Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-декабры № 760
“Экологиялык экспертиза жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Экологиялык экспертиза жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
“Экологиялык экспертиза жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 528-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 9-статьянын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
- 12-статьядагы “жана аны жүргүзүү үчүн акы төлөнгөн” деген сөздөр алып салынсын;
- 19-статьянын 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 21-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“21-Берене. Мамлекеттик экологиялык экспертизаны каржылоо Мамлекеттик экологиялык экспертизаны каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.”.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти