Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-декабры № 725
"Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринив катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жѳнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизγγ тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
"Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-жыл, № 1, 5-6.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
5-беренеде:
- 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарына жана мекемелерине анык аскердик кызматты өтөгөн же үй-бүлөлүк абалына байланыштуу негиздер боюнча альтернативалык (аскерден тышкаркы) кызматтан өткөн, өзүнүн ишкердик жана жеке сапаттары боюнча Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине коюлуучу талаптарга жооп берген:
а) катардагы жана кенже жетекчи курамдагы кызматтарга жашы 30дан ашпаган адамдар; жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде жадданма кызматта 5 жылдан кем эмес эмгек стажы бар, жашы 35тен ашпаган адамдар;
б) ортоңку, улук жана жогорку жетекчи курамдагы кызматтарга - жашы 35тен ашпаган адамдар; жазык-аткаруу тутумунун органдарьшда жана мекемелеринде эркин жалданма кызматта 5 жылдан кем эмес эмгек стажы бар, жашы 40тан ашпаган Кыргыз Республикасынын жарандары ыктыярдуу негизде кызматка кабыл алынат.
Мында анык аскердик жана альтернативалык (аскерден тышкаркы) кызматты өтөгөндүгү боюнча талаптар аялдарга жайылтылбайт. Альтернативалык (аскерден тышкаркы) кызматты өтөгөн жарандар ээлей ала турган кызматтардын тизмеси жаза аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.";
- 5-бөлүктүн экинчи абзацы "ортоңку жана улук жетекчи курамдагы" деген сөздөрдөн кийин ", ыкчам-кызматтык ишке байланышпаган жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүүгө уруксат талап кылынбаган" деген сѳздөр менен толукталсын.
2-берене
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартьш күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Преэиденти