Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-декабры № 754
Кыргыз Республикасынын казып алынуучу пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуу системасын өркүндөтүү, ошондой эле ченемдик укуктук актыларды “Жер казынасы” жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын казып алынуучу пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-декабрындагы № 751 “Кыргыз Республикасынын казылмалардын пайдалуу запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-декабрындагы № 843 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-декабрындагы № 751 “Кыргыз Республикасынын пайдалуу казылмалардын запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-февралындагы № 74 “Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин камдыктары боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы жөнүндө” токтому.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр-жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын казып алынуучу пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-мартындагы № 106 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын казып алынуучу пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясынын пайдалуу кендердин запастарын мамлекеттик апробациялоо (мындан ары - апробация) ишинин тартибин жөнгө салат.
2. Кыргыз Республикасынын казып алынуучу пайдалуу кендеринин камдыктары боюнча мамлекеттик комиссиясы (мындан ары - Комиссия) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында түзүлөт.
Комиссиянын курамы ээлеген кызмат орундарына ылайык жогорку квалификациялуу адистердин ичинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-мартындагы № 106 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Комиссия пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган, пайдалуу кендердин чалгындалган запастарынын бар экендиги жана эсептеринин тууралыгы жөнүндө жана жер казынасынын участогундагы геологиялык маалыматты апробациялоо ишин жүргүзөт. Комиссиянын чечимине (протокол) ылайык кен чыккан жерлердеги пайдалуу кендердин запастары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик пайдалуу кендеринин запастарынын балансына эсепке алынат.
5. Комиссия кенди геологиялык изилдөөнүн ар кандай стадиясында, минералдык чийки заттарга баалар өзгөргөндө, ошондой эле тапшырылган геологиялык материалдар казып алынуучу пайдалуу кендердин запастарынын санын жана сапатын объективдүү баалоого мүмкүндүк берген башка зарыл болгон учурларда апробация жүргүзөт.
6. Комиссиянын протоколдук чечимдери жана анын компетенциясынын алкагындагы геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү жана техникалык-экономикалык негиздемелерди түзүү, казып алынуучу пайдалуу кендердин запасын эсептөөдөгү кондициялар жана отчеттор боюнча сунуштары геологиялык чалгындоо жана кен казуу иштерин жүргүзгөн бардык ишканалар жана уюмдар тарабынан алардын уюштуруу-укук формасына карабастан аткарылууга тийиш.
2. Комиссиянын негизги максаттары жана милдеттери
7. Комиссия, жер казынасын комплекстүү туура пайдалануу, пайдалуу кендерди казып алуу жана пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган максаттар үчүн берилген казып алынуучу пайдалуу кендердин запастарын жана жер казынасынын участокторун мамлекеттик эсепке алуу, казып алынуучу кендердин чалгындалган запастарынын саны жана сапаты, алардын баалуулугун же кооптуулугун аныктоочу жер казынасынын башка касиеттери тууралуу маалыматтардын аныктыгын баалоо максатында өз ишин жүргүзөт.
8. Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- геологиялык чалгындоо иштеринин ар кандай стадияларында казып алынуучу пайдалуу кендерди эсептөө жана запастарын бекитүү боюнча Комиссияга берилген материалдарды апробациялоо, аларды эске алуу менен кен казуучу жаңы ишканаларды долбоорлоо жана куруу, иштеп жаткандарын реконструкциялоо жана кен казуу өнөр жайын өнүктүрүүнүн келечектүү пландарын иштеп чыгуу;
- жер казынасындагы казып алынуучу пайдалуу кендердин запасын эсептөө үчүн зарыл болгон минералдык сырьелорго кондицияларды бекитүү жана Кыргыз Республикасынын минералдык-сырьелук базасын эң толук, комплекстүү жана экономикалык жактан натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу.
3. Комиссиянын функциялары жана укуктары
9. Комиссия өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык:
- минералдык сырьелорго кондицияларды негиздөө менен байланышкан техникалык-экономикалык эсептөөлөргө экспертиза жүргүзөт, кондициялардын долбоорлорун карайт жана аларды бекитет;
- казып алынуучу пайдалуу кендердин запастарын эсептөөнүн материалдарына экспертиза жүргүзөт, запастардын изилденгендигинин жана аныктыгынын даражасын, кендин өнөр жайлык маанисин (же алардын бөлүктөрүн) жана өнөр жайлык өздөштүрүү үчүн алардын даярдалгандыгын аныктоо менен материалдарды карайт жана чалгындалган запастарды бекитет;
- тапшырылган материалдар боюнча казып алынуучу пайдалуу кендердин запастарын эсептөөнүн жана аткарылган геологиялык чалгындоо иштеринин натыйжалуулугу жана сапаты, минералдык сырьенун сапаттык көрсөткүчтөрүн, технологиялык (минералдык чийки заттан алынуучу деңгээлин) жана башка атайын изилдөөлөр багытындагы иштерди талдайт жана баалайт жана бул иштердеги кемчиликтерди жоюу (зарыл болгон кошумча иштерди жүргүзүүнү кошо) боюнча сунуштарын берет;
- кызыкдар уюмдардын жана ишканалардын катышуусу менен казып алынуучу пайдалуу кендердин запасынын классификациясын жана аларды колдонуу боюнча методикалык сунуштарды, Комиссиянын кароосуна берилүүчү кондициялардын материалдарынын жана казып алынуучу пайдалуу кендердин запасын эсептеген отчеттордун мазмунун тариздөө жана тапшыруунун тартиби тууралуу методикалык сунуштарды иштеп чыгат жана бекитет;
- жер казынасын өздөштүрүү процессинде алар олуттуу тастыкталбаган учурда кен казуучу ишканалардын көрсөтмөлөрү боюнча казып алынуучу пайдалуу кендердин запастарын бекитет жана кайра бекитет.
10. Комиссия өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун, өндүрүш ишканаларынын, илимий-изилдөө жана долбоорлоо институттарынын квалификациялуу адистерин жер казынасындагы минералдык чийки заттардын кондицияларынын жана казып алынуучу пайдалуу кендердин запастарын эсептөө боюнча материалдардын долбоорлоруна рецензия (корутунду) жазуу үчүн тартууга;
- каралып жаткан материалдар татаал болгон учурда эксперттерди тартууга;
- жер казынасын пайдалануучулардан белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү талап кылууга:
а) Комиссия бекитүүгө тийиш болгон минералдык чийки заттын кондицияларынын жана казып алынуучу пайдалуу кендердин запастарын эсептөөнүн материалдарынын долбоорлорун;
б) Чалгындалган жана иштетилип жаткан кен чыккан жерлердин мурда бекитилген пайдалуу кендердин запастарынын баалуулугу алгачкы бекитилгенден бери эксплуатациялык жана геологиялык чалгындоо жумуштарын жүргүзүүнүн негизинде минералдык сырьенун кондициялары жана башка шарттардын натыйжасында олуттуу өзгөрсө, алардын запастарын кайра эсептөө үчүн материалдарын;
в) минералдык сырьего кондициялардын техникалык-экономикалык жактан негиздемелерин жана жер казынасындагы казып алынуучу пайдалуу кендердин запасын эсептөөлөрдү текшерүү үчүн геологиялык, баштапкы жана башка материалдарды.
Тартылган (чакырылган) эксперттерге (адистерге) эмгек акы төлөө жер казынасын пайдалануучунун макулдугу боюнча жер казынасын пайдалануучунун эсебинен келишимдик негизде ишке ашырылат.
4. Комиссиянын курамы
11. Комиссиянын курамы жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын профилдик, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин ичинен кызмат орду боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кызыкдар башка мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринен жана көз карандысыз эксперттерден макулдашуу боюнча түзүлөт.
Комиссия төрагадан, төраганын орун басарынан, Комиссия мүчөлөрүнөн жана катчыдан турат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-мартындагы № 106 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Комиссиянын төрагасы жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси болуп саналат.
13. Комиссиянын төрагасы:
- Комиссиянын ишин башкарат;
- Комиссиянын жыйынынын күн тартибин бекитет;
- Комиссиянын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
14. Комиссиянын төрагасынын орун басары:
- керек болгон учурда комиссиянын ишине тиешелүү маселелер боюнча эксперттерди тартууну уюштурат;
- Комиссиянын төрагасы жок учурда Комиссиянын төрагасынын милдетин аткарат.
15. Комиссия мүчөлөрү:
- Комиссиянын бардык жыйындарына катышат, Комиссиянын төрагасына (ал жок болгон учурда Комиссиянын төрагасынын орун басарына) милдеттүү түрдө кат жүзүндө кабарлоо менен жүйөлүү себептер боюнча гана катышпай калууга жол берилет;
- кароого берилген материалдардын жана рецензенттердин эксперттик корутундуларынын негизинде пайдалуу кендердин запасын апробациялоо боюнча чечимдерди кабыл алышат;
- Комиссиянын кароосунда каралган бардык маселелер боюнча добуш беришет;
- кызыкчылыктар боюнча чыр-чатактар чыккан кырдаалда добуш берүүдөн карманышат (Комиссия мүчөлөрүнүн чечими алардын жеке кызыкчылыгын канааттандырган учурда), Комиссия мүчөлөрү ал жөнүндө Комиссиянын төрагасына кагаз түрүндө мурдатан билдирүүгө милдеттүү;
- Комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда өзгөчө пикирин протоколго тиркөөгө милдеттүү;
- чечим кабыл алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так жетекчиликке алууга милдеттүү;
- билдирүүлөрдүн материалдарынын запастарын эсептөө боюнча талаптарга шайкештигин текшеришет.
16. Комиссиянын катчысы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Комиссиянын жыйыны башталардан мурда комиссиянын кароосуна билдирүүчү жана башка адамдар тарабынан мурда берген материалдарды алдын-ала даярдоого;
- Комиссиянын кароосуна киргизилүүчү маселелер боюнча берилген материалдардын толуктугун, тууралыгын текшерүүгө милдеттүү. Эгерде материалдар комплектелбеген болсо, ушул Жободо белгиленген мөөнөттөрдө билдирүүчүгө кайра артка кайтарып берүүгө;
- Комиссия мүчөлөрүнө өз убагында комиссиянын жыйынынын убактысы жана күн тартиби тууралуу маалымдоого;
- Комиссиянын жыйынынын протоколунда бардык баяндамаларды, корутундуларды, чечим кабыл алуунун жүйөлөрүн жана чечимдин өзүн толук жана так чагылдыруу менен жүргүзүүгө;
- кабыл алынган чечимдерди өз убагында тариздөөгө, аны төрагага жана Комиссия мүчөлөрүнө кол коюуга берүүгө;
- Комиссиянын жыйынына маселелерди тийиштүү корутундусу менен киргизүүгө;
- Комиссиянын жыйынында келип түшкөн документтердин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык же ылайык эместиги тууралуу баяндоого;
- Комиссиянын жыйындарын даярдоо жана өткөрүү боюнча ишти аткарууга, добуш берүүдө комиссия мүчөлөрүнүн добушун эсептөөгө.
17. Комиссиянын катчысы комиссия тарабынан чечим кабыл алууда добуш берүүгө укуктуу эмес. Комиссия катчысы кароого мурда берилген документтердин анын күнөөсү боюнча жоготулгандыгы же документтердин көлөмүнүн толук эместиги үчүн жеке жоопкерчиликтүү болот.
18. Комиссиянын төрагасы Комиссияга тагылган функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликтүү болот.
5. Комиссиянын ишин уюштуруу
19. Комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык, финансылык, методикалык жана башка камсыздоону жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.
20. Комиссиянын жыйындары Комиссиянын курамынын жарымынан көбү катышкан учурда өткөрүлөт. Жыйынга катышууга запастарды жана кондицияларды эсептеген авторлор, эксперттер (рецензенттер), геологиялык чалгындоо жана кен казуучу ишканалардын өкүлдөрү чакырылат.
21. Комиссиянын чечими ачык добуш берүү аркылуу Комиссиянын жыйынына катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуш тең чыгып калган учурда акыркы чечимди Комиссиянын төрагасы кабыл алат. Комиссиянын айрым мүчөлөрү апробация боюнча кабыл алынган чечимге макул болбогон учурда чечимге "өзгөчө пикир" деген белгиси менен кол коюшат. Өзгөчө пикир анын негиздемесин камтыган өзүнчө документ менен таризделет.
22. Комиссиянын апробация тууралуу чечими протокол менен таризделет жана казылып алынуучу пайдалуу кендердин запасын мамлекеттик баланстарда эсепке алуунун негизи болуп калат. Протокол үч нускада түзүлөт, биринчиси Комиссиянын катчысында калат, экинчиси жана үчүнчүсү Комиссия бекиткенден кийин бир айлык мөөнөттө, Мамлекеттик геологиялык маалымат фондун түзүү үчүн жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана билдирүүчүгө жөнөтүлөт.
23. Апробациялоону кароо мөөнөтү Комиссияга материал келип түшкөн күндөн баштап 90 календардык күндөн ашпашы керек. Зарыл болгон учурда Комиссия билдирүүчү берген материалдарды тактоочу кошумча маалыматты талап кылууга укуктуу. Ошол эле учурда апробациялоо мөөнөтү узартылышы мүмкүн, бирок ал 60 календардык күндөн ашпайт.
24. Комиссия апробацияны өткөрүүдөн баш тарткан учурда бардык материалдар билдирүүчүгө протокол менен бирге чечим кабыл алынган мөөнөттөн баштап он күндүк убакытта кайтарылып берилет.
25. Эксперттин (рецензент) корутундусунун же берилген башка маалыматтын негизинде кабыл алынган Комиссиянын чечими үчүн жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бул корутундуну (рецензияны) же маалыматты так бербеген адам тартат.
26. Апробация жүргүзүү үчүн билдирүүчү жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дарегине төмөнкүлөрдү:
- жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу талаптарга ылайык даярдалган 1 нускада кагаз жүзүндөгү жана 1 нускада электрондук булактагы материалдарды жөнөтөт;
- автордук маалымдаманы кагаз жүзүндө 3 нускада жана 1 нускада электрондук булакта жөнөтөт.
27. Берилген материалдар катталган учурдан баштап 10 күндүн ичинде анын комплектүүлүгү текшерилет. Толук көлөмдө берилген материалдар апробация жүргүзүү үчүн Комиссияга жөнөтүлөт. Комплектиси толук эмес материалдар билдирүүчүгө кайтарылып берилет.
28. Апробация жөнүндө корутунду төмөнкүдөй тыянактарды камтышы керек:
- берилген материалдардагы жер казынасындагы казып алынуучу пайдалуу кендердин санын жана сапатын баалоолордун тактыгы жана тууралыгы, кендердин же анын айрым бөлүктөрүнүн өнөр жайлык өздөштүрүүгө даярдыгы, ошондой эле алардын өнөр жайлык мааниси жөнүндө;
- кендердин запастарын айрыкча толук жана туура иштетүүнү (иштетип чыгарууну) камсыз кылуучу жер казынасындагы казып алынуучу кендердин запасын эсептөө үчүн кондициялардын жогорку чегинин маанилеринин геологиялык, технологиялык жана экономикалык негиздемелери жөнүндө;
- геологиялык изилдөөнүн, кенди иштетүүнүн же рыноктук конъюнктуранын өзгөрүүсүнө байланыштуу натыйжалар боюнча казып алынуучу пайдалуу кендердин запастарын кайра баалоонун негиздүүлүгү жөнүндө.
29. Эгерде берилген материалдар өзүнүн мазмуну, негизделгендиги жана көлөмү боюнча казып алынуучу пайдалуу кендердин саны жана сапаты, жер казынасын пайдаланууга берилген участоктор жөнүндө геологиялык, экономикалык, технологиялык маалыматтарга, ошондой эле казып алынуучу пайдалуу кендерди иштетүү менен байланышпаган жер алдындагы курулмаларды куруу жана пайдалануу үчүн жарактуу жер казынасынын участоктору тууралуу геологиялык маалыматтарга объективдүү баа берүүгө мүмкүндүк бербесе, анда апробациянын корутундусу материалдарды тиешелүү түрдө толуктап иштеп чыгуунун зарылдыгы жөнүндө көрсөтмөнү камтууга тийиш.
30. Комиссиянын жыйыны маселелерди кароонун зарылдыгына жараша өткөрүлөт.
Комиссиянын жыйынын өткөрүүчү күн жана анын күн тартиби Комиссиянын төрагасы тарабынан түзүлөт жана бекитилет.
31. Комиссиянын бекитилген күн тартиби жана материалдар Комиссиянын бардык мүчөлөрүнө Комиссиянын жыйыны боло турган күндөн 2 күн мурда жөнөтүлөт.
32. Комиссиянын жыйынынын датасы жана анын убагы ошондой эле Комиссиянын күн тартиби жөнүндө кабарды Комиссиянын мүчөсүнүн алдын-ала белгиленген электрондук почтасына жөнөтүү менен Комиссиянын мүчөсүнө тийиштүү кабар берилди деп эсептелинет.
33. Жыйын өтүүчү убактысы жана өткөрүлүүчү жери тууралуу кабарланган тийиштүү кызыкдар адамдар, күбөлөр, котормочулар келбей калган ал учурда маселе алардын катышуусуз чечилиши мүмкүн.
34. Комиссиянын чечими Комиссиянын жыйынга катышкан мүчөлөрү кол койгондон кийин, төрага жана катчы кол койгон протокол менен таризделет.
35. Комиссиянын чечими жүйөлүү, негиздүү жана Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык келүүгө тийиш.
36. Комиссиянын апробация боюнча чечими билдирүүчүгө (жер казынасын пайдалануучуга) жазуу жүзүндө, протокол кол коюлган күндөн кийинки 10 жумушчу күндүн ичинде, акыркы белгилүү юридикалык дарек боюнча комиссиянын жыйынынын протоколунан көчүрмө жөнөтүү аркылуу кабарланат же ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колуна тапшырылат.