Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-декабры № 734
Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашын өнүктүрүүнүн
негизги багыттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарындагы мектеп тамак-ашын уюштурууну жакшыртуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашын өнүктүрүүнүн негизги багыттары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу максатында тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
Дүйнөлүк финансы кризиси, биринчи кезекте азык-түлүктүн жана отун бааларынын кымбатташы республиканын экономикасына олуттуу сокку берип, мамлекеттик бюджеттин тартыштыгына алып келген.
Өз учурунда бул факторлор калктын кыйла аялуу катмарларына өтө терс таасирин тийгизген. Кедейчиликке каршы күрөшүү боюнча мурдагы программалардын жыйынтыктары дээрлик жокко чыгарылган: 2012-жылы кедейчиликтин деңгээли 28%ды түзүп, калкты социалдык жактан коргоонун натыйжалуу жана иштиктүү тутумун калыптандыруу зарылчылыгын ырастаган.
Кыргыз Республикасынын туруктуу калкынын саны 2014-жылдын башында 5 млн 765 миң адамды түзгөн. Калктын үчтөн бир бөлүгү (38%) шаарларда жашайт, ал эми үчтөн эки бөлүгү (62%) – айыл жеринде турат. Калктын орточо жыштыгы бир чарчы километрге 27 адамды түзүүдө. Кыйла жыш турукташкан региондорго Чүй облусу жана Бишкек шаары кирет, бул жерлерде калктын үчтөн бир бөлүгү (бир чарчы километрге 80 адамдан ашуун) жайгашкан.
Өсүп келе жаткан муктаждыктарды канааттандыруу үчүн бюджеттик каражаттар бардык эле учурларда жетиштүү боло бербейт. Киреше деңгээли төмөн болгон үй-бүлөлөрдү натыйжалуу коргоого муктаждык азык-түлүктүн бааларынын кымбатташына жана жумушсуздуктун өсүшүнө байланыштуу барган сайын күч алууда.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында баштапкы мектептин окуучусу үчүн сапаттуу тамак-аштын жеткиликтүүлүгү маанилүү маселелердин бири болуп эсептелет. Жылына эки жолу Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык түлүк программасы (мындан ары – БУУ ДАТП) үй чарбаларынын азык-түлүк коопсуздугуна туруктуу баалоо жүргүзүп турат. “Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк коопсуздугу менен байланышкан кырдаал” изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарына ылайык (2013-жылдын сентябры) үй-бүлөлөрдүн 15% азык-түлүк коопсуздугунун статусу төмөн болгон.
2012-2013-жылдардын мезгилинде кырдаалдын олуттуу жакшыргандыгына карабастан кирешеси төмөн болгон үй-бүлөлөрдүн катары жогору бойдон калууда. Маселенин мындай абалы биринчи кезекте тамак-аш продуктуларынын бааларынын кымбатташы жана 2012-жылдагы түшүмгө кургакчылыктын тийгизген терс кесепеттери менен шартталган.
Азык-түлүк коопсуздугунун учурдагы статусунун факторлорунун бири өлкөнүн таза импорттон көз карандылыгы болуп эсептелет. Алсак, буудай унун импорттоо ички керектөөнүн 30% түзөт, ал эми бул өсүмдүктүн баалары жогору бойдон калууда, атап айтканда, 2014-жылдын мартында ундун чекене орто баасы өткөн айга салыштырмалуу 4%га өсүп, 2012-жылдын май-июнунда белгиленген акыркы үч жылдын ичинде эң арзан баадан 37%га жогору болгон.
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (мындан ары - ЮНИСЕФ) 2009-жылы өткөрүлгөн балдардын тамак-ашынын абалына жүргүзүлгөн изилдөөлөр менен индикатордук кластердик изилдөөлөрдүн (2006-жыл) жыйынтыктарын салыштыруу өнүгүүсү кечиккен жана аз салмактуулуктан зыян тарткан балдардын санынын көбөйүшү аныкталган (13,7ден 22,6%га чейин жана 3,4төн 4,7%га чейин тиешелүү түрдө).
А витамининин жетишсиздиги жана темирдефицит анемиясы менен ооруусунун деңгээли аталган ооруларды жоюу боюнча улуттук компанияны өткөрүүгө байланыштуу кыйла азайган (50-60%дан 4,2% чейин жана 50%дан 18,1%га чейин тиешелүү түрдө).
Баштапкы мектептерде окуучулардын катышуу деңгээли жогорулаган. Бирок ага карабастан окуучулардын жетишкендиги башка өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн бойдон калууда (“15 жаш курактагы окуучунун билим деңгээлин баалоо” Дүйнөлүк банкынын отчетуна ылайык). Күз менен жаз мезгилинде балдардын мектепке баруу деңгээли көбүнесе төмөндөйт. Башталгыч класстардын окуучуларынын 10%ы көрсөтүлгөн мезгилде мектепке барышпайт, ал эми айыл чарба жумуштарын жасоого мажбур болгон орто класстарынын окуучуларынын катышуу деңгээли кыйла жогорураак (Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮНИСЕФ 2008-жылы жүргүзгөн изилдөөгө ылайык).
Мектеп тамак-ашын уюштуруу башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынын мисалында ушул көйгөйдү чечүүгө жардам берет.
Акыркы жылдардын татаалдыгына карабастан, жыл сайын республикалык бюджеттен мектеп тамак-ашын уюштурууга каражаттар бөлүнүүдө (жыл сайын 475 миллион сом). Мектеп тамак-ашы маселесине олуттуу көңүл бурулууда. Бирок, республиканын жалпы билим берүү уюмдарында ысык тамак-аш менен окуучуларды камтуунун орто көрсөткүчтөрү анчалык көп эмес.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин БУУ ДАТП жана Тармактык тамак-аш институту менен бирдикте 134 пилоттук мектептин арасында 2013-жылдын апрель-майында жана 2014-жылдын январь-февралында жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык болжол менен тогуз мектептин ичинен бирөөсү гана окуучуларды ысык тамак-аш менен камсыздай тургандыгы аныкталган (текшерүүгө алынган мектептердин жалпы санынан 14%).
Мындан тышкары, өткөрүлгөн иш-чараларга карабастан, республиканын мектептеринде тамак-аш продуктуларын керектөөнүн учурдагы деңгээли заманбап талаптарга толук көлөмдө шайкеш келбейт. БУУ ДАТПнын изилдөөсүнө ылайык мектеп тамак-ашы жаныбар майынын белокторунун жетиштүү санын камтыбайт (ченемден 20%) жана азык заттарын камтуу боюнча жак тең салмакталган эмес.
Билим берүү уюмдарында тамак-аштын тең салмактуулугун жогорулатуунун эсебинен тамак-аштын жалпы түзүмүн (республикада жетиштүү керектелбеген нутриент жана продуктулар боюнча) жакшыртуу мүмкүнчүлүгү толук көлөмдө пайдаланылбайт. Жалпы билим берүү уюмдарында балдардын тамак-ашын уюштуруу талдоосу балдардын тамак-ашынын рационунда жаңы жашылча жана мөмөлөр, сүт жана эт продуктулары жетишсиз экендигин көрсөткөн.
Мектеп тамак-ашын өнүктүрүүнүн негизги көйгөйү мамлекеттик-укуктук жөнгө салуу, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөр, айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы менен өндүрүштүк экономикалык байланыштар, өнүктүрүү процессин башкаруу жана мониторинг жүргүзүү чөйрөсүнө таандык. Атап айтканда:
1) мамлекеттик-укуктук жөнгө салуу чөйрөсүндө:
- мектеп тамак-ашын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын багытын аныктоочу мамлекеттик стратегиялык документтин жоктугу;
- үй-бүлөдөгү киреше деңгээлин эсепке алуу менен тиешелүү каржылоону бөлүү жана сарамжалдуу ченемдерге ылайык мектеп тамак-ашын уюштуруу үчүн шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик жана муниципалдык аткаруу бийлиги органдарынын милдеттеринин жоктугу;
- мектеп тамак-ашынын керектөөчүлөрүнүн айрым топтору үчүн тамак-аш продуктуларын керектөөнүн азыркы учурда колдонуудагы сунуштоочу ченемдеринин ордуна милдеттүү ченемдерди белгилөөчү ченемдик укуктук базанын жоктугу;
- билим берүү уюмдарында тамак-аш продуктуларынын өндүрүшүн уюштурууга коюлган милдеттүү талаптарды белгилөөчү ченемдик укуктук базанын жоктугу;
- чарба субъекттерин алардын менчигинин түрүнө карабастан мектеп тамак-ашын өнүктүрүүгө тартуу үчүн мектеп тамак-ашы чөйрөсүндө инвестициялык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды аныктоочу ченемдик укуктук базанын жоктугу;
- мектеп тамак-ашын уюштурууну пландоонун схемаларынын өркүндөтүлбөгөндүгү;
2) өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөр чөйрөсүндө:
- билим берүү уюмдарындагы тамак-аш блокторунун материалдык-техникалык базасынын абалынын канааттандыраарлык эместиги. Тамак-ашты даярдоо үчүн технологиялык жабдуу жалпысынан моралдык жана физикалык жактан эскирген;
- жамааттык тамак-аш продукциясын өндүрүүдө колдонулган технологиялардын, атап айтканда материалдык, энергетикалык, эмгектик жана башка ресурстарды пайдалануунун натыйжасыздыгы;
- бюджеттик мекемелерди камсыздоо үчүн заманбап тамак-аш өндүрүшүнүн мүмкүнчүлүгүн толук пайдаланбоо;
3) айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы менен өндүрүштүк экономикалык байланыштар чөйрөсүндө:
- республиканын агроөнөр жай комплекси менен социалдык жана мектеп тамак-ашын өнүктүрүү программаларынын ортосунда өз ара байланыштын жоктугу;
- жергиликтүү айыл чарба продукциясын жана жогорку даярдык даражадагы продуктулардын эсебинен билим берүү уюмдарын тамак-аш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн толук пайдаланбоо;
- тамак-аш продуктулары менен камсыз кылуу үчүн дыйкан (фермер) чарбаларынын жана чарба жүргүзүүчү башка чакан түрлөрүнүн мүмкүнчүлүгүн толук пайдаланбоо;
4) өнүктүрүү процессин башкаруу жана мониторинг жүргүзүү чөйрөсүндө:
- мектеп тамак-ашын башкаруу тутумунун өркүндөтүлбөгөндүгү;
- мектеп тамак-ашы жаатындагы процесстер боюнча статистикалык маалыматтын жоктугу;
- мектеп тамак-ашын өнүктүрүүнүн жетишсиз мониторинги;
- мектеп тамак-ашынын рационунун (тең салмакталгандыгынын) камтуу жана иш жүзүндө камсыздоо маселелерине изилдөө жүргүзүүнүн жоктугу;
- жергиликтүү тамак-аш продуктуларын берүү үлүшүнө талдоо жүргүзүүнүн жоктугу;
- мектеп тамак-ашы чөйрөсүндө инвестициялык иштерди жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн рыноктук мамилелеринин жана механизмдеринин толук өнүктүрүлбөгөндүгү.
Ошентип, мектеп тамак-ашынын учурдагы абалы бир катар узак мөөнөттүү программалык, анын ичинде ведомстволор аралык жана тармактар аралык мүнөздөгү иш-чараларды кабыл алууну жана ишке ашырууну, мектеп тамак-ашын өнүктүрүүнүн маанилүү социалдык-экономикалык милдеттерин чечүүгө багытталган финансы жана материалдык-техникалык ресурстарды концентрациялоону талап кылат.
Комплекстүү чараларды жүзөгө ашырбастан, мектеп тамак-ашы чөйрөсүндөгү кырдаал начарлап, жалпы билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасы деградацияга учурайт, аны калыбына келтирүү үчүн бир топ финансы ресурстары талап кылынат.
БУУ ДАТПнын “Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу” долбоору мектеп тамак-ашынын натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле даярдалган тамактын азыктык баалуулугун жакшыртуу максатында аны модернизациялоодо жардам берүү чараларынын бири болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын (мындан ары – Негизги багыттар) ишке ашыруунун жүрүшүндө ошондой эле мектеп тамак-ашын өнүктүрүүнүн натыйжалуу, айкын моделдерин колдонуу менен пилоттук долбоорлор жүзөгө ашырылат.
Мектеп тамак-ашын төмөнкү себептер боюнча өнүктүрүү зарыл:
биринчиден, мектеп тамак-ашы билим берүү сапатына түздөн-түз таасирин тийгизет;
экинчиден, мектеп тамак-ашы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүсүнө оң натыйжа бериши мүмкүн, биринчи кезекте кедейчиликти кыскартуу, социалдык коргоону жогорулатуу, азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу;
үчүнчүдөн, окуучулардын тамактануусун туура уюштуруу – бул демографиялык көйгөйлөрдү, ошондой эле балдардын ден соолук көйгөйлөрүн бүткүл улуттун масштабында четтетүүгө кошулган салым.
Ден соолукка келтирилген пайда жагынан караганда мектептеги ысык тамак-ашы сапаттуу тамактануу режимин сактоонун жана тең салмакталган тамактануу көндүмдөрүн үйрөнүүнүн зарыл шарты болуп эсептелет.
Мындан сырткары, өз убагында жана тең салмакталган мектептеги ысык тамак-ашы алименттик көз каранды оорулардын кыскарышын жана профилактикасын камсыз кылат, дене салмагынын жетишсиздиги же ашыктыгы бар балдардын санынын кыскарышынын, курч респиратордук ооруларга организмдин туруктуулугун жогорулатуунун, ден соолугу мыкты балдардын үлүшүн жогорулатуунун ыкмасы болуп эсептелет. Мектеп тамак-ашын андан ары өнүктүрүү тутуму Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык, анын ичинде агроөнөр жай комплексинин жана айкалышкан институттук түзүлүштөрдүн жаңы доминанты болуп калышы мүмкүн жана болушу керек.
Мындай статусту мектеп тамак-ашына берүү илимдин сунуштоолоруна ылайык өлкөнүн тургундарынын айрым категорияларынын сапаттуу жана коопсуз тамактануусун уюштурууда прогрессивдүү жылыштарды гана камсыз кылбастан, тамак-аш продуктуларын жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн сатып алууга, ошондой эле тармактын техникалык жана технологиялык жактан өнүктүрүүгө багытталган кошумча финансы каражаттарын тартуунун эсебинен талап кылынган сапаттагы жергиликтүү өндүрүш продукциясын чыгарууну жана берүүнү кеңейтүү үчүн кошумча өбөлгөлөрдү берет.
Натыйжада фермалардан баштап акыркы керектөөчүлөргө, анын ичинде инфратүзүмгө жана зарыл болгон логистикага чейин агроөнөр жай комплексин модернизациялоого импульс түзүлөт. Кыргыз Республикасындагы мектеп тамак-ашын өнүктүрүүнүн артыкчылыгы так ушуларда боло тургандыгы күтүлүүдө.
Мектеп тамак-ашын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү артыкчылыктары билим берүүнүн жеткиликтүлүгүн жана сапатын жогорулатууну, мектеп курагындагы балдардын ден соолугун жана тамактануусун жакшыртууну, өлкөнү социалдык жана экономикалык жактан өнүктүрүүнү камтыйт.
Негизги багыттарды ишке ашыруу үчүн жагымдуу өбөлгөлөр болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- мамлекеттик органдардын жана коомчулуктун мектеп тамак-ашын өнүктүрүүнү колдоо жана өркүндөтүү даярдыгы;
- мектеп тамак-ашын уюштурууну өркүндөтүү үчүн негиз берүүчү мамлекет тарабынан бөлүнүүчү каражаттардын жетиштүү көлөмү жана мектеп тамак-ашынын учурдагы камтылышы;
- учурдагы инфратүзүм жана республиканын бир катар мектептеринде ысык тамак-ашты уюштуруунун тажрыйбасы;
- БУУ ДАТПнын “Кыргыз Республикасынын мектеп тамак-ашы программасын оптималдаштыруу” долбоорлору тарабынан берилген мүмкүнчүлүктөр.
Ушул Негизги багыттардын максаттары төмөнкүлөр болуп эсептелет:
1) мектеп тамак-ашы тутумунун азык-түлүк коопсуздугунун абалын баалоо боюнча белгиленген көрсөткүчтөрдү камсыздоодо керектөөнүн сарамжалдуу ченемдерине ылайык тамак-аш продуктуларына болгон муктаждыкты канааттандыруу;
2) Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун сактоого жана чыңдоого жөндөм түзүүчү сапаттуу тамак-аш продуктуларынын жана мектеп тамак-ашынын жеткиликтүүлүгүн мамлекет тарабынан кепилдөөнү күчөтүү;
3) агроөнөр жай комплексинин атаандашуу жөндөмдүүлүгүн туруктуу өнүктүрүү, жогорку сапаттагы тамак-аш продукциясын өндүрүү жана аны керектөөчүлөргө чейин жеткирүү үчүн өбөлгөлөрдү түзүү;
4) учурдагы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү эсепке алуу менен азык-түлүк коопсуздугунун ички жана тышкы коркунучтарынан коргоонун максималдуу даражасына жетүү.
Көрсөтүлгөн максаттар төмөнкү милдеттерди чечүү аркылуу ишке ашырылат:
- мектеп тамак-ашын уюштурууну өркүндөтүү, сапатын, тең салмактуулугун жана коопсуздугун жогорулатуу;
- инновациялык ресурс сактоочу технологиялардын негизинде материалдык-техникалык базаны жана товар өткөрүүчү инфратүзүмдү өнүктүрүү;
- мектеп тамак-ашын башкарууну уюштуруусун, мониторинг жүргүзүү тутумун, кадрларды даярдоону өркүндөтүү;
- мектеп тамак-ашынын чийки зат базасын өнүктүрүү;
- ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу;
- сапаттуу мектеп тамак-ашын үгүттөө.
Негизги багыттарды ишке ашыруу келечекте (10-12 жыл) билим берүү, саламаттык сактоо (алименттик-көз каранды факторлор боюнча) чөйрөсүндө натыйжалуулукту жогорулатууну, инсандыгын өнүктүрүүдө балдарга жардам берүүнү, мектеп тамак-ашы жана бүткүл өлкөнүн калкы үчүн азык-түлүк өндүрүшүнүн өсүшүн, жаңы жумушчу орундарын түзүүнү, агроөнөр жай комплексинин өлкөнүн ИДПсына кошкон салымын жогорулатууну камсыз кылууга арналган.
Келечекте (5-10 жыл) мектептерди камтуу жана тамак-аш рационунун тең салмактуулугу боюнча коомдук керектөөлөрүн канааттандырууну камсыз кылуучу мектеп тамак-ашынын заманбап тармагын калыптандырууну аягына чыгаруу күтүлүүдө.
Орто мөөнөттүү келечекте (3-5 жыл) мектеп тамак-ашынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу, мектеп тамак-ашын уюштуруу менен байланышкан материалдык өндүрүштү жана инфратүзүмдү өнүктүрүүчү шарттары түзүлүшү керек, мектеп тамак-ашын өндүрүүнүн жана керектөөнүн моделдерин иштеп чыгуу боюнча ири масштабдагы эксперименттер жүргүзүлүшү зарыл.
Негизги багыттардын кечиктирилгис иш-чаралар тутуму (2-3 жыл) ченемдик укуктук базаны даярдоону, анын ичинде Мектеп тамак-ашын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгууну жана бекитүүнү, өнүктүрүү жана башкаруу институттарын түзүүнү камтыйт. Аталгандарга кошумча тышкы жардамды ички булактарга этабы менен алмаштыруу пландарын иштеп чыгуу, пилоттук (чектелген масштабдагы) долбоорлорду өткөрүү боюнча иш-чаралар киргизилет.
Ушуну менен бирге институттук мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, каржылоонун жана берүүлөрдүн туруктуулугун камсыздоо, жеңилдиктерди берүүнүн негизинде тамак-аш менен камсыз кылуу кепилденген максаттуу топторду (максаттуу мектептерди) аныктоо жана бекитүү, мектеп тамак-ашын өнүктүрүүгө ата-энелердин жана жамааттардын катышуусун камсыз кылуу үчүн ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча чаралар комплексин камтыган мамлекеттик саясаттын курамдык бөлүгү катары мектеп тамак-ашын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы мектеп тамак-ашы чөйрөсүндө негиз салуучу стратегиялык документ болуп калышы керек.
Ушул Негизги багыттарды 2 этап менен жүзөгө ашыруу пландалууда.
Биринчи этап – туруктуу жана коопсуз мектеп тамак-ашы үчүн шарттарды түзүү:
- БУУ ДАТП менен бирдикте пилоттук долбоорлорду өткөрүү;
- мектеп тамак-ашын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын иштеп чыгуу;
- зарыл болгон ченемдик укуктук жана методикалык документтерди даярдоо;
- республиканын азык-түлүк коопсуздугунун көрсөткүчтөрү боюнча кыйла жагымсыз райондорунда жайгашкан 250дөн кем эмес мектептерде БУУ ДАТП долбоорунун алкагында мектеп тамак-ашы үчүн зарыл болгон санитардык жана технологиялык шарттарды түзүү;
- мектеп тамак-ашын өнүктүрүүнүн шаардык программаларынын алкагында Бишкек жана Ош шаарларындагы мектептеринде тамак-аш блокторун кайра жабдуу. Калган мектептер башка эл аралык жана райондук программалардын алкагында кайра жабдылат;
- мамлекеттик бюджеттен бөлүнүүчү каражаттарды индексациялоо (2018-жылдан бери);
- тамак-аштын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштоолору (эртең мененки тамактанууга карата) боюнча кубаттуулугунун жана тең салмактуулугунун шайкештигин камсыздоо.
Экинчи этап – 2 жолу тамактанууга, заманбап технологияларга жана башталгыч класстардын окуучуларын ысык тамак-аш менен 100 пайыз камтууга өтүү.
Орто мөөнөттүү план беш жылдык мөөнөткө эсептелген. Иш-чаралар төмөнкүлөргө багытталган:
- мектептердеги тамак-ашты уюштуруунун стратегиялык багыттарын иштеп чыгууга жана мамлекеттик программаларга интеграциялоого;
- институттук мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө;
- ресурстарды башкаруу, мониторинг жана отчеттуулук боюнча колдонмону иштеп чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бюджетинде сап бөлүү аркылуу каржылоо үчүн укуктук негиз түзүүгө. Келечекте тамак-ашка сарпталуучу ченемдерди белгилөөдө каржылоо кадимки тартипте жүзөгө ашырылат;
- пилоттук долбоорлорду өткөрүүгө;
- мектеп тамак-ашын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүнүн эл аралык программаларын иштеп чыгууга жана координациялоого.
Кийинки жылдары иш-чаралар төмөнкүлөргө багытталат:
- мектеп тамак-ашына республикалык бюджеттен жылына 475 млн сомдон кем эмес өлчөмдө каражаттарды милдеттүү түрдө бөлүүгө;
- мектеп тамак-ашын ата мекендик өндүрүү үчүн тамак-аш инфратүзүмүн өнүктүрүү жана негиз түзүүгө – инвестициялардын жана эл аралык жардамдын эсебинен.
Мектеп тамак-ашын өнүктүрүүнүн маанилүү багыты болуп окуу процессине тамак-аш менен камсыз кылууга мектептерди (биринчи кезекте айылдык) тартуу боюнча иш-чараларды киргизүү эсептелет. Бул мамиле айыл жергесиндеги жашоо-турмуштун жакшы жактарын көрсөтүү жана рыноктук мамилелерди өнүктүрүүчү шарттарды түзөт.
Концепттик негизде Негизги багыттарды ишке ашыруу боюнча функцияларды жалпы координациялоо милдетин ведомстволор аралык жумушчу комиссияга жүктөө максатка ылайык болууда.
Ошондой эле мамлекеттик, региондук жана жергиликтүү деңгээлде Негизги багыттарды ишке ашыруу боюнча тиешелүү органдарды, аларга конкреттүү функцияларды жана жоопкерчиликти жүктөө менен аныктап алуу максатка ылайык болуп эсептелет.
Негизги багыттарды ишке ашыруу төмөнкүлөрдү камсыз кылууга жардам берет:
- билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү максаттарга жетүү, балдарды тамак-аш менен камсыз кылуу үчүн мектеп тамак-ашынын натыйжалуулугун жогорулатууга;
- өлкөнүн жакынкы 5 жылдын ичинде бюджеттик каржылоо жана күчөтүлгөн институттук потенциал боюнча олуттуу мүмкүнчүлүктөр менен мүнөздөлүүчү мектеп тамак-ашын өнүктүрүүнүн абалына өтүүсүн жүзөгө ашырууга;
- калктын негизги социалдык маанилүү топторун илимий негизделген физиологиялык ченемдерге ылайык сапаттуу тамак-аш менен толук камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө;
- айыл чарба жана тамак-аш продукциясынын өндүрүүчүлөрүнүн жана билим берүү уюмдарындагы тамак-аш ишканаларынын туруктуу жана узак мөөнөттүү байланыштарын түзүүгө, билим берүү уюмдарындагы тамак-аш ишканалары аркылуу ата мекендик өндүрүштүн продукциясын сатуу көлөмдөрүн көбөйтүүгө;
- билим берүү уюмдарындагы тамак-аш ишканаларын тамак-аш продуктулары, анын ичинде функциялык жарым фабрикаттар жана (же) даяр тамактар менен комплекстүү камсыз кылуу боюнча өндүрүштүк-логистикалык борборлорду өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө;
- ассортиментти кеңейтүүгө, өндүрүш көлөмдөрүн адистештирилген тамак-аш жана функциялык тамак-аш продуктуларынын иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын жардамы менен көбөйтүүгө;
- билим берүү уюмдарында жана айыл чарба менен калкты социалдык коргоо чөйрөлөрүндөгү товар өткөрүүчү инфратүзүмдө заманбап тамак-аш ишканаларын өнүктүрүү боюнча иш-чараларга мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө;
- туруктуу сатып өткөрүү, вертикалдуу интеграциялоо принциптерин киргизүү жана “талаадан үстөлгө чейин” чынжырынын негизги звеносу катары өндүрүштүк-логистикалык борборлордун тармагы аркылуу продукцияны өндүрүү, иштетүү, берүү жана сатуу бирдиктүү тутумун түзүү аркылуу кооперациялоо үчүн тамак-ашты уюштурууну мамлекеттик жөнгө салууга;
- продукцияны берүүчүлөрдүн жана айыл жеринде билим берүү уюмдарын тамак-аш менен камсыз кылууну уюштуруучулардын бири катары керектөөчү кооперацияларынын, дыйкан (фермердик) чарбалардын жана чакан чарба формаларынын катышуусун аныктоого;
- бизнести тартуу жана сапаттуу тамак-аш өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоо үчүн шарттарды түзүүгө.
Мектеп тамак-ашын өркүндөтүү процессинде биринчи кезекте өсүп келе жаткан муунга карата коомдук мамилесинин улуттук өзгөчөлүктөрүн чагылдыруучу факторлор байкала тургандыгы болжолдонууда:
- ата-энелердин, мектеп жана жергиликтүү жамаат жетекчилигинин материалдык, финансылык жана өздөрүнүн эмгеги менен мектеп тамак-ашын өнүктүрүүгө даярдыгы жана жөндөмдүүлүгү;
- коомчулуктун айрым социалдык көйгөйлөрдү өз алдынча чечүүгө, мектеп тамак-аш блогун даярдоого катышууга жана мектеп тамак-ашын тең каржылоого умтулуу жана жөндөмдүүлүк;
- жеке сектордогу бир катар өкүлдөрүнүн мектеп тамак-ашынын ар түрдүү формаларын өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө, максаттуу өндүрүштү жана тамак-аш продуктуларын берүүнү уюштурууга потенциалдуу даярдык.
Негизги багыттарды ишке ашырууда мүмкүн болуучу тобокелдиктерге төмөнкүлөр кирет:
- бюджеттик булактардан масштабдуу жана узак мөөнөттүү каржылоого муктаждык;
- аткаруу бийлигинин ар түрдүү органдарынын ортосунда жумуштарды координациялоо зарылчылыгы;
- заманбап мектеп тамак-ашын уюштуруунун сунушталган технологиясынын жогорку техникалык талаптары;
- кадрларды окутууну уюштуруу зарылчылыгы.
Ушул Негизги багыттарда каралган иш-чараларды каржылоо үчүн каржылоо механизмдеринин жана шаймандарынын бардык спектри пайдаланылат, анын ичинде:
- чийки зат ресурстарын, тамак-аш продукциясын, технологиялык жабдууларды, башка товарларды, айкалышкан кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды бюджеттен каржылоо;
- тартылган каражаттар, анын ичинде кредиттер жана займдар;
- финансылык лизинг;
- башка булактар.
Негизги багыттарды ишке ашыруунун жүрүшүн баалоо үчүн максаттуу индикаторлордун жана көрсөткүчтөрдүн төмөнкү тутуму пайдаланылат.
Таблица
№ | Максаттуу ченемдин жана индикатордун аталышы | 2014-жыл | 2015-жыл | 2016-жыл | 2017- 2022-жылдар | Узак мөөнөттүү келечекте |
1. | Кубаттуулугу боюнча тең салмактуулугу (%) |
80 |
100 |
100 |
100 |
100 |
2. | Жаныбарлар майынын белоктору боюнча тең салмактуулугу (%) |
40 |
60 |
85 |
90 |
100 |
3. | Тамак-аштын сарамжалдуу ченемдерине жетүү деңгээли (%) | 75 | 80 | 90 |
95 |
100 |
4. | Мектеп тамак-ашындагы сарамжалдуу ченемдер боюнча тамак-аш менен толук камтуу үчүн талап кылынган тамак-аш ресурстарынын жалпы көлөмүндөгү жергиликтүү тамак-аш продуктуларынын салыштырмалуу салмагы (%) |
70 |
75 |
80 |
85 |
90 |
5. | Жаңы жумушчу орундарын түзүү (миң адам) | 0,05 | 0,1 | 0,3 |
0,4 |
0,5 |
6. | Керектөө түйүндөрүндө өндүрүштүк чыгымдарды кыскартуу (%) | 5 | 5 | 6 |
8 |
10 |
7. | Бюджеттик эмес каражаттарды тартуу (млн доллар) | 0,4 | 0,6 | 0,8 |
1,0 |
1,5 |