.
8. Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акы төлөө боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажы Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте эсептелет. Эмгек стажын эсептөөдө мурдагы СССРдин мамлекеттик бюджетинде турган жана аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган партиялык, советтик, профсоюздук жана комсомолдук органдарынын аппараттарындагы, министрликтердеги, ведомстволордогу, ишканалардагы, мекемелердеги жана уюмдардагы жарандардын иши, СССР жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө мөөнөттүү кызмат өтөө, туруктуу негизде депутаттык милдеттерди аткаруу, мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жолдомосу боюнча кайра даярдоодон жана квалификацияны жогорулатуудан өткөн мезгил мамлекеттик жана муниципалдык кызмат катары эсептелет.
9. Убактылуу жок болгон кызматчынын милдетин аткаруу боюнча эмгек иши мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажына эсептелет, ал эми класстык чендер жана иштеген жылдар үчүн тийиштүү үстөк акы төлөнөт.
10. Социалдык-тиричиликтик маселелерди чечүү үчүн кызматчыларга мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардан, анын ичинде турак-жай берүү түрүндө материалдык жардам көрсөтүлүшү мүмкүн.
11. Кызматчынын эмгек акысы мыйзамдарда белгиленген тартипте индексациялоого жатат.
1. Кызматчыларды кошумча стимулдаштыруу максатында мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы материалдык эмес жүйөлөштүрүү тутумун колдонот.
2. Материалдык эмес жүйөлөштүрүү тутумун сыйлоонун төмөнкү түрлөрү түзөт:
- алкыш жарыялоо;
- ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо;
- мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын башка сыйлыктары менен сыйлоо;
- кызматчыны баалоонун натыйжалары боюнча кызмат орундарынын бир тобунун ичинде кезексиз класстык ченди ыйгаруу;
- эстелик белектерин, төш белгилерин тапшыруу;
- мурда берилген тартиптик жазаны алып коюу.
3. Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мыйзамдарга карама-каршы келбеген сыйлоонун башка түрлөрүн белгилеши мүмкүн.
4. Кызматчыны сыйлоо чаралары мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан көрүлөт.
1. Кызматчы мыйзамдарга ылайык тартиптик, администрациялык, материалдык жана жазык жоопкерчилигин тартат.
2. Тартиптик жоопкерчилик катары өзүнүн кызматтык милдеттерин күнөөлүү түрдө мыйзамга каршы аткаргандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы (тартиптик жосундарды жасагандыгы) үчүн кызматчыга тартиптик таасир этүүнүн чараларын (жаза) колдонуу түшүндүрүлөт.
3. Кызматчыга тартиптик жаза мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси же болбосо ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан тартиптик жосунду жасоо фактысы белгиленген же тастыкталган учурларда гана берилиши мүмкүн.
4. Тартиптик жосунду жасоо фактысын белгилөө же тастыктоо үчүн жеке демилге боюнча, этика боюнча комиссиянын сунуштоосу же кызматчынын өзүнүн демилгеси боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан дайындалуучу кызматтык териштирүү жүргүзүлүшү мүмкүн.
5. Кызматчынын кызматтык (тартиптик) жосундарды жасагандыгы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында маалымат жарыяланган учурда жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларынын негизинде кызматтык териштирүү жүргүзүлүшү мүмкүн.
6. Кызматтык териштирүү этика боюнча комиссиянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кызматчы иштеген орган тарабынан жүргүзүлөт.
7. Кызматтык териштирүү төмөнкү учурларда токтотулат же жүргүзүлбөйт:
- фактылар чындыкка дал келген учурда - кызматчы жасаган жосундарын моюнуна алганда;
- тартиптик жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү бүткөндө;
-эгерде жасалган жосунда жазык кылмышынын же администрациялык жосундардын курамынын белгилери аныкталганда материалдарды тийиштүү мамлекеттик органга берүү менен.
8. Кызматтык териштирүүнү жүргүзүүнүн тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.
1. Кызматчы жүктөлгөн милдеттерди, так этикалык ченемдерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы, таламдардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн ага тартиптик жазалардын төмөнкү түрлөрү колдонулушу мүмкүн:
- эскертүү;
- сөгүш;
- катуу сөгүш;
- кызматка толук эмес шайкештиги жөнүндө эскертүү;
- класстык ченин төмөндөтүү;
- кызмат ордунан төмөндөтүү;
- ээлеген кызматынан бошотуу.
2. Тартиптик жазалар жосун түздөн-түз аныкталгандан кийин, бирок ал жасалган күндөн тартып алты айдан кечиктирилбестен берилет. Кызматчыга жүктөлгөн милдеттердин ар бир аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учуру үчүн бир гана тартиптик жаза берилиши мүмкүн.
3. Кызматчыга берилген тартиптик жаза колдонууда турган мезгилде ал кызмат орду боюнча жогорулатылбайт.
4. Тартиптик жаза жасалган жосундун оордугун жана мүнөзүн, ошондой эле жосундун кандай жагдайларда жасалгандыгын эске алуу менен берилет. Жасалган жосундун оордугу жана мүнөзү, ошондой эле башка жагдайлары мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында түзүлүүчү тартиптик комиссия тарабынан аныкталат, анын ишинин жыйынтыгы жазанын конкреттүү түрүн колдонуу жөнүндө сунушту мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине же ыйгарым укуктуу кызмат адамына киргизүү болуп эсептелет.
5. Тартиптик жазаны берүүдө жорук жасалганга чейинки кызматтык ишинин бардык жагдайлары эске алынышы зарыл.
6. Тартиптик жаза колдонулганга чейин кызматчыдан жазуу жүзүндөгү түшүндүрмө берүү талап кылынышы зарыл. Мындай түшүндүрмө берүүдөн баш тартуу персоналды башкаруу кызматы тарабынан каттала турган акт менен таризделет жана жазаны берүү үчүн жолтоо боло албайт.
7. Тартиптик жаза колдонуу жөнүндө буйрук (тескеме, токтом) ал чыккандан тартып 3 жумушчу күндүн ичинде кызматчыга тил кат берүү менен жарыяланат. Кызматчы көрсөтүлгөн буйрукка (тескемеге, токтомго) кол койгондон баш тарткан учурда тиешелүү акт түзүлөт.
8. Тартиптик жаза ал колдонулган күндөн тартып бир жыл бою жарактуу болот. Эгерде ушул мөөнөттүн ичинде кызматчы жаңы тартиптик жазага кабылбаса, анда анын тартиптик жазасы жок деп эсептелет.
9. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тартиптик жазаны ушул берененин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин, бирок жаза колдонулган күндөн тартып алты айдан эрте эмес жана баалоонун натыйжалары боюнча алып салууга укуктуу.
1. Тартиптик жазаны колдонуу жөнүндө чечим кызматчы тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ал эми ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен макул болбогон учурда чечим менен таанышкан күндөн тартып эки айдын ичинде - сотко даттанылышы мүмкүн.
2. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тартиптик жазаны колдонуу жөнүндө чечиминин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү кызматчыга чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде берилет.
1. Кызматчынын күнөөлүү жана мыйзамга каршы жүрүш-турушунун (иш-аракетинин же аракетсиздигинин) айынан келтирилген зыян үчүн ал материалдык жоопкерчилик тартат.
2. Кызматчы өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууда жасаган мыйзамсыз иш-аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында үчүнчү жактарга келтирген зыяндын орду ал кызматта турган мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан толтурулууга тийиш.
3. Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы бюджеттин тийиштүү бөлүгүндө ушул органды каржылоо үчүн каралган каражаттардын эсебинен келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.
4. Зыяндын ордун толтурган мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы бейукук иш-аракеттерге түздөн-түз барган кызматчыга кайтарма талаптарды (регресс) коюушу мүмкүн.
5. Мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына зыян келтирген иш-аракети (аракетсиздиги) үчүн кызматчынын тартиптик, администрациялык же жазык жоопкерчилигине тартууга карабастан кызматчы тарабынан зыяндын орду толтурулат.
6. Эгерде сотто чечим кабыл алган адам тарабынан кызматчынын эмгек укуктары бузулганы далилденген жана анын кесепетинен соттун чечими боюнча жаранга мыйзамда каралган төлөмдөр төлөнүп берилген учурда мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы соттун чечиминин негизинде чечим кабыл алган адамдын эмгек акысынан ал келтирген зыяндын суммасын кармап калууга милдеттүү. Башка учурларда зыяндын ордун толтуруу мыйзамдардын алкагында жүзөгө ашырылат.
7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекетке материалдык зыян келтирген кызматчылардын жана кызмат адамдарынын маалыматтык базасын түзөт жана жүргүзөт.
8. Мамлекетке материалдык зыян келтирген кызматчылардын маалыматтык базасын жүргүзүүнүн тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.
37-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчыны жана муниципалдык кызматчыны кызмат ордунан убактылуу четтетүү
1. Кызматчы Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан мыйзамдарга ылайык ээлеген кызматынан четтетүү жөнүндө токтом киргизилген учурда - иш боюнча акыркы чечим чыгарылганга чейин ээлеген кызматынан убактылуу четтетилет.
2. Кызматчы мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан ээлеген кызмат ордунан (кызматчынын өзүнүн талабы боюнча териштирүү дайындалган учурларды кошпогондо) кызматтык териштирүүнү жүргүзүү мезгилинде четтетилиши мүмкүн.
3. Кызматчы ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык кызмат ордунан убактылуу четтетилген учурда кызматчынын эмгек акысы сакталат.
4. Кызматчыны жазык жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуудан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
1. Кызматчыга ден соолугун чыңдоо үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте жыл сайын жөлөкпул төлөө менен отуз календардык күнгө созулган акы төлөнүүчү өргүү берилет.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта беш, он, он беш жана жыйырма жылдан ашык жыйынды эмгек стажы болгондо акы төлөнүүчү өргүү тийиштүү түрдө эки, төрт, алты жана сегиз календардык күнгө узартылат.
3. Айрым учурларда кызматчыга анын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча эмгек мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан эмгек акысын сактабастан өргүү берилиши мүмкүн, анын узактыгы кызматчы менен мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин ортосундагы макулдашуу менен аныкталат.
1. Кызматчы башка жерге кызматка которулган учурда ага көчүүгө жана жаңы жердеги убактылуу турак жай чыгымдары үчүн Өкмөт тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте компенсация төлөнөт.
2. Кызматчыларга кызматтык иш сапарлары, анын ичинде чет өлкөгө иш сапарлары үчүн чыгымдардын ордун толтурууга кепилдик берилет. Кызматчыларга мыйзамдарда каралган башка компенсациялар, анын ичинде өтө татаал шарттагы иши, ашык иштеген сааттар, жумушчу эмес, майрам жана дем алыш күндөрүндөгү иши үчүн акчалай сый акы берилет.
3. Кызматчылар жана аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү Өкмөт тарабынан белгиленген шартта жана тартипте мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде медициналык тейлөөдөн пайдаланышат.
4. Кызматчылар кызматтык милдеттерин аткаргандыгына байланыштуу өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирилген учурларда, ошондой эле кызмат өтөө мезгилинде ооруп калгандыгы же эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкондугу үчүн Өкмөт тарабынан аныкталган тартипте мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан жана башка камсыздандыруу фонддорунан милдеттүү түрдө камсыздандырууга жатат.
5. Кызматчы өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышкан мертинүүнүн же кесиптик оорунун кесепетинен майып болуп калган учурда ага жөлөкпул төлөнөт, анын өлчөмү Өкмөт тарабынан аныкталат.
6. Кызматчы өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда курман болуп калса, курман болгондун үй-бүлөсүнө мыйзамдарда белгиленген өлчөмдө бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнөт.
7. Кызматчы мыйзамдарга ылайык пенсия алууга укуктуу.
1. Мамлекеттик органды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын жоюуда же кайра уюштурууда, анын штатын кыскартууда кызматчыга анын кесибин жана квалификациясын эске алуу менен кызмат орундарынын тийиштүү категориясынын чегиндеги башка иш сунуш кылынууга тийиш. Бош орун жок болгон учурда жана иштен бошотулуп жаткан кызматчы макул болгондо, ага төмөн турган жаңы кызмат ордундагы бардык мезгилде мурдагы иштеген жери боюнча орточо эмгек акысын сактап калуу менен төмөн турган категориядагы же базалык коюму төмөн болгон башка кызмат орду берилет.
2. Сунуш кылынган кызмат ордунан баш тарткан учурда, кызматчы иштен бошотулат жана кызматчынын каалоосу боюнча аны мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларда, мекемелерде жана жеке сектордо ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында кайра даярдоого жөнөтүлүшү мүмкүн.
3. Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жоюлгандыгына, кайра уюштурулгандыгына же штаты кыскартылгандыгына байланыштуу кызматтан бошотууда ал сунуш кылынган иштен баш тарткан учурда кызматчыга төмөнкүлөр төлөнөт:
1) ошол органдагы иштеген толук жылдарынын санына эмгек акынын орточо айлык өлчөмүнүн төрттөн бирин көбөйтүү жолу менен аныкталган, бирок мурда ээлеген кызмат орду боюнча орточо үч айлык эмгек акысынан төмөн болбогон бошоо жөлөкпулу;
2) эгерде кызматчы иштен бошотулгандан кийин 10 жумушчу күндүн ичинде иш менен камсыз кылуу кызматында жумуш издеген адам катары катталган шартта, үч айдын ичинде мурда ээлеген кызмат орду боюнча орточо эмгек акы;
4. Кызматчынын орточо эмгек акысы кызматчынын мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта иштеген акыркы он эки айдын ичиндеги төлөмдөрдүн негизинде эсептелет.
5. Ушул беренеде каралган негиздер боюнча кызматтан бошонуп жаткан (бошотулган) адамдын арызы боюнча ал адам ички кадрлар резервине киргизилиши мүмкүн.
Кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга байланыштуу каза болгон (курман болгон) кызматчынын же алган жаракатынан же оорусунан улам кызматын токтоткондон кийин каза болгон адамдын сөөгүн коюуда анын жубайына, жакын туугандарына, каза болгондун мыйзамдуу өкүлүнө же анын сөөгүн коюу милдетин өзүнө алган башка адамга Өкмөт тарабынан аныкталган өлчөмдө сөөк коюуга жөлөкпул берилет.
1. Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын этикасы - бул кызматчынын жүрүш-туруш эрежелерин белгилөөчү жана жөнгө салуучу ченемдердин тутуму.
2. Этиканы сактоо ар бир кызматчынын милдети болуп саналат.
3. Кызматчы этиканын төмөнкү принциптерин сактоого тийиш:
- өзүн ар дайым мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ак ниеттүүлүгүнө, калыстыгына жана натыйжалуулугуна жарандардын ишенимин калыптандыргандай, сактагыдай жана бекемдегидей алып жүрүүгө;
- пайда көздөгөн кызыкчылыктарга жана мыйзамсыз баюуга жетишүү үчүн кызматтык абалын пайдаланууга жол бербөөгө;
- сылык, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болууга, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулууга, аңгемелешкен адамды угуп, анын мүдөөсүн түшүнө билүүгө;
- башка кызматчылар тарабынан этиканын ченемдерин бузуунун фактылары аныкталган учурда Этика кодексинде каралган чараларды көрүүгө;
- өзүнө баш ийген адамды бейукук чечимдерди кабыл алууга же мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого мажбур кылбоого;
- өз ишинде таламдардын кагылышуусуна жол бербөөгө;
- өзүнүн кызматтык милдеттерин ак ниет аткарууга;
- элдердин үрп-адаттарына жана каада-салттарына сый-урмат менен мамиле кылууга;
- өзүнүн кызматтык ишине кимдир-бирөө, анын ичинде ээлеген кызмат орундарына жана абалына карабастан башка кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз таасирге же таасир этүүгө жол бербөөгө;
- мамлекеттин жана коомдун алдында моралдык жана адеп-ахлактык жоопкерчилик тартууга.
4. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси өзүнө баш ийген кызматчылар тарабынан этиканы бузууларды четтетүүгө жана болтурбоого карата бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.
5. Статс-катчы (аппарат жетекчи, жооптуу катчы) кызматчылар тарабынан этиканын бузулушуна жол бербей, жамаатта жумушчу атмосферасын түзүүгө жооптуу.
1. Кызматчынын жеке (өзүнүн) кызыкчылыгы анын расмий милдеттерин же функцияларын аткарууга таасир тийгизе алган учурда таламдардын кагылышуусу пайда болуп, жарандардын, уюмдардын же мамлекеттин укуктары жана кызыкчылыктары бузулат же бузулуу мүмкүнчүлүгү жаралат.
Мамлекеттик органда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында таламдардын кагылышуусун башкаруу тартиби таламдардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси таламдардын кагылышуусун болтурбоо боюнча чараларды кабыл алууга милдеттүү.
3. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси таламдардын кагылышуусунун жаралуу коркунучу пайда болгон учурда кызматтык териштирүүнү жүргүзүүнү демилгелөөгө милдеттүү.
4. Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси таламдардын кагылышуусун четтетүү боюнча чараларды кабыл алат.
5. Таламдардын кагылышуусун алдын алуу маселеси боюнча өзүнүн баш ийүүсүндө турган кызматчысы кайрылган учурда мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин чара кабыл албашы ишенимди жоготкондугуна байланыштуу жетекчини кызматтан бошотуу үчүн негиз болуп саналат.
1. Терс негиздер боюнча мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан бошотулган адамдардын реестри ушул Мыйзамдын 50-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-8-пункттарында каралган негиздер боюнча мурда ээлеген кызмат орундарынан бошотулган мамлекеттик кызматчылар жөнүндө жеке маалыматтарды камтыйт.
2. Терс негиздер боюнча мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан бошотулган адамдардын реестрин түзүүнүн, жүргүзүүнүн, өзгөртүү жана толуктоо киргизүүнүн тартиби Өкмөт тарабынан белгиленет.
3. Терс негиздер боюнча мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан бошотулган адамдардын реестри бош администрациялык кызмат орундарын ээлөөгө конкурстук тандоодо пайдаланылышы мүмкүн.
4. Терс негиздер боюнча мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан бошотулган адамдардын реестрин жүргүзүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Терс негиздер боюнча мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан бошотулган адамдардын реестринин маалыматтары талапкерди жумушка алууда баш тартуу үчүн негиз болушу мүмкүн эмес.
1. Кызматчылар өзүлөрүнө, ошондой эле жакын туугандарына таандык кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды камтыган декларация (мындан ары - декларация) тапшырышат.
2. Декларацияда Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары жайгашкан жана мамлекеттик кызматчыга жана анын жакын туугандарына жеке менчик укугунда таандык болгон мүлк жөнүндө төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:
- кыймылсыз мүлк;
- кыймылдуу мүлк:
а) транспорттук каражаттар;
б) маданий баалуулукка ээ болгон менчик жана белгиленген тартипте таанылган байыркы буюмзаттар;
в) акча каражаттары (улуттук жана чет өлкөлүк валютада);
г) баалуу кагаздар;
д) мал жана башка жандыктар.
3. Декларацияны тапшырган кызматчы Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары өткөн мезгил үчүн ал жана анын жакын туугандары алган бардык кирешелерди жана чыгымдарды, ошондой эле алардын келип түшүү жана сарптоо булактарын көрсөтөт.
4. Декларацияны тапшырган адамдын кирешелери болуп мүлк, улуттук жана чет өлкөлүк валютада төмөнкүлөр үчүн алынган сумма кирет:
а) эмгеги үчүн сыйакы жана ага теңештирилген башка төлөмдөр;
б) автордук укук үчүн төлөмдөр жана адабий, көркөм жана илимий иштерди пайдалануу же кандай болбосун автордук укуктардын натыйжасында келип чыккан укуктарды пайдалануу үчүн, кандай гана болбосун ноу-хау, соода маркасын, түзүлүштү пайдалануу же пайдалануу укугу, иштетүү, план, жашыруун формула же технологиялык процесс, компьютер жана маалымат базалары үчүн программалар, өнөр жай, коммерциялык же илимий жабдуулар үчүн же өндүрүштүк, техникалык, уюштуруу, коммерциялык же илимий мүнөздөгү маалыматтарды берүү үчүн алынган сыйакы (автордук гонорар);
в) зайым бергени үчүн эсептелген пайыздар же башка түрдөгү компенсациялар;
г) дивиденддер, пайыздар;
д) казино жана кумар оюндарынан алынган киреше (утуштар),
е) мелдештерде жана конкурстарда алган белектер же акчалай төлөмдөр (акчалай байгелер), ошондой эле лотереядагы утуштар;
ж) белек кылуу же материалдык жардам катары алынган мүлк (анын ичинде акча каражаттары);
з) мурас катары алынган мүлк (анын ичинде акча каражаттары);
и) декларация тапшырган адам үчүн уюм жүргүзгөн камсыздандыруу төлөмдөрү, анын ичинде камсыздандыруу боюнча төлөмдөр;
к) ишкердик иштен алынган кирешелер;
л) жарандык-укуктук бүтүмдөрдөн алынган сыйакылар жана башка кирешелер;
м) жөлөкпулдардын, стипендиялардын, пенсиялардын жана бир жолку төлөмдөрдүн бардык түрлөрү;
н) жогоруда көрсөтүлбөгөн башка бардык булактардан алган кирешелер.
5. Ушул берененин 4-бөлүгүнүн "д-з" жана "л" пункттарында көрсөтүлгөн маалыматтар эгерде алардын өлчөмү мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн 1000 эселенген өлчөмүнөн (наркы) ашса, декларациялоого жатат.
6. Декларацияны тапшырган адамдын чыгымдары болуп, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү, баалуу кагаздарды, акцияларды (уюмдардын уставдык (жыйынтыктоочу) капиталдарындагы катышуу үлүшү, пайлары) сатып алуу боюнча ар бир бүтүм жана аталган бүтүмдү түзүү үчүн алынган каражаттардын булактары саналат.
7. Декларацияны тапшыруу боюнча милдеттенмелерди аткаруу кызматчыны, ошондой эле анын жакын туугандарын салык мыйзамдарында каралган декларацияларды берүү милдетинен бошотпойт.
8. Реестр менен аныкталган жогорку администрациялык кызмат орундарын ээлеген адамдардын декларацияларында камтылган жыйынтык маалымат мыйзамдарда белгиленген тартипте жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга жатат.
9. Аскердик, укук коргоо жана дипломатиялык кызматтардын кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылардын декларацияларын тапшыруу тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.
1. Кызматчы мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына декларацияны төмөнкү учурларда берет:
- кызмат ордуна дайындалган учурда ал кызмат ордун ээлеген күндөн тартып отуз күндүн ичинде - кызматка кирген жылдан мурдагы отчеттук жыл үчүн;
- кызмат ордунда турган мезгилде, бир кызмат ордунан экинчи кызмат ордуна, анын ичинде ротациялоо тартибинде которулганын кошкондо – жыл сайын 1-апрелге чейин 1-январдан тартып 31-декабрга чейинки мезгил үчүн.
2. Кызматчы иштеген мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-майына чейин күбөлөндүрүлгөн декларацияларды борборлоштуруп мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы юридикалык катталган жери боюнча салык кызматынын мамлекеттик органына берет.
3. Декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын жана толуктугун текшерүүнүн тартиби, ошондой эле декларациянын формасы, аны толтуруу, берүү, эсепке алуу жана сактоо тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.
1. Салык кызматынын мамлекеттик органы Өкмөт тарабынан аныкталган тартипте кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын декларациясында камтылган маалыматтарга коомчулуктун жана тийиштүү органдардын жетимдүүлүгүн камсыз кылат. Салык кызматынын мамлекеттик органынын талап кылынган маалыматты берүүдөн баш тартышы администрациялык же сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
2. Мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, төмөнкү маалыматтар ачыкка чыгарылбайт:
а) жашаган жери, телефон номери жана мамлекеттик кызматчы жана анын жакын туугандары менен жеке байланыш түзүү каражаттарына тийиштүү башка маалыматтар жөнүндө;
б) декларацияда көрсөтүлгөн мүлк жайгашкан жер жөнүндө.
3. Салык кызматынын мамлекеттик органы декларацияда камтылган маалыматтын купуялуулугун сактоого кепилдик берет, ал маалымат ушул берененин экинчи бөлүгүнө ылайык берилбейт жана ачыкка чыгарылбайт.
4. Салык кызматынын мамлекеттик органынын жетекчиси купуялуу маалыматты ачыкка чыгаруу үчүн жазык жоопкерчилигин тартат.
1. Кызматты токтотуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
- кызматчыны өз каалоосу боюнча бошотуу;
- кызматчыны мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча бошотуу;
- кызматчыны тараптардын эркинен көз карандысыз жагдайлар боюнча бошотуу.
2. Кызматчыны мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча бошотуу ушул Мыйзамга ылайык тийиштүү жол-жоболор аткарылгандан кийин жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында саясий мамлекеттик кызмат ордун, атайын мамлекеттик кызмат ордун жана саясий муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдардын алмашуусу администрациялык кызмат орундарын ээлеген кызматчыларды кызматынан бошотуу, төмөндөтүү, ротациялоо үчүн негиз болуп саналбайт.
1. Кызматты токтотуу кызматчынын каалоосу боюнча анын жазуу жүзүндө берилген арызынын негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2. Кызматчы жазуу жүзүндөгү арызында кызматын токтотуу датасын көрсөтөт, ал арыз берген учурдан тартып эки жумадан кечиктирилбестен келип жетет.
3. Эгерде жазуу жүзүндөгү арызда кызматты токтото турган дата көрсөтүлбөсө, анда кызматчы арыз берген учурдан тартып эки жума өткөндөн кийин кызматтан бошотулат.
4. Эгерде мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бошотуу тууралуу чечим кабыл алына элек болсо, кызматчы арызында көрсөтүлгөн мөөнөт өткөнгө чейин үч күндөн кечиктирбестен арызын чакыртып алууга укуктуу.
5. Арызда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда кызматчы ишин токтотууга укуктуу, ал эми мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы кызматтын акыркы күнү иштен бошогон адамга эмгек китепчесин берүүгө жана ага тиешелүү сумманы төлөп берүүгө милдеттүү.
1. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча кызматчы ээлеген кызмат ордунан төмөнкү учурларда бошотулушу мүмкүн:
1) мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы кайра уюштурулганда;
2) ээлеген кызмат орду кыскарганда;
3) төмөнкү негиздердин бири болгон учурда ишенимин жоготсо:
- тарабынын бири болуп саналган кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу жана/же жөнгө салуу боюнча өз убагында аракеттерди көрбөсө;
- ушул Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, өзү ишкердик иш менен алектенсе;
- коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарында иштесе (мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо);
- этика боюнча комиссиянын сунушу боюнча Этика кодексинин талаптарын бир нече жолу жана одоно түрдө, анын ичинде жумуштан тышкары убакта бузса;
- кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларация бербесе же атайылап так эмес же толук эмес маалыматтарды берсе;
- башка мамлекеттин жарандыгы бар экендигин жаап-жашырса;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экендиги жөнүндө атайылап жалган маалыматтарды берсе;
4) кызматчынын мамлекеттик жарандык кызматка же муниципалдык кызматка шайкеш келбеген кызмат ордуна шайланышы же дайындалышы;
5) кызматчынын ээлеген кызмат ордуна шайкеш эместиги:
- баалоонун натыйжасында тастыкталган квалификациясы жетишпегенде;
- сыноо мөөнөтүнөн өтпөгөндө;
6) кызматчы тарабынан эмгек тартиби төмөндөгүдөй одоно бузулганда:
- ишке келбей коюу (бир жумушчу күндө жүйөлүү себепсиз үч сааттан ашык жумуш ордунда болбой калуу);
- кызмат кылган жеринде мүлктү уурдоо, жоготуу, аны атайылап жок кылуу же бузуу;
- ишке алкоголдук, баңгизат же башка токсикалык мас абалында келүү;
- кызматчыга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон мыйзам менен корголуучу сырды (мамлекеттик, кызматтык жана башка) ачыкка чыгаруу;
- кызматчы тарабынан ага жүктөлгөн милдеттерди бир нече жолу аткарбай коюу же талаптагыдай аткарбай коюу, эгерде анда мурда берилип, жоюлбаган жана алынбаган тартиптик жазасы бар болсо;
- мыйзамдарда же кызматтык нускамаларда түздөн-түз каралган учурлардан тышкары, саясий партияларды, диний уюмдарды түзүү, катышуу, же кандайдыр бир формада ишине көмөк көрсөтүү;
- мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштешине тоскоолдук болгон иш таштоолорду, митингдерди, манифестацияларды уюштуруу же катышуу;
7) ушул Мыйзамдын 21 жана 22-беренелеринде каралган милдеттерди жана чектөөлөрдү сактабай коюу фактылары белгиленгенде;
8) кызматчы тарабынан мамлекеттик жарандык кызматка же муниципалдык кызматка кирүүдө жалган документтерди же атайылап эле жалган маалыматтарды берүүдө;
9) эгерде аткаруучунун иш милдеттери мамлекеттик сырга ээ болууну талап кылган болсо, мамлекеттик жашыруун сырга ээ болууну токтотууда;
10) ушул Мыйзамда каралган учурларда ротациялоо иретинде которулуудан баш тартууда;
11) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготууда же чет мамлекеттин жарандыгын алууда;
12) мамлекеттик кызматта болуу үчүн ушул Мыйзамда белгиленген жаш курагынын чегине жеткенде.
2. Кызматчынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматта болушунун жаш курагынын чеги 65 жашты түзөт.
3. Өзгөчө тартипте кызмат ордуна дайындалган адамдар да төмөнкү учурларда кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн:
1) анын иши саясий жетекчилик кабыл алган чечимге жана саясатка ылайык келбеген учурда;
2) саясий жетекчиликтин ишенимин жоготкондо.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 6-8-пункттарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча кызматчыны бошоткон учурда, аталган орган жети күндүк мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
5. Кызматчыны ушул берененин 1-бөлүгүнүн 6-8-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча кызматтан бошотуу жөнүндө мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими соттун күчүнө кирген актысы менен жокко чыгарылса, мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жети күндүк мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бул жөнүндө маалымдоого милдеттүү.
6. Мамлекеттик органды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын кайра уюштуруу же штаттык кызмат ордун кыскартуу негиздери боюнча иштен бошотууга, эгерде кызматчынын макулдугу менен аны башка ишке которууга мүмкүн болбогондо, жол берилет.
7. Кызматчыны ал убактылуу ишке жөндөмсүз учурунда жана өргүүдө жүргөн мезгилинде (органды кайра уюштуруунун же штаттык кызмат орундарын кыскартуунун негизинде иштен бошотуудан тышкары) органдын демилгеси боюнча бошотууга жол берилбейт.
8. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башка жерде жайгашкан ведомстволук же башка обочолонгон түзүмдүк бөлүмүнүн иши токтотулган учурда, ал түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматчыларын бошотуу мамлекеттик органды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын кайра уюштуруу учурлары үчүн каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.
1. Тараптардын эркине байланышпаган жагдайлар боюнча мамлекеттик органдагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органындагы кызмат төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
1) мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жоюлганда;
2) кызматчы аскердик кызматка чакырылганда же аскердик кызматты алмаштырган альтернативдүү жарандык кызматка жөнөтүлгөндө;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же соттун чечими боюнча мамлекеттик кызматчыны мурда ээлеген ошол кызмат ордун калыбына келтиргенде;
4) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмүнө ылайык кызматчыга мурда иштеген ишин улантууну жокко чыгарган жаза дайындалганда;
5) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалына;
6) кызматчынын өлүмү, ошондой эле сот тарабынан кызматчы өлдү же дайынсыз жок болду деп таанылганда.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган негиздер боюнча кызмат ордунан бошотулган кызматчыга бош орун болгон учурда мурдагыга теңдеш башка же төмөн турган кызмат орду сунуш кылынат. Бош орун жок болгон учурда же кызматчы ал кызмат орундан баш тартканда, анын макулдугу боюнча кызматчы кадрлардын ички резервине киргизилет.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында мурда колдонулган «мамлекеттик кызматчы» түшүнүгү ушул Мыйзамда пайдаланылган «мамлекеттик жарандык кызматчы» түшүнүгүнө барабар;
- мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында өтөлгөн кызмат стажы мамлекеттик жарандык кызматчы жана муниципалдык кызматчы үчүн сакталат;
- ушул Мыйзамдын күчүнө киришине байланышкан кайра уюштуруу же уюштуруучулук – штаттык иш-чаралар жүргүзүлгөн учурда кызматчы конкурстук тандоодон өтпөстөн ээлеген кызмат ордун кайрадан ээлейт;
- ушул Мыйзам менен администрациялык кызмат орундарына таандык кылынган саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдар квалификациялык талаптарды эске албастан ээлеген кызмат ордун ээлешет.
3. Президенттен үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү суралсын.
4. Өкмөткө төмөнкүлөр тапшырылсын:
- 2016-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда аларда ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон чыгымдарды кароо;
- алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жана ушул Мыйзамдан келип чыгуучу башка маселелерди чечүү.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 221 Мыйзамы;
- “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” жана “Муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу” Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 27-февралындагы № 27 Мыйзамынын 2 жана 3-статьялары;
- “Муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу” Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 22-мартындагы № 37 Мыйзамы;
- “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу” Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 9-августундагы № 140 Мыйзамы;
- “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу” Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 11-февралындагы № 9 Мыйзамы;
- “Муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-апрелиндеги № 75 Мыйзамы;
- “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-ноябрындагы № 242 Мыйзамы;
- “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 1-декабрындагы № 248 Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 11-майындагы № 152 Мыйзамынын 2-беренеси;
- “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 19-майындагы № 165 Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 25-февралындагы № 35 Мыйзамынын 5-беренеси;
- “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 20-октябрындагы № 181 Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 215 Мыйзамы;
- “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 33 Мыйзамы;
- “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-майындагы № 47 Мыйзамы;
- “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 26-майындагы № 67 Мыйзамы;
- “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 78 Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын 6 жана 7-беренелери;
- “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 8-майындагы № 67 Мыйзамы;
- “Муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 24-июлундагы № 157 Мыйзамы;
- “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 24-июлундагы № 158 Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 3-августундагы № 182 Мыйзамы;
- “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 16-апрелиндеги № 60 Мыйзамы.
Кыргыз Республикасынын
Президенти