Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-декабры № 755
“Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 2135-статьяда:
- статьянын аталышындагы жана 1-бөлүгүндөгү “нормаларын” деген сөз “параметрлерин” деген сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
“Жүк жөнөтүүчү тарабынан жүктүн массасы жана өлчөмдөрү жөнүндө туура эмес маалыматтар берилип, эгерде бул ири өлчөмдүү жана оор салмактуу жүктөрдү ташуу талаптарын бузууга алып келсе, -
жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө, юридикалык жактарга - элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.”.
2. 2136-статьяда:
- статьянын аталышы жана 1-бөлүгү “Автобекеттер” деген сөздөн мурун “Юридикалык жана физикалык жактар, ошондой эле” деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи абзац “кызмат адамдарына” деген сөздөрдөн мурун “жарандарга – эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө,” деген сөздөр менен толукталсын.
3. Төмөнкүдөй мазмундагы 2137 - 2139-статьялар менен толукталсын:
“2137-статья. Эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашырган транспорт каражатынын айдоочусу тарабынан эмгек жана эс алуу режиминин бузулуусу
Эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашырууда жүк ташуучу автотранспорт каражатын же автобусту контролдоочу түзүлүштөрү (тахограф) жок же өчүрүлгөн тахограф менен, ушул сыяктуу эле толтурулбаган тахограммалар менен же болбосо айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин чагылдырган каттоочу баракчаларын жүргүзбөстөн башкаруу -
эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашырган жүк ташуучу автотранспорт каражатынын же автобустун айдоочусу тарабынан эмгек жана эс алуу режиминин бузулуусу, -
эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
2138-статья. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген документтери жок автомобиль транспорту менен жүктөрдү ташуу
Жол баракчасы, товардык-транспорттук коштоо кагазы же башка жүктү коштоочу документтери жок автомобиль транспорту менен жүктөрдү ташуу -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө, кызмат адамдарына - элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет .
2139-статья. Жеңил таксилер тарабынан жүргүнчүлөрдү жана жол жүктү ташуу эрежелеринин бузулуусу
Жүргүнчүлөрдү жана жол жүктү ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн пайдаланылган жеңил автомобилде жеңил таксини билдирген айырмалоо белгилеринин жок болушу -
айдоочуга эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө, кызмат адамдарына - жыйырма өлчөмүндө, юридикалык жактарга - элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Автобекеттер жана автостанциялардын аймактарынан тышкаркы жерлерден жүргүнчүлөрдү жеңил таксилер менен шаар аралык жана эл аралык каттамдарда ташуу (диспетчердик кызматтын заказы боюнча ташуудан тышкары) -
айдоочуга - эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө, кызмат адамдарына - жыйырма өлчөмүндө, юридикалык жактарга - элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.”.
4. Төмөнкүдөй мазмундагы 2342 жана 2343-статьялар менен толукталсын:
“2342-статья. Автомобиль жана суу транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын жазма эскертүүлөрүн аткарбоо
Автомобиль жана суу транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын жазма эскертүүлөрүн аткарбоо -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө, кызмат адамдарына - жыйырма өлчөмүндө, юридикалык жактарга - элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
2343-статья. Автомобиль жана суу транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине автомобиль жана суу транспортунун субъекттеринин ишин мыйзамдуу текшерүүлөрүнө тоскоолдук кылуу
Автомобиль жана суу транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине автомобиль жана суу транспортунун субъекттеринин ишин мыйзамдуу текшерүүлөрүнө тоскоолдук кылуу -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө, кызмат адамдарына - жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.”.
5. 511-статьянын 1-бөлүгүнүн жетинчи абзацы “212,” цифраларынан кийин “2139,” цифралары менен толукталсын.
6. 516-статьяда:
- 1-бөлүгүндөгү “2136” цифралары “2139” цифралары менен алмаштырылсын, “234,” цифраларынан кийин “2342, 2343-статьяларында” деген цифралар жана сөз менен толукталсын;
- экинчи бөлүгүндө:
экинчи абзац алып салынсын;
төртүнчү абзацтагы “облустук” деген сөз “башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 564-статьянын 1-бөлүгүнүн 8-пунктундагы “режим бузулганда” деген сөздөрдөн кийин “жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан киргизилген администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомду аткаруу үчүн” деген сөздөр менен толукталсын.
8. 567-статьянын 4-бөлүгү “жол кыймылынын коопсуздугуна” деген сөздөрдөн кийин “жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоого” деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти