Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2014-жылдын 29-декабры № 744

«Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик

жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»

 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик

жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

1-берене

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-жыл, № 2, 77-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 376-статьянын 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацындагы «жыйырмадан элүү» деген сөздөр «элүүдөн жүзгө» деген сөздөр менен алмаштырылсын; «же иштин белгилүү түрүн жүргүзүүгө укук берген лицензиядан ажыратууга» деген сөздөр алынып салынсын.

2. 537-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы «Башкармасынын башчысы» деген сөздөр «Департаменттин директору» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

2-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти