Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-ноябры № 670
Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо
системасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 2-декабры № 825, 2017-жылдын 2-февралындагы № 55, 2017-жылдын 15-майындагы № 272 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Пенсиялык камсыздоо системасын андан ары өнүктүрүү жана өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясы, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы), 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер жана администрациялык ведомстволор жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнөн кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна отчет беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду отчеттук мезгилден кийинки айдын 25-күнүнөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчет берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
1-тиркеме
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 2-декабры № 825 токтомдун редакциясына ылайык)
Пенсиялык камсыздоо өзүнүн социалдык маанилүүлүгү боюнча мамлекеттин экономикалык, коомдук-саясий турмушунда жана финансылык-бюджеттик чөйрөсүндө маанилүү ролго ээ. Пенсиялык система эмгек рыногунун жана эмгекке акы төлөө системасынын абалы, салык жана финансы системалары, ошондой эле өлкөдөгү жалпы демографиялык жана социалдык-экономикалык кырдаал менен тыгыз байланыштуу.
Пенсиялык система жалпысынан учурдагы экономикалык абалды эске алышы керек, ага байланыштуу пенсиялык система менен экономиканын өз ара аракеттенүү механизмин кайра карап чыгуу талап кылынат. Пенсиялык камсыздоо системасы экономиканын турукташуусуна көмөк берүүгө тийиш. Жашоо наркы өсүп жаткан шартта пенсионерлердин турмуш деңгээлин колдоо боюнча чараларды дайыма ишке ашыруу зарыл. Мында пенсиялык камсыздоонун негизги максаттары жана милдеттери эң оболу жарандардын пенсия алууга конституциялык укуктарын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик кепилдиктерди күчөтүүгө багытталышы керек.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик милдеттүү пенсиялык системасы тилектештик жана топтоо принциптеринде негизделген: төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммалары пенсионерлерге пенсия төлөөлөрдү азыркы каржылоого жана пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоого жумшалат. Пенсиялык системаны куруунун дагы бир принциби камсыздандыруу принциби болуп эсептелет: ар бир камсыздандырылган адамдын пенсиясы жеке камсыздандыруу эсебинде топтолгон төгүмдөрүнө жараша болот.
1997-жылы Кыргыз Республикасынын пенсиялык мыйзамдарына бир катар олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген:
- пенсияга чыгуу курагы акырындык менен жогорулатылган - эркектер үчүн - 60тан 63 жашка чейин жана аялдар үчүн - 55тен 58 жашка чейин;
- бир катар жеңилдиктер алынып салынган, атап айтканда айрым кесиптердин жана жарандардын топторунун өкүлдөрүнүн пенсияга эрте чыгуусу жоюлган;
- үч түзүлүштөн турган пенсия формуласы киргизилген:
жетиштүү стажы бар ар бир пенсионерге кепилденген базалык пенсия;
кызматкердин 1996-жылга чейинки орточо эмгек акысынын пайызы катары эсептелген эмгек салымына ылайык пенсиялык камсыздоо;
пенсионердин эсебинде топтолгон жеке пенсиялык төгүмдөрү.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн дем берүүчү ролун күчөтүү максатында жарандарды персонификациялык эсепке алуу системасын киргизүү оң натыйжалардын бири болуп эсептелет.
2010-жылы шарттуу-топтомо пенсиялык системаны андан ары реформалоо боюнча кадамдар жаралган. Алсак, 2010-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасында шарттуу-топтомо пенсиялык эсептер системасына кызматкердин төгүмдөрүн алдын ала 8%дан 10%га көбөйтүү, 2% өлчөмүндө топтоо компоненти киргизилген.
Пенсиялык системанын түзүмүндөгү топтомо компонент пенсиялык камсыздоо системасынын келечекте мүмкүн болгон демографиялык көйгөйлөргө көз карандылыгын азайтууга жана пенсиялык системанын артыкчылыгын жогорулатууга багытталган.
Топтомо компонент киргизилгенден кийин, Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасы үч компоненттен турат:
- мамлекеттик милдеттүү тилектештик пенсиялык система;
- милдеттүү топтомо компонент;
- ыктыярдуу жеке топтомо система.
Биринчи компонент тилектештик пенсиялык системасынан турат, ал пенсиянын базалык бөлүгү, пенсиянын биринчи жана экинчи камсыздандыруу бөлүктөрүн камтыйт.
Экинчи компонент Кыргыз Республикасынын уюшулган сектордо (бюджеттик мекемелерде, түрдүү уюштуруучулук-укуктук формадагы жеке компанияларда) иштеген жарандар үчүн милдеттүү. Жарандар эмгек акысынан (кирешесинен) 2% өлчөмүндөгү камсыздандыруу төгүмдөрүн топтоого которушат.
Үчүнчү ыктыярдуу топтомо компонентке ыктыярдуу жеке топтомо схемасы кирет.
1-таблица
Параметрлери | Пенсиянын базалык бөлүгү | Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү | Пенсиянын топтомо бөлүгү | Пенсиянын ыктыярдуу топтомо бөлүгү |
Уюштуруу принциптери | Социалдык колдоо | Тилектештик принциби жана кызматкердин жеке жоопкерчилиги | Кызматкердин жеке жоопкерчилиги | Кызматкердин жеке жоопкерчилиги |
Финансылык булактар жана пенсия чектөөнүн шарттары | Республикалык бюджеттен трансферттер | Иш берүүчүнүн жана кызматкердин милдеттүү төгүмдөрү | Кызматкердин милдеттүү төгүмдөрү | Кызматкердин ыктыярдуу төгүмдөрү |
Пенсиянын өлчөмдөрүн эсептөө тартиби | Бирдиктүү өлчөм иш стажына жараша болот. Республика боюнча орточо эмгек акынын өсүшүнө жараша кайра каралат | Дифференция- ланган көлөм топтолгон пенсиялык укуктарына жана пенсияга чыккандан кийинки өмүрүнүн узундугуна жараша болот | Дифференция- ланган көлөм топтолгон капиталдаш-тырылган төгүмдөргө, инвестициялык кирешенин көлөмүнө жана камсыздандырыл-ган адам тандап алган төлөө мезгилине көз каранды | Дифференция- ланган көлөм кызматкер тарабынан тандалып алынган пенсиялык схемага жараша болот |
Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасынын негизин милдеттүү мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу түзөт, ал шарттуу-топтомо пенсиялык система түрүндө берилген: 1996-жылы персонификациялык эсепке алуу киргизилгенге чейин жарандардын иштеп тапкан каражаттары, ошондой эле 1996-жылдан кийин персонификациялык эсепке алуу киргизилгенден кийинки жеке камсыздандыруу эсептеринде топтолгон каражаттары эске алынат.
Ошону менен бирге, Пенсиялык фондго жиберилген каражаттардын бардыгы эле жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринде эсепке алына бербейт. “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Пенсиялык фондго түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүнүн тарифинин коюмунун 3%ы пенсиялык системанын тилектештик бөлүгүнө жиберилет. Тилектештик бөлүк негизинен майыптыгы боюнча жана баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсияларды төлөөгө пайдаланылат.
Мындан сырткары, системада пенсионерлерди финансылык жактан колдоо түрүндө мамлекеттик кепилдиктер (пенсиянын базалык бөлүгүн жана пенсияларга компенсацияларды жана кошумчаларды төлөп берүү), ошондой эле республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен жарандардын айрым категорияларына түрдүү жеңилдиктер каралган.
Пенсиянын топтомо бөлүгүн түзүүгө иштеп жаткан пенсионерлерден, 1964-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн эркектерден жана 1969-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн аялдардан башкалар, Кыргыз Республикасынын экономикасынын уюшулган секторунун кызматкерлери катышат, анткени бул категориядагы жарандардын милдеттүү топтомо компонентинин алкагында жетиштүү деңгээлде пенсиянын топтомо бөлүгүн түзүүгө пенсияга чыгууга чейин убакыттары жетишпей калат.
Пенсиялык топтоолорду инвестициялоо “Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат. Анда субъекттердин жана пенсиялык топтомо каражаттарды түзүү жана инвестициялоо боюнча мамилелерге катышуучулардын укуктук статусу, ошондой эле пенсиялык топтомо каражаттарды инвестициялоо чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуунун, контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн негиздери аныкталган.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтомо бөлүгүн каржылооо үчүн каралган пенсиялык топтомо каражаттарды түзүүдө жана инвестициялоодо камсыздандырылган адамдар бир гана топтомо пенсиялык фондду, топтомо пенсиялык фонддун башкаруучу компаниясын тандоого, ошондой эле өзүнүн пенсиялык топтоолорун бир топтомо пенсиялык фонддон экинчисине которууга укуктуу.
Баштапкы этапта топтомо компоненттин каражаттарын ишенимдүү башкаруу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан (мындан ары - Социалдык фонд) жүргүзүлөт, ал пенсиялык топтоолорду Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарына -70%дан ашык эмес, кредиттик уюмдардын мөөнөттүү депозитине - 25%дан ашык эмес жана күрөө менен камсыздалган облигацияларга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын эмитенттери тарабынан чыгарылган, эки эң жогорку категориянын бириндеги фондулук биржаларда листингден өткөн камсыздалган турак жай сертификаттарга, пенсиялык топтоолордун наркынын 20%дан ашык эмес өлчөмдө инвестициялоону жүзөгө ашырат.
Дүйнөлүк пенсиялык системаларды реформалоонун азыркы этабынын шартында жеке ыктыярдуу схемалар пенсиялык системанын жаңы элементи катары киргизилген. Милдеттүү пенсиялык топтоолор ар бир кызматкер үчүн кандайдыр бир топтоолордун минимумун түзүүгө багытталган.
Ыктыярдуу пенсиялык камсыздандыруунун ролу кирешесинин деңгээли жогору адамдар үчүн, айрыкча өз алдынча иштеген жарандар үчүн, эмгек кирешесинин ордун татыктуу жабууну камсыздоодо турат. Ыктыярдуу пенсиялык камсыздандыруу келечектеги пенсияларды топтоо системасы, ошондой эле пенсиялык системанын туруктуулугун узак мөөнөттүү келечекте камсыздоочу фактор болуп эсептелет.
Ыктыярдуу топтоолорду түзүүгө тийиштүү стимулдарды уюштуруу кызматкер тарабынан да, иш берүүчү тарабынан да мындай төгүмдөргө салык төлөөдөн качуу үчүн пайдалануу тобокелчилигин эске алышы жана алдын алышы зарыл. Ыктыярдуу жеке схемалар төгүмдөрү белгиленген толук каржылоо шарттарында иштейт. Катышуучулар өз топтоолору боюнча бардык инвестициялык тобокелчиликтерге өз алдынча жооп беришет.
Ыктыярдуу пенсиялык камсыздандырууда негизги роль мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорго таандык. Азыркы учурда мамлекеттик эмес бир гана “Кыргызстан” пенсиялык фонду бар. Жекече пенсиялык камсыздандыруунун начар өнүгүшүнүн негизги себептери – калктын кирешесинин аздыгы, жекече финансылык уюмдарга ишенбөө, финансылык рыноктун өнүкпөгөндүгү.
Пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө төмөнкү натыйжаларга жетишилди:
1) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасында чет өлкөлүк жарандардын милдеттери аныкталды. Алсак, республикада туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасына милдеттүү түрдө катышат. Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн кызматкерлер - чет өлкөлүк жарандар үчүн иш берүүчү тарабынан Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө 3 % төлөнөт, базарларда жеке ишкердик жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандар үчүн төгүмдөр патент наркынан 30 % өлчөмүндө белгиленген;
2) камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин коюму олуттуу төмөндөдү. Алсак, 1999-жылдан 2010-жылга чейин аталган тарифтер 39дан 27,25%га, т.а., 11,75%га чейин төмөндөтүлгөн, мында, иш берүүчү тарабынан төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин коюму 33төн 17,25%га, т.а. 15,75%га төмөндөтүлдү;
3) 2009-жылы пенсионерлердин кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо максатында пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо боюнча ченем киргизилген. Орточо эмгек акынын жана керектөө бааларынын индексинин көлөмүнүн өсүшү пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун шарттары болуп саналат;
4) Социалдык фонддун иш практикасына убактылуу бош акча каражаттарын банктарга депозиттерге жайгаштыруу жана мамлекеттик баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү киргизилди;
5) пенсиялык системанын финансылык туруктуулугун камсыздоо үчүн резервдик фонд түзүлдү;
6) пенсиялык төлөөлөрдү коммерциялык банктардагы персоналдык пенсиялык эсептерге накталай эмес которуу механизми киргизилди.
Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, пенсия алууга Кыргыз Республикасынын жарандары, республикада жашаган жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар укуктуу.
Пенсиянын төмөнкүдөй түрлөрү дайындалат:
- курагы боюнча;
- майыптыгы боюнча;
- баккан адамынан айрылгандыгы боюнча.
Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу системасынан төлөнүүчү жалпы пенсия тилектештик (базалык жана камсыздандыруу) жана топтомо бөлүктөрдөн турат, ал эми баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия базалык жана камсыздандыруучу бөлүктөрдөн гана турат.
Пенсиянын базалык бөлүгү – пенсиялык мыйзамдарда белгиленген иш стажы бар адамдарга (эркектер үчүн – 25 жыл, аялдар үчүн – 20 жыл) мамлекет тарабынан кепилденген пенсиянын бөлүгү. Пенсиянын базалык бөлүгү эмгек акынын өсүшүнө карата индексацияланат.
Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү – камсыздандыруу стажын, орточо бир айлык эмгек акысын жана топтолгон камсыздандыруу төгүмдөрүн эске алуу менен белгиленген пенсиянын бөлүгү. Мыйзамдарда пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо каралган. Индексациялоодон мурдагы календардык жылда түзүлгөн орточо эмгек акынын жана керектөө бааларынын индексинин көлөмүнүн өсүшү пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнө индексациялоонун шарттары болуп эсептелет. Бирок өткөн жылдардын тажрыйбасы көрсөткөндөй, пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмүн индексациялоо Социалдык фонддун финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жүргүзүлөт.
Пенсиянын топтомо бөлүгү – жеке камсыздандыруу эсебинин топтомо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолордун суммасынан камсыздандырылган адамга белгилене турган пенсиянын бөлүгү.
Пенсиялык фонддун кирешелери иштеп жаткан жарандардын камсыздандыруу төгүмдөрүнөн жана пенсиянын базалык бөлүгүнө, жеңилдетилген пенсияларга, пенсионерлердин айрым категорияларынын пенсияларын кошумчалоого, аскер кызматчыларынын пенсиясына республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардан турат.
Пенсиялык фонддун кирешесинин 60%га жакынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү түзөт. Пенсиялык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтик коюму камсыздандыруучулардын уюштуруучулук-укуктук формасына жана иштеринин түрүнө жараша ар кандай өлчөмдөрдө болот.
2014-жылдын 1-январына карата пенсиянын орточо өлчөмү 4432 сомду түздү, бул пенсионердин жашоо минимумуна (4097 сом) карата 108,2%ды түзөт. 2008-жылы орточо пенсиянын пенсионердин жашоо минимумуна карата катышы 45,7%дын тегерегинде болгон.
2014-жылдын 1-январына карата 336,9 миң пенсионер же алардын жалпы санынын 58%ы (580,8 миң адам) пенсионердин жашоо минимумуна жетпеген пенсия алышат. Орточо эмгек акыга карата орточо пенсиянын ордун жабуу коэффициенти республика боюнча 38,8%ды түздү.
Жалпы пенсия алуучулардын санынан 429,2 миң адам (74%) - курагы боюнча пенсия, 102,8 миң адам (17,7%) - майыптыгы боюнча жана 47,2 миң адам (8,1%) баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алат, пенсия алган аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү - 1,6 миң адам.
2008-жылы пенсияга чыгуу курагынын ийкемдүү режими белгиленген. Мында, мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууда талап кылынган стаж эркектер үчүн - 40 жылды (жалпы негизде болсо - 25 жылды), аялдар үчүн - 35 жылды (жалпы негизде - 20 жылды) түздү.
35 жыл иш стажы бар эркектер үчүн жана 30 жыл иш стажы бар аялдар үчүн пенсия өлчөмүн азайтуу менен чектелет. Мында курагы боюнча мөөнөтүнөн мурдагы пенсия жалпы белгиленген пенсиялык куракка чейинки жетишпеген ар бир ай үчүн пенсиянын өлчөмүн 1,5%га азайтуу менен эсептелет.
1996-жылдан азыркы мезгилге чейин майыптыгы боюнча пенсионерлердин саны 2 эседен ашык көбөйдү жана 102,8 миң адамга жетти. 2010-2012-жылдардын аралыгында эле 13,8 миң адамга майыптыгы боюнча пенсия чектелди же 1996-жылга караганда 3 эсеге жана 2000-жылга караганда 2,5 эсеге көп. Бул мезгилде пенсионерлердин жалпы санындагы үлүшү 17,7%ды түздү, 1996-жылы ал 9%га барабар болгон.
Жеке камсыздандыруу эсептеринде эсепке алынган ар айлык төлөмдөрдүн суммалары пенсионерлердин өмүрүнүн орточо узактыгына жараша эсептелет. Мисалы, пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгү актуардык коэффициентке көбөйтүлгөн, төлөмдөрдүн бардык мезгилиндеги камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларынан эсептелет. Актуардык коэффициент - пенсия чектелгенден кийинки пенсионердин өмүрүнүн орточо узактыгын эске алуу менен пенсиялык төлөмдөрдүн пайызын аныктаган инструмент.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында курагы боюнча ар кандай жашта пенсияга чыгуу укугу каралган, ошондуктан актуардык коэффициент пенсияга чыгуу курагына жараша айырмаланат. Алсак, пенсияга бир кыйла эрте чыккан адамдардын актуардык коэффициенти азыраак, анткени алардын пенсиялык төгүмдөрү пенсияга кечирээк чыккандардыкына караганда узак мөөнөткө бөлүштүрүлөт. Бул белгилүү бир курактан кийин жашоонун ар кандай узактыгына байланыштуу.
2013-жылдын расмий статистикалык маалыматтары боюнча Кыргыз Республикасында эркектердин өмүрүнүн узактыгы 66,3 жылды, аялдардыкы -74,3 жылды түзөт.
Пенсияга чыккандан кийин пенсионерлердин бардыгы эле жогоруда көрсөтүлгөн куракка чейин жашашпайт. 80 жаштан улуу пенсионерлердин саны 33,4 миң адамды түзөт, бул учурда тилектештик принциби иштейт, б.а. аларга Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнөн пенсия төлөнөт, анткени пенсионерлер топтогон пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү чыгымдалып бүткөн.
Азыркы кезде Кыргыз Республикасынын экономикасынын түзүмүндө айыл чарбасынын, формалдуу эмес сектордун үлүшү чоң, тышкы эмгек эмиграциясы бар, бул пенсиялык системанын толук иштешине таасир этүүдө, буга байланыштуу азыркы пенсиялык системада бир катар көйгөйлөр бар:
1. Пенсия менен камсыздоо деңгээлинин жетишсиздиги
Пенсиянын өлчөмүнүн аздыгы биринчи кезекте өлкөнүн жалпы экономикалык өнүгүшүнүн, андан кийин пенсиялык системанын өзүнүн түзүмүнүн же иштешинин натыйжасы болуп эсептелет. Пенсионерлердин 58%ы пенсионердин жашоо минимумунан төмөн пенсия алышат. Камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө базасы болуп эмгек акы эсептелет, ал эми көпчүлүк кызматкерлердин эмгек акысы төмөн.
2-таблица
Жылдар | Пенсиянын орточо өлчөмү, сом | Пенсиянын өлчөмүнүн өсүшү, %
| Пенсиянын орточо өлчөмү | |
пенсионердин жашоо минимумунун көлөмүнө, % | эсептелген эмгек акынын орточо өлчөмүнө, % | |||
2008-ж. | 1426 | 128,0 | 45,7 | 26,5 |
2009-ж. | 2111 | 148,0 | 72,1 | 34,3 |
2010-ж. | 2800 | 132,6 | 89,0 | 38,9 |
2011-ж. | 3760 | 134,3 | 95,6 | 40,2 |
2012-ж. | 4192 | 111,5 | 108,6 | 38,5 |
2013-ж. | 4432 | 105,7 | 108,2 | 38,8 |
2. Иштеген жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн жарандардын санынын пенсия алуучулардын санына карата катышынын кыскарышы
Эл аралык эмгек уюмунун сунуштарына ылайык бир пенсионерге кеминде 3 төлөөчү туура келиши керек. Азыркы кезде иштеп жаткан жарандардын саны, башка өлкөлөргө кеткен жумушчу күчтү жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп жаткандарды эске алганда пенсионерлердин санынан бир аз эле көп. 2012-жылы бир пенсионерге 2 камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү туура келген. Фермерлер жана өз алдынча иштегендер камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы көлөмүнө анчалык салым кошпогонун эске алсак, анык катышта бир пенсионерге 1,2 төлөөчү туура келет. Иштин мындай абалында пенсионерлерди кармоо иштегендер үчүн көтөрө алгыс жүк болуп, иштеп жаткан калк пенсионерлердин такай өсүп жаткан санын камсыздай албай калды.
3. Пенсиялык системанын милдеттенмелери боюнча булактардын түрлөрүнөн түшкөн кирешелердин актуардык теңделбегендиги
Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн жана жеке ишкерлердин пенсиялык камсыздандыруу системасы менен толук камтылбагандыгы мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу системасынын негизги көйгөйлөрүнүн бири болуп эсептелет, алардын төгүмдөрү экономиканын уюшулган секторунан түшкөн төгүмдөрдөн аз. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн 60%ын түзгөн жана төлөмдөрдүн 97%ын камсыз кылган чарбалык субъекттер жана бюджеттик уюмдар үчүн Пенсиялык фондго чегерүүлөрдүн коюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 2013-жылга эмгек акы төлөө фондунун 25% өлчөмүндө белгиленген, алардын ичинен утурумдук төлөмдөргө 23% жана Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна – 2%.
Кызматкердин эмгек акысы (кирешеси), ишинин түрлөрү боюнча ишкерлердин потенциалдык кирешеси жана айыл чарбалык товар өндүрүүчүлөрүнүн жер үлүшүнүн өлчөмү камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн база болуп саналат. Мындан сырткары, көрүүсү жана угуусу боюнча ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын уюмдары, текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн, жогорку технологиялар паркынын жана айыл чарба кооперативдеринин ишканалары үчүн төлөмдөрдүн коюму боюнча жеңилдиктер каралган.
Юридикалык жакты түзбөстөн уюшулган дыйкан (фермердик) чарбалар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери учурдагы жылга жер салыгынын базалык коюму өлчөмүндө белгиленет.
Юридикалык жакты түзбөстөн патент менен базарларда жана соода аянттарында жеке ишкердик жүргүзгөн жеке адамдар үчүн Пенсиялык фондго камсыздандыруу төгүмдөрү алган кирешесинин өлчөмүнө карабастан ай сайын белгиленген өлчөмдө аныкталат. Өлкөнүн экономикасында айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жана өз алдынча иштегендердин үлүшү бир топ (40%дан ашык), бирок пенсиялык камсыздоо системасында алардын камсыздандыруу төгүмдөрүнүн үлүшү түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасынын 3%ынын тегерегинде.
2012-жылы дыйкан (фермердик) чарбалардан түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн салыштырма салмагы түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы көлөмүндө 1%ды түздү, ал эми айылдык товар өндүрүүчүлөрдү пенсиялык камсыздоого пенсиялык төлөмдөрдүн жалпы көлөмүнүн 36% жумшалды.
Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү пенсиялык камсыздоо маселеси актуалдуу маселе. Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн кирешелеринин өзгөчө мүнөзүнөн улам, экономиканын башка секторлорундагы кирешелерге салыштырмалуу айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн кирешелеринин туруктуу эместигин жана стабилдүү эместигин жана айыл чарбасына түздөн-түз же кыйыр таасирин тийгизген көптөгөн факторлордон көз каранды экендигин эске алып, иштетилген айыл чарба жерлеринин түрүнө жана аянтынын өлчөмүнө жараша жер салыгынын базалык баасынын деңгээлинде Кыргыз Республикасында фермерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн туруктуу тарифтери белгиленген. Төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы ошол фермердик чарбанын ар бир кызматкеринин жеке камсыздандыруу эсептерине бөлүштүрүлөт.
Бүгүнкү күндө айылдык товар өндүрүүчүлөр советтик мезгилде иштеген стажы үчүн пенсия алып жатышат. Бирок, 15-20 жылдан кийин пенсиялардын өлчөмү шарттуу-топтомо жана жеке эсептеринде топтолгон каражаттардан эсептелгенде, айыл чарбасында эмгектенген жарандардын пенсияларынын өлчөмү бүгүнкү күндө төлөгөн төгүмдөрүнүн аздыгынан улам төмөн болуп калышы мүмкүн.
Ушундай эле көйгөйлөр өз алдынча иштеген жарандарды пенсиялык камсыздоодо да кездешет, алардын көпчүлүгү камсыздандыруу төгүмдөрүн такай төлөшпөйт же көбүнчө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн качышат.
Өз алдынча иштеген жарандар пенсиялык камсыздандырууга анча кызыгышпагандыктан жана маалыматтары аз болгондуктан, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгүсү келбейт. Базарларда ишкердик жүргүзгөн жеке адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин коюмдары 2005-жылы 80 сомдон 200 сомго чейинки белгиленген өлчөмдөрдө коюлган. Ал эми 2005-жылдан тартып номиналдуу эмгек акынын өлчөмү 3 эседен ашык көбөйдү, пенсионердин жашоо минимуму 2 эсеге, орточо пенсиянын өлчөмү 4 эсеге өстү, ал эми базардагы салык патентинин орточо баасы дээрлик 4 эсеге жогорулады.
4. Пенсия дайындоодо камсыздандыруу принцибинин жетишсиздиги
1997-2002-жылдардын мезгилинде пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү дайыма жогорулатылган жок. Бул мезгилде пенсиянын өлчөмүнүн 20%га жогорулатылышы жана пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгүн эсептөө үчүн эмгек акынын “жогорку чеги” 1500 сом өлчөмүндө белгилениши маанилүү этаптардан болду.
2003-2006-жылдары дифференциялуу жогорулатуу аркылуу пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү жогорулатылды.
2007-2009-жылдары пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү алардын өлчөмүнө карабастан бирдей принцип боюнча жогорулатылган, ушуга байланыштуу өлчөмү аз пенсияларга караганда, өлчөмү жогорку пенсиялар көбөйдү.
2010-2011-жылдары пенсионерлердин арасында жакырчылык деңгээлин азайтуу максатында алган пенсиясынын өлчөмүнө жараша пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн дифференциялуу көбөйтүү саясаты улантылган. Ошону менен катар эле пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүктөрүн эсептөөдө колдонулган түзөтүү коэффициенттерин көбөйтүү аркылуу пенсиялар жогорулатылган. Мындай пенсиялык саясатты киргизүүнүн натыйжасында камсыздандыруунун негизги принцибинин - алган пенсиясынын өлчөмүнүн которгон камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасына шайкештигинин бузулушу орун алды.
5. Жеңилдетилген пенсия алуучулардын санынын көбөйүшү
Курагы боюнча пенсионерлердин жалпы санынын 77,6 миңге жакын адамын же 14,3%ын мыйзамда курагы боюнча мөөнөтүнөн мурда пенсия чектөө үчүн жеңилдиктер каралган пенсионерлер түзөт. Буга 10 категориядагы жарандар кирет, алар бийик тоолуу шарттарда жана барууга кыйын алыскы зоналарда жашаган жана иштегендер, көп балалуу энелер жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелери, зыяндуу өндүрүш шарттарында иштегендер, 1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын кесепетин жоюу иштерине катышкан адамдар.
Бийик тоолуу шарттарда жана барууга кыйын алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдарга жеңилдетилген пенсияларды белгилөө өмүрүнүн узактыгынын бир кыйла төмөндүгүнө жана эрте каза болгондордун көптүгүнө байланышкан.
Көп балалуу энелерге жеңилдетилген пенсияларды белгилөө - төрөлгөн балдардын жана республиканын калкынын санын көбөйүшүнө дем берүү боюнча мамлекеттик саясаттын чараларынын бири болуп саналат. Жеңилдетилген пенсия алуучу пенсионерлердин көпчүлүгү ( 45,4 миң адам же 64%) беш же андан көп бала төрөгөн көп балалуу энелер. Алар үчүн 15 жыл камсыздандыруу стажы болсо 53 жаштан, 25 жыл камсыздандыруу стажы болсо 50 жаштан жана бийик тоолуу шарттарда 15 жыл камсыздандыруу стажы болсо 45 жаштан пенсияга чыгууга укук белгиленген.
Пенсиялык курак жалпы 3 жылга көбөйтүлгөндө, бийик тоолуу шарттарда иштеген жана жашаган жарандарга курагы жана стажы боюнча талаптар өзгөргөн эмес. Пенсионерлердин бул категориясы фермердик жана дыйкан чарбанын 1 мүчөсүнө айына 30 сомдон камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп, экономиканын агрардык секторунда иштегендер.
6. Эмгек мигранттарын мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу системасы менен камтуунун аздыгы
Эмгекке жарамдуу калктын эмгектик миграциясынын деңгээлинин жогорулугу Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасынын дагы бир көйгөйү. Түрдүү маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасынын калкынын 10%дан ашыгы азыркы кезде башка өлкөлөрдө жашап жана иштеп жатышат, демек, алардын кирешелери эч жерде катталбайт, алар мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасына төгүмдөрдү төлөшпөйт жана ошондуктан келечекте пенсия алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушпайт. Кыргыз Республикасынын эмгектик мигранттарынын көпчүлүгү чыгып кетүүнүн расмий эмес каналдарын колдонушат жана барган өлкөдө легалдуу эмес абалда болушат.
Эмгек мигранттарынын көпчүлүгү башка өлкөлөрдө белгилүү бир мезгилде иштеп, иштеген өлкөнүн пенсиялык курагына жетпестен, өз мекенине кайтып келишет. Бул өлкөлөрдө жүргөн кезинде алар тарабынан төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү ошол өлкөнүн пенсиялык фонддорунда кала берет, башка өлкөлөрдөгү эмгеги камсыздандыруу стажына эсептелбейт.
Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүүнүн негизги максаты пенсиялык камсыздоодо иш берүүчү жана кызматкер үчүн кызыкчылыкты жана жоопкерчиликти туудурган механизмдерди камтыган финансылык туруктуу пенсиялык камсыздандыруу системасын түзүү аркылуу пенсионерлердин турмуш деңгээлин колдоо, алардын албай калган эмгек акысынын бир бөлүгүн компенсациялоо болуп саналат.
Кыргыз Республикасында базар экономикасы шарттарында камсыздандыруу принциптерине негизделген пенсиялык системанын модели иштейт. Мында пенсиянын өлчөмүн түзүү процессине камсыздандырылган адамдар да, иш берүүчү жана мамлекет да катышат.
Негизги басымдуу система катары шарттуу-топтолуучу система сакталат, анын үлүшү жалпы пенсиянын өлчөмүндө келип жана Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жалпы жана милдеттүү мүнөздө болот. Милдеттүү да, ыктыярдуу да түрдөгү топтомо компонент пенсиянын негизги өлчөмүнө кошумча пенсия катары милдетти аткарат. Эгерде камсыздандыруучу пенсиянын өлчөмү белгиленген деңгээлге жетпесе, мындай пенсионерлерге мамлекеттик бюджеттен пенсиянын базалык бөлүгү төлөнүп берилет. Мында каржылоо булактарын так бөлүштүрүү менен пенсиялык системанын деңгээлдерин чектөө маанилүү.
3-таблица
Булактар | Деңгээл | Пенсиянын түзүмдүк бөлүгү |
Республикалык бюджет | 0-деңгээл Мамлекеттик социалдык колдоо | Пенсиянын базалык бөлүгү |
Пенсиялык фонд | 1-деңгээл Милдеттүү (бөлүштүрүүчү, шарттуу-топтолуучу) | Биринчи камсыздандыруучу бөлүк + экинчи камсыздандыруучу бөлүк |
Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонд | 2-деңгээл Милдеттүү (топтомо) | Пенсиянын топтомо бөлүгү |
Топтолуучу пенсиялык фонддор | 3-деңгээл Ыктыярдуу (топтомо) | Ыктыярдуу пенсиялык топтоолор |
Ошентип, пенсиялык система көп деңгээлдүүлүккө жетет, ал адекваттуу жана жетиштүү пенсиялык камсыздоону да, жарандардын тандоо укугун жана ага катышууга дем берүүнү жогорулатууну да камсыздоого тийиш.
Орто мөөнөттүү келечекте коюлган максаттарга жетишүү үчүн төмөнкү маселелерди чечүү каралууда:
- мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу системасын өркүндөтүү;
- пенсиялык камсыздандыруу системасынын инфраструктурасын өнүктүрүү;
- мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандыруунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу;
- жарандардын пенсиялык сабаттуулугун жогорулатуу.
3.1. Мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу системасын өркүндөтүү
1. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун тарифтик саясатын өркүндөтүү
Келечекте татыктуу пенсия алуу үчүн экономикалык жактан жигердүү калктын ар кандай катмарларына карата анын шайкештигине жетишүү максатында, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын тарифтик саясатын өркүндөтүү, кирешеси аз жарандар үчүн белгилүү бир минимумду жана кирешеси бир кыйла жогорку жарандар үчүн пенсиялык камсыздоонун орточо деңгээлин камсыздоо принциби боюнча ишке ашырылууга тийиш.
Бул көйгөйлөрдү камсыздандырылган жарандардын бардык категориялары үчүн, жеке ишкерлер, дыйкан (фермердик) чарбалар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин бааларын теңдөө же болбосо формалдуу эмес сектордо иштеген жарандар үчүн пенсиялык камсыздоонун минималдык мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча механизмдерин карап чыгуу аркылуу чечүүгө болот.
Баштапкы этапта формалдуу эмес сектор үчүн (айылдык товар өндүрүүчүлөр, анын ичинде токой чарбасында эмгектенгендер жана юридикалык жакты түзбөстөн жеке ишкердик жүргүзгөн адамдар) камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин коюмун орточо эмгек акыдан пайыздарда чегерүү аркылуу чыгымдар менен жогорулатуу сунушталууда. Ошентип, уюшулган сектордон уюшулбаган секторго пенсиялык камсыздандыруу каражаттарын кайра бөлүштүрүү практикасын жокко чыгарып, формалдуу эмес секторго кандайдыр бир деңгээлде пенсиясын өз алдынча иштеп табуу мүмкүнчүлүгүн берүү.
Уюшулган сектордо (чарбалык субъекттерде) иштеген камсыздандырылган адамдар үчүн тарифтик саясатта да өзгөртүүлөрдү кароо керек. Келечекте чектеле турган пенсиялардын өлчөмүндө мүмкүн болучу калпыстыктарды болтурбоо үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүдө салык салына турган эмгек акынын өлчөмүнүн жогорку чегин белгилөө же иш берүүчүдөн алынуучу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин коюмдарын уюшулган сектор үчүн азайтуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу керек. Жогорураак кирешеси бар жарандар бошотулган кирешесинин натыйжасында мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорго катышуу аркылуу кошумча пенсия менен өздөрүн камсыздоого мүмкүндүк ала алышат.
Бирок уюшулган сектор үчүн тарифтер боюнча бул өзгөртүүлөр тарифтик саясатка сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү ишке ашыруунун натыйжасында кирешелер социалдык камсыздандыруу системасынан талашсыз чыгарылганын көңүлгө алып, уюшулбаган сектор үчүн тарифтик саясатта көйгөйлүү маселелер чечилгенден кийин гана ишке ашырылышы мүмкүн. Болжолдуу маалыматтар боюнча салык алына турган эмгек акынын жогорку чегин белгилөөнүн эсебинен гана Социалдык фонддун бюджети жылына 700 млн сомду албай калат.
2. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну жакшыртуу
Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу Социалдык фонддун ишинин бир бөлүгү катары маалыматтарды топтоону жана талдоону, анын ичинде текшерүү жол-жобосун иш жүзүндө аткаруу, камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө механизмин реформалоо боюнча чараларды иштеп чыгууну, контролдоо жол-жобосун жана усулдарын камтыйт.
Социалдык фонддун региондук органдарынын уюштуруу түзүмүн өркүндөтүү, материалдык-техникалык базасын чыңдоо, контролдоонун жаңы технологияларын пайдалануу жыйымдарды башкаруунун сапатын жогорулатуунун эң маанилүү шарттарынан болуп саналат.
Орто мөөнөттө Социалдык фонд мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча эсептешүү ведомостторун автоматтык түрдө иштеп чыгууга шарт түзүүчү программалык камсыздоону бардык жерде кийирүүнүн үстүндө иштейт. Ошондой эле отчетторду кабыл алуу жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр менен электрондук почтанын жардамы менен иштөө боюнча программаларды иштеп чыгуу каралууда, бул тейлөөнүн жана төлөөчүлөрдү өз убагында маалымдоонун сапатын жакшыртат.
Юридикалык жакты түзбөстөн уюшулган дыйкан (фермердик) чарбалардан камсыздандыруу полистерин жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияларын алуу менен накталай эмес (банк терминалдары) аркылуу төлөө системасын киргизүү коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоого шарт түзөт.
Аталган чаралар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-майындагы № 149-б буйругу менен бекитилген 2014-2015-жылдарга Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандырууга карата төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлөт.
3. Пенсиялык камсыздоого республикалык бюджеттин чыгымдарынын натыйжалуулугун жогорулатуу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, калктын аз камсыз болгон жана аялуу катмарларынын айрым категорияларына Социалдык фонд аркылуу социалдык төлөмдөр берилет. Бул төлөмдөр республикалык бюджеттен каржыланат. Республикалык бюджеттен берилүүчү трансферттердин суммасы камсыздандыруучу мүнөздөгү эмес төлөмдөргө керектүү суммалардан түзүлөт.
Республикалык бюджеттен Социалдык фондго бөлүнгөн трансферттердин жарымынан көбүн пенсиянын базалык бөлүгүн жана электр энергиясына тарифтердин жогорулашына байланыштуу компенсациялык төлөмдөрдү каржылоо түзөт. Пенсиянын базалык бөлүгү 1500 сомду түзөт. Курагы боюнча пенсия чектөө үчүн талап кылынган камсыздандыруу стажы жок адамдарга пенсиянын базалык бөлүгү болгон стажына карата пропорциялуу эсептелет. Ошентип, пенсиянын бул бөлүгү бир аз стажы бар пенсионерлердин баарына эле төлөнөт. Пенсиясынын өлчөмү айына 4000 сомдон төмөн 532 миң адам же пенсионерлердин 95% бюджеттен электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөрдү алышат.
Ушуга байланыштуу пенсиялык камсыздоодо пенсиянын базалык бөлүгү кандай орунду ээлеши керектигин аныктап алуу зарыл. Бүгүнкү күндөгү пенсиянын өлчөмү дагы деле жогору эмес жана андан базалык бөлүктү алып салуу пенсионерлердин нааразычылыктарын жаратышы мүмкүн. Бирок, мамлекеттик чыгымдарды оптималдаштыруу зарыл.
Пенсияларды жаңы дайындоодо пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү жашоо деңгээлинен 3 эсеге жогору болсо пенсиянын базалык бөлүгүн чектебөө сунушталууда. Мындан сырткары пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоону пенсиясынын өлчөмү жашоо деңгээлинен ашпаган пенсионерлер үчүн гана жүргүзүү керек. Пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү мындан ары да өткөн жыл үчүн республика боюнча орточо эмгек акынын 12%нан төмөн эмес деңгээлде кармалып турат жана стажына карабастан толук өлчөмдө дайындалат. Ошентип, сунушталып жаткан чаралар пенсиянын базалык бөлүгүн дайындоо принциптерин өзгөртүшү мүмкүн.
Пенсиянын базалык бөлүгү социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттенме эмес, камсыздандыруу учуру келгендигинен улам, акча каражатын табуу мүмкүнчүлүгүн жоготкондугуна байланыштуу жарандарды социалдык коргоо үчүн салыктардын эсебинен мамлекет тарабынан төлөнүүчү колдоо деп коомчулукка так аргументтөө зарыл.
Электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөр пенсиясынын өлчөмү 4000 сомдон ашпаган пенсионерлер үчүн мамлекет тарабынан төлөнүүчү социалдык колдоо болуп эсептелет. Келечекте базалык пенсия социалдык колдоо функциясын аткара тургандыктан, жаңы дайындоолордо электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөрдү белгилебөө каралууда.
Мындай чараларды көрүү акырындык менен пенсиянын базалык бөлүгүн жалпы жана милдеттүү түрдө төлөөнү жокко чыгарып жана натыйжалуу, даректүү жана социалдык жактан колдой турган төлөмдөргө өтүүгө шарт түзөт. Мындан тышкары, мындай шарттарда республикалык бюджеттин чыгымдарынын натыйжалуулугун гана жогорулатпастан, анын чыгымдарын азыркы шарттарга салыштырмалуу стабилдештирүүгө болот.
Ошондой эле мыйзамдарга пенсия алуучулардын айрым жеңилдик берилген категориялары үчүн пенсияга чыгуу курагын жогорулатууну караган өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.
Жалпы пенсияга чыгуу курагы жогорулаган шартта бийик тоолуу шарттарда жашаган жарандарга да пенсияга чыгуу курагын этап менен жогорулатуу зарыл: эркектер үчүн - 58 жашка, аялдар үчүн - 53 жашка, ошондой эле көп балалуу энелер үчүн - 48 жашка чейин. Мындай чаралар этап менен жогорулатуу киргизилген шартта республикалык бюджеттин чыгымдарын азайтууга мүмкүндүк берет.
Пенсияларга кошумчаларды дайындоо жана төлөп берүү шарттарын кайра карап чыгуу зарылдыгын белгилеп кетүү керек. Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңирген жарандардын пенсияларына кошумчалар республикалык бюджеттен төлөнөт. Бул категориядагы алуучулар үчүн пенсиясына кошумчасы эсептелген пенсиянын өлчөмүнө 60%дан 120%га чейин белгиленет. Жогоруда аталган кошумча дайындоо жана төлөө “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык республикалык бюджеттен жүзөгө ашырылат.
Пенсияларга кошумчалар боюнча республикалык бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу максатында өзгөчө эмгек сиңиргени үчүн пенсияларды белгилөө принциптерин жана критерийлерин кайра карап чыгуу зарыл, ошондой эле чектелген пенсиясына караганда пенсиясынын кошумчасы бир нече эсе жогору болгон учурларда судьялардын пенсиясына кошумчаларды алып салуу керек. Пенсияга кошумчанын өлчөмүнө чектөө киргизүү сунушталууда, ага ылайык кошумча пенсиянын өзүнүн өлчөмүнөн жогору болбошу керек.
4. Пенсиялык камсыздандыруу саясатын өркүндөтүү
Пенсияларды эсептөө тартибин мындан ары оптималдаштыруу үчүн мамлекет тарабынан пенсионерлер үчүн республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен айрым минимумду камсыз кылуу саясаты кармалышы керек. Социалдык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен пенсияларды ар жылдык жогорулатууларда пенсияларды чектөөнүн жана индексациялоонун камсыздандыруу принциптери так сакталышы керек.
Пенсиялык саясатты өркүндөтүү максатында төмөнкүлөр каралууда:
- пенсиялар чектелгенге чейин аларды инфляциядан коргоо үчүн жарандардын жеке камсыздандыруу эсептериндеги пенсиялык салымдарды толук индексациялоо. Иштеп жаткан пенсионерлер үчүн төгүмдөрдү индексациялоо жүргүзүлбөйт, анткени пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү пенсияны ар жылдык индексациялоодо жогорулатылат;
- пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн ар жылдык индексациялоо саясаты инфляциянын деңгээлине жана экономикадагы орточо айлык эмгек акынын динамикасына жараша болот. Пенсияны индексациялоо жылына 1 жолу жүргүзүлөт жана камсыздандыруу бөлүктөрү Социалдык фонддун бюджетинин мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде, төмөнкү формулага ылайык индексацияланат: (индексация коэффициенти = керектөө бааларынын индексинин өсүшүнүн 50 % + орточо айлык эмгек акысынын өсүшүнүн 50 %);
- курагы боюнча пенсияга укук алуу үчүн эркектер үчүн 25 жылдан кем эмес, аялдар үчүн 20 жылдан кем эмес минималдык камсыздандыруу стажын киргизүү. Стажы аталган өлчөмгө жетпеген учурларда колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык калыбына келтирилип жаткан жылдарга камсыздандыруу төгүмдөрүн бир жолу которуу аркылуу минималдык стажга жетпеген жылдарды толтуруу укугу берилүүдө. Камсыздандыруу стажы белгиленген жылдарга жетпеген, стажын калыбына келтирүү укугун пайдаланбаган жарандар пенсиялык куракка жеткенде республикалык бюджеттен курагы боюнча жөлөкпул алышат. Мында пенсиянын базалык бөлүгүн төлөп берүүгө республикалык бюджеттен түшкөн каражаттардын суммасы курагы боюнча жөлөкпул алууга багытталган жарандардын камсыздандыруу чегерүүлөрүнүн суммасынын бир бөлүгүн эске алуу менен жыл сайын азайтылып, оңдолуп турат.
Эгерде жаран пенсиялык куракка жеткенде эркектердин - 25 жылдан кем, аялдардын – 20 жылдан кем стажы болсо, бирок эмгек иштөөсүн улантып жана курагы боюнча жөлөкпул албаса, анда ал тарабынан минималдык камсыздандыруу стажы боюнча талаптар аткарылган учурда, кийинчерээк пенсия чектөө үчүн кайрылууга укуктуу.
5. Пенсиялык системанын топтоо компонентин өнүктүрүү
Орто мөөнөттүү келечекте пенсиялык системанын топтоо компонентинде тарифтердин коюмун андан ары көбөйтүү Кыргыз Республикасынын инвестициялык жана финансылык рынокторунун өнүгүшүнө байланыштуу. Ар бир жаранга тандоо укугун берүү мүмкүнчүлүгү каралууда, т.а. ар бир жаран арыз жазуу принциби боюнча пенсиясынын топтоо компонентин түзүүгө катышууну улантуу ниетин ырастайт же болбосо Пенсиялык фонддун чегерүүлөрү боюнча тийиштүү камсыздандыруу бөлүгүнө көбөйтүүнүн эсебинен топтоо компонентине катышуудан баш тарта алат. Мында топтоо компонентине катышуудан баш тарткан жарандардын пенсиянын топтоо бөлүгүнө түшкөн жана инвестицияланып жаткан каражаттары мындан ары алар пенсиялык куракка жеткенге чейин инвестицияланат жана камсыздандыруу пенсиясы менен бирге төлөнөт.
Пенсиялык системанын топтоо компонентинин иштеши үчүн пенсиялык компоненттин инвестициялык ресурстарына болгон муктаждыкка мамлекет тарабынан колдоо талап кылынат, т.а., мамлекеттик баалуу кагаздарды, ипотекалык жана муниципалдык облигацияларды чыгаруу аркылуу пенсиялык активдерди мамлекеттин кепилдиги астында жайгаштыруу керек болот. Мындан ары республикада инвестициялардын рыногу жетиштүү өнүккөндө, ошондой эле пенсиялык топтоолордун кепилденген сакталышы жана жетиштүү кирешелүүлүк шарттары сакталганда пенсиялык активдерди жайгаштыруу үчүн мамлекеттик инструменттердин үлүшү бир топ кыскарат.
Инвестициялоону андан ары өнүктүрүү жана топтолуучу пенсиялык фонддун инвестициялык портфелинин түзүмүнө кирген финансылык инструменттерди кеңейтүү үчүн камсыздандырылган адамдардын пенсиялык куракка жакындашына жараша категориялар боюнча инвестициялык портфелдердин акылга сыярлык (консервативдүү чекте) жана хеджирленген түзүмүн түзүү боюнча шарттарды түзүүгө багытталган башкаруучу компаниялардын ишин жандандыруу үчүн негиз түптөө зарыл. Бул өлкөдө инвестициялык потенциалды кеңейтүүнүн өбөлгөлөрүнүн бири болушу керек.
6. Эмгек мигранттарын пенсиялык камсыздандыруу
1992-жылдын 13-мартындагы пенсиялык камсыздоо жаатында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин жарандарынын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө макулдашуу азыркы учурда пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү негизги эл аралык документ болуп эсептелет. Бул Макулдашууга ылайык пенсиялык камсыздоо менен байланышкан чыгымдарды аталган камсыздоону берген мамлекет тартат, эгерде эки тараптуу макулдашуулар менен башкасы каралбаса, өз ара эсептешүүлөр жүргүзүлбөйт.
“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия алууга Кыргыз Республикасынын камсыздандырылган жарандары, республикада жашаган, мыйзамдарга ылайык мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандырууга төгүм төгүшкөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар укуктуу.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен пенсия эсептөө үчүн камсыздандыруу стажын калыбына келтирүү жана эмгек мигранттары –Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн ыктыярдуу пенсиялык камсыздандыруу мүмкүнчүлүгү каралган. Камсыздандыруу стажын калыбына келтирүү жана 1996-жылдын январынан берки мезгил үчүн жеке камсыздандыруу эсептеринде камсыздандыруу төгүмдөрүн топтоо максатында “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Пенсиялык фондго айына каалаган өлчөмдө, бирок орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн кеминде 8% камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө каралган.
2012-жылдын 1-январынан баштап Россия Федерациясында иш берүүчү Россия Федерациясынын аймагында убактылуу жүргөн жарандар үчүн милдеттүү түрдө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгүн белгилеп кетүү керек.
Азыркы учурда Евразия экономикалык бирлигине мγчѳ-мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо жѳнγндѳ келишимдин долбоору даярдалып жатат. Келишимдин долбоорунда пенсияларды (жөлөкпулдарды) “пропорциялуулук” принциби боюнча жарандардын туруктуу жашаган жери боюнча которуу каралууда. “Пропорциялуулук” принциби мамлекеттердин аймагында, иштеп тапкан эмгек (камсыздандыруу) стажынын мезгили үчүн пенсия алуу укугун аныктоо үчүн ар бир мамлекет улуттук мыйзамдарына ылайык аймагында алган стажына ылайык пенсия чегерээрин жана төлөп берээрин болжолдойт.
Кыргыз Республикасынын жарандары иштеп жаткан башка өлкөлөр менен дагы эмгек мигранттарын пенсиялык камсыздандыруу жаатында мамлекет аралык макулдашууларды иштеп чыгуу каралууда.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 2-декабры № 825 токтомдун редакциясына ылайык)
3.2 Пенсиялык камсыздандыруу системасынын инфраструктурасын өнүктүрүү
1. Пенсиялык камсыздандыруу инфраструктурасын өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу
Пенсиялык камсыздандыруу системасынын, өзгөчө анын топтоо компонентинин инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн олуттуу финансылык каражаттар керек. Ушул кезге чейин жекече эсепке алууну киргизүү, пенсиялык системанын топтоо компонентин башкаруу жана инвестициялоо менен байланышкан чыгымдар мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен каржыланып келген. Пенсиялык системанын топтоо бөлүгүндөгү каражаттардын көбөйүшү аларды тейлөөгө байланышкан чыгымдардын көбөйүшүнө алып келет. Ушуга байланыштуу, пенсиялык камсыздандыруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, анын маалыматтык-техникалык потенциалын өркүндөтүү, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарын башка максатка пайдаланууну болтурбоо үчүн топтоо компонентин жана жарандарды жекече эсепке алуу системасын тейлөө боюнча өсүп жаткан чыгымдарды кайра карап чыгып, каржылоо булактарын аныктоо керек.
2. Жекече эсепке алуу системасын өркүндөтүү
Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максаттары үчүн 1996-жылдан баштап жарандарды жекече эсепке алуу системасы киргизилген. Социалдык фонд тарабынан маалыматтардын бирдиктүү маалыматтык жекече эсепке алуу базасы түзүлгөн, анда ар бир жеке индивидуалдык номерге өздүк камсыздандыруу эсеби ачылат, анда эмгек акысы, 1996-жылдан тартып эсептелген жана төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө маалыматтар топтолот. Өздүк камсыздандыруу эсеби пенсияларды борборлоштуруп чектөөдө жана кайра эсептөөдө, пенсияларды индексациялоодо колдонулат.
Азыркы кезде 4,917 млн. адам (90%) 14 орундуу жеке номердин негизинде идентификацияланган. Аны түзүүнүн технологиясы номердин кайталангыс өзгөчөлүгүн камсыз кылат. 14 орундуу идентификациялык номердин түзүмдүк бөлүктөрү жөнөкөй алгоритмдердин жардамы менен контролдук цифраларды эсептеп өзгөчө эсептелип чыгарылган жана өзгөрүлбөй турган жекече номерди түзүүгө мүмкүндүк берет.
2004-жылдан тартып бала төрөлгөн күндөн баштап жекече эсепке алуу базасына кошулат. Эмгекке жарамдуу жарандар, мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдар, студенттер, расмий катталган жумушсуз жарандар, аскер кызматчылары, пенсионерлер жана башка категориядагы жарандар жекече эсепке алууда турат.
Жекече эсепке алуу базасындагы идентификациялык номер жалпы жарандык паспорт, ID-кард, толук эмес билими жөнүндө күбөлүк, аттестат сыяктуу мамлекеттик маанидеги документтерде да бар. Мындан тышкары, көптөгөн мамлекеттик органдар үчүн негизги номер болуп саналат, мисалга паспортторду даярдоодо жарандарды идентификациялоо үчүн, медициналык кызматтарга жеңилдиктерди берүүдө бейтаптарды идентификациялоо жана камсыздандыруу статусун аныктоо үчүн, салык төлөөчүлөрдүн жана шайлоочулардын маалымат базасын түзүүдө, аттестаттарды, толук эмес билим жөнүндө күбөлүктөрдү берүүдө, социалдык жөлөк пулдарды берүүдө ички ведомстволук маалымат базаларын түзүүдө колдонулат.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасында жекече эсепке алуунун бирдиктүү маалымат базасы Кыргыз Республикасынын бирдиктүү жалпы мамлекеттик маалымат базасын түзүүнүн негизи болушу керек.
Кыргыз Республикасынын жекече эсепке алуу системасы шарттуу-топтолуучу эсептерди түзүү үчүн мыкты модель болуп эсептелет анын негизинде топтоо элементин эсепке алуу технологиясын өркүндөтсө болот.
3. Пенсиялык камсыздандырууну актуардык камсыз кылуу
Пенсиялык системанын өнүгүшүн жөнгө салуу үчүн камсыздандыруу принциптерине колдонулган заманбап актуардык ыкмалар камсыздандыруучу пенсиялык системанын өнүгүшүн жөнгө салган факторлордун ар биринин ар кандай өзгөрүүлөрүндө социалдык жана экономикалык натыйжалардын комплексинин бардыгын так жана өз убагында байкоого мүмкүндүк берет. Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасы үчүн мындай жөнгө салуучу факторлор болуп демографиялык жана макроэкономикалык факторлор, ошондой эле милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу шарттары эсептелет.
Камсыздандыруу тарифинин өлчөмүн, пенсиялык системаны каржылоо үчүн тийиштүү милдеттенмелерди аныктоо актуардык моделдөөнүн түпкү максаты болуп эсептелет.
Актуардык талдоо институттарынын өнүгүшү республикабыз үчүн, өзгөчө топтоо компонентин киргизүү жана Кыргыз Республикасында мамлекеттик эмес пенсиялык кызмат көрсөтүү рыногун өнүктүрүү шарттарында объективдүү зарылчылык болууда.
3.3 Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандыруунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу
1. Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандыруу рыногунун катышуучуларына жалпы талаптар
Мамлекеттик эмес топтомо фонддор менен иштөөнүн болушунча ыңгайлуу шарттарын түзүү, алардын ишинин ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында мамлекет тарабынан алардын өнүгүшүнө дем берген чаралар көрүлүшү керек. Финансылык рыноктун конъюнктурасынын өзгөрүшү менен байланышкан тобокелдиктерди азайтуу үчүн мамлекеттик эмес топтомо фонддордо резервдик фонддорду түзүү керек.
Мамлекеттик эмес пенсиялык институттарды өнүктүрүү үчүн дем берүүчү чаралар катарында төмөнкүдөй иштер жасалышы зарыл:
- пенсиялык топтоолорду коргоону камсыздоочу жана мамлекеттик эмес пенсиялык системалардын катышуучуларынын ортосунда мамилелерди жөнгө салуучу, ошондой эле корпоративдик жана профессионалдык пенсиялык фонддордун ишин регламенттөөчү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
- жеңилдетилген салык салуунун эсебинен мамлекеттик эмес пенсиялык системаларга салымчы катарында катыша ала турган иш берүүчүлөрдү тартуу үчүн өбөлгөлөрдү түзүү;
- мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор үчүн минималдык кирешелүүлүк жана чыгымдарды жабуу нормативдери боюнча атайын талаптарды белгилөө аркылуу мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандыруу системасында туруктуу кепилдиктерди камсыз кылуу.
Кыргыз Республикасында мамлекеттик эмес пенсиялык тейлөө кызматы рыногун өнүктүрүүнүн алгачкы этабында мамлекеттик контролду төмөнкүлөр аркылуу ишке ашыруу сунушталууда:
- пенсиялык топтоолорду инвестициялоо чөйрөсүндө жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана контролдоо системасына функциялык талдоо жүргүзүү;
- пенсиялык топтоолорду инвестициялоо чөйрөсүндө жөнгө салуу жана көзөмөлдөө органдарынын ишин тескөө максатында коллегиялуу орган түзүү;
- фонддордун ишин актуардык баалоодо колдонулган актуардык божомолдорго жана моделдерге талаптарды бекитүү;
- фонддордун финансылык салымдарын эске алуунун ар кандай принциптерин киргизип топтомо пенсиялык фонддордо бухгалтердик эсептин бирдиктүү эрежелерин белгилөө;
- пруденциалдык принциптерге өтүүнүн алкагында өтүмдүүлүктү башкарууну оптималдаштыруу.
2. Лицензиялоо системасы
Лицензиялоо фонддордун ишин лицензиялоону, бирдей бухгалтердик эсептерди уюштурууну, фонддор тарабынан отчеттордун такай берилишин, фонддордун ишине текшерүү жүргүзүүнү камтыган мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун ишине мамлекеттик жөнгө салуунун жана контролдоонун маанилүү элементтеринин бири болуп саналат.
Лицензиялоо жана финансылык контролдоо пенсиялык топтоолордун өзгөчө мүнөзүн эске алып финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлүшү керек, жөнгө салуу жана контролдоо процессинде Социалдык фонд дагы кошулушу керек.
3.4 Калктын пенсиялык сабаттуулугун жогорулатуу
Пенсиялык системанын өнүгүшүнүн азыркы абалы жана келечеги төмөнкүдөй факторлор менен мүнөздөлөт.
- пенсиялык системага калктын жеке төгүмдөрүнүн өсүшү, пенсия менен камсыз кылуу маселелеринде жеке жоопкерчиликти жогорулатуу;
- пенсия маселелеринде калктын финансылык сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуу;
- калктын жеке үнөмдөөлөрүн сарамжал пайдалануу мамлекеттик эмес пенсиялык кызмат көрсөтүү рыногунун өнүгүшүн камсыз кылат.
Социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык топтоо маселелеринин чечилишин камсыз кылган узак мөөнөттүү камсыздандыруу жана топтомо пенсиялык схемаларга калктын кеңири катышуусу белгиленүүдө. Бул факторлордун жыйындысында калктын пенсиялык сабаттуулугун жогорулатуу макроэкономикалык стабилдүүлүктүн, натыйжалуу социалдык системанын негизи катары камсыздандыруу принцибин чыңдоонун олуттуу багыты болуп эсептелет.
Калктын пенсиялык кызматтарга жетимдүүлүгүн кеңейтүүгө, калктын пенсиялык институттарга ишенимин көтөрүүгө жана калкты пенсиялык камсыздандыруу системасы менен камтууну көбөйтүүгө дем берүү керек.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан 2013-жылы өткөрүлгөн социологиялык изилдөө пенсия менен камсыз кылуу маселелеринде калктын сабаттуулугу жетишсиз деңгээлде экендигин көрсөттү. Негизинен пенсиялык куракка жетип калган калктын бир аз бөлүгү гана пенсиялык камсыздоонун кызматтары жана түрлөрү жөнүндө түшүнүгү бар. Ошол эле учурда калктын пенсиялык институттарга ишенбестигинин жогорку деңгээлине карабастан суроого жооп бергендердин бардыгы келечекте пенсия алабыз деп эсептешет, ушуга байланыштуу төмөнкүлөргө багытталган төмөнкүдөй милдеттерди ишке ашыруу керек:
- калктын пенсиялык сабаттуулугун жогорулатуу;
- пенсиялык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу жана калктын пенсиялык институттарга ишенимин жогорулатуу системасы боюнча билим берүү компонентин өнүктүрүү;
- пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жарандык сектордун демилгелерин колдоо;
- камсыздандырылган жарандардын жана пенсионерлердин укуктарын коргоо системасын чыңдоо;
- пенсиялык сабаттуулук деңгээлин баалоо жана аны жогорулатууга багытталган иш-чаралардын майнаптуулугун баалоо системасын куруу.
Мындай маселелерди чечүү үчүн төмөнкүдөй иш-чараларды аткаруу сунушталууда:
- пенсия менен камсыз кылуу маселелерин телевизиондук, басма жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарында жигердүү чагылдыруу;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнестин, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен тематикалык жана аналитикалык теле жана радио берүүлөрдү уюштуруу;
- телекөрсөтүүдө социалдык жарнамаларды, мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу маселелери боюнча тышкы жарнамаларды жайгаштыруу (баннерлер, такталар ж.б.);
- пенсиялык камсыздандыруу маселелери боюнча элге маалыматтык баракчаларды, буклеттерди, китепчелерди, жыйнактарды таратуу;
- атайын медиа-долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- пенсия маселеси боюнча элге “тынымсыз” телефон байланышын уюштуруу;
- социалдык мекемелерди жана билим берүү уюмдарын методикалык жана маалыматтык материалдар менен жабдуу.
Концепциянын иш-чараларын аткаруу төмөнкүдөй натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берет:
- пенсия менен камсыз кылууда камсыздандыруу принциптерин күчөтүү, пенсиянын өлчөмү менен пенсионерлердин мурунку эмгек акысынын, ошондой эле жана Пенсиялык фондго төлөгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасынын ортосундагы өз ара байланышты белгилөө;
- баалардын жана орточо эмгек акынын өсүшүнүн темпин эске алып, пенсияларды индексациялоонун оптималдуу механизмин иштеп чыгуу аркылуу пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу;
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жана өз алдынча иштеген жарандарды пенсиялык камсыздоо системасын реформалоонун, ошондой эле жеңилдетилген пенсиялык камсыздоо системасын жана мамлекеттик социалдык кепилдиктерди оптималдаштыруунун эсебинен пенсиялык системанын финансылык туруктуулугун жана тең салмактуулугун камсыз кылуу;
- негизги катышуучуларынын укуктук статусун аныктоо аркылуу пенсиялык системанын ачыктыгын камсыз кылуу;
- милдеттүү пенсиялык топтоолор рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүү;
- колдоонун туруктуу институттук механизмдерин түзүү жана калктын пенсиялык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу программасын ишке ашыруу;
- пенсия менен камсыз кылуунун маалыматтык системаларын жана камсыздандырылган жарандардын жана пенсионерлердин укуктарын коргоо механизмдерин өнүктүрүү.
Пенсиялык системанын милдеттүү жана ыктыярдуу топтоо компоненттерин өнүктүрүүнүн максаттуу багыттары катарында төмөнкүдөй натыйжалар болжолдонууда:
- эмгек акысынын деңгээли жогору эмес жана орточо камсыздандырылган адамдар үчүн – камсыздандыруу төгүмдөрүн жана пенсиялык топтоолорго төгүмдөрдү 30 жыл ичинде төлөгөн учурда албай калган эмгек акысынын 40-45% деңгээлинде курагы боюнча пенсиясы менен милдеттүү жана ыктыярдуу пенсиялык топтоолорунун эсебинен төлөмдөрдү алуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү;
- чоң өлчөмдөгү эмгек акысы бар камсыздандырылган адамдар үчүн - пенсиялык топтоолорго каражаттарды 30 жыл ичинде төлөгөн учурда эмгек акысынын көрсөтүлгөн чегинин 10-15% деңгээлинде ыктыярдуу пенсиялык топтоолорунун эсебинен төлөмдөрдү алуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү;
- өз алдынча иштеген жарандар үчүн - пенсиялык топтоолорду түзүүгө 30 жыл ичинде төлөгөн учурда пенсионердин жашоо минимумунун деңгээлинде пенсиялык төгүмдөрдүн эсебинен төлөмдөрдү алуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү;
- мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордо пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун өсүшү.
Концепциянын максаттарын ишке ашыруу социалдык камсыздандырууну өнүктүрүүнү жана калкты социалдык жактан колдоону, пенсиялык камсыздоодо коомдун жоопкерчилигин жогорулатууну талап кылат. Жогорудагы милдеттердин аткарылышынын камсыз кыла турган чаралар пенсиядагы жарандардын жашоо деңгээлин жана сапатын жогорулатуу маселелеринде мамлекеттик органдардын, иш берүүчүлөрдүн жана кызматкерлердин ишин тескөөгө багытталышы керек.
Социалдык камсыздандыруу системасын мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жана зарылдыгын түшүнүү аталган Концепцияны ишке ашыруу үчүн негизги оң фактор болуп саналат. Пенсия тармагында реформа жүргүзүүнүн зарылдыгы мамлекеттик органдар, бизнес коомчулугу, пенсия алган жарандар тарабынан таанылууда.
Эмгек акы төлөө системасынын өркүндөтүлбөшү, экономиканын көмүскө секторунун өсүшү, формалдуу эмес сектордо иштеген жарандардын санынын өсүшү Концепцияны ишке ашыруу үчүн терс факторлордон болуп калышы мүмкүн.
Концепцияны ишке ашырууда демографиялык (төрөттүн азайышы, тышкы эмгек миграциясынын өсүшү), уюштуруучулук-укуктук (мыйзамдардагы коллизиялар жана кенемтелер), маалыматтык (маалыматтык коопсуздук, маалыматтык технологиялардын бузулушу), жеке (кадрлардын квалификациясынын жана профессионалдык даярдыгынын жетишсиз деңгээли, коррупция) мүнөздөгү тобокелдиктер, ошондой эле форс-мажордук жагдайлардагы (табигый кырсыктар) тобокелдиктер дагы бар.
Аталган тобокелдиктерди минималдаштыруунун төмөнкүдөй мүмкүн болгон жолдору аныкталды:
- төрөткө жана калктын жумуштуулугуна дем берүү боюнча майнаптуу мамлекеттик программаларды ишке ашыруу, көп балалуу энелер үчүн кепилдиктерди сактоо жана эмгек мигранттарын пенсиялык камсыздандырууну камтуу боюнча чараларды ишке ашыруу;
- мамлекеттин узак мөөнөттүү жана ырааттуу социалдык-экономикалык программаларын ишке ашыруу аркылуу кабыл алынып жаткан чечимдердин ачыктыгын камсыз кылуу;
- экономиканын өсүшүн камсыз кылуу боюнча чаралардын комплексин ишке ашыруу;
- камсыздандырылган жарандардын бардык категориялары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин кайра карап чыгуу, бул келечекте иш-берүүчүлөргө оордукту азайтууга мүмкүндүк берет. Социалдык камсыздандыруу ар бир жаранга пенсиялык келечегине, жеке жоопкерчилигине жана кызыкдар болушуна дем берген натыйжалуу инструмент катары чыгышы керек, ал эми мамлекеттин колдоосу даректүүлүктүн негизинде социалдык кепилдиктер мүнөзүндө болушу керек;
- маалыматтык технологияларга коркунучтарды азайткан контролдоонун атайын каражаттарын киргизүү;
- мамлекеттик органдардын персоналынын кесиптик деңгээлин жогорулатуу.
Социалдык фонддун 2015-жылга бюджетинин долбоору болжолдор менен кирешелер боюнча суммасы 40,9 млрд. сомду жана чыгымдары боюнча суммасы 40,0 млрд. сомду түзөт.
Айылдык товар өндүрүүчүлөр жана юридикалык жакты түзбөй жеке өз алдынча иштеген адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин жогорулатуу каралууда. Алдын-ала болжолдуу эсептөөлөр боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин жогорулашынын натыйжасында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы түшүшүндө алардын үлүшү 2014-жылы 3%дан 2017-жылы 7%га чейин, 2020-жылы 12%га чейин өсүшү керек.
Көрсөтүлгөн индикативдик көрсөткүчтөргө жетишилсе камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөдө эмгек акынын жогорку чегин киргизүү же болбосо иш берүүчүдөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендерин азайтуу аркылуу уюшулган сектор үчүн социалдык камсыздандыруунун тарифтик саясатын теңдөөгө финансылык мүмкүнчүлүк пайда болот.
Мындан сырткары Концепциянын алкагында пенсия менен камсыз кылууга республикалык бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу жана стабилдештирүү боюнча чаралар каралууда. Чаралардын комплекси республикалык бюджеттин чыгымдарын 2017-жылы 1,5 млрд сомго, 2020-жылга чейин 8,7 млрд. сомго кыскартууга мүмкүндүк берет.
Концепцияда пенсияларды эсептөө жана дайындоо саясатынын адилеттүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар каралууда. Ар бир камсыздандырылган жарандын жеке салымын эске алып пенсияларды индексациялоонун адилеттүү механизми киргизилмекчи. Пенсияларды ар жылдык жогорулатууга чыгымдардын жалпы деңгээли сакталганда жарандарды өз алдынча пенсиялык камсыздоого дем берүү, жана социалдык камсыздандыруу каражаттарынын адилетсиз кайра бөлүштүрүү фактыларын жана жан бактылыкты жок кылуу максатында пенсияларды эсептөөдө камсыздандыруу принциби катуу сакталмакчы.
Пенсиялык камсыз кылуу системасын өнүктүрүүнүн сунушталып жаткан чаралары консолидацияланган мамлекеттик пенсиялык чыгымдарды азайтат.
Концепциянын ишке ашырылышын мониторингдөө жана баалоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программасында натыйжалар боюнча башкаруу каралган, бул мамлекеттик органдардын стратегияларына жана программаларына мониторинг жана баалоо системасын киргизүүнү болжолдойт.
Мониторинг жана баалоо Концепциянын максаттарына жана милдеттерине жетишүүнүн деңгээлин, пенсионерлердин абалы канчалык жакшы болоорун аныктоого мүмкүндүк берет.
Мониторингдин жана баалоонун жыйынтыктары Социалдык фонддун сайтына жайгаштырылат да, Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө толук, так жана өз убагында маалыматтар түрүндө бардык кызыкдар тараптар үчүн жеткиликтүү болот.
Концепцияны ишке ашыруунун жыйынтыктары менен мониторингдин жана баалоонун натыйжасында Концепцияга жана Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планына иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана аны координациялоону жакшыртуу, ресурстарды кайрадан бөлүштүрүү жана оптималдуу пайдалануу боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү каралууда.
2-тиркеме
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 2-декабры № 825, 2017-жылдын 2-февралындагы № 55, 2017-жылдын 15-майындагы № 272 токтомдорунун редакциясына ылайык)
№ | Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары жана көлөмү | Күтүлүүчү натыйжалар | Баалоо индикаторлору |
1-милдет. Мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу тутумун өркүндөтүү | ||||||
1 | Айылдык товар өндүрүүчүлөр жана жеке ишкердик жүргүзгөн адамдар үчүн тарифтик саясатты өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2014-жылдын 2-жарым жылдыгы | Соцфонд | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин коюмдарынын пенсиялык төлөөлөргө карата шайкештигин камсыз кылуу. Пенсиялык тутумдун актуардык балансы | Уюшулбаган сектордон түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрү Соцфондго түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасынын 2014-жылы 3%ды, 2017-жылы - 7%ды түзөт |
2 | (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 272 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||||
3 | Программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана ишке киргизүү: - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча эсептешүү ведомостторун иштеп чыгууну автоматташтыруу боюнча; - Интернет аркылуу камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр тарабынан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча электрондук отчетторду берүү боюнча | 2015-жылдын IV кварталы | Соцфонд | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Камсыздандырылган адамдардын жеке камсыздандыруу эсептерине камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнүшү жөнүндө маалыматтардын өз убагында киргизилиши. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр менен байланышты минималдаштыруунун эсебинен коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу | Интернет аркылуу отчет берген камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн санынын үлүшү, 2014-жылы 8%ды, 2017-жылы - 20%ды түзөт. |
4 | Камсыздандыруу полистерин сатып алуу жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциялар аркылуу камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн жеке жактардан жана юридикалык жакты түзбөстөн иш жүргүзгөн дыйкан (фермер) чарбалардан алынуучу камсыздандыруу төгүмдөрүн накталай эмес төлөм (банк терминалдары аркылуу) тутумун киргизүү | 2015-жылдын I кварталы | Соцфонд | 2015-жылга Соцфонддун бюджети, 435,0 миң сом | Накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү. Коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу | Банк терминалдары аркылуу камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн өз алдынча иштеген жарандардын санынын үлүшү 2017-жылы 5%ды түзөт |
5 | Камсыздандыруу төгүмдөрүн туура эсептелишине, өз убагында төлөнүшүнө жана которулушуна жоопкерчилик чараларын системалаштыруу бөлүгүндө "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-жылдын III-IV кварталы | Соцфонд | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Камсыздандыруу төгүмдөрүн толук жана өз убагында төлөө боюнча төлөөчүлөргө карата колдонулуучу жоопкерчилик чараларын тартипке келтирүү | КР мыйзамдарына ылайык келтирүү |
6 | Административдик-башкаруу чыгымдарын каржылоо көлөмүн аныктоо бөлүгүндө "КР Социалдык фонду жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-жылдын IV кварталы | Соцфонд | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Административдик-башкаруу чыгымдарын каржылоо көлөмүн оптималдаштыруу | 3% чегинде административдик-башкаруу чыгымдарын каржылоо көлөмүнө чектөөлөрдүн сакталышы |
7 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-майындагы № 149-б буйругу менен бекитилген 2014-2015-жылдарга мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу | 2015-жылдын ичинде | МСК, Соцфонд | Тийиштүү жылга Соцфонддун жана МСКнын бюджеттери | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу тартибин жөнөкөйлөтүү | Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын аныктоо жана кеңейтүү |
8 | Пенсиянын базалык бөлүгүн жана электр энергиясы үчүн компенсацияларды белгилөөнү жана төлөөнү жөнгө салган ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-жылдын III кварталы | Соцфонд, ФМ, ЭСӨМ | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Пенсиялык камсыздоого республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу. Орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекте пенсиялык камсыздоого республикалык бюджеттин чыгымдарын турукташтыруу | Пенсиянын орточо өлчөмүндө пенсиянын базалык бөлүгүнүн үлүшүн азайтуу 2017-жылы 30%га чейин |
9 | Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналардын тургундары үчүн каралган жеңилдетилген пенсиялык куракты этап-этабы менен көбөйтүү боюнча ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-жылдын IV кварталы | Соцфонд, ФМ, ЭСӨМ | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Пенсия алуучулардын санын 2017-жылга карата 3,1 миң адамга азайтуу | |
10 | Сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн үстөктөргө жана пенсияларга үстөктөрдүн башка түрлөрүнө укук берген сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия чектөө критерийлерин кайра карап чыгууну караган ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2016-жылдын I кварталы | Соцфонд, ФМ | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Пенсияга үстөк алуучулардын саны 2017-жылга карата 360 адамга азаят | |
11 | Камсыздандыруу эсептеринде топтолгон төгүмдөрдү индексациялоо механизмин өркүндөтүү максатында "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-жылдын IV кварталы | Соцфонд, ФМ | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Пенсиянын өлчөмүн жогорулатуу. Пенсиялардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо | Жаңы дайындоолордо пенсиялардын орто өлчөмүндө пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүнүн үлүшүнүн көбөйүшү 2017-жылга карата 16%ды түзөт |
12 | Индексациянын бекитилген механизмин эске алуу менен жекелештирилген эсепке алуунун программалык комплексин өркүндөтүү | 2016-жылдын I кварталы | Соцфонд, ФМ | 2015-жылга Соцфонддун бюджети, 700,0 миң сом | Жеке камсыздандыруу эсептериндеги камсыздандыруу төгүмдөрүн индексациялоо механизмин автоматташтыруу | |
13 | Курагы боюнча пенсияга укук алуу үчүн минималдык камсыздандыруу стажын киргизүүнү караган "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-жыл | Соцфонд, ФМ | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Пенсия эсептөөнүн камсыздандыруу принцибин өркүндөтүү | Орточо пенсиянын өлчөмүнүн өсүшү 2017-жылга карата 107%ды түзөт. Пенсионердин жашоо минимумунун деңгээлинен төмөн пенсия алган пенсионерлердин санынын үлүшү 2017-жылга карата 57,6%ды түзөт |
14 | Пенсиянын топтолмо бөлүгүн түзүү боюнча жарандарга тандоо укугун берүү бөлүгүндө "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-жылдын II кварталы | Соцфонд | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Тилектештик тутумунун деңгээлинде пенсиялык камсыз кылууга жарандардын укуктарын коргоо боюнча кепилдөөнү камсыз кылуу | Топтолмо компонентти түзүүгө катышкан жарандардын саны 2017-жылга карата камсыздандырылган жарандардын жалпы санынын 5%ын түзөт |
15 | Пенсиялык топтоолорду бир пенсиялык фонддон экинчисине которуу тартибинин долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-жылдын II кварталы | Финкөзөмөл, Соцфонд | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Камсыздандырылган жарандардын МэПФны тандоо укугунун ишке ашырылышы. МэПФнын өнүгүшүнө дем берүү | МэПФ аркылуу милдеттүү топтолмо компонентин тандаган жарандардын саны 2017-жылга карата 2,0 миң адамды түзөт |
16 | Депозитарийдин, башкаруучу компаниянын жана МэПФнын камсыздандыруу жоопкерчилигин жүргүзүү тартибинин долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-жылдын III кварталы | Финкөзөмөл | Камсыздандыруу пенсиянын топтолмо бөлүгүн каржылоо камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен жүргүзүлөт | КР Өкмөтүнүн чечими. Пенсиялык топтолмо каражаттардын сакталышын камсыз кылуу | Жоопкерчиликтүү камсыздандыруу келишимдеринин саны 2017-жылы 3-6ны түзөт |
17 | Пенсиялык топтолмо каражаттарын жекелештирилген эсепке алуу боюнча программалык комплексти пайдаланууга киргизүү | 2016-жылдын I кварталы | Соцфонд | 2015-жылга Соцфонддун бюджети, 700,0 миң сом | Инвестициялык кирешени эске алуу менен пенсиянын топтолмо бөлүгүн дайындоо | Өздүк топтолмо эсептериндеги пенсиянын топтолмо бөлүгүн эсепке алуунун автоматташтырылган тутуму |
18 | Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишим түзүү тууралуу маселесин иштеп чыгуу | 2015-2016- жылдардын аралыгында | Соцфонд, ТИМ, ММК, Финкөзөмөл | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишимдин долбоору | Келишимдин долбоору |
19 | Эмгек мигранттары төлөп жаткан камсыздандыруу төгүмдөрүн которуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасы, ошондой эле Корея Республикасынын ортосунда эки тараптуу келишимдерди түзүү тууралуу маселесин иштеп чыгуу | 2016-жылдын II-IV кварталы | Соцфонд, ТИМ, ММК, Финкөзөмөл | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Эмгек мигранттарынын камсыздандыруу төгүмдөрүн которуу жөнүндө келишимдердин долбоорлору | Келишимдердин долбоорлору |
20 | (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 272 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||||
2-милдет. Пенсиялык камсыздандыруу тутумунун инфратүзүмүн өнүктүрүү | ||||||
21 | Пенсиялык топтолмо каражаттар боюнча минималдуу кирешелүүлүккө жана МэПФнын чыгашаларын жабууга талаптарды белгилеген ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу | 2015-жылдын июну | Финкөзөмөл | Тийиштүү жылга Финкөзөмөлдүн бюджети | Пенсиялык топтолмо каражаттардын сакталышына кепилдик | Инфляциянын деңгээлине карата минималдуу кирешелүүлүктүн деңгээли |
22 | "Кыргыз Республикасында кесиптик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө" КР Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2018-жыл | Финкөзөмөл | Тийиштүү жылга Финкөзөмөлдүн бюджети | Иштеген жарандар үчүн кошумча пенсияны түзүү | МэПФнын саны көбөйүшү |
23 | Жекелештирилген эсепке алуу тутумунун түзүмүн өркүндөтүү боюнча чараларды ишке ашыруу | 2015-2016-жылдар | Соцфонд, ММКФ, ЭСӨМ, МКК | Тийиштүү мамлекеттик органдардын бюджеттери | Камсыздандыруу төгүмдөрүн эсепке алууну мыктылап уюштуруу | Уюшулган сектордо камсыздандырылган жарандардын жеке камсыздандыруу эсептерине маалыматтар 30 күндө киргизилет |
24 | Жекелештирилген эсепке алуунун маалыматтарын алмашууну камсыздоо | 2015-2016-жылдар | Соцфонд, ММКФ, ЭСӨМ, МКК | Тийиштүү мамлекеттик органдардын бюджеттери | Социалдык коргоо жана калкты каттоо тутумунун тармактарын маалыматтык интеграциялоо | Маалыматтардын тууралыгы |
3-милдет. Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандыруунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу | ||||||
25 | Пенсиялык топтоолордун корголушун камсыз кылган жана мамлекеттик эмес пенсиялык тутумдардын катышуучуларынын ортосунда мамилелерди жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-жыл | Финкөзөмөл | Тийиштүү мамлекеттик органдардын бюджеттери | Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор менен иштөөдө жеке аманатчылар үчүн болушунча жагымдуу шарттарды түзүү | МэПФте ыктыярдуу пенсиялык топтоолорду түзгөн жарандардын саны 2017-жылга карата 3,0 миң адамды түзөт |
26 | Корпоративдик жана кесиптик пенсиялык фонддордун ишин регламенттеген ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана киргизүү | 2018 | Финкөзөмөл | Тийиштүү жылга Финкөзөмөлдүн бюджети | ||
4-милдет. Калктын пенсиялык сабаттуулугун жогорулатуу | ||||||
27 | Бишкек жана Ош шаарларында калкты тейлөө борборлорун түзүү | 2017-2018-жылдардын ичинде | Соцфонд | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Калкты тейлөөнүн сапатын жакшыртуу | Даттануулардын санынын кыскарышы |
28 | Пенсиялык камсыздандыруу маселелери боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2015-жылдын I кварталы | Соцфонд | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | План Соцфонддун төрагасынын буйругу менен бекитилген | Бекитилген план |
29 | Пенсиялык камсыздоо маселелери боюнча тематикалык теле- жана радио берүүлөрдү уюштуруу жана өткөрүү | 2015-2017-жылдар ичинде | Соцфонд | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Калктын жалпы пенсиялык сабаттуулук деңгээлин жана маалымдуулугун жогорулатуу | Экономиканын формалдуу эмес секторунда иштеген, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн жарандардын саны 2017-жылга карата 150,0 миң адамды түзөт |
30 | Телекөрсөтүүдө пенсиялык камсыздоо маселелери боюнча социалдык жарнамаларды, ошондой эле тышкы жарнамаларды (баннерлер, такталар) жайгаштыруу. Пенсиялык камсыздандыруу маселелери боюнча калкка маалымдоо үчүн маалымат баракчаларын, буклеттерди, брошюраларды, жыйнактарды даярдоо, чыгаруу жана таратуу | 2015-2017-жылдар ичинде | Соцфонд, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети, 600,0 миң сом | ||
31 | Пенсиялык маселелер боюнча "тез байланыш" иштерин уюштуруу | 2015-2017-жылдар ичинде | Соцфонд, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Жарандардын даттанууларын жана арыздарын ыкчам кароо | Даттануулардын санынын кыскарышы |
32 | Пенсиялык камсыздоо маселелери боюнча журналисттер арасында маалыматтык иштерди уюштуруу | 2015-2017-жылдар ичинде | Соцфонд | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Пенсиялык камсыздоо маселелери боюнча журналисттердин маалымдуулугун жогорулатуу | Жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоолордун саны |
33 | Республиканын социалдык жана билим берүү мекемелерин мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча методикалык жана маалыматтык материалдар менен жабдуу | 2015-2017-жылдар ичинде | Соцфонд | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча эмгекке жарамдуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча материалдар менен жабдылган социалдык жана билим берүү мекемелеринин санынын жыл сайын көбөйүшү |
Кыскартуулардын тизмеси:
КР | - | Кыргыз Республикасы |
Соцфонд | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги |
ММК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
Финкөзөмөл | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы |
МКК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
ММКФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
МэПФ | - | мамлекеттик эмес пенсиялык фонд |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-ноябры № 670
Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо
системасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 2-декабры № 825, 2017-жылдын 2-февралындагы № 55, 2017-жылдын 15-майындагы № 272 , 2019-жылдын 29-мартындагы № 144, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Пенсиялык камсыздоо системасын андан ары өнүктүрүү жана өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясы, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы), 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер жана администрациялык ведомстволор жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнөн кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна отчет беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду отчеттук мезгилден кийинки айдын 25-күнүнөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчет берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
1-тиркеме
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 2-декабры № 825 токтомдун редакциясына ылайык)
Пенсиялык камсыздоо өзүнүн социалдык маанилүүлүгү боюнча мамлекеттин экономикалык, коомдук-саясий турмушунда жана финансылык-бюджеттик чөйрөсүндө маанилүү ролго ээ. Пенсиялык система эмгек рыногунун жана эмгекке акы төлөө системасынын абалы, салык жана финансы системалары, ошондой эле өлкөдөгү жалпы демографиялык жана социалдык-экономикалык кырдаал менен тыгыз байланыштуу.
Пенсиялык система жалпысынан учурдагы экономикалык абалды эске алышы керек, ага байланыштуу пенсиялык система менен экономиканын өз ара аракеттенүү механизмин кайра карап чыгуу талап кылынат. Пенсиялык камсыздоо системасы экономиканын турукташуусуна көмөк берүүгө тийиш. Жашоо наркы өсүп жаткан шартта пенсионерлердин турмуш деңгээлин колдоо боюнча чараларды дайыма ишке ашыруу зарыл. Мында пенсиялык камсыздоонун негизги максаттары жана милдеттери эң оболу жарандардын пенсия алууга конституциялык укуктарын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик кепилдиктерди күчөтүүгө багытталышы керек.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик милдеттүү пенсиялык системасы тилектештик жана топтоо принциптеринде негизделген: төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммалары пенсионерлерге пенсия төлөөлөрдү азыркы каржылоого жана пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоого жумшалат. Пенсиялык системаны куруунун дагы бир принциби камсыздандыруу принциби болуп эсептелет: ар бир камсыздандырылган адамдын пенсиясы жеке камсыздандыруу эсебинде топтолгон төгүмдөрүнө жараша болот.
1997-жылы Кыргыз Республикасынын пенсиялык мыйзамдарына бир катар олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген:
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- бир катар жеңилдиктер алынып салынган, атап айтканда айрым кесиптердин жана жарандардын топторунун өкүлдөрүнүн пенсияга эрте чыгуусу жоюлган;
- үч түзүлүштөн турган пенсия формуласы киргизилген:
жетиштүү стажы бар ар бир пенсионерге кепилденген базалык пенсия;
кызматкердин 1996-жылга чейинки орточо эмгек акысынын пайызы катары эсептелген эмгек салымына ылайык пенсиялык камсыздоо;
пенсионердин эсебинде топтолгон жеке пенсиялык төгүмдөрү.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн дем берүүчү ролун күчөтүү максатында жарандарды персонификациялык эсепке алуу системасын киргизүү оң натыйжалардын бири болуп эсептелет.
2010-жылы шарттуу-топтомо пенсиялык системаны андан ары реформалоо боюнча кадамдар жаралган. Алсак, 2010-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасында шарттуу-топтомо пенсиялык эсептер системасына кызматкердин төгүмдөрүн алдын ала 8%дан 10%га көбөйтүү, 2% өлчөмүндө топтоо компоненти киргизилген.
Пенсиялык системанын түзүмүндөгү топтомо компонент пенсиялык камсыздоо системасынын келечекте мүмкүн болгон демографиялык көйгөйлөргө көз карандылыгын азайтууга жана пенсиялык системанын артыкчылыгын жогорулатууга багытталган.
Топтомо компонент киргизилгенден кийин, Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасы үч компоненттен турат:
- мамлекеттик милдеттүү тилектештик пенсиялык система;
- милдеттүү топтомо компонент;
- ыктыярдуу жеке топтомо система.
Биринчи компонент тилектештик пенсиялык системасынан турат, ал пенсиянын базалык бөлүгү, пенсиянын биринчи жана экинчи камсыздандыруу бөлүктөрүн камтыйт.
Экинчи компонент Кыргыз Республикасынын уюшулган сектордо (бюджеттик мекемелерде, түрдүү уюштуруучулук-укуктук формадагы жеке компанияларда) иштеген жарандар үчүн милдеттүү. Жарандар эмгек акысынан (кирешесинен) 2% өлчөмүндөгү камсыздандыруу төгүмдөрүн топтоого которушат.
Үчүнчү ыктыярдуу топтомо компонентке ыктыярдуу жеке топтомо схемасы кирет.
1-таблица
Параметрлери | Пенсиянын базалык бөлүгү | Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү | Пенсиянын топтомо бөлүгү | Пенсиянын ыктыярдуу топтомо бөлүгү |
Уюштуруу принциптери | Социалдык колдоо | Тилектештик принциби жана кызматкердин жеке жоопкерчилиги | Кызматкердин жеке жоопкерчилиги | Кызматкердин жеке жоопкерчилиги |
Финансылык булактар жана пенсия чектөөнүн шарттары | Республикалык бюджеттен трансферттер | Иш берүүчүнүн жана кызматкердин милдеттүү төгүмдөрү | Кызматкердин милдеттүү төгүмдөрү | Кызматкердин ыктыярдуу төгүмдөрү |
Пенсиянын өлчөмдөрүн эсептөө тартиби | Бирдиктүү өлчөм иш стажына жараша болот. Республика боюнча орточо эмгек акынын өсүшүнө жараша кайра каралат | Дифференция- ланган көлөм топтолгон пенсиялык укуктарына жана пенсияга чыккандан кийинки өмүрүнүн узундугуна жараша болот | Дифференция- ланган көлөм топтолгон капиталдаш-тырылган төгүмдөргө, инвестициялык кирешенин көлөмүнө жана камсыздандырыл-ган адам тандап алган төлөө мезгилине көз каранды | Дифференция- ланган көлөм кызматкер тарабынан тандалып алынган пенсиялык схемага жараша болот |
Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасынын негизин милдеттүү мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу түзөт, ал шарттуу-топтомо пенсиялык система түрүндө берилген: 1996-жылы персонификациялык эсепке алуу киргизилгенге чейин жарандардын иштеп тапкан каражаттары, ошондой эле 1996-жылдан кийин персонификациялык эсепке алуу киргизилгенден кийинки жеке камсыздандыруу эсептеринде топтолгон каражаттары эске алынат.
Ошону менен бирге, Пенсиялык фондго жиберилген каражаттардын бардыгы эле жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринде эсепке алына бербейт. “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Пенсиялык фондго түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүнүн тарифинин коюмунун 3%ы пенсиялык системанын тилектештик бөлүгүнө жиберилет. Тилектештик бөлүк негизинен майыптыгы боюнча жана баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсияларды төлөөгө пайдаланылат.
Мындан сырткары, системада пенсионерлерди финансылык жактан колдоо түрүндө мамлекеттик кепилдиктер (пенсиянын базалык бөлүгүн жана пенсияларга компенсацияларды жана кошумчаларды төлөп берүү), ошондой эле республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен жарандардын айрым категорияларына түрдүү жеңилдиктер каралган.
Пенсиянын топтомо бөлүгүн түзүүгө иштеп жаткан пенсионерлерден, 1964-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн эркектерден жана 1969-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн аялдардан башкалар, Кыргыз Республикасынын экономикасынын уюшулган секторунун кызматкерлери катышат, анткени бул категориядагы жарандардын милдеттүү топтомо компонентинин алкагында жетиштүү деңгээлде пенсиянын топтомо бөлүгүн түзүүгө пенсияга чыгууга чейин убакыттары жетишпей калат.
Пенсиялык топтоолорду инвестициялоо “Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат. Анда субъекттердин жана пенсиялык топтомо каражаттарды түзүү жана инвестициялоо боюнча мамилелерге катышуучулардын укуктук статусу, ошондой эле пенсиялык топтомо каражаттарды инвестициялоо чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуунун, контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн негиздери аныкталган.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтомо бөлүгүн каржылооо үчүн каралган пенсиялык топтомо каражаттарды түзүүдө жана инвестициялоодо камсыздандырылган адамдар бир гана топтомо пенсиялык фондду, топтомо пенсиялык фонддун башкаруучу компаниясын тандоого, ошондой эле өзүнүн пенсиялык топтоолорун бир топтомо пенсиялык фонддон экинчисине которууга укуктуу.
Баштапкы этапта топтомо компоненттин каражаттарын ишенимдүү башкаруу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан (мындан ары - Социалдык фонд) жүргүзүлөт, ал пенсиялык топтоолорду Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарына -70%дан ашык эмес, кредиттик уюмдардын мөөнөттүү депозитине - 25%дан ашык эмес жана күрөө менен камсыздалган облигацияларга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын эмитенттери тарабынан чыгарылган, эки эң жогорку категориянын бириндеги фондулук биржаларда листингден өткөн камсыздалган турак жай сертификаттарга, пенсиялык топтоолордун наркынын 20%дан ашык эмес өлчөмдө инвестициялоону жүзөгө ашырат.
Дүйнөлүк пенсиялык системаларды реформалоонун азыркы этабынын шартында жеке ыктыярдуу схемалар пенсиялык системанын жаңы элементи катары киргизилген. Милдеттүү пенсиялык топтоолор ар бир кызматкер үчүн кандайдыр бир топтоолордун минимумун түзүүгө багытталган.
Ыктыярдуу пенсиялык камсыздандыруунун ролу кирешесинин деңгээли жогору адамдар үчүн, айрыкча өз алдынча иштеген жарандар үчүн, эмгек кирешесинин ордун татыктуу жабууну камсыздоодо турат. Ыктыярдуу пенсиялык камсыздандыруу келечектеги пенсияларды топтоо системасы, ошондой эле пенсиялык системанын туруктуулугун узак мөөнөттүү келечекте камсыздоочу фактор болуп эсептелет.
Ыктыярдуу топтоолорду түзүүгө тийиштүү стимулдарды уюштуруу кызматкер тарабынан да, иш берүүчү тарабынан да мындай төгүмдөргө салык төлөөдөн качуу үчүн пайдалануу тобокелчилигин эске алышы жана алдын алышы зарыл. Ыктыярдуу жеке схемалар төгүмдөрү белгиленген толук каржылоо шарттарында иштейт. Катышуучулар өз топтоолору боюнча бардык инвестициялык тобокелчиликтерге өз алдынча жооп беришет.
Ыктыярдуу пенсиялык камсыздандырууда негизги роль мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорго таандык. Азыркы учурда мамлекеттик эмес бир гана “Кыргызстан” пенсиялык фонду бар. Жекече пенсиялык камсыздандыруунун начар өнүгүшүнүн негизги себептери – калктын кирешесинин аздыгы, жекече финансылык уюмдарга ишенбөө, финансылык рыноктун өнүкпөгөндүгү.
Пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө төмөнкү натыйжаларга жетишилди:
1) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасында чет өлкөлүк жарандардын милдеттери аныкталды. Алсак, республикада туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасына милдеттүү түрдө катышат. Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн кызматкерлер - чет өлкөлүк жарандар үчүн иш берүүчү тарабынан Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө 3 % төлөнөт, базарларда жеке ишкердик жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандар үчүн төгүмдөр патент наркынан 30 % өлчөмүндө белгиленген;
2) камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин коюму олуттуу төмөндөдү. Алсак, 1999-жылдан 2010-жылга чейин аталган тарифтер 39дан 27,25%га, т.а., 11,75%га чейин төмөндөтүлгөн, мында, иш берүүчү тарабынан төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин коюму 33төн 17,25%га, т.а. 15,75%га төмөндөтүлдү;
3) 2009-жылы пенсионерлердин кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо максатында пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо боюнча ченем киргизилген. Орточо эмгек акынын жана керектөө бааларынын индексинин көлөмүнүн өсүшү пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун шарттары болуп саналат;
4) Социалдык фонддун иш практикасына убактылуу бош акча каражаттарын банктарга депозиттерге жайгаштыруу жана мамлекеттик баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү киргизилди;
5) пенсиялык системанын финансылык туруктуулугун камсыздоо үчүн резервдик фонд түзүлдү;
6) пенсиялык төлөөлөрдү коммерциялык банктардагы персоналдык пенсиялык эсептерге накталай эмес которуу механизми киргизилди.
Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, пенсия алууга Кыргыз Республикасынын жарандары, республикада жашаган жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар укуктуу.
Пенсиянын төмөнкүдөй түрлөрү дайындалат:
- курагы боюнча;
- майыптыгы боюнча;
- баккан адамынан айрылгандыгы боюнча.
Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу системасынан төлөнүүчү жалпы пенсия тилектештик (базалык жана камсыздандыруу) жана топтомо бөлүктөрдөн турат, ал эми баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия базалык жана камсыздандыруучу бөлүктөрдөн гана турат.
Пенсиянын базалык бөлүгү – пенсиялык мыйзамдарда белгиленген иш стажы бар адамдарга (эркектер үчүн – 25 жыл, аялдар үчүн – 20 жыл) мамлекет тарабынан кепилденген пенсиянын бөлүгү. Пенсиянын базалык бөлүгү эмгек акынын өсүшүнө карата индексацияланат.
Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү – камсыздандыруу стажын, орточо бир айлык эмгек акысын жана топтолгон камсыздандыруу төгүмдөрүн эске алуу менен белгиленген пенсиянын бөлүгү. Мыйзамдарда пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо каралган. Индексациялоодон мурдагы календардык жылда түзүлгөн орточо эмгек акынын жана керектөө бааларынын индексинин көлөмүнүн өсүшү пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнө индексациялоонун шарттары болуп эсептелет. Бирок өткөн жылдардын тажрыйбасы көрсөткөндөй, пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмүн индексациялоо Социалдык фонддун финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жүргүзүлөт.
Пенсиянын топтомо бөлүгү – жеке камсыздандыруу эсебинин топтомо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолордун суммасынан камсыздандырылган адамга белгилене турган пенсиянын бөлүгү.
Пенсиялык фонддун кирешелери иштеп жаткан жарандардын камсыздандыруу төгүмдөрүнөн жана пенсиянын базалык бөлүгүнө, жеңилдетилген пенсияларга, пенсионерлердин айрым категорияларынын пенсияларын кошумчалоого, аскер кызматчыларынын пенсиясына республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардан турат.
Пенсиялык фонддун кирешесинин 60%га жакынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү түзөт. Пенсиялык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтик коюму камсыздандыруучулардын уюштуруучулук-укуктук формасына жана иштеринин түрүнө жараша ар кандай өлчөмдөрдө болот.
2014-жылдын 1-январына карата пенсиянын орточо өлчөмү 4432 сомду түздү, бул пенсионердин жашоо минимумуна (4097 сом) карата 108,2%ды түзөт. 2008-жылы орточо пенсиянын пенсионердин жашоо минимумуна карата катышы 45,7%дын тегерегинде болгон.
2014-жылдын 1-январына карата 336,9 миң пенсионер же алардын жалпы санынын 58%ы (580,8 миң адам) пенсионердин жашоо минимумуна жетпеген пенсия алышат. Орточо эмгек акыга карата орточо пенсиянын ордун жабуу коэффициенти республика боюнча 38,8%ды түздү.
Жалпы пенсия алуучулардын санынан 429,2 миң адам (74%) - курагы боюнча пенсия, 102,8 миң адам (17,7%) - майыптыгы боюнча жана 47,2 миң адам (8,1%) баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алат, пенсия алган аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү - 1,6 миң адам.
2008-жылы пенсияга чыгуу курагынын ийкемдүү режими белгиленген. Мында, мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууда талап кылынган стаж эркектер үчүн - 40 жылды (жалпы негизде болсо - 25 жылды), аялдар үчүн - 35 жылды (жалпы негизде - 20 жылды) түздү.
35 жыл иш стажы бар эркектер үчүн жана 30 жыл иш стажы бар аялдар үчүн пенсия өлчөмүн азайтуу менен чектелет. Мында курагы боюнча мөөнөтүнөн мурдагы пенсия жалпы белгиленген пенсиялык куракка чейинки жетишпеген ар бир ай үчүн пенсиянын өлчөмүн 1,5%га азайтуу менен эсептелет.
1996-жылдан азыркы мезгилге чейин майыптыгы боюнча пенсионерлердин саны 2 эседен ашык көбөйдү жана 102,8 миң адамга жетти. 2010-2012-жылдардын аралыгында эле 13,8 миң адамга майыптыгы боюнча пенсия чектелди же 1996-жылга караганда 3 эсеге жана 2000-жылга караганда 2,5 эсеге көп. Бул мезгилде пенсионерлердин жалпы санындагы үлүшү 17,7%ды түздү, 1996-жылы ал 9%га барабар болгон.
Жеке камсыздандыруу эсептеринде эсепке алынган ар айлык төлөмдөрдүн суммалары пенсионерлердин өмүрүнүн орточо узактыгына жараша эсептелет. Мисалы, пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгү актуардык коэффициентке көбөйтүлгөн, төлөмдөрдүн бардык мезгилиндеги камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларынан эсептелет. Актуардык коэффициент - пенсия чектелгенден кийинки пенсионердин өмүрүнүн орточо узактыгын эске алуу менен пенсиялык төлөмдөрдүн пайызын аныктаган инструмент.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында курагы боюнча ар кандай жашта пенсияга чыгуу укугу каралган, ошондуктан актуардык коэффициент пенсияга чыгуу курагына жараша айырмаланат. Алсак, пенсияга бир кыйла эрте чыккан адамдардын актуардык коэффициенти азыраак, анткени алардын пенсиялык төгүмдөрү пенсияга кечирээк чыккандардыкына караганда узак мөөнөткө бөлүштүрүлөт. Бул белгилүү бир курактан кийин жашоонун ар кандай узактыгына байланыштуу.
2013-жылдын расмий статистикалык маалыматтары боюнча Кыргыз Республикасында эркектердин өмүрүнүн узактыгы 66,3 жылды, аялдардыкы -74,3 жылды түзөт.
Пенсияга чыккандан кийин пенсионерлердин бардыгы эле жогоруда көрсөтүлгөн куракка чейин жашашпайт. 80 жаштан улуу пенсионерлердин саны 33,4 миң адамды түзөт, бул учурда тилектештик принциби иштейт, б.а. аларга Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнөн пенсия төлөнөт, анткени пенсионерлер топтогон пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү чыгымдалып бүткөн.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Концепциянын иш-чараларын аткаруу төмөнкүдөй натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берет:
- пенсия менен камсыз кылууда камсыздандыруу принциптерин күчөтүү, пенсиянын өлчөмү менен пенсионерлердин мурунку эмгек акысынын, ошондой эле жана Пенсиялык фондго төлөгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасынын ортосундагы өз ара байланышты белгилөө;
- баалардын жана орточо эмгек акынын өсүшүнүн темпин эске алып, пенсияларды индексациялоонун оптималдуу механизмин иштеп чыгуу аркылуу пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу;
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жана өз алдынча иштеген жарандарды пенсиялык камсыздоо системасын реформалоонун, ошондой эле жеңилдетилген пенсиялык камсыздоо системасын жана мамлекеттик социалдык кепилдиктерди оптималдаштыруунун эсебинен пенсиялык системанын финансылык туруктуулугун жана тең салмактуулугун камсыз кылуу;
- негизги катышуучуларынын укуктук статусун аныктоо аркылуу пенсиялык системанын ачыктыгын камсыз кылуу;
- милдеттүү пенсиялык топтоолор рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүү;
- колдоонун туруктуу институттук механизмдерин түзүү жана калктын пенсиялык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу программасын ишке ашыруу;
- пенсия менен камсыз кылуунун маалыматтык системаларын жана камсыздандырылган жарандардын жана пенсионерлердин укуктарын коргоо механизмдерин өнүктүрүү.
Пенсиялык системанын милдеттүү жана ыктыярдуу топтоо компоненттерин өнүктүрүүнүн максаттуу багыттары катарында төмөнкүдөй натыйжалар болжолдонууда:
- эмгек акысынын деңгээли жогору эмес жана орточо камсыздандырылган адамдар үчүн – камсыздандыруу төгүмдөрүн жана пенсиялык топтоолорго төгүмдөрдү 30 жыл ичинде төлөгөн учурда албай калган эмгек акысынын 40-45% деңгээлинде курагы боюнча пенсиясы менен милдеттүү жана ыктыярдуу пенсиялык топтоолорунун эсебинен төлөмдөрдү алуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү;
- чоң өлчөмдөгү эмгек акысы бар камсыздандырылган адамдар үчүн - пенсиялык топтоолорго каражаттарды 30 жыл ичинде төлөгөн учурда эмгек акысынын көрсөтүлгөн чегинин 10-15% деңгээлинде ыктыярдуу пенсиялык топтоолорунун эсебинен төлөмдөрдү алуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү;
- өз алдынча иштеген жарандар үчүн - пенсиялык топтоолорду түзүүгө 30 жыл ичинде төлөгөн учурда пенсионердин жашоо минимумунун деңгээлинде пенсиялык төгүмдөрдүн эсебинен төлөмдөрдү алуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү;
- мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордо пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун өсүшү.
Концепциянын максаттарын ишке ашыруу социалдык камсыздандырууну өнүктүрүүнү жана калкты социалдык жактан колдоону, пенсиялык камсыздоодо коомдун жоопкерчилигин жогорулатууну талап кылат. Жогорудагы милдеттердин аткарылышынын камсыз кыла турган чаралар пенсиядагы жарандардын жашоо деңгээлин жана сапатын жогорулатуу маселелеринде мамлекеттик органдардын, иш берүүчүлөрдүн жана кызматкерлердин ишин тескөөгө багытталышы керек.
Социалдык камсыздандыруу системасын мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жана зарылдыгын түшүнүү аталган Концепцияны ишке ашыруу үчүн негизги оң фактор болуп саналат. Пенсия тармагында реформа жүргүзүүнүн зарылдыгы мамлекеттик органдар, бизнес коомчулугу, пенсия алган жарандар тарабынан таанылууда.
Эмгек акы төлөө системасынын өркүндөтүлбөшү, экономиканын көмүскө секторунун өсүшү, формалдуу эмес сектордо иштеген жарандардын санынын өсүшү Концепцияны ишке ашыруу үчүн терс факторлордон болуп калышы мүмкүн.
Концепцияны ишке ашырууда демографиялык (төрөттүн азайышы, тышкы эмгек миграциясынын өсүшү), уюштуруучулук-укуктук (мыйзамдардагы коллизиялар жана кенемтелер), маалыматтык (маалыматтык коопсуздук, маалыматтык технологиялардын бузулушу), жеке (кадрлардын квалификациясынын жана профессионалдык даярдыгынын жетишсиз деңгээли, коррупция) мүнөздөгү тобокелдиктер, ошондой эле форс-мажордук жагдайлардагы (табигый кырсыктар) тобокелдиктер дагы бар.
Аталган тобокелдиктерди минималдаштыруунун төмөнкүдөй мүмкүн болгон жолдору аныкталды:
- төрөткө жана калктын жумуштуулугуна дем берүү боюнча майнаптуу мамлекеттик программаларды ишке ашыруу, көп балалуу энелер үчүн кепилдиктерди сактоо жана эмгек мигранттарын пенсиялык камсыздандырууну камтуу боюнча чараларды ишке ашыруу;
- мамлекеттин узак мөөнөттүү жана ырааттуу социалдык-экономикалык программаларын ишке ашыруу аркылуу кабыл алынып жаткан чечимдердин ачыктыгын камсыз кылуу;
- экономиканын өсүшүн камсыз кылуу боюнча чаралардын комплексин ишке ашыруу;
- камсыздандырылган жарандардын бардык категориялары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин кайра карап чыгуу, бул келечекте иш-берүүчүлөргө оордукту азайтууга мүмкүндүк берет. Социалдык камсыздандыруу ар бир жаранга пенсиялык келечегине, жеке жоопкерчилигине жана кызыкдар болушуна дем берген натыйжалуу инструмент катары чыгышы керек, ал эми мамлекеттин колдоосу даректүүлүктүн негизинде социалдык кепилдиктер мүнөзүндө болушу керек;
- маалыматтык технологияларга коркунучтарды азайткан контролдоонун атайын каражаттарын киргизүү;
- мамлекеттик органдардын персоналынын кесиптик деңгээлин жогорулатуу.
Социалдык фонддун 2015-жылга бюджетинин долбоору болжолдор менен кирешелер боюнча суммасы 40,9 млрд. сомду жана чыгымдары боюнча суммасы 40,0 млрд. сомду түзөт.
Айылдык товар өндүрүүчүлөр жана юридикалык жакты түзбөй жеке өз алдынча иштеген адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин жогорулатуу каралууда. Алдын-ала болжолдуу эсептөөлөр боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин жогорулашынын натыйжасында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы түшүшүндө алардын үлүшү 2014-жылы 3%дан 2017-жылы 7%га чейин, 2020-жылы 12%га чейин өсүшү керек.
Көрсөтүлгөн индикативдик көрсөткүчтөргө жетишилсе камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөдө эмгек акынын жогорку чегин киргизүү же болбосо иш берүүчүдөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендерин азайтуу аркылуу уюшулган сектор үчүн социалдык камсыздандыруунун тарифтик саясатын теңдөөгө финансылык мүмкүнчүлүк пайда болот.
Мындан сырткары Концепциянын алкагында пенсия менен камсыз кылууга республикалык бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу жана стабилдештирүү боюнча чаралар каралууда. Чаралардын комплекси республикалык бюджеттин чыгымдарын 2017-жылы 1,5 млрд сомго, 2020-жылга чейин 8,7 млрд. сомго кыскартууга мүмкүндүк берет.
Концепцияда пенсияларды эсептөө жана дайындоо саясатынын адилеттүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар каралууда. Ар бир камсыздандырылган жарандын жеке салымын эске алып пенсияларды индексациялоонун адилеттүү механизми киргизилмекчи. Пенсияларды ар жылдык жогорулатууга чыгымдардын жалпы деңгээли сакталганда жарандарды өз алдынча пенсиялык камсыздоого дем берүү, жана социалдык камсыздандыруу каражаттарынын адилетсиз кайра бөлүштүрүү фактыларын жана жан бактылыкты жок кылуу максатында пенсияларды эсептөөдө камсыздандыруу принциби катуу сакталмакчы.
Пенсиялык камсыз кылуу системасын өнүктүрүүнүн сунушталып жаткан чаралары консолидацияланган мамлекеттик пенсиялык чыгымдарды азайтат.
Концепциянын ишке ашырылышын мониторингдөө жана баалоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программасында натыйжалар боюнча башкаруу каралган, бул мамлекеттик органдардын стратегияларына жана программаларына мониторинг жана баалоо системасын киргизүүнү болжолдойт.
Мониторинг жана баалоо Концепциянын максаттарына жана милдеттерине жетишүүнүн деңгээлин, пенсионерлердин абалы канчалык жакшы болоорун аныктоого мүмкүндүк берет.
Мониторингдин жана баалоонун жыйынтыктары Социалдык фонддун сайтына жайгаштырылат да, Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө толук, так жана өз убагында маалыматтар түрүндө бардык кызыкдар тараптар үчүн жеткиликтүү болот.
Концепцияны ишке ашыруунун жыйынтыктары менен мониторингдин жана баалоонун натыйжасында Концепцияга жана Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планына иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана аны координациялоону жакшыртуу, ресурстарды кайрадан бөлүштүрүү жана оптималдуу пайдалануу боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү каралууда.
2-тиркеме
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 2-декабры № 825, 2017-жылдын 2-февралындагы № 55, 2017-жылдын 15-майындагы № 272 , 2019-жылдын 29-мартындагы № 144 токтомдорунун редакциясына ылайык)
№ | Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары жана көлөмү | Күтүлүүчү натыйжалар | Баалоо индикаторлору |
1-милдет. Мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу тутумун өркүндөтүү | ||||||
1 | Айылдык товар өндүрүүчүлөр жана жеке ишкердик жүргүзгөн адамдар үчүн тарифтик саясатты өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2014-жылдын 2-жарым жылдыгы | Соцфонд | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин коюмдарынын пенсиялык төлөөлөргө карата шайкештигин камсыз кылуу. Пенсиялык тутумдун актуардык балансы | Уюшулбаган сектордон түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрү Соцфондго түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасынын 2014-жылы 3%ды, 2017-жылы - 7%ды түзөт |
2 | (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 272 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||||
3 | Программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана ишке киргизүү: - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча эсептешүү ведомостторун иштеп чыгууну автоматташтыруу боюнча; - Интернет аркылуу камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр тарабынан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча электрондук отчетторду берүү боюнча | 2015-жылдын IV кварталы | Соцфонд | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Камсыздандырылган адамдардын жеке камсыздандыруу эсептерине камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнүшү жөнүндө маалыматтардын өз убагында киргизилиши. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр менен байланышты минималдаштыруунун эсебинен коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу | Интернет аркылуу отчет берген камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн санынын үлүшү, 2014-жылы 8%ды, 2017-жылы - 20%ды түзөт. |
4 | Камсыздандыруу полистерин сатып алуу жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциялар аркылуу камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн жеке жактардан жана юридикалык жакты түзбөстөн иш жүргүзгөн дыйкан (фермер) чарбалардан алынуучу камсыздандыруу төгүмдөрүн накталай эмес төлөм (банк терминалдары аркылуу) тутумун киргизүү | 2015-жылдын I кварталы | Соцфонд | 2015-жылга Соцфонддун бюджети, 435,0 миң сом | Накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү. Коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу | Банк терминалдары аркылуу камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн өз алдынча иштеген жарандардын санынын үлүшү 2017-жылы 5%ды түзөт |
5 | Камсыздандыруу төгүмдөрүн туура эсептелишине, өз убагында төлөнүшүнө жана которулушуна жоопкерчилик чараларын системалаштыруу бөлүгүндө "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-жылдын III-IV кварталы | Соцфонд | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Камсыздандыруу төгүмдөрүн толук жана өз убагында төлөө боюнча төлөөчүлөргө карата колдонулуучу жоопкерчилик чараларын тартипке келтирүү | КР мыйзамдарына ылайык келтирүү |
6 | Административдик-башкаруу чыгымдарын каржылоо көлөмүн аныктоо бөлүгүндө "КР Социалдык фонду жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-жылдын IV кварталы | Соцфонд | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Административдик-башкаруу чыгымдарын каржылоо көлөмүн оптималдаштыруу | 3% чегинде административдик-башкаруу чыгымдарын каржылоо көлөмүнө чектөөлөрдүн сакталышы |
7 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-майындагы № 149-б буйругу менен бекитилген 2014-2015-жылдарга мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу | 2015-жылдын ичинде | МСК, Соцфонд | Тийиштүү жылга Соцфонддун жана МСКнын бюджеттери | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу тартибин жөнөкөйлөтүү | Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын аныктоо жана кеңейтүү |
8 | Пенсиянын базалык бөлүгүн жана электр энергиясы үчүн компенсацияларды белгилөөнү жана төлөөнү жөнгө салган ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-жылдын III кварталы | Соцфонд, ФМ, ЭСӨМ | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Пенсиялык камсыздоого республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу. Орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекте пенсиялык камсыздоого республикалык бюджеттин чыгымдарын турукташтыруу | Пенсиянын орточо өлчөмүндө пенсиянын базалык бөлүгүнүн үлүшүн азайтуу 2017-жылы 30%га чейин |
9 | Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналардын тургундары үчүн каралган жеңилдетилген пенсиялык куракты этап-этабы менен көбөйтүү боюнча ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-жылдын IV кварталы | Соцфонд, ФМ, ЭСӨМ | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Пенсия алуучулардын санын 2017-жылга карата 3,1 миң адамга азайтуу | |
10 | Сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн үстөктөргө жана пенсияларга үстөктөрдүн башка түрлөрүнө укук берген сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия чектөө критерийлерин кайра карап чыгууну караган ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2016-жылдын I кварталы | Соцфонд, ФМ | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Пенсияга үстөк алуучулардын саны 2017-жылга карата 360 адамга азаят | |
11 | Камсыздандыруу эсептеринде топтолгон төгүмдөрдү индексациялоо механизмин өркүндөтүү максатында "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-жылдын IV кварталы | Соцфонд, ФМ | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Пенсиянын өлчөмүн жогорулатуу. Пенсиялардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо | Жаңы дайындоолордо пенсиялардын орто өлчөмүндө пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүнүн үлүшүнүн көбөйүшү 2017-жылга карата 16%ды түзөт |
12 | Индексациянын бекитилген механизмин эске алуу менен жекелештирилген эсепке алуунун программалык комплексин өркүндөтүү | 2016-жылдын I кварталы | Соцфонд, ФМ | 2015-жылга Соцфонддун бюджети, 700,0 миң сом | Жеке камсыздандыруу эсептериндеги камсыздандыруу төгүмдөрүн индексациялоо механизмин автоматташтыруу | |
13 | Курагы боюнча пенсияга укук алуу үчүн минималдык камсыздандыруу стажын киргизүүнү караган "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-жыл | Соцфонд, ФМ | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Пенсия эсептөөнүн камсыздандыруу принцибин өркүндөтүү | Орточо пенсиянын өлчөмүнүн өсүшү 2017-жылга карата 107%ды түзөт. Пенсионердин жашоо минимумунун деңгээлинен төмөн пенсия алган пенсионерлердин санынын үлүшү 2017-жылга карата 57,6%ды түзөт |
14 | Пенсиянын топтолмо бөлүгүн түзүү боюнча жарандарга тандоо укугун берүү бөлүгүндө "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-жылдын II кварталы | Соцфонд | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Тилектештик тутумунун деңгээлинде пенсиялык камсыз кылууга жарандардын укуктарын коргоо боюнча кепилдөөнү камсыз кылуу | Топтолмо компонентти түзүүгө катышкан жарандардын саны 2017-жылга карата камсыздандырылган жарандардын жалпы санынын 5%ын түзөт |
15 | Пенсиялык топтоолорду бир пенсиялык фонддон экинчисине которуу тартибинин долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-жылдын II кварталы | Финкөзөмөл, Соцфонд | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Камсыздандырылган жарандардын МэПФны тандоо укугунун ишке ашырылышы. МэПФнын өнүгүшүнө дем берүү | МэПФ аркылуу милдеттүү топтолмо компонентин тандаган жарандардын саны 2017-жылга карата 2,0 миң адамды түзөт |
16 | Депозитарийдин, башкаруучу компаниянын жана МэПФнын камсыздандыруу жоопкерчилигин жүргүзүү тартибинин долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-жылдын III кварталы | Финкөзөмөл | Камсыздандыруу пенсиянын топтолмо бөлүгүн каржылоо камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен жүргүзүлөт | КР Өкмөтүнүн чечими. Пенсиялык топтолмо каражаттардын сакталышын камсыз кылуу | Жоопкерчиликтүү камсыздандыруу келишимдеринин саны 2017-жылы 3-6ны түзөт |
17 | Пенсиялык топтолмо каражаттарын жекелештирилген эсепке алуу боюнча программалык комплексти пайдаланууга киргизүү | 2016-жылдын I кварталы | Соцфонд | 2015-жылга Соцфонддун бюджети, 700,0 миң сом | Инвестициялык кирешени эске алуу менен пенсиянын топтолмо бөлүгүн дайындоо | Өздүк топтолмо эсептериндеги пенсиянын топтолмо бөлүгүн эсепке алуунун автоматташтырылган тутуму |
18 | Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишим түзүү тууралуу маселесин иштеп чыгуу | 2015-2016- жылдардын аралыгында | Соцфонд, ТИМ, ММК, Финкөзөмөл | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишимдин долбоору | Келишимдин долбоору |
19 | Эмгек мигранттары төлөп жаткан камсыздандыруу төгүмдөрүн которуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасы, ошондой эле Корея Республикасынын ортосунда эки тараптуу келишимдерди түзүү тууралуу маселесин иштеп чыгуу | 2016-жылдын II-IV кварталы | Соцфонд, ТИМ, ММК, Финкөзөмөл | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Эмгек мигранттарынын камсыздандыруу төгүмдөрүн которуу жөнүндө келишимдердин долбоорлору | Келишимдердин долбоорлору |
20 | (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 272 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||||
2-милдет. Пенсиялык камсыздандыруу тутумунун инфратүзүмүн өнүктүрүү | ||||||
21 | Пенсиялык топтолмо каражаттар боюнча минималдуу кирешелүүлүккө жана МэПФнын чыгашаларын жабууга талаптарды белгилеген ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу | 2015-жылдын июну | Финкөзөмөл | Тийиштүү жылга Финкөзөмөлдүн бюджети | Пенсиялык топтолмо каражаттардын сакталышына кепилдик | Инфляциянын деңгээлине карата минималдуу кирешелүүлүктүн деңгээли |
22 | "Кыргыз Республикасында кесиптик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө" КР Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2018-жыл | Финкөзөмөл | Тийиштүү жылга Финкөзөмөлдүн бюджети | Иштеген жарандар үчүн кошумча пенсияны түзүү | МэПФнын саны көбөйүшү |
23 | Жекелештирилген эсепке алуу тутумунун түзүмүн өркүндөтүү боюнча чараларды ишке ашыруу | 2015-2016-жылдар | Соцфонд, ММКФ, ЭСӨМ, МКК | Тийиштүү мамлекеттик органдардын бюджеттери | Камсыздандыруу төгүмдөрүн эсепке алууну мыктылап уюштуруу | Уюшулган сектордо камсыздандырылган жарандардын жеке камсыздандыруу эсептерине маалыматтар 30 күндө киргизилет |
24 | Жекелештирилген эсепке алуунун маалыматтарын алмашууну камсыздоо | 2015-2016-жылдар | Соцфонд, ММКФ, ЭСӨМ, МКК | Тийиштүү мамлекеттик органдардын бюджеттери | Социалдык коргоо жана калкты каттоо тутумунун тармактарын маалыматтык интеграциялоо | Маалыматтардын тууралыгы |
3-милдет. Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандыруунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу | ||||||
25 | Пенсиялык топтоолордун корголушун камсыз кылган жана мамлекеттик эмес пенсиялык тутумдардын катышуучуларынын ортосунда мамилелерди жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-жыл | Финкөзөмөл | Тийиштүү мамлекеттик органдардын бюджеттери | Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор менен иштөөдө жеке аманатчылар үчүн болушунча жагымдуу шарттарды түзүү | МэПФте ыктыярдуу пенсиялык топтоолорду түзгөн жарандардын саны 2017-жылга карата 3,0 миң адамды түзөт |
26 | Корпоративдик жана кесиптик пенсиялык фонддордун ишин регламенттеген ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана киргизүү | 2018 | Финкөзөмөл | Тийиштүү жылга Финкөзөмөлдүн бюджети | ||
4-милдет. Калктын пенсиялык сабаттуулугун жогорулатуу | ||||||
27 | Бишкек жана Ош шаарларында калкты тейлөө борборлорун түзүү | 2019-жылдын IV кварталы | Соцфонд | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Калкты тейлөөнүн сапатын жакшыртуу | Даттануулардын санынын кыскарышы |