Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-январы № 3
“Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бул мыйзамдын долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
“Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин Тоо” газетасы, 2000-жылдын 2-февралы, № 11-12) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги аталышында жана бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү “сактоо, сактоочу” деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “куткаруу, куткаруучу” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Мыйзамдын расмий тилдеги текстинин 15-статьясынын 1-бөлүгү “оплачиваемых отпусков” деген сөздөрдөн кийин“, бесплатное медицинское обеспечение” деген сөздөр менен толукталсын.
3. 25-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“3. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерге катышкан куткаруучулар медициналык мекемелердин жана реабилитациялык борборлордун базасында медициналык жана психологиялык реабилитацияланууга укуктуу.”.
4. Мыйзамдын расмий тилдеги текстинин 28-статьясынын 6-бөлүгүндөгү “7” деген цифра “15” деген цифралар менен алмаштырылсын.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти