Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-декабры № 735
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын
3-июнундагы № 303 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна ушул токтомдун тиркемесине ылайык толуктоолор киргизилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- IV бөлүм төмөнкү мазмундагы 4 жана 5-бап менен толукталсын:
«
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Өнөр жай калдыктарына, саркынды сууларга жана жер ресурстарынын булганышына пландан тышкары лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 5-бап, 5-пункт | |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
| Айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту жана жаратылышты пайдаланууну камсыз кылуу чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруу жана мамилелерди жөнгө салуу боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары – айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү. Аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси, байланыш маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында – www.nature.kg жайгашат | |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар
| Мамлекеттик мекемелерди кошпогондо, юридикалык жактар. Жарандыгына жана улутуна карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн жашы жетилген жеке жактар | |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | «Курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө» токтому | |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Тапшырма берүүчү тандаган аныктала турган көрсөткүчтөрдүн тизмеги боюнча изилдөөнүн протоколу | |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Келгендерге кызмат көрсөтүү төмөнкүчө жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - кезек күтүү тартибинде; - санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жууна турган бөлмөлөргө) бардык жарандардын тоскоолдуксуз жеткире алган учурда. Телефон аркылуу адистер алдын ала консультация бериши мүмкүн. Жарандардын жеңилдикке ээ категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, оорук эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. Жеңилдиктери бар жарандардын тизмеги маалымат тактасында кызмат көрсөтүү жерлеринде, айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында - www.nature.kg жайгашат жана өз учурунда жаңыланып турат | |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | «Тапшырык табыштамасын» толтурууга убакыттын чеги – 30 мүнөт. «Тапшырык табыштамасынын» типтүү формасы кызмат көрсөтүүнү алуучуга жеринде же ecokg@aknet.kg электрондук почтасы аркылуу берилет. Ченемдик документтерге ылайык лабораториялык изилдөөнү жүргүзүү мөөнөтү 1 күндөн 30 күнгө чейин. Акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция болгон учурда изилдөөнүн протоколу 10 мүнөткө чейин берилет | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | |||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын экологиялык мониторинг башкармалыгына барганда, иштөө убактысы: саат 9.00дөн 17.00гө чейин; - айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан - www.nature.kg. - айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын маалымат такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен. Бериле турган мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө жарандарды маалымдоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон боюнча, адис менен жеке байланышкан учурда). Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү)
| Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты кайрылган жактарга акысыз негизде берүү кепилденет. Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу чагылдырылышы мүмкүн: - радио, телекөрсөтүү, маалымат сайттары; - басма сөз; - айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында – www.nature.kg; - маалымат такталарында, брошюраларда, буклеттерде мамлекеттик жана расмий тилдерде; - айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы аркылуу; - телефон аркылуу Даректер, телефон номерлери, сайттардын, электрондук почтанын даректери жана иштин режими кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирдикте айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын сайтында – www.nature.kg жана такталарында жайгаштырылат | |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | |||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
| Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык органдарында кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат табличкалары болот. Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабыл алуучу кызматкерлеринин жекече табличкалары (бейдждер) болууга тийиш, анда аты-жөнү жана кызмат орундары көрсөтүлөт. Келген адамдар менен баарлашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сактайт: сылык, мээримдүү, так, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең билүүгө умтулуу, баарлашып жаткан адамды угуп жана анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынып жаткан чечимдерди таразалап жана далилдей билүү. Айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бардык кызматкерлери колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербеген, көз карандысыздыкты камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сактоого тийиш жана бардык кызматкерлер жарандарга карата колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербеген, этиканы, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, таламдардын кагылышуусуна жол бербеген кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сактоого тийиш. Медициналык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыгы болгон жактар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл тутуму боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын) үчүн байланыш түзүү жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жетишилген формада жүргүзүлөт. Келген адамдар менен баарлашуу мамлекеттик же расмий тилдерде жүргүзүлөт | |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
| Алуучу жана ага берилген кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. Изилдөөнүн протоколдору тапшырыкчынын жеке өзүнө кол койдуруу менен берилет. е-mail жана факс аркылуу берилбейт. Алынган дайындар жөнүндө маалыматты кызматкерлер жеке максатта жана үчүнчү жактарга берүү үчүн колдоно албайт
| |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
| Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди көрсөтүүгө тийиш: - форма боюнча толтурулган тапшырык табыштамасы; - кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө жөнүндө квитанция; - паспорттун көчүрмөсү. Бардык талап кылынган документтердин үлгүлөрү жана формалары, ошондой эле аныкталуучу көрсөткүчтөрдүн тизмеги маалыматтар стенддеги кызмат көрсөтүү жерлеринде жайгашып жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында өз учурунда жаңыланып турат | |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
| Кызмат көрсөтүүнүн наркын монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы прейскурантта чагылдырылат, ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын такталарында, сайтында - www.nature.kg жайгаштырылат жана өз учурунда жаңыртылып турат | |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык толук жана өз учурунда болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырланышына жол бербөө; - кызмат көрсөтүүнүн ушул стандартта билдирилген шарттарга шайкеш келиши; - кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн гана документтердин жеткиликтүүлүгү, аларды келген адамдардан талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин тактыгы жана сылыктыгы; - түпкү натыйжанын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн каалоолоруна шайкештиги; - керектөөчүлөр тарабынан даттануулардын болушу же жоктугу | |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
| Электрондук форматта жарым-жартылай кызмат көрсөтүү ecokg@aknet.kg электрондук почта аркылуу табыштаманы берүү жана кароо учурунда жүргүзүлөт. Жооптуу кызматкер табыштаманы каттайт жана табыштаманы кабыл алуу же негиздүү баш тартуу жөнүндө билдирүүнү арыз ээсине жөнөтөт | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | |||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүдөн баш тартуу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт: - жашы жете элек адамдарга; - эгерде табыштама форма боюнча толтурулбаса же анда көрсөтүлгөн маалыматтар чындыкка дал келбесе | |
17 | Даттануу тартиби
| Кызмат көрсөтүүлөр талаптагыдай берилбеген учурда керектөөчү айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колтамгасын жана датаны камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин кароосуна жөнөтөт. Даттанууларды жана дооматтарды карап чыгуу айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну карап чыгуунун жана жоопту алуунун мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашууга тийиш эмес. Кызмат көрсөтүүнү берүүдөн баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечимге канааттанбаган же ал сапатсыз көрсөтүлгөн учурда керектөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген сот тартибинде даттанууга укуктуу | |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен кайра каралышы керек | |
|
|
| |
5. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарда, аң уулоочу жерлерде жана мамлекеттик токой фондунан тышкары жерлерде пландан тышкары токой өстүрүү жана илимий-изилдөө иштерин аткаруу Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 5-бап, 6-пункт |

| Айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту жана жаратылышты пайдаланууну камсыз кылуу чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруу жана мамилелерди жөнгө салуу боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары – айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти. Байланышуу маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында - www.nature.kg жайгаштырылат |

| Жер участкалары, токойлору, токой фонду өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана аңчылык жерлери бар жеке жана юридикалык жактар. Токой пайдалануучулар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Конституциясы Кыргыз Республикасынын Токой кодекси «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2009-жылдын 3-июнундагы № 335 «Кыргыз Республикасында токой-аңчылык жайгаштырууну жүргүзүү тартиби»; 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө»; 2012-жылдын 29-июнундагы № 463 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин алдындагы Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти жөнүндө»; 2014-жылдын 19-мартындагы № 173 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»
|
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Токой жайгаштыруу долбоору, картографиялык материалдар |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; - пандус, тутка менен жабдылган (имаратка, жайларга) имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жууна турган бөлмөлөргө) бардык жарандардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын тоскоолдуксуз жеткире алган учурда; - кезек күтүү принциби боюнча. Уюмда күтүү үчүн жерлер, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга кошуу мүмкүн болбогон учурда – короодогу), жылытуу, суу түтүктөрү, телефон болот; - жарандардын жеңилдикке ээ категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, оорук эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жердеги такталарында кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. Жеңилдиктери бар жарандардын тизмеги маалымат тактасында кызмат көрсөтүү жерлеринде жайгашып жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында өз учурунда жаңыланып турат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Арызды кабыл алуудагы убакыттын чеги – 30 мүнөт. Арызды кароо – 10 күнгө чейин. Натыйжаларды берүүдөгү убакыттын чеги – 30 мүнөт. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында, аңчылык жерлерде жана мамлекеттик токой фондунан тышкары жерлерде төмөнкүлөр жүргүзүлөт: 1) Даярдоо иштери: - 0,2 - 2,9 миң га - 10 күн, 3,0 - 30,0 миң га - 30 күн, 30,0 миң гектардан ашык - 45 күн. 2) Талаа иштери: - 0,2 - 2,9 миң га - 30 күн, 3,0 - 30,0 миң га - 150 күн, 30,0 миң гектардан ашык - 190 күн. 3) Камералык иштер: - 0,2 - 2,9 миң га аянттагы участокто - 20 күн, 3,0 - 30,0 миң га - 5 ай, 30,0 миң гектардан ашык - 8 ай. Токой-аңчылык жайгаштыруу иштеринин толук циклин жүргүзүү – 2 жыл |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымдоо | ||

| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Токой-аңчылык жайгаштыруу департаментинен, иштөө убактысы: саат 9.00дөн 18.00гө чейин; - айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан - www.nature.kg - айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат жарандарга төмөнкүлөр аркылуу берилет: - жазуу жүзүндө; - оозеки (телефон аркылуу, адис менен жеке жолукканда). Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |

| Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөрдө чагылдырылышы мүмкүн: - жалпыга маалымдоо каражаттарында (радио, телекөрсөтүү, маалымат сайттары, басылмалар); - айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында – www.nature.kg - маалымат такталарында, брошюраларда, буклеттерде мамлекеттик жана расмий тилдерде; - телефон аркылуу; - республиканын региондорунда калк, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар менен жолугушууларда. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын такталарында, сайтында - www.nature.kg жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
| Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык органдарында кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат табличкалары болот. Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабыл алуучу кызматкерлеринин жекече табличкалары (бейдждер) болууга тийиш, анда аты-жөнү жана кызмат орундары көрсөтүлөт. Келген адамдар менен баарлашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сактайт: сылык, мээримдүү, так, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең билүүгө умтулуу, баарлашып жаткан адамды угуп жана анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынып жаткан чечимдерди таразалап жана далилдей билүү. Айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бардык кызматкерлери колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербеген, көз карандысыздыкты жана жарандарга карата объективдүүлүктү камсыз кылган, таламдардын кагылышуусуна жол бербеген кесиптик-этикалык ченемдерди сактоого тийиш. Медициналык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыгы болгон жактар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл тутуму боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын) үчүн байланыш түзүү жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жетишилген формада жүргүзүлөт. Келген адамдар менен баарлашуу мамлекеттик же расмий тилдерде жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
| Алуучу жана ага берилген кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |

| Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди бериши керек: - Токой-аңчылык жайгаштыруу департаментине мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө тапшырык табыштамасы; - паспорттун көчүрмөсү; - жер участогуна укук белгилөөчү документтер; - кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция. Департамент менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун ортосунда келишим жана жумуштардын сметасы түзүлөт. Бардык талап кылынган документтердин үлгүлөрү жана формалары маалымат такталарында, кызмат көрсөтүү жерлеринде жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жайгашып, өз учурунда жаңыланып турат

| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркын монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы прейскурантта чагылдырылат, ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, Токой-аңчылык жайгаштыруу департаментинин такталарында, сайтында жайгаштырылат жана өз учурунда жаңыртылып турат |

| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - пайдалануучу үчүн актуалдуулук; - берилүүчү кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүү жана өз учурунда болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча кодулоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн ушул стандартта билдирилген шарттарынын шайкештиги: мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарда имаратка, жайга жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричилик ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандарды кабыл алуу үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басылма жана электрондук форматтарда); - түпкү натыйжанын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн үмүт-тилектерине шайкештиги; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин тактыгы жана сылыктыгы, зарыл документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн бүткүл жол-жобосунун жүрүшүндө консультация бериши |

| Электрондук форматта кызмат көрсөтүү ecokg@aknet.kg электрондук почтасы боюнча арызды берүү жана каттоо стадиясында жүргүзүлөт. Жооптуу кызматкер арызды каттайт жана кайрылуу ээсине арыз кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирүү же негиздүү баш тартуу жиберет. Ошондой эле токой-аңчылык жайгаштыруу долбоорлору PDF форматында жана картографиялык материалдар JPG форматында берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат: - эгерде табыштаманын ээси ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына шайкеш келбесе. - эгерде ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин пакети толук эмес берилсе |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүүлөр ойдогудай берилбеген учурда табыштаманын ээси айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү алуучунун фамилиясын, аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колтамгасын жана датаны камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин кароосуна жөнөтөт. Даттанууларды жана дооматтарды карап чыгуу айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну карап чыгуунун жана жоопту алуунун мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Кызмат көрсөтүүнү берүүдөн баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечимге канааттанбаган же ал сапатсыз көрсөтүлгөн учурда керектөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен кайра каралышы керек |
- VI бөлүм төмөнкү мазмундагы 2 жана 3-бап менен толукталсын:
“
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жаратылышты коргоо, рекреациялык, илимий, эстетикалык, тарыхый-маданий жана агартуучу маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, мамлекеттик токой фондунун, жаратылыш музейлеринин, экологиялык визит борборлорунун, бекитилип берилген аң уулоо жерлеринин объекттерине баруу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 9-бап, 3-пункт | |

| Айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту жана жаратылышты пайдаланууну камсыз кылуу чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруу жана мамилелерди жөнгө салуу боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары – айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы мамлекеттик жаратылыш коруктары, мамлекеттик жаратылыш парктары, буга “Ала-Арча” паркы кирбейт; “Ысык-Көл” биосфералык аймагы; токой чарбалары. Аймактык органдардын, жаратылыш коруктарынын жана парктарынын тизмеси алардын байланыш маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирдикте айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын маалымат такталарында, сайттарында -www.nature.kg жайгашат | |

| Кыргыз Республикасынын аймагындагы юридикалык жана жеке жактар. Жашы жете электер өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарындагы объекттерге чоң кишилердин коштоосу менен барат | |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Конституциясы Кыргыз Республикасынын Токой кодекси «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө»; 2014-жылдын 19-мартындагы № 173 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» | |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы
| Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, мамлекеттик токой фондунун объекттерине, жаратылыш музейлерине, экологиялык визит борборлоруна керектөөчүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү шарттары төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда. Аймактык органдарда жылытылган жайда күтүү үчүн орундуктар, көчүрүүчү аппараттар болот; - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ыңгайлуу пандустар, туткалар менен жабдылган; - жарандардын жеңилдиги бар категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, оорук эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жердеги такталарында кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. Жеңилдиктери бар жарандардын тизмеги маалымат тактасында кызмат көрсөтүү жерлеринде жайгашып жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында өз учурунда жаңыланып турат. Кызмат көрсөтүү берилген аймакта керектөөчүлөр үчүн төмөнкүлөр жеткиликтүү болууга тийиш: - ажатканалар, - ичүүчү суунун булактары, - таштандыны таштоо үчүн жабдылган жерлер, - автотранспорт токтоп турушу үчүн орундар; - келгендердин эс алуусун уюштуруу жана от жагуу үчүн орундар. Жүрүш-туруш эрежелери, өрткө каршы жана жеке коопсуздук эрежелери жөнүндө маалымат келгендерге инструктаж жүргүзүү учурунда берилет, ошондой эле кызмат көрсөтүлүүчү аймакта орнотулган маалымат такталарына жайгаштырылууга тийиш | |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Наркты төлөөдөгү убакыттын чеги – 5 мүнөт; Келгендерге инструктаж жүргүзүү – 15 мүнөт. Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү чектелбейт. Акы ар бир күн үчүн төлөнөт | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымдоо | |||

| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - жеке барганда иштин графигине ылайык айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан, коруктардан, парктан, “Ысык-Көл” биосфералык аймагынан; токой чарбалардан; - айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан – www.nature.kg; - айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын маалымат такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен. Бериле турган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө келүүчүлөргө маалымдоо төмөнкүдөй болушу мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон боюнча, адис менен жеке байланышкан учурларда); - электрондук форматта e-mail боюнча: ecokg@aknet.kg (“суроолор – жооптор”) айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында - www.nature.kg); Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |

| Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты берүү кайрылган ар кандай жакка акысыз негизде кепилдик кылынат. Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты таратуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн: - радио, телекөрсөтүү, маалымат сайттары; - басылмалар; - айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты – www.nature.kg; - аймактык органдарда болгон такталар, буклеттер жана брошюралар; - айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы аркылуу ; - телефон аркылуу. Даректер, телефон номерлери жана иштин режими кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирдикте айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын такталарында, сайтында www.nature.kg жайгаштырылат | |

| Бардык коруктарда жана парктарда маалымат такталары болууга тийиш, алардын мазмунуна жана өз учурунда жаңыртылып турушуна экологиялык жактан агартуу жана экотуризм үчүн жооптуу кызматкерлер көз салып турат. Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабыл алуучу кызматкерлеринин жекече табличкалары (бейдждер) болууга тийиш, анда аты-жөнү жана кызмат орундары көрсөтүлөт. Келген адамдар менен баарлашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сактайт: сылык, мээримдүү, так, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең билүүгө умтулуу, баарлашып жаткан адамды угуп жана анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынып жаткан чечимдерди таразалап жана далилдей билүү. Айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бардык кызматкерлери колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербеген, көз карандысыздыкты жана жарандарга карата объективдүүлүктү камсыз кылган, таламдардын кагылышуусуна жол бербеген кесиптик-этикалык ченемдерди сактоого тийиш. Медициналык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыгы болгон жактар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл тутуму боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын) үчүн байланыш түзүү жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жетишилген формада жүргүзүлөт. Келген адамдар менен баарлашуу мамлекеттик же расмий тилдерде жүргүзүлөт | |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
| Алуучу жана ага берилген кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн | |

| Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына баруу үчүн келген адам корукка же парктарга кайрылууга тийиш. Эгерде топто 20дан ашык киши болсо, баруу же кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө жеринде өзү кезекке туруу принциби боюнча же алдын ала жазуу жүзүндөгү табыштама боюнча жүргүзүлөт. Табыштама эркин формада коруктун, парктын администрациясына же айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине жазылат. Акы төлөө коруктун же парктын эсептешүү эсебине которуу менен, же касса аркылуу накталай түрдө жүргүзүлөт. Юридикалык же жеке жактар баруу үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны берүүгө тийиш. Эгерде чоң топтордун барышына уруксат берүү жөнүндө айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий каты бар болсо, алар белгиленген тартипте так отчеттуулуктагы каттоо журналында катталат | |

| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркын монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы прейскурантта чагылдырылат, ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын такталарында, сайтында – www.nature.kg жайгаштырылат жана өз учурунда жаңыртылып турат | |

| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык толук жана өз учурунда болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча кодулоого жол бербөө; - кызмат көрсөтүүнүн ушул стандартта билдирилген шарттарга шайкеш келиши; - кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн гана документтердин жеткиликтүүлүгү, аларды келген адамдардан талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин тактыгы жана сылыктыгы; - кызматкерлер тарабынан техникалык коопсуздук боюнча инструктажды өткөрүү; - керектөөчүлөр тарабынан даттануулардын болушу же жоктугу | |

| Кызмат көрсөтүү табыштаманы берүү жана каттоо стадиясында жарым-жартылай электрондук форматта жүргүзүлөт. Жаратылыш аймактарына топ менен барууга табыштама электрондук почта - ecokg@aknet.kg боюнча жөнөтүлүшү мүмкүн. Жооптуу кызматкер табыштаманы каттайт жана табыштаманын ээсине табыштаманы кабыл алуу же негизделген баш тартуу жөнүндө билдирүүнү жөнөтөт. Кызмат көрсөтүүнүн өзү жаратылыш аймактарына барган учурда расмий уруксатты жана кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө жөнүндө квитанцияны көрсөткөн учурда берилиши мүмкүн | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | |||

| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн: - бара турган аймак санитардык ченемдер боюнча ылайыксыз деп жарыяланганда; - керектөөчү жүрүш-туруштун, өрт жана жеке коопсуздуктун белгиленген эрежелерин бузганда; - чоң кишилер коштобогондо жашы жете элек балдарга; - эгерде бул жаратылыш аймагы табыштамачыга зарыл болгон учурда расмий иш-чараларды өткөрүү үчүн жабык болсо | |
17 | Даттануу тартиби
| Кызмат көрсөтүүлөр талаптагыдай берилбеген учурда табыштаманын ээси айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү алуучунун фамилиясын, аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колтамгасын жана датаны камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин кароосуна жөнөтөт. Даттанууларды жана дооматтарды карап чыгуу айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну карап чыгуунун жана жоопту алуунун мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашууга тийиш эмес. Кызмат көрсөтүүнү берүүдөн баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечимге канааттанбаган же ал сапатсыз көрсөтүлгөн учурда алуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган сот тартибинде даттанууга укуктуу | |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен кайра каралышы керек
| |
3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Мамлекеттик токой питомниктеринде өстүрүлгөн жыгачтарды багуу иретинде кыюудан, токойду калыбына келтирүүчү кыюудан, санитардык кыюудан кийин жыгачты жана көчөт материалдарын сатуу Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 9-бап, 4-пункт |

| Айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту жана жаратылышты пайдаланууну камсыз кылуу чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруу жана мамилелерди жөнгө салуу боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары – айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти. Токой чарбалары, өз алдынча баланстагы токойчулуктар жана жаратылыш парктары. Токой чарбаларынын аймактык органдарынын, өз алдынча баланстагы токойчулуктардын жана жаратылыш парктарынын тизмеси алардын байланыш маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирдикте, айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын ведомстволук жана аймактык органдарынын маалымат такталарына, сайтына - www.nature.kg жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | 18 жаш куракка толгон жеке жактар; - юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Токой кодекси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө»; 2014-жылдын 19-мартындагы № 173 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»; 2009-жылдын 10-февралындагы № 97 «Кыргыз Республикасынын токойлорунда дарактарды өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн, дарак породалардын турган жеринде баалап өткөрүлчү жыгачтарына таксаларды жана Кыргыз Республикасынын токой баскан аянттарын баалоо үчүн нормативдерди бекитүү жөнүндө» |

| Токойду жайгаштыруу долбооруна ылайык токойду багуу иретинде кыюудан, токойду калыбына келтирүүчү, санитардык кыюудан кийин жыгачты жана токой чарбаларынын бекитилген тапшырма-пландарына ылайык өстүрүлгөн токой көчөттөрүн сатып алуу |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Келгендерге кызмат көрсөтүү (продукция алууга накладной жана кассалык кириштөө ордерине квитанция берүү) төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда. Уюмдарда күтүү үчүн орундуктар, жылытуу, суу түтүктөрү, телефон жана короодогу ажаткана болот; - кезек күтүү принциби боюнча; - жарандардын жеңилдикке ээ категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, оорук эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болуш үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. Жарандардын жеңилдик берилген категорияларынын тизмеги маалымат тактасында кызмат көрсөтүү жерлеринде жайгашып жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында- www.nature.kg жайгаштырылат жана өз учурунда жаңыланып турат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Жарандардан документтерди кабыл алуудагы убакыттын чеги – 20 мүнөт; - арызды толтуруу, кызмат көрсөтүүнүн наркын кассага төлөө – 30 мүнөт; - кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү – кыюуларды жүргүзүүнүн мөөнөтүнө жараша эки айга чейин |

| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан - www.nature.kg. - айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарына жеке кайрылган учурда. - айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын маалымат такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен; - телефон аркылуу. Бериле турган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр – продукция сатып алуу жөнүндө жеке жана юридикалык жактарга маалымдоо төмөнкүдөй болушу мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон боюнча, факсимилдик, жеке байланышкан учурларда); - электрондук форматта (айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтындагы суроо-жооптор - www.nature.kg). Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |

| Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат кайрылган жакка акысыз негизде берилет. Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты таратуу жөнүндө төмөнкүчө чагылдырылышы мүмкүн: - айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында, буклеттеринде, брошюраларында мамлекеттик жана расмий тилдерде; - телефон аркылуу; - басылмалардын жарыяларында жана республиканын региондорунда калк, коомдук уюмдар менен жолугушууларда. Аймактык органдардын даректери, телефон номерлери, сайттарынын, электрондук почтасынын даректери кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирдикте айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын такталарында, расмий сайтында - www.nature.kg жайгаштырылат |

| Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык органдарында кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат табличкалары болот. Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабыл алуучу кызматкерлеринин жекече табличкалары (бейдждер) болууга тийиш, анда аты-жөнү жана кызмат орундары көрсөтүлөт. Келген адамдар менен баарлашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сактайт: сылык, мээримдүү, так, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең билүүгө умтулуу, баарлашып жаткан адамды угуп жана анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынып жаткан чечимдерди таразалап жана далилдей билүү. Айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бардык кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, көз карандысыздыкты жана жарандарга карата объективдүүлүктү камсыз кылган, таламдардын кагылышуусуна жол бербеген кесиптик-этикалык ченемдерди сактоого тийиш. Медициналык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыгы болгон жактар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл тутуму боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын) үчүн байланыш түзүү жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт. Келген адамдар менен баарлашуу мамлекеттик же расмий тилдерде жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
| Керектөөчү жана ага берилген кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |

| Продукцияны сатып алуу үчүн жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөрдү аткарышы зарыл: - кызмат көрсөтүү жөнүндө арыз менен аймактык токой чарбаларына жана жаратылыш парктарына кайрылууга; - юридикалык жактар продукция үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө кепилчилиги бар ишеним катты жана эсеп-фактураны накталай эсептешүү менен акы төлөө жөнүндө квитанцияны берүүгө; - жеке жак паспортту, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним катты (эгерде арыз ээси кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүнүн ишенимдүү адамы болсо) жана кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны берүүгө. Кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө ал түпкү натыйжаны ала турган дата маалымдалууга тийиш. Бардык талап кылынган документтердин үлгүлөрү жана формалары маалымат тактасындагы кызмат көрсөтүү жерлеринде жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында www.nature.kg жайгашып, өз учурунда жаңыланып турат |

| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркын монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы прейскурантта чагылдырылат, ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын такталарында, сайтында www.nature.kg жайгаштырылат жана өз учурунда жаңыртылып турат |

| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык толук жана өз учурунда болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча кодулоого жол бербөө; - кызмат көрсөтүүнүн ушул стандартта билдирилген шарттарга шайкеш келиши; - кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн гана документтердин жеткиликтүүлүгү, аларды келген адамдардан талап кылуу; - түпкү натыйжанын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн үмүт-тилектерине шайкештиги; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин тактыгы жана сылыктыгы, - керектөөчүлөр тарабынан даттануулардын болушу же жоктугу |

| Табыштаманы берүү жана каттоо стадиясында жарым-жартылай. Продукция сатып алууга табыштама электрондук почта боюнча жөнөтүлүшү мүмкүн. Жооптуу кызматкер табыштаманы каттайт жана табыштаманын ээсине табыштаманы кабыл алуу же негизделген баш тартуу жөнүндө билдирүүнү жөнөтөт |

| Кызмат көрсөтүүнү берүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн: - эгерде табыштаманын ээси ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына шайкеш келбесе, - эгерде ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин толук эмес пакети берилсе. Жыгачтарды токой жайгаштыруу долбооруна ылайык токойду багуу иретинде кыюу, токойду калыбына келтирүүчү, санитардык кыюу процессинде жүргүзүлгөн көлөмдүн чектеринде гана сатууга болот. Токой көчөттөрүн токой чарбаларынын бекитилген тапшырма-планына ылайык өстүрүлгөн сандагы чектерде гана сатууга болот |
17 | Даттануу тартиби
| Кызмат көрсөтүүлөр талаптагыдай берилбеген учурда табыштаманын ээси айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү алуучунун фамилиясын, аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колтамгасын жана датаны камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттанууларды жана дооматтарды карап чыгуу айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну карап чыгуунун жана жоопту алуунун мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Кызмат көрсөтүүнү берүүдөн баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечимге канааттанбаган же ал сапатсыз көрсөтүлгөн учурда керектөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген сот тартибинде даттанууга укуктуу |

Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 29-майындагы № 288
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

3-июнундагы № 303 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик
кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө»
токтомуна толуктоолор