Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 29-майындагы № 288
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-декабры № 720
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын
3-июнундагы № 303 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолор ушул токтомдун тиркемесине ылайык киргизилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын стандарттарында:
- II бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 3-бап менен толукталсын:
“
3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||
1. | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Улуттук номерлөө ресурсун бөлүп берүү - Мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-бап, 8-пункт | ||
2. | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы | ||
3. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын аймагында электр байланышы кызмат көрсөтүүлөрүнө лицензиясы бар жеке жана юридикалык жактар | ||
4. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Конституциясы (14-берене); “Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому | ||
5. | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Номерлердин диапазонун, тармактардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн коддорун бөлүп берүү
| ||
6. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Керектөөчүлөргө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - бардык керектөөчүлөр үчүн имараттын ичиндеги санитардык-гигиеналык жайларды (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолсуз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар, кармоочтор (имараттарды, жайларды) менен жабдуу; - кезек күтүү тартиби боюнча. Имаратта күтүүчү жайлар, жылуулук, суу түтүгү, телефон, интернет бар; Жеңилдик берилген категориядагы жарандар (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар бөлмөгө көтөрүлүп чыга алышпаса, анда кызматкер арыз же жолдомо алуу үчүн аларга түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болуш үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | ||
7. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кызмат көрсөтүүнү алууга арызды каттоо убактысы - 30 мүнөттөн ашпайт. Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү арыз жана ага тиркелген документтердин пакети алынган күндөн тартып 30 календардык күндөн ашпашы керек | ||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||||
8. | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө, аларды алуу жол-жоболору, арыз жазуу тартиби жөнүндө маалымат берүү төмөнкүдөй жүргүзүлүшү мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки (телефон, жеке байланыш аркылуу); - электрондук форматта (www.nas.gov.kg – расмий web-сайтында “суроо-жооптор”). Маалымдоо мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт. Телефон номерлери, банк реквизиттери жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын расмий web-сайтында жана маалымат тактасында жайгаштырылган. Электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын иштөө режими: дүйшөмбүдөн жумага чейин 08.30 – 17.30 чейин, түшкү тыныгуу 12.00 – 13.00 чейин | ||
9. | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү)
| Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө өз убагында жаңыланып туруучу маалымат бардык кайрылган жактарга акысыз негизде берилет. Кызмат көрсөтүүнү алуу жол-жобосу менен төмөнкүлөрдөн таанышууга болот: - электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын расмий сайтынан; - электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын кеңсесиндеги маалымат тактасынан
| ||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||
10. | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
| Электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын келүүчүлөрдү кабыл алган кызматкеринин столунда кызматкердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн маалыматтык табличка же кызматкерде маалыматтык бейдж болушу керек. Келүүчүлөрдү кабыл алган кызматкер кызматтык жана функциялык милдеттерди сактайт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол-бербестен, жарандарга адептүү мамиле кылууну, жарандардын эркиндигин жана аларга карата калыс болууну камсыз кылып, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбашы зарыл. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл тутуму боюнча ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана ооруктун ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт | ||
11. | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
| Кызмат көрсөтүүнү алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздерге ылайык берилиши мүмкүн | ||
12. | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
| Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн номерлөө ресурсун бөлүп берүү жөнүндө белгиленген үлгүдөгү жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылуу зарыл, анда суралып жаткан диапазон кайсы кызмат көрсөтүүнү уюштуруу үчүн жана кайсы лицензиянын алкагында колдонула тургандыгын көрсөтүлөт. Арызга тиешелүү номерлөө ресурсу суралып жаткан электр байланыш тармагын куруу схемасы тиркелет, анда Кыргыз Республикасынын башка электр байланыш операторлорунун тармактары же эл аралык байланыш тармактары менен туташтыруусу көрсөтүлүшү керек. Арыздардын бардык түрлөрү жана аларга коюлуучу талаптар Электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын маалымат тактасында жана расмий сайтында жайгаштырылган | ||
13. | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат акысыз көрсөтүлөт | ||
14. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - керектөөчүлөр үчүн актуалдуулугу; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында көрсөтүлгөн шарттарына жана мөөнөтүнө ылайык кызмат көрсөтүүлөрдүн ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарына дал келүү: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, керектүү документтерди толтурууда кызматкерлердин жардам берүүсү жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү, - - жарандардын даттануулары жана сунуштары боюнча китепченин жеткиликтүү жерде болушу | ||
15. | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат жарым жартылай электрондук форматта көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүгө арыз nta@infotel.kg электрондук дарегине берилиши мүмкүн, жоопту дагы электрондук почта аркылуу берүүгө болот | ||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||||
16. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - кайрылуунун ээси ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына дал келбегенде; - керектөөчү тарабынан ушул стандарттын 12-пунктунда саналып өткөн зарыл болгон документтерди бербей койгон учурда; - берилген документтерде чындыкка дал келбеген маалыматтардын болушу; - мурда бөлүнүп берилип ишке киргизилбеген номерлөө ресурсу болгондо | ||
17. | Даттануу тартиби
| Кайрылуунун ээси электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын жетекчилигинин наамына даттануу (апелляция) жиберүүгө укуктуу. Электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы төмөнкүлөргө милдеттүү: - кайрылуунун ээсинин даттануусун (апелляцияны) кабыл алууга жана каттоого; - даттанууну (апелляцияны) кароого; - жазуу жүзүндө негиздүү жооп даярдап аны кайрылуу ээсине берүүгө. Жазуу жүзүндөгү кайрылуу каттоого алынгандан кийин 14 күндүн ичинде каралат. Жарандын кайрылуусун чечүү үчүн кошумча материалдарды сурап алуу же башка чара көрүү зарыл болгон учурда даттанууну чечүү мөөнөтү өзгөчө тартипте кайрылуунун ээсине алдын ала билдирүү менен 30 күнгө чейин узартылышы мүмкүн. Кайрылуунун ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын иш-аракеттерине сот тартибинде даттанууга укуктуу | ||
18 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарынын стандарттарын кайра карап чыгуу мезгил аралыгы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан аз эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу түрдө каралып турушу керек | ||
|
|
|
|
|
”;
- III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 2-бап менен толукталсын:
“
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1. | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Байланыш жабдууларына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө, ошондой эле радиожыштык нурланууну берүүчү же жогорку жыштыктагы электрмагниттик толкундардын булагы болуп саналган башка техникалык каражаттарга шайкештик сертификатын берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 4-бап, 7-пункт |
2. | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы |
3. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет элдик жарандар. Кандайдыр бир чектөөлөр жок |
4. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | “Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 639 “Продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө” токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 8 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган продукциянын шайкештигин милдеттүү тастыктоонун натыйжаларын таануу тартиби; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 512 “Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу түрүндө продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө” токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 267 “Шайкештиктин милдеттүү тастыктоосунан өткөн продукцияга шайкештиги жөнүндө берилген шайкештик сертификаттарынын жана катталган декларациялардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө” токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 178 “Шайкештик сертификатынын жана шайкештик жөнүндө декларациянын бланктарынын жаңы үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө” токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө” токтому |
5. | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Шайкештик сертификаты |
6. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Керектөөчүлөргө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - бардык керектөөчүлөр үчүн имараттын ичиндеги санитардык-гигиеналык жайларды (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолсуз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар, кармоочтор (имараттарды, жайларды) менен жабдуу; - кезек күтүү тартиби боюнча. Сертификаттоо боюнча органда күтүүчү жайлар, жылуулук, суу түтүгү, телефон, интернет бар; Жеңилдик берилген категориядагы жарандар (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар бөлмөгө көтөрүлүп чыга алышпаса, анда кызматкер арыз же жолдомо алуу үчүн аларга түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болуш үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Бардык зарыл документтер болгон учурда кызмат көрсөтүүгө берилген билдирүү жаран кайрылган күнү кабыл алынат. Милдеттүү түрдө шайкештигин тастыктоодо шайкештик сертификаты 30 календардык күнгө чейинки мөөнөттө берилет. Милдеттүү түрдө шайкештигин тастыктоонун жыйынтыктарын таануу боюнча жумуштарды жүргүзүү мөөнөтү тастыктоочу документтер толук болгондо милдеттүү түрдө шайкештигин тастыктоонун жыйынтыгын таануу боюнча жумуштарды аткаруу мөөнөтү билдирүү алынган күндөн тартып кайрылуунун ээсине шайкештик сертификатын берүүгө чейин 2 күндөн ашпашы керек |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8. | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
| Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жол-жобосу жөнүндө маалымат берүү: - жазуу жүзүндө; - оозеки (телефон, жеке байланыш аркылуу); - электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын коомдук кабылдамасы аркылуу; - электрондук форматта (www.nas.gov.kg – расмий web-сайтында “суроо-жооптор”). - маалыматтык тактада. Бланкаларды (үлгүлөрдү) толтуруу тартиби жөнүндө жана акы төлөө (которуу) жөнүндө маалыматтар электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын маалымат тактасында жана расмий сайтында жайгаштырылган. Электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын иштөө режими: дүйшөмбүдөн жумага чейин 08.30 – 17.30 чейин, түшкү тыныгуу 12.00 – 13.00 чейин. Телефон номерлери, банк реквизиттери жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты расмий web-сайтында жана маалымат тактасында жайгаштырылган |
9. | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө өз убагында жаңыланып туруучу маалымат бардык кайрылган жактарга акысыз негизде берилет. Кызмат көрсөтүүнү алуу жол-жобосу менен төмөнкүлөрдөн таанышууга болот: - электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын расмий сайтынан; - электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын кеңсесиндеги маалымат тактасынан |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10. | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
| Электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын келүүчүлөрдү кабыл алган кызматкеринин столунда кызматкердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн маалыматтык табличка же кызматкерде маалыматтык бейдж болушу керек. Келүүчүлөрдү кабыл алган кызматкер кызматтык жана функциялык милдеттерди сактайт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол-бербестен, жарандарга адептүү мамиле кылууну, жарандардын эркиндигин жана аларга карата калыс болууну камсыз кылып, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбашы зарыл. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл тутуму боюнча ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана ооруктун ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт |
11. | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
| Кызмат көрсөтүүнү алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздерге ылайык берилиши мүмкүн |
12. | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
| Кайрылуунун ээси төмөнкү документтерди бериши зарыл: - тиешелүү үлгүдөгү арыз; - товар коштомо документтер жана (же) номенклатураны жана ташылып келинген продукциянын санын тастыктаган продукцияны өндүрүүчү менен контракт (келишим); - жүк ташуу бажы декларациясы; - сертификациялануучу продукцияга ченемдик жана техникалык документтер (зарылдыгына жараша); - сертификаттын түп нускасынын ээсинин же сертификатты берген сертификациялоо боюнча органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн (таануу жол-жобосу жүргүзүлгөн учурда) шайкештик сертификатынын көчүрмөсүн. Документтер мамлекеттик же расмий тилдерде берилет. Тексттин оригиналынын котормосу котормочунун кол тамгасы жана мөөрү менен ырасталат. Башка жактар шайкештик сертификатын алуу үчүн арызды нотариалдык же ишкананын (субъектинин) мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн кайрылуу ээсинин атынан жазылган ишеним кат аркылуу беришет. Кайрылуунун ээси төмөнкүлөргө милдеттүү: - электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органына продукцияны сертификаттоо боюнча жумуштарды аткарууга жазуу жүзүндөгү арыз берүүгө; - сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүүгө акы төлөөгө жана төлөгөндүгү тууралуу эсеп-фактураны берүүгө; - кароо үчүн продукциянын партиясын берүүгө; - сертификациялык текшерүү жүргүзүү үчүн продукциянын партиясынан үлгүлөрдү тандап алууга шарт түзүүгө, зарылдыгына жараша текшерүү жүргүзүүгө жабдуу орнотууга |
13. | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүүгө баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы тарабынан бекитилет. Сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүүгө баалардын прейскуранты Электрдик жана почта байланышы жаатында, анын ичинде радио жыштык спектрин колдонууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын расмий сайтында, маалымат тактасында жана “Токтом” маалымат тутумунда жайгаштырылган |
14. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - керектөөчүлөр үчүн актуалдуулугу; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында көрсөтүлгөн шарттарына жана мөөнөтүнө ылайык кызмат көрсөтүүлөрдүн ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарына дал келүү: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, керектүү документтерди толтурууда кызматкерлердин жардам берүүсү жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү, - жарандардын даттануулары жана сунуштары боюнча китепченин жеткиликтүү жерде болушу |
15. | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү “Бирдиктүү терезе” принцибине ылайык, төмөнкүдөй тартипте берилет: 1) Кайрылуунун ээси электрондук форматта иштөө үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасында (мындан ары – “БТБ МИ”) каттоодон өтүп, электрондук санариптик кол тамга алуусу керек. “БТБ МИ” электрондук дареги: www.trade.kg. 2) “БТБ МИ” каттоодон өткөн кайрылуу ээси “БТБ МИ” ишке киргизилген “Тулпар-систем” маалыматтык тутуму аркылуу сертификаттоо боюнча жумуштарды аткарууга арызды жана зарыл болгон документтерди электрондук түрдө жибере алат. 3) “БТБ МИ” ишке киргизилген “Тулпар-систем” маалыматтык тутуму аркылуу сертификаттоо боюнча жумуштарды аткарууга кайрылуунун ээси тарабынан автоматтык түрдө жиберилген арыз жана зарыл болгон документтер сертификаттоо боюнча органга келип түшөт. 4) Сертификаттоо боюнча орган документтер толук жана так болгон учурда сертификаттоо жумуштарын аткарууга киришет. 5) Документтер топтому толук эмес, электрондук санариптик кол тамганын жоктугу сыяктуу кемчиликтер табылган учурда, кызматкер “Тулпар Систем” маалыматтык тутумунда аныкталган шайкеш эместиктер боюнча комментарий берип, арызды кайрылуунун ээсине кайтарат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - кайрылуунун ээси ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына дал келбегенде; - керектөөчү тарабынан ушул стандарттын 12-пунктунда саналып өткөн зарыл болгон документтерди бербей койгон учурда; - жогоруда саналып өткөн документтердин пакети толук берилбесе; - берилген документтерде так эмес маалыматтар көрсөтүлсө; - лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча продукция бекитилген талаптарга дал келбегенде |
17. | Даттануу тартиби
| Сертификаттоо боюнча жумуштарды аткарууда талаш маселелер келип чыкса, кайрылуунун ээси сертификаттоо боюнча органдын жетекчилигинин наамына даттануу (апелляция) жиберүүгө укуктуу. Сертикаттоо боюнча орган төмөнкүлөргө милдеттүү: - кайрылуунун ээсинин даттануусун (апелляцияны) кабыл алууга жана каттоого; - даттанууну (апелляцияны) кароого; - жазуу жүзүндө негиздүү жооп даярдап аны кайрылуу ээсине берүүгө. Жазуу жүзүндөгү кайрылуу каттоого алынгандан кийин 14 күндүн ичинде каралат. Жарандын кайрылуусун чечүү үчүн атайын текшерүү (экспертиза) жүргүзүү, кошумча материалдарды сурап алуу же башка чара көрүү зарыл болгон учурда даттанууну чечүү мөөнөтү өзгөчө тартипте кайрылуунун ээсине алдын ала билдирүү менен 30 күнгө чейин узартылышы мүмкүн. Апелляция боюнча терс чечим чыгарылган учурда кайрылуунун ээси аккредитациялоо боюнча органга (Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Аккредитациялоо борбору) сертификаттоо боюнча органдын бейукук иш-аракеттерине даттануу (апелляция) берүүгө укуктуу. Ошондой эле кайрылуунун ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сертификаттоо боюнча органдын, аккредитациялоо боюнча органдын иш-аракеттерине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарынын стандарттарын кайра карап чыгуу мезгил аралыгы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан аз эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу түрдө каралып турушу керек |
”;
- V бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 2-глава менен толукталсын:
“
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1. | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Статистикалык байкоолорду жүргүзүү, статистикалык маалыматтарды берүү, ошондой эле керектөөчүлөрдү Статистикалык иштердин программасында каралбаган маалыматтык-маалымдамалык тейлөө - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 6-бап, 8-пункт |
2. | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Статистика жаатында мамлекеттик статистикалык ишти жүзөгө ашырган мамлекеттик орган (мындан ары - статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) Статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык жана ведомстволук органдары. Аймактык жана ведомстволук органдардын тизмеси статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын стенддерине, сайтына кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге жайгаштырылат |
3. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Юридикалык жана жеке жактар, Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жашы жеткен жарандыгы жок адамдар |
4. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 11-июлундагы № 335 “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 “Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа) түзүүнүн методикасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому |
5. | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | 1) Статистикалык байкоолорду жүргүзүү: - алгачкы маалыматтарды жыйноо; - жашыруун (ээси көрсөтүлбөгөн) маалыматтар базасы; - расмий статистикалык маалымат. 2) Статистикалык маалыматтарды берүү: - жашыруун (ээси көрсөтүлбөгөн) маалыматтардын базасы; - расмий статистикалык маалымат; (жыйынды түрдө); - расмий статистикалык жарыялоолор: жыйнактар, буклет, бюллетень, брошюра, баяндама, отчет; - Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистринин маалыматтар базасындагы (СББМР МБ) чарба жүргүзүүчү субъекттер жөнүндө маалымат. 3) Керектөөчүлөрдү маалыматтык-маалымдамалык тейлөө: - ыйгарылган классификациялык коддор (иштин түрлөрү, продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн коддору жана башкалар) жөнүндө маалымдамалык маалымат; - ченемдик-маалымдамалык документтерди, мамлекеттик классификаторлорду, ошондой эле аларга кирген өзгөртүүлөрдү берүү |
6. | Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн шарты | Керектөөчүгө мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй ишке ашырылат: - белгиленген санитардык нормаларга жооп берген жайда; - бардык арыз ээлеринин имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунчу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүүсү, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн (мындан ары - ДМЧА) пандустардын, кармагычтардын болушу; - кезек күтүү тартибинде. Имаратта күтүүчү жайлар, жылуулук, суу түтүгү, телефон бар. Жеңилдик берилген категориядагы жарандар (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, оруктун эмгекчилери, аларга теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленишет же алар арызды кабыл алуучу жайга өйдө чыга алышпаса кызматкер өзү ылдый түшөт. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | 1. Суроо-талапты кабыл алуунун чектелген убактысы - 10 мүнөттөн 120 мүнөткө чейин. 2. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - суроо-талаптын татаалдыгына жана көлөмүнө жараша, ошондой эле тапшырыкчынын статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен статистикалык байкоолорду жүргүзүүгө түзгөн келишиминин (макулдашуунун) шарттарына ылайык 1 күндөн 30 күнгө чейин; 3. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүнүн чектелген убактысы - суроо-талаптын көлөмүнө жараша 10 мүнөттөн 60 мүнөткө чейин |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8. | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды төмөнкүлөрдөн алууга болот: - статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан; - статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык жана ведомстволук органдарынан. Иш убактысы: дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, саат 8.30дан – 17.30га чейин, түштөнүү убактысы: 12.00 – 13.00. Жарандарды көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат жөнүндө маалымдоо төмөнкүдөй ишке ашырылышы мүмкүн: - оозеки (телефон менен, жеке байланыш аркылуу); - электрондук түрдө (сайтта); - маалыматтык стенддерде; - коомдук кабылдама аркылуу; - жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу. Даректер жана телефон номерлери, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын стенддерине, расмий сайтына жайгаштырылат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматтарды жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн: - статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты. - маалыматтык стенддер; - полиграфиялык басылмалар (буклеттер, брошюралар); - коомдук кабылдама; - ишеним телефону; - жалпыга маалымдоо каражаттары; - статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын “ишеним телефону” боюнча – (0312) 664165; - жалпыга маалымдоо каражаттары. Көрсөтүлүүчү кызматтар тууралуу өз убагында жаңыланып турган маалыматтарды бардык кайрылган жактарга акысыз негизде берүүгө кепилдик берилет |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10. | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык жана ведомстволук органдарынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар болот. Калк менен иштеген кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн персонифицияланган табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен аңгемелешүүдө статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принципиалдуу болуу, маселенин мазмунун терең түшүнүүгө аракет кылуу, маектешин уга билүү жана анын көз карашын түшүнүү ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди салмактоо жана аргументтерди келтирүү. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга адептүү мамиле кылууну, эркиндигин жана аларга карата калыс болууну камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын келишпестигин болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, кош бойлуу аялдар, улгайган жарандар үчүн ангемелешүү жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11. | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер менен гана суроо-талап боюнча берилет |
12. | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Статистикалык маалыматтарды алуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат: - тапшырыкчынын статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен статистикалык байкоо жүргүзүү же ар түрдүү статистикалык маалыматтарды системалуу негизде берүүгө түзгөн келишими (макулдашуусу); - юридикалык же/жана жеке жактын эркин билдирүү формадагы суроо-талабы; - паспорт (чет өлкөлүк жарандардын паспортунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарында катталгандыгы жөнүндө маалымат – белгилүү бир мезгилге чейин жашай туруу укугу камтылышы керек); - паспорттун көчүрмөсү, катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (ыйгарылган классификациялык код жөнүндө маалымдама маалыматты алган учурда). Жыйынтык акы төлөө жөнүндө квитанция көрсөтүлгөндөн кийин өз колуна берилет |
13. | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат. Жүргүзүлгөн статистикалык байкоолордун наркы жүргүзүлгөн иштердин көлөмүнүн натыйжасына жараша аныкталат. Алуучу кызмат көрсөтүүнүн наркынын өлчөмү жөнүндө маалымат менен статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан, маалыматтык стенддерден тааныша алат |
14. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - керектөөчү үчүн актуалдуулук; - көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөтүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандарт менен белгиленген талаптарга шайкеш келүүсү: ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын имаратка, жайга кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл болгон документтерди толтурууда кызматкерлердин жардам жана кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүүсү |
15. | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Керектөөчүнүн суроо-талабы боюнча электрондук түрдө берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Суроо-талап боюнча баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат: - суралып жаткан маалыматтын купуялуулугу; - тапшырыкчынын статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзгөн келишиминин (макулдашуунун) сакталбагандыгы; - суроо-талапта арыз ээсинин фамилиясынын, почта дарегинин же башка байланыш маалыматтарынын жоктугу; - суроо-талаптын тексти даана окулбагандыгы; - суроо-талаптын мазмуну суралып жаткан маалыматты аныктоого мүмкүн болбогондо; - паспортунун жоктугу; - статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелбөөчү маалыматтын жоктугу; - анын түзүлгөндүгүнө узак мөөнөт болгондугуна байланыштуу маалыматтын жоктугу; - акы төлөө жөнүндө квитанцияны бербегендиги |
17. | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш-тартыш маселелер жаралган учурда алуучу белгиленген тартипте статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сотко кайрылууга укуктуу. Кызмат тийиштүү деңгээлде көрсөтүлбөгөн учурда алуучу оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен статистика жаатындагы мамлекеттик органдын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооматынын маңызы, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колу жана күнү камтылышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана аны жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык, ведомстволук органдарынын жетекчилери тарабынан белгиленген тартипте ишке ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана алуучуга жооп берүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Жазуу жүзүндөгү даттануу алуучу тарабынан алгач статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын аймактык жана ведомстволук органдарына берилет жана жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө каралат |
18. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан аз эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу түрдө каралып турушу керек |
”;
- төмөнкүдөй мазмундагы VII бөлүм менен толукталсын:
“
VII. Басуу, көчүрүү жана чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрү | ||
| ||
1. | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Юридикалык жана жеке жактар үчүн статистикалык маалыматтарды нускалоо (кагаз жүзүндөгү версиясын), мамлекеттик органдардын ведомстволук статистикалык отчеттордун формаларын нускалоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 7-бап, 1-пункт |
2. | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Статистика жаатында мамлекеттик статистикалык ишти жүзөгө ашырган мамлекеттик орган (мындан ары - статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) Статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык жана ведомстволук органдары. Аймактык жана ведомстволук органдардын тизмеси статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын стенддерине, сайтына кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге жайгаштырылат |
3. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Юридикалык жана жеке жактар, Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жашы жеткен жарандыгы жок адамдар |
4. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 11-июлундагы № 335 “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 “Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа) түзүүнүн методикасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2012-жылдын 28-июнундагы № 71 “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Башкы эсептөө борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” буйругу
|
5. | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы
| Расмий статистикалык маалымат (статистикалык жарыялоолор, жыйнактар, бюллетень, экспресс-маалымат, ошондой эле бир жолку суроо-талап боюнча статистикалык маалымат). 2) Мамлекеттик органдардын ведомстволук статистикалык отчетторунун формаларынын бланктары |
6. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
| Керектөөчүгө мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй ишке ашырылат: - белгиленген санитардык нормаларга жооп берген жайда; - бардык арыз ээлеринин имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунчу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүүсү, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн (мындан ары - ДМЧА) пандустардын, кармагычтардын болушу; - кезек күтүү тартибинде. Имаратта күтүүчү жайлар, жылуулук, суу түтүгү, телефон бар. Жеңилдик берилген категориядагы жарандар (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, оруктун эмгекчилери, аларга теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленишет же алар арызды кабыл алуучу жайга өйдө чыга алышпаса кызматкер өзү ылдый түшөт. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | 1. Суроо-талапты кабыл алуунун чектелген убактысы - 10 мүнөттөн 120 мүнөткө чейин. 2. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - суроо-талаптын татаалдыгына жана көлөмүнө жараша 1 күндөн 30 күнгө чейин; 3. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүнүн чектелген убактысы - суроо-талаптын көлөмүнө жараша 10 мүнөттөн 60 мүнөткө чейин |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8. | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды төмөнкүлөрдөн алууга болот: - статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан; - статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык жана ведомстволук органдарынан. Иш убактысы: дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, саат 8.30дан – 17.30га чейин, түштөнүү убактысы: 12.00 – 13.00. Жарандарды көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат жөнүндө маалымдоо төмөнкүдөй ишке ашырылышы мүмкүн: - оозеки (телефон менен, жеке байланыш аркылуу); - электрондук түрдө (сайтта); - маалыматтык стенддерде; - коомдук кабылдама аркылуу; - жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу. Даректер жана телефон номерлери, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын стенддерине, расмий сайтына жайгаштырылат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматтарды жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн: - статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты. - маалыматтык стенддер; - полиграфиялык басылмалар (буклеттер, брошюралар); - коомдук кабылдама; - ишеним телефону; - жалпыга маалымдоо каражаттары; - статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын “ишеним телефону” боюнча – (0312) 664165; - жалпыга маалымдоо каражаттары. Көрсөтүлүүчү кызматтар тууралуу өз убагында жаңыланып турган маалыматтарды бардык кайрылган жактарга акысыз негизде берүүгө кепилдик берилет
|
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10. | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык жана ведомстволук органдарынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар болот. Калк менен иштеген кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн персонифицияланган табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен аңгемелешүүдө статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принципиалдуу болуу, маселенин мазмунун терең түшүнүүгө аракет кылуу, маектешин уга билүү жана анын көз карашын түшүнүү ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди салмактоо жана аргументтерди келтирүү. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга адептүү мамиле кылууну, эркиндигин жана аларга карата калыс болууну камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын келишпестигин болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, кош бойлуу аялдар, улгайган жарандар үчүн ангемелешүү жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11. | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер менен гана суроо-талап боюнча берилет |
12. | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Статистикалык маалыматтарды алуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат: - тапшырыкчынын статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен статистикалык байкоо жүргүзүү же ар түрдүү статистикалык маалыматтарды системалуу негизде берүүгө түзгөн келишими (макулдашуусу); - юридикалык же/жана жеке жактын эркин билдирүү формадагы суроо-талабы; - ким экендигин ырастаган документ жана/же юридикалык жактын өкүлүнүн ыйгарым укугун күбөлөндүргөн документ. Жыйынтык акы төлөө жөнүндө квитанция көрсөтүлгөндөн кийин өз колуна берилет |
13. | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат. Жүргүзүлгөн статистикалык байкоолордун наркы жүргүзүлгөн иштердин көлөмүнүн натыйжасына жараша аныкталат. Алуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын өлчөмү жөнүндө маалымат менен статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан, маалыматтык стенддерден тааныша алат |
14. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - керектөөчү үчүн актуалдуулук; - көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөтүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандарт менен белгиленген талаптарга шайкеш келүүсү: ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын имаратка, жайга кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл болгон документтерди толтурууда кызматкерлердин жардам жана кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүүсү |
15. | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Керектөөчүнүн суроо-талабы боюнча түзүлгөн келишимдин негизинде электрондук түрдө көрсөтүлөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Суроо-талап боюнча баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат: - суралып жаткан маалыматтын купуялуулугу; - тапшырыкчынын статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзгөн келишиминин (макулдашуунун) сакталбагандыгы; - суроо-талапта арыз ээсинин фамилиясынын, почта дарегинин же башка байланыш маалыматтарынын жоктугу; - суроо-талаптын тексти даана окулбагандыгы; - суроо-талаптын мазмуну суралып жаткан маалыматты аныктоого мүмкүн болбогондо; - паспортунун жоктугу; - анын түзүлгөндүгүнө көп убакыт болгондугуна байланыштуу маалыматтын жоктугу; - акы төлөө жөнүндө квитанцияны бербегендиги
|
17. | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш-тартыш маселелер жаралган учурда алуучу белгиленген тартипте статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сотко кайрылууга укуктуу. Кызмат тийиштүү деңгээлде көрсөтүлбөгөн учурда алуучу оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен статистика жаатындагы мамлекеттик органдын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооматынын маңызы, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колу жана күнү камтылышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана аны жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык, ведомстволук органдарынын жетекчилери тарабынан белгиленген тартипте ишке ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана алуучуга жооп берүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Жазуу жүзүндөгү даттануу алуучу тарабынан алгач статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын аймактык жана ведомстволук органдарына берилет жана жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө каралат |
18. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан аз эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу түрдө каралып турушу керек |
”.