Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-декабры № 729
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-майындагы № 300 “Кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарында иштин натыйжалуулугун камсыздоо максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-майындагы № 300 “Кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын типтүү штаттары ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
- 2-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“- Кесиптик башталгыч билим берүүнүн окуу топторунун толукталышынын чектүү саны 25тен кем эмес, реабилитациялык топтордо ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн 8ден кем эмес окуучуну түзөт. Ошону менен бирге чакан топторго бөлүүгө 12ден кем эмес окуучуну түзгөн учурда жол берилет;”.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Төмөнкүдөй контингенттеги окуучулары бар кесиптик лицейлер | ЖАМКнын алдындагы кесиптик окуу жайлар5 | |
250гө чейинки адам | 250дөн ашуун адам | |||
1. | Директор | 1 | 1 | 1 |
2. | Директордун орун басары (окуу-өндүрүштүк жана методикалык иштер боюнча) | 1 | 1 | 1 |
3. | Директордун орун басары (окуу-тарбия иштери боюнча) | - | 1 | - |
4. | Бөлүм башчы | 1 | 1 | 1 |
5. | Методист | - | 1 | 1 |
6. | Башкы бухгалтер | 1 | 1 | 1 |
Эскертүү.
1. Билим берүү уюмдарында директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарынын кызмат орду окуучулардын контингенти 250 адамдан ашкан учурда штатка киргизилет.
2. Жалпы орто жана башталгыч кесиптик билим берүүнүн бирдиктүү интеграцияланган программалары боюнча окутуу жүргүзүлгөн, жалпы билим берүүчү сабактар боюнча окуучулардын контингенти 100 адамдан кем болбогон билим берүү уюмдарында бөлүм башчынын кызмат орду штатка киргизилет. Ошондой эле окуучулардын контингенти 75 адамдан жогору болгон филиалдарда да бөлүм башчынын кызмат орду киргизилиши мүмкүн. Мында бир окуу жайда бөлүм башчылардын саны 2 бирдиктен ашпоого тийиш.
3. Жаза аткаруу мекемелеринин алдындагы билим берүү уюмдарында методисттин кызмат орду окуучулардын контингенти 250 адамдан кем болбогон учурда киргизилет.
4. Билим берүү уюмунда стационардык ашкана же 50дөн ашуун адам жашаган жатакана, ошондой эле реабилитациялык топтор болсо дарыгер-педиатрдын кызмат орду киргизилет.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы кесиптик окуу жайлар.
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Бирдик-тин саны | Эскертүү |
1. | Психолог | 1 | Окуучулардын жалпы контингенти 25 адамдан кем эмес реабилитациялык топтор болгондо |
2. | Сурдокотормочу (сурдопедагог) | 1 | Окуучулардын тиешелүү профилдеги 1ден кем эмес тобу (8 адам) болгондо |
3. | Улук устат | 1
2 | Окуучулардын контингенти 150 адамдан жогору болгон учурда, Окуучулардын контингенти 400 адамдан жогору болгон учурда |
4. | Өндүрүштүк окутуунун устаты | 1 | Саны 12-15 окуучудан турган өндүрүштүк окутуу тобуна; - 6 окуучудан кем эмес өзгөчө муктаждыгы болгон балдар үчүн реабилитациялык топко |
5. | Жаштарды аскерге чейинки даярдоо (ЖАД) боюнча жетекчи | 1 | Окуу мөөнөтү 2 жыл жана андан көп (негизги орто билимдин базасында) топтордо. ЖАДдын жетекчисинин ставкасына тиешелүү окуу базасы болгон учурда 240 сааттык окуу иши, ал жок болсо 360 окуу сааты кирет |
6. | Дене тарбия боюнча жетекчи | 1 | Штаттык бирдик спорт базасы болсо, жылына 240 саат окуу ишинин жүктөмү менен, спорттук база жок болсо, жылына 360 саат окуу жүктөмү менен киргизилет |
7. | Жатакана тарбиячысы | 1 | Жатаканада жашаган 60ка чейинки окуучуга, бирок билим берүү уюмдарына 3 штаттык бирдиктен ашпайт |
8. | Окутуучу | Тарифи-кация боюнча | Штаттык бирдик жылына 240 окуу саатынан кем эмес жүктөм менен киргизилет; - жүктөм жылына 240 окуу саатынан аз болсо, акы төлөө эмгек келишими боюнча жүргүзүлөт |
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Төмөнкүдөй контингенттеги окуучулары бар кесиптик лицейлер | Кесип-тик лицей-дин филиалы | ЖАМК-нын алдында-гы кесиптик окуу жайлар9 | ||
250гө чейинки адам | 400гө чейинки адам | 400дөн ашуун адам | ||||
1. | Бухгалтер | 1 | 1 | 1 | - | 1 |
2. | Бухгалтер | - | 1 | 1 | - | - |
3. | Бухгалтер- кассир | 0,5 | 0,5 | 1 | - | 1 |
4. | Китепкана башчысы | 1 | 1 | 1 | - | - |
5. | Чарба башчысы | 1 | 1 | 1 | - | - |
6. | Окуу бөлүмүнүн катчысы | 0,5 | 0,5 | 1 | - | - |
7. | Катчы-референт, иш кагаздарын жүргүзүүчү | 0,5 | 1 | 1 | - | 0,5 |
8. | Архивариус | - | 0,5 | 0,5 | - | - |
9. | Кампа башчысы | 0,5 | 1 | 1 | - | - |
10. | Имараттарды күнүмдүк тейлөө боюнча жумушчу | 1 | 2 | 3 | 1 | 1 |
11. | Жыгач уста | - | 1 | 1 | - | - |
12. | Электрик | 1 | 1 | 2 | 1 | 1 |
Эскертүү.
1. Бухгалтердин кызмат орду окуучулардын контингенти 350 адамдан жогору болгондо киргизилет. Бухгалтер-кассирдин кызмат ордуна тиешелүү кесиптик билими бар адамдар гана кабыл алынат. Финансылык жана материалдык жоопкерчиликти караштырган кызмат орундарына башка ишти айкалыштырып иштеген адамдар кабыл алынбайт.
2. Китепканадагы китеп фонду 10 000 нускадан ашканда жана окуучулардын контингенти 300 адамдан кем болбосо, китепканачынын кызмат орду киргизилет.
3. Механиктин кызмат орду техникалык жабдуулар 15 бирдиктен кем болбогон учурда киргизилет. Эгерде техникалык жабдуулар 60 бирдиктен ашса, дагы бир механиктин бирдиги киргизилет.
4. Жатакана башчысынын бирдиги жатаканада жашаган окуучулардын контингенти 50 адамдан жогору болгондо киргизилет.
5. Жатаканада жашаган окуучулардын контингенти 50дөн кем эмес болсо, жатакана боюнча нөөмөтчү бирдиги түнкү сменге киргизилет, бирок жатаканага 2 бирдиктен көп эмес. Эгерде билим берүү уюмунда 2 жана андан көп жатакана имараты болсо, анда жатакана боюнча нөөмөтчүнүн бирдигинин саны пропорционалдуу көбөйөт.
6. Окуу жайда туруктуу иштеген ашкана болгон учурда шеф-ашпозчунун жана кладовкачынын бирдиги киргизилет.
7. Ашпозчу бирдиги тамак-аш берүү төмөнкүдөй болгон учурда киргизилет:
- 120 адамга чейин - 1 бирдик;
- 120дан жогору адамга - 2 бирдик.
8. Сантехниктин кызмат орду билим берүү уюмдарынын окуу корпустарында жана жатаканаларында иштеген санитардык-техникалык тутум болгон учурда киргизилет.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы кесиптик окуу жайлар.
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Шарттары |
1. | Ашкана кызматчысы | Ашкана кызматчысынын бирдиги тамак берүүнү төмөнкүдөй уюштурууда киргизилет: - 250 адамга чейин - 1 бирдик; - 250 адамдан ашуун болсо - 2 бирдик |
2. | Кастелянша | Кастелянша бирдиги жатаканада жашаган окуучулардын саны 50дөн ашса киргизилет |
3. | Короо шыпыргыч, аймакты тазалоочу, (бакчачы) | Короо шыпыргыч, аймакты тазалоочу (бакчачы) бирдиги ЖАМКнын алдындагы кесиптик окуу жайлардан башка бардык билим берүү уюмдарында 1 га тазалануучу аймакка 1 бирдик деп эсептегенде киргизилет, бирок билим берүү уюмуна 0,5 ставкадан кем эмес |
4. | От казандын оператору | Билим берүү уюмунун өзүнүн от казаны болсо |
5. | От жагуучу (кочегар) | Эгерде имарат борборлоштурулган жылуулук берүү тутуму менен жылыса, от жагуучулардын ченемдик саны 1 мешке - 1 адам. Эгерде имарат бир нече меш менен жылытылса, анда 5 мешке 1 адам талап кылынат, бирок бир имаратка 1 адамдан кем эмес болууга тийиш |
6. | Кароолчу, вахтер (күзөтчү) | Кароолчунун (күзөтчүнүн) бирдиги 1-2 имаратка эс алуу жана майрам күндөрүн эсепке алуу менен сменасына 1 бирдик киргизилет |
7. | Кызматтык жайларды тазалоочу | Жайларды тазалоочунун бирдиги ар бир 500 квадрат метр полго, ошондой эле панелдерди, эшиктерди, терезелерди ж.б. эсепке алуу менен 1 бирдик эсебинде киргизилет |
8. | Коомдук дааратканалар-ды тазалоочу | Коомдук дааратканаларды тазалоочу бирдиги типтүү билим берүү уюмдарына киргизилет |
Эскертүү.
1. Аймактарды тазалоочу үчүн иш убактысынын ченемдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-октябрындагы № 627 “Кенже жана техникалык тейлөөчү кызматкерлердин убактысынын, ишинин, санынын типтүү ченемдерин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык белгиленет.
2. Өздөрүнүн жылытуучу от казандары бар билим берүү уюмдарында жылуулук менен камсыздоо мезгилинде төмөнкүлөр киргизилет:
- катуу отун жагылуучу от казандар үчүн сменада от жагуучу оператор кызмат орду;
- газ менен иштеген от казандар үчүн автоматика болгондо сменада от жагуучу оператор кызматы, автоматика болбосо сменага 2 штаттык бирдик;
- электр жылыткыч менен иштеген от казандары үчүн сменада от жагуучу оператор кызматы;
- борборлоштурулган жылуулук менен жабдууда (туруктуу нөөмөттү талап кылган бойлерлик орнотмолор, жылуулук пункттары болсо) сменада от жагуучу оператордун кызмат орду.
От казанда иштеген жумушчулардын жалпы санынын ичинен 1 штаттык бирдик толук бир жылга киргизилет.
3. Кызматтык жана маданий-тиричилик жайларын тазалоочу үчүн 40 сааттык жумуш аптасы белгиленген. Кызматтык жайларды тазалоочу үчүн жумуш убактысынын ченеми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-октябрындагы № 627 “Кенже жана техникалык тейлөөчү кызматкерлердин убактысынын, ишинин, санынын типтүү ченемдерин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык аныкталат.”.