Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 29-майындагы № 288
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Стандарттары
VII. Басуу, көчүрүү жана чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрү
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-декабрындагы № 720, 2015-жылдын 8-июлундагы № 465, 2015-жылдын 25-ноябрындагы № 803, 2015-жылдын 25-ноябрындагы № 804, 2017-жылдын 16-январындагы № 20, 2018-жылдын 20-июнундагы № 294, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 125 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
VII. Басуу, көчүрүү жана чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрү | |||
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Юридикалык жана жеке жактар үчүн статистикалык маалыматтарды нускалоо (кагаз жүзүндөгү версиясын), мамлекеттик органдардын ведомстволук статистикалык отчеттордун формаларын нускалоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 7-бап, 1-пункт | |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Статистика жаатында мамлекеттик статистикалык ишти жүзөгө ашырган мамлекеттик орган (мындан ары - статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык жана ведомстволук органдары. Аймактык жана ведомстволук органдардын тизмеси статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын стенддерине, сайтына кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге жайгаштырылат | |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Юридикалык жана жеке жактар, Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жашы жеткен жарандыгы жок адамдар | |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 11-июлундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 "Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа) түзүүнүн методикасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому; Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2012-жылдын 28-июнундагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Башкы эсептөө борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" буйругу | |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | 1) Расмий статистикалык маалымат (статистикалык жарыялоолор, жыйнактар, бюллетень, экспресс-маалымат, ошондой эле бир жолку суроо-талап боюнча статистикалык маалымат). 2) Мамлекеттик органдардын ведомстволук статистикалык отчетторунун формаларынын бланктары | |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Керектөөчүгө мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй ишке ашырылат: - белгиленген санитардык нормаларга жооп берген жайда; - бардык арыз ээлеринин имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунчу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүүсү, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн (мындан ары - ДМЧА) пандустардын, кармагычтардын болушу; - кезек күтүү тартибинде. Имаратта күтүүчү жайлар, жылуулук, суу түтүгү, телефон бар. Жеңилдик берилген категориядагы жарандар (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, оруктун эмгекчилери, аларга теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленишет же алар арызды кабыл алуучу жайга өйдө чыга алышпаса кызматкер өзү ылдый түшөт. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | 1. Суроо-талапты кабыл алуунун чектелген убактысы - 10 мүнөттөн 120 мүнөткө чейин. 2. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - суроо-талаптын татаалдыгына жана көлөмүнө жараша 1 күндөн 30 күнгө чейин. 3. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүнүн чектелген убактысы - суроо-талаптын көлөмүнө жараша 10 мүнөттөн 60 мүнөткө чейин | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | |||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды төмөнкүлөрдөн алууга болот: - статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан; - статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык жана ведомстволук органдарынан. Иш убактысы: дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, саат 8.30дан - 17.30га чейин, түштөнүү убактысы: 12.00 - 13.00. Жарандарды көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат жөнүндө маалымдоо төмөнкүдөй ишке ашырылышы мүмкүн: - оозеки (телефон менен, жеке байланыш аркылуу); - электрондук түрдө (сайтта); - маалыматтык стенддерде; - коомдук кабылдама аркылуу; - жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу. Даректер жана телефон номерлери, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын стенддерине, расмий сайтына жайгаштырылат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматтарды жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн: - статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - маалыматтык стенддер; - полиграфиялык басылмалар (буклеттер, брошюралар); - коомдук кабылдама; - ишеним телефону; - жалпыга маалымдоо каражаттары; - статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын "ишеним телефону" боюнча - (0312) 664165; - жалпыга маалымдоо каражаттары. Көрсөтүлүүчү кызматтар тууралуу өз убагында жаңыланып турган маалыматтарды бардык кайрылган жактарга акысыз негизде берүүгө кепилдик берилет | |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | |||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык жана ведомстволук органдарынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар болот. Калк менен иштеген кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн персонифицияланган табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен аңгемелешүүдө статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принципиалдуу болуу, маселенин мазмунун терең түшүнүүгө аракет кылуу, маектешин уга билүү жана анын көз карашын түшүнүү ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди салмактоо жана аргументтерди келтирүү. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга адептүү мамиле кылууну, эркиндигин жана аларга карата калыс болууну камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын келишпестигин болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, кош бойлуу аялдар, улгайган жарандар үчүн ангемелешүү жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер менен гана суроо-талап боюнча берилет | |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Статистикалык маалыматтарды алуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат: - тапшырыкчынын статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен статистикалык байкоо жүргүзүү же ар түрдүү статистикалык маалыматтарды системалуу негизде берүүгө түзгөн келишими (макулдашуусу); - юридикалык же/жана жеке жактын эркин билдирүү формадагы суроо-талабы; - ким экендигин ырастаган документ жана/же юридикалык жактын өкүлүнүн ыйгарым укугун күбөлөндүргөн документ. Жыйынтык акы төлөө жөнүндө квитанция көрсөтүлгөндөн кийин өз колуна берилет | |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат. Жүргүзүлгөн статистикалык байкоолордун наркы жүргүзүлгөн иштердин көлөмүнүн натыйжасына жараша аныкталат. Алуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын өлчөмү жөнүндө маалымат менен статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан, маалыматтык стенддерден тааныша алат | |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - керектөөчү үчүн актуалдуулук; - көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөтүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандарт менен белгиленген талаптарга шайкеш келүүсү: ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын имаратка, жайга кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл болгон документтерди толтурууда кызматкерлердин жардам жана кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүүсү | |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Керектөөчүнүн суроо-талабы боюнча түзүлгөн келишимдин негизинде электрондук түрдө көрсөтүлөт | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | |||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Суроо-талап боюнча баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат: - суралып жаткан маалыматтын купуялуулугу; - тапшырыкчынын статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзгөн келишиминин (макулдашуунун) сакталбагандыгы; - суроо-талапта арыз ээсинин фамилиясынын, почта дарегинин же башка байланыш маалыматтарынын жоктугу; - суроо-талаптын тексти даана окулбагандыгы; - суроо-талаптын мазмуну суралып жаткан маалыматты аныктоого мүмкүн болбогондо; - паспортунун жоктугу; - анын түзүлгөндүгүнө көп убакыт болгондугуна байланыштуу маалыматтын жоктугу; - акы төлөө жөнүндө квитанцияны бербегендиги | |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш-тартыш маселелер жаралган учурда алуучу белгиленген тартипте статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сотко кайрылууга укуктуу. Кызмат тийиштүү деңгээлде көрсөтүлбөгөн учурда алуучу оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен статистика жаатындагы мамлекеттик органдын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооматынын маңызы, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колу жана күнү камтылышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана аны жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык, ведомстволук органдарынын жетекчилери тарабынан белгиленген тартипте ишке ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана алуучуга жооп берүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Жазуу жүзүндөгү даттануу алуучу тарабынан алгач статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын аймактык жана ведомстволук органдарына берилет жана жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө каралат | |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан аз эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу түрдө каралып турушу керек | |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Илимий-техникалык адабияттарды жана документацияны сканерлөө жана көчүрмөлөө - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеси), 7-глава, 2-пункт | |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Интеллектуалдык менчикти коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Кыргызпатент). Ведомстволук уюм - Кыргызпатентке караштуу Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкана (мындан ары - МПТК). Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги. Ведомстволук уюм - Саламаттык сактоону жана медициналык технологияларды өнүктүрүү борбору (мындан ары - СМТӨБ) | |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар | |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: - "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" | |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Илимий-техникалык адабияттардын жана документтердин электрондук жана кагаз көчүрмөлөрү | |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө күтүүнүн төмөнкүдөй шарттары каралган: - белгиленген санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге, ошондой эле өрткө каршы коопсуздук талаптарына жооп берген имаратта; - бардык керектөөчүлөргө санитардык гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмө), ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга (мындан ары - ДМЧА) тоскоолдуксуз кирүүлөрү үчүн пандус, кармоочтор менен жабдылган жайларда шарт түзүп берүү; - бул имаратта күтүү ордунун, жылытуу системасынын, телефондук байланыштын жана интернет тарамынын болушу; - келип түшкөн өтүнмөлөргө ылайык кезек күтүү принциби боюнча; - жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА) кош бойлуу аялдар кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды жана башка документтерди кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет; - медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаж адамдар үчүн (угуу жана көрүү боюнча жана таяныч-кыймыл системасынан жабыркаган ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуш жана эмгек ардагерлери, кош бойлуу аялдар) сүйлөшүү жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт. Жарандардын жеңилдик берилген категорияларынын тизмеги маалыматтык такталарда, расмий сайтта жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат | |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Керектөөчүнүн документтерин кабыл алууга чектелген убактысы - 5 мүнөткө чейин. Бир баракты сканерлөө - 5 мүнөткө чейин; Бир баракты көчүрмөлөө - 1 мүнөткө чейин | |
Мамлекеттик кызмат алуучуларга маалымат берүү | |||
8 | Керектөөчү алган мамлекеттик кызмат көрсөтүү (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүдөй алууга болот: - жазуу түрүндө; - оозеки түрүндө (телефон аркылуу же адис менен жеке сүйлөшүүдө); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу (portal.tunduk.kg); - Кыргызпатенттин (patent.kg) жана ведомстволук уюмдарынын расмий сайттарынан (gptb.patent.kg, fund.patent.kg); - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (www.med.kg) жана СМТӨБдүн (www.rnmb.med.kg) расмий сайттарынан; - маалыматтык такталардан, брошюралардан, буклеттерден; - Кыргызпатенттин жана МПТКнын коомдук кабылдамасынан; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана СМТӨБдүн коомдук кабылдамасынан; - башка маалыматтык булактардан. Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - жалпыга маалымдоо каражаты; - Кыргызпатенттин жана анын ведомстволук уюмдарынын сайттары; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана СМТӨБдүн сайттары; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg); - оозеки түрүндө (телефон аркылуу же адис менен жеке сүйлөшүүдө); - Кыргызпатенттин, МПТКнын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана СМТӨБдүн коомдук кабылдамалары; - такталар, буклеттер жана брошюралар; - башка маалыматтык булактар. Даректер, телефон номерлери жана иш режими, анын ичинде кызмат көрсөтүү стандарты ыйгарым укуктуу органдардын жана ведомстволук уюмдардын такталарында, расмий сайттарында жайгаштырылат. Кыргызпатенттин, (МПТК), жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана СМТӨБдүн иш графиги: - дүйшөмбү-жума саат 9.00дөн 18.00гө чейин; - түшкү тыныгуу саат 12.30дан 13.30га чейин; - дем алыш күндөрү: ишемби, жекшемби | |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | |||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр менен иштеген кызматкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке төш белгилери (бейдждери) бар. Келүүчүлөр менен сүйлөшүүдө кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү, маселенин маани-маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, сүйлөшүп жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызыкчылыктардын талаш-тартыштарын болтурбоо үчүн жарандарга карата этикалык ченемдерди, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү сактоону камсыздоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербей турган кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерин) жана кесиптик- этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаж болгон адамдар (угуу жана көрүү жана таяныч-кыймыл системалары чектелгендигине байланыштуу ДМЧА) менен сүйлөшүү аларга түшүнүктүү болгондой жана кызмат жеткиликтүү формада көрсөтүлөт | |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негизде гана берилет | |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн керектөөчү төмөнкү документтерди көрсөтөт: - сканерлөө, көчүрмөлөө үчүн материалдарды; - акча каражатын төлөгөндүгү же банктан которгондугу жөнүндө документти | |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат төмөнкүдөй берилет: - оозеки түрүндө (телефон аркылуу же адис менен жеке сүйлөшүүдө); - Кыргызпатенттин (patent.kg) жана ведомстволук уюмдарынын расмий сайттарынан (gptb.patent.kg, fund.patent.kg); - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (www.med.kg) жана СМТӨБдүн (www.rnmb.med.kg) расмий сайттарынан; - маалыматтык такталардан, брошюралардан, буклеттерден; - Кыргызпатеттин, МПТКнын коомдук кабылдамасынан; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана СМТӨБдүн коомдук кабылдамасынан. Баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргызпатенттин төрагасынын буйругу менен бекитилет. СМТӨБдүн бааларынын прейскуранты жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленген тартипте монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу аркылуу бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында көрсөтүлөт, ал Кыргызпатенттин, анын ведомстволук уюмдарынын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана СМТӨБдүн маалымат такталарында жана расмий сайттарында жайгаштырылган | |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - керектөөчүнүн каалоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде берилет; - кызмат көрсөтүү стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүү болушу жана өз убагында аткарылышы; - жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этностук тиешелүүлүгү, динге ишенүү, жашы, саясий жана башка көз карашы, билими, келип чыгышы, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайы боюнча басмырлоону болтурбоо; - жеткиликтүүлүк (басма жана электрондук форматтарда); - бул стандарт менен белгиленген талаптарга кызмат көрсөтүү шарттарынын ылайык келиши; - кызматкерлердин мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө сыпайы жана адептүү болушу, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жобосунун жүрүшүндө кеңеш берүүлөрү; - даттануулар жана сунуштар китебинин өтүнмө берүүчүлөр үчүн жеткиликтүү жерде болушу | |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Электрондук форматта кызмат көрсөтүлбөйт | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жана даттануу тартиби | |||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурда баш тартылышы мүмкүн: - керектөөчү ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди бербесе. Кызмат көрсөтүүдөн баш тартылган учурда төлөнгөн сумма кайтарылып берилет | |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат ылайыксыз көрсөтүлгөн учурда, керектөөчү кызмат көрсөтүү алынган ыйгарым укуктуу органдын (МПТК), (СМТӨБ) жетекчилигине оозеки же жазуу түрүндөгү даттануу арызы менен кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун атынан анын мыйзамдуу өкүлү даттана алат. Жазуу түрүндөгү даттануу арызы эркин берилет жана арыз ээсинин аты-жөнүн, юридикалык дарегин, телефон номерин, ошондой эле даттануунун себебин, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун жана датасын камтышы керек. Даттануу арыздарын жана дооматтарды кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаганда арыз ээси сот тартибинде даттанууга укуктуу | |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек | |
3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жылдык пландан тышкары басма (профилдик) продукцияны басуу - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеси), 7-глава, 3-пункт | |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Интеллектуалдык менчикти коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Кыргызпатент). Ведомстволук уюм - Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду (мындан ары - ИМ Мамфонду). Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги. Ведомстволук уюм - Саламаттык сактоону жана медициналык технологияларды өнүктүрүү борбору (мындан ары - СМТӨБ) | |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке (18 жаштан тартып) жана юридикалык жактар | |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Документтердин милдеттүү түрдөгү нускасы жөнүндө"; - "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" | |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Даяр басма продукциясы | |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө күтүүнүн төмөнкүдөй шарттары каралган: - белгиленген санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге, ошондой эле өрткө каршы коопсуздук талаптарына жооп берген имаратта; - бардык керектөөчүлөргө санитардык гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмө), ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга (мындан ары - ДМЧА) тоскоолдуксуз кирүүлөрү үчүн пандус, кармоочтор менен жабдылган жайларда шарт түзүп берүү; - бул имаратта күтүү ордунун, жылытуу системасынын, телефондук байланыштын жана интернет тарамынын болушу; - келип түшкөн өтүнмөлөргө ылайык кезек күтүү принциби боюнча; - жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, оруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА) кош бойлуу аялдар кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды жана башка документтерди кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет; - медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаж адамдар үчүн (угуу жана көрүү боюнча жана таяныч-кыймыл системасынан жабыркаган ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуш жана эмгек ардагерлери, кош бойлуу аялдар) сүйлөшүү жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт. Жарандардын жеңилдик берилген категорияларынын тизмеги маалыматтык такталарда, расмий сайтта жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат | |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Керектөөчүнүн документтерин кагаз же электрондук түрдө кабыл алууга кызмат көрсөтүүнүн чектелген убактысы - 25 мүнөткө чейин. Арызды кароого кабыл алуу жөнүндө кабарлама - арыз келип түшкөн учурдан тартып 15 мүнөткө чейин. Келишим түзүү жана басма продукциянын макетин бекитүү 5 күнгө чейин. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - материалдын көлөмүнө байланыштуу 3 күндөн 30 күнгө чейин. Жыйынтыгын берүү - 1 саатка чейин | |
Мамлекеттик кызмат алуучуларга маалымат берүү | |||
8 | Керектөөчү алган мамлекеттик кызмат көрсөтүү (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүдөй алууга болот: - жазуу түрүндө; - оозеки түрүндө (телефон аркылуу же адис менен жеке сүйлөшүүдө); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу (portal.tunduk.kg); - Кыргызпатенттин (patent.kg) жана анын ведомстволук уюмдарынын расмий сайттарынан (gptb.patent.kg, fund.patent.kg); - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (www.med.kg) жана СМТӨБдүн (www.rnmb.med.kg) расмий сайттарынан; - маалыматтык такталардан, брошюралардан, буклеттерден; - Кыргызпатенттин жана МПТКнын коомдук кабылдамасынан; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана СМТӨБдүн коомдук кабылдамасынан; - башка маалыматтык булактардан. Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат; - жалпыга маалымдоо каражаты; - Кыргызпатенттин жана анын ведомстволук уюмдарынын сайттары; жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана СМТӨБдүн сайттары; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу (portal.tunduk.kg); - оозеки түрүндө (телефон аркылуу же адис менен жеке сүйлөшүүдө); - Кыргызпатенттин, ИМ мамфондунун, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана СМТӨБдүн коомдук кабылдамалары; - такталар, буклеттер жана брошюралар; - башка маалыматтык булактар. Даректер, телефон номерлери жана иш режими, анын ичинде кызмат көрсөтүү стандарты Кыргызпатенттин жана ведомстволук уюмдардын такталарында, расмий сайттарында жайгаштырылат. Кыргызпатенттин, ИМ мамфондунун, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана СМТӨБдүн иш графиги: - дүйшөмбү-жума саат 9.00дөн 18.00гө чейин; - түшкү тыныгуу саат 12.30дан 13.30га чейин; - дем алыш күндөрү: ишемби, жекшемби | |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | |||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр менен иштеген кызматкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке төш белгилери (бейдждери) бар. Келүүчүлөр менен сүйлөшүүдө кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү, маселенин маани-маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, сүйлөшүп жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызыкчылыктардын талаш-тартыштарын болтурбоо үчүн жарандарга карата этикалык ченемдерди, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү сактоону камсыздоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербей турган кызматтык нускамаларды жана (функциялык милдеттерин) кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуу жана көрүү жана таяныч-кыймыл системалары чектелгендигине байланыштуу ДМЧА) менен сүйлөшүү аларга түшүнүктүү болгондой жана кызмат жеткиликтүү формада көрсөтүлөт | |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негизде гана берилет | |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн керектөөчү төмөнкү документтерди көрсөтөт: - белгиленген үлгүдөгү арызды; - арыз кагаз түрүндө берилген учурда, өздүгүн тастыктаган документти; - акча каражаттарын төлөгөндүгү же банктан которгондугу жөнүндө документ; - жарыялоо үчүн материалдар. Жарыялоого тийиш болгон материал 1 нускада басылган жана электрондук түрдө (электрондук сактагычта же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg) аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн) берилиши керек, мында графикалык материал жана жарыялоонун сүрөттөрү 300 пикселден кем эмес чыгарылган болушу керек. Материалдын көлөмү басылган 200 беттен ашпоого тийиш, шрифти - Times New Roman, кеглдин өлчөмү - 14, саптардын аралыгындагы интервал - бир жарым. Талаалар ар тарабынан 2 см ден. Бланкты-арызды толтуруу боюнча үлгү кызмат көрсөтүлүүчү жерде, маалыматтык такталарда, Кыргызпатенттин расмий сайтында (patent.kg), ведомстволук уюмдардын сайттарында (fund.patent.kg, gptb.patent.kg), жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (www.med.kg) жана СМТӨБдүн (www.rnmb.med.kg) сайттарында жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg) жайгаштырылган. Мамлекеттик кызмат алуучу тарабынан иш-аракеттер: - кызмат көрсөтүүгө келишим түзүү; - эгер басма продукциясы - китеп болгон учурда, анда кызмат алуучу макет даяр болгондон кийин басма продукциянын макети менен таанышууга милдеттүү. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчүгө төмөнкүлөр зарыл: - КРда аккредиттелген, ыйгарым укуктуу тастыктоочу борбор тарабынан берилген электрондук колтамганын болушу (Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын расмий сайтынан Пайдалануу эрежелерин карагыла); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында катталуу жана жеке иш бөлмөгө кирүү | |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат төмөнкүдөй берилет: - оозеки түрүндө (телефон аркылуу же адис менен жеке сүйлөшүүдө); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg); - Кыргызпатенттин (patent.kg) жана ведомстволук уюмдарынын расмий сайттарынан (fund.patent.kg, gptb.patent.kg); - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (www.med.kg) жана СМТӨБдүн (www.rnmb.med.kg) расмий сайттарынан; - маалыматтык такталардан, брошюралардан, буклеттерден; - Кыргызпатенттин жана ИМ мамфондунун коомдук кабылдамасынан; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана СМТӨБдүн коомдук кабылдамасынан. Баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргызпатенттин төрагасынын буйругу менен бекитилет. СМТӨБдүн бааларынын прейскуранты жарандардын саламаттыгын сактоо жаагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында көрсөтүлөт, ал Кыргызпатенттин, анын ведомстволук уюмдарынын маалымат такталарында жана расмий сайттарында, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана СМТӨБдүн расмий сайттарында жайгаштырылган | |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - керектөөчүнүн каалоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде берилет; - кызмат көрсөтүү стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүү болушу жана өз убагында аткарылышы; - жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этностук тиешелүүлүгү, динге ишенүү, жашы, саясий жана башка көз карашы, билими, келип чыгышы, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайы боюнча басмырлоону болтурбоо; - жеткиликтүүлүк (басма жана электрондук форматтарда); - бул стандарт менен белгиленген талаптарга кызмат көрсөтүү шарттарынын ылайык келиши; - кызматкерлердин мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө сыпайы жана адептүү болушу, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жобосунун жүрүшүндө кеңеш берүүлөрү; - даттануулар жана сунуштар китебинин өтүнмө берүүчүлөр үчүн жеткиликтүү жерде болушу | |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы - portal.tunduk.kg аркылуу кызмат көрсөтүү алууга сурам (арыз) кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта кызмат көрсөтүлөт. Эскертүү: арыз ээси электрондук түрдө өтүнмө жөнөтүү үчүн portal.tunduk.kg порталында катталуусу зарыл. Онлайн интерактивдүүлүк баскычы - 3 (веб-барактын өтүнмөнү электрондук форматта толтурууга жана кагаз түрүндө басып чыгаруусуз маморгандын кароосуна кабыл алууга функциялык мүмкүнчүлүгү бар) | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жана даттануу тартиби | |||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн: - ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына ылайык келбесе; - эгерде материал басмырлоочулук, саясий мүнөздү алып жүрсө, же этностор аралык, диний ишенимдер, гендердик, расалык ж.б. айырмачылыктарды үгүттөсө; - эгерде керектүү материалдарды берүү боюнча келишимдин шарттары сакталбаса; - керектөөчү ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди бербесе. Кызмат көрсөтүүдөн баш тартылган учурда төлөнгөн сумма кайтарылып берилет | |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат ылайыксыз көрсөтүлгөн учурда, керектөөчү кызмат көрсөтүү алынган ыйгарым укуктуу органдын (ИМ Мамфонду), (СМТӨБ) жетекчилигине оозеки же жазуу түрүндөгү даттануу арызы менен кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун атынан анын мыйзамдуу өкүлү даттана алат. Жазуу түрүндөгү даттануу арызы эркин берилет жана арыз ээсинин аты-жөнүн, юридикалык дарегин, телефон номерин, ошондой эле даттануунун себебин, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун жана датасын камтышы керек. Даттануу арыздарын жана дооматтарды кароо КРнын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаганда кызмат көрсөтүүнү керектөөчү сот тартибинде даттанууга укуктуу | |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек | |
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Китепкана документациясын жана басма продукциясын, анын ичинде методикалык. библиографиялык окуу куралдарды, проспекттерди иштеп чыгуу жана басып чыгаруу - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 7-бап, 4-пункт | |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Кыргыз Республикасынын мамлекеттик китепканалары; Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Республикалык илимий медициналык китепкана (мындан ары - РИМК). Мекемелердин тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын расмий сайттарында, маалыматтык стенддеринде жайгаштырылат | |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын 18 жаштан жогору жарандары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар жана юридикалык жактар | |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" | |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Тапшырык документ (библиотекалык продукция, методикалык жана библиографиялык колдонмолор, басылма продукция) | |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кирүүсү, анын ичинде угуусу, көрүүсү боюнча жана таяныч-кыймыл аппараты жагынан жабыркаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн (мындан ары - ДМЧА), кармагыч, пандустар менен жабдылган (имарат, жайлар). Имараттарда күтүүчү жайлар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияларга кошулууга мүмкүн болбосо - короо ичиндеги), жылытуу, суу түтүктөрү, телефон болушу керек. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Табыштама алуу убактысы - 10 мүнөттөн ашык эмес. Келишимди түзүү убактысы - 3 жумуш күнгө чейин. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - теманын татаалдыгына жараша - 3 айга чейин. Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүү убактысы - 10 мүнөттөн ашык эмес | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | |||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын коомдук кабылдамаларынан; - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын сайттарынан; - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын шаарлардагы жана райондордогу маданият бөлүмдөрүнө жана башкармалыктарына, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана РИМКга жеке кайрылуу аркылуу; - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, шаарлардын жана райондордун маданият башкармалыктарында жана бөлүмдөрүндө, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана РИМКда маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын шаарлардагы жана райондордогу маданият бөлүмдөрүнө жана башкармалыктарына, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана РИМКга жарандарды кабыл алуу, алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - жалпыга маалымдоо каражаттары (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын сайттары; - маалымат такталар, буклеттер жана брошюралар; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын коомдук кабылдамалары. Даректер, телефон номерлери жана иш режими, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты, маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын такталарына жана сайттарына жайгаштырылат | |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | |||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, РИМКнын иш бөлмөлөрүнүн каалгаларына маалымат тактачалар жайгаштырылат. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, коюлган маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга билүү, анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек | |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн | |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Жеке жактар паспорту менен тапшырык документин түзүү жөнүндө келишим түзүшү керек. Юридикалык жактарга: - кызмат көрсөтүүчү органдын директорунун атына эркин формада жазылган коштомо катты берүү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү орган менен бирдикте кызмат көрсөтүүнүн шарттары каралган келишимди түзүү; - түзүлгөн келишимге кол коюу жана мекеменин мөөрүн коюу; - эгерде келишимге түзүлгөн жеринде кол коюлса, юридикалык жактын өкүлүндө паспорт, юридикалык жактын атынан аракет кылуу укугу көрсөтүлгөн ишеним кат жана юридикалык жактын мөөрү болушу керек. Кызмат көрсөтүүнүн акысы келишим түзүлгөндөн кийин накталай эсептешүү же банктык которуу аркылуу төлөнөт | |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. РИМКнын бааларынын прейскуранты жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында көрсөтүлөт, ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын такталарында, сайттарында жайгаштырылган | |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүү болушу жана өз убагында аткарылышы; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - көрүнүктүү жерде жарандардын даттануулары жана сунуштары боюнча китептердин болушу | |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү электрондук форматта жарым-жартылай берилет. Керектөөчү кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгын электрондук почта аркылуу ала алат. Китепканалардын электрондук почтасынын даректери расмий сайттарда, ошондой эле кызмат көрсөтүлгөн мекемелердин маалымат такталарында жайгаштырылган | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | |||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн баш тартууга негиздер: - кызмат көрсөтүү үчүн кайрылган адамда аны алууга укугу же башка адамдын атынан иш алып барууга ыйгарым укугу жок болсо; - документтердин ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш эместиги (керектүү документтердин толук эмес тизмесин берген жана/же туура эмес толтурган учурда каталарды оңдоо жана документтерди чогултуу үчүн убакыт берүү) | |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү 30 календардык күндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен жарандардын маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Административдик даттануу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 1) даттануу берилген административдик органдын аталышын; 2) административдик даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын дарегин; 3) юридикалык жактын атынан административдик даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын кызматын жана юридикалык жактын турган ордун, юридикалык жактын толук аталышын; 4) административдик даттануу предметин; 5) административдик даттанууну берген адамдын талабын; 6) административдик даттанууга тиркелүүчү документтердин тизмегин; 7) административдик даттануу берилген күндү, айды жана жылды; 8) административдик даттанууну берген адамдын коюлган колун; 9) юридикалык жактын атынан административдик даттанууну берген адамдын колун жана юридикалык жактын мөөрүн (бар болсо). Эгерде административдик даттануу аталган талаптарга шайкеш келбесе, ошондой эле административдик даттануу тиешеси жок адам тарабынан даттануу тартибин сактабастан жана даттанууга берилген мөөнөт өтүп кеткенден кийин берилсе, административдик орган административдик даттанууну кароосуз калтырат жана административдик даттануу берген жакка кемчиликтерди четтетүү үчүн даттануунун жалпы мөөнөтүнүн чегинде убакыт берет. Кемчиликтер четтетилбеген учурда, административдик даттануу жол берилгис деп таанылат жана канааттандырылбастан калтырылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 календардык күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Административдик даттануулар маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын жетекчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу | |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек. Стандарттар зарылдыгына жараша кыска мөөнөттөрдө кайра каралышы мүмкүн | |
5. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын көчүрмөлөрүн кагаз бетине чыгаруу (ксерокопия) - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 7-бап, 6-пункт | |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Берилген ыйгарым укуктардын чегинде ченемдик укуктук жөнгө салуу, соттук-эксперттик, адвокаттык жана нотариалдык иш, каттоону камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу жана берилген ыйгарым укуктардын чегинде маалыматташтыруу, архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, ошондой эле, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы (мындан ары - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу орган) жана анын аймактык органдары. Аймактык органдардын тизмеси кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарында, расмий сайтында жайгаштырылат | |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар | |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Конституциясы (33-берене); Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" (20-берене); - "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" (28-берене); - "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" (5, 15-беренелер); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" (6-пункт); - 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө" (2-пункт) | |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысынын кагаз түрүндөгү күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү | |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - тиешелүү санитардык ченемге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда; - жандуу кезек күтүү принциби боюнча; - уюмдарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүндүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалары) бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган; - жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана алардын теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар, 1 жашка чейинки балдары бар адамдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун жалпы мөөнөтү - 30 мүнөт, анын ичинде: - кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн документтерди кабыл алууга жана/же иш-аракеттерге чектелген убакыт - 5 мүнөткө чейин; - кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө чектелген убакыт - 5 мүнөткө чейин | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | |||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдан; - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнөн. Маалымат төмөнкүдөй берилет: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу жана жолугушуу учурунда); - электрондук түрдө. Маалыматты мамлекеттик жана расмий тилдерде маалымат такталарынан, брошюралардан жана буклеттерден алууга болот | |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - радио, телекөрсөтүү, маалымат сайттары; - гезиттер; - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын сайты; - аймактык юстиция органдарындагы маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар; - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасы; - телефон боюнча. Аймактык юстиция органдарынын даректери, телефон номерлери жана иш режими юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын сайтында, аймактык юстиция органдарынын маалымат тактасында жайгаштырылат | |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | |||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Кыймылдуу мүлк боюнча күрөөлүк бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын жооптуу кызматкердин кабинетинин эшигинде маалымат тактачалары болушу зарыл. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этиканын ченемдерин, көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталышы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (угуу, көрүү боюнча жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ДМЧА, кары-картаң жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт | |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү колдонууда алынган жарандар жөнүндө жеке маалыматтарды ачыкка чыгарууга жол берилбейт жана кызматкерлер тарабынан жеке кызыкчылыкка колдонууга жана үчүнчү тараптарга берүүгө тыюу салынат. Тиешелүү мамлекеттик органдардын сурамы боюнча кызматты керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн | |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызматты алуу үчүн төмөнкүлөрдүн болуусу зарыл: - ооз эки же жазуу жүзүндөгү кайрылуу; - кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция | |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат жагындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча жана юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу орган тарабынан буйрук чыгаруу менен аныкталат. Кызмат көрсөтүүнүн наркы тууралуу маалымат юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын маалымат тактасына, расмий сайтына жайгаштырылат | |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - колдонуучу үчүн актуалдуулугу; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк кызмат көрсөтүү үчүн стандарттарда көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын дал келүүсү; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, ДМЧА үчүн жай, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы; - кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу | |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү суроо-талапты берүүдө электрондук форматта жарым жартылай кызмат көрсөтүлүшү мүмкүн | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | |||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - суралган ченемдик укуктук актынын жоктугу; - эгерде ченемдик укуктук акт "Кызматтык пайдалануу үчүн" статусуна ээ болсо; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциясы жок болсо | |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер жаралган учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү же анын өкүлү белгиленген тартипте аймактык юстиция органдарына кайрылууга укуктуу. Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү же анын өкүлү оозеки же жазуу жүзүндө юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органга даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номерин, доонун маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колтамгасын жана берген күнүн камтууга тийиш. Арыздарды жана доолорду кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Даттануу боюнча кабыл алынган чечим канааттандырбаган учурда арыз ээси юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз берүүчүнүн анын жообун алуу мөөнөтү ал катталган күндөн баштап 14 күндөн ашпоосу керек | |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш | |
|
|
|
|