Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-декабры № 739
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» газетасы, 2011-жылдын 2-декабры, № 102) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
153-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун коомдук кеңештери менен;».
2-берене
«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» газетасы, 2003-жылдын 13-майы, № 33-34) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
40-берененин 11-бөлүгүндөгү «байкоочу» деген сөз алып салынсын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти