Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 551 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-январы № 4
“Жөнгө салуунун тутумдук талдоосу” жөнгө салуучулук реформа боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)
Бишкек шаарында 2014-жылдын 19-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (мындан ары - ЕККУ) Бишкектеги Борборунун ортосундагы “Жөнгө салуунун тутумдук талдоосу” (мындан ары - ЖСТТ) жөнгө салуучулук реформа боюнча долбоорду ишке ашырууга карата өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жөнгө салуучулук реформа боюнча кеңеш (мындан ары – Кеңеш) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Бекитилсин:
- Кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- ЖСТТ долбоорун ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдардын тизмеги 3-тиркемеге ылайык.
3. Кеңештин катчылыгынын функциялары Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
4. ЖСТТ долбоорун ишке ашырууга тартылган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары эки жумалык мөөнөттө ЖСТТ долбоорун ишке ашыруу боюнча ишке катышуу үчүн ведомстволук жумушчу топторду түзүшсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- ЖСТТ долбоорун ишке ашырууга тартылган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин уюштурууну жана координациялоону камсыздасын;
- ЖСТТ долбоорун ишке ашырууга мониторинг жүргүзсүн жана квартал сайын жалпыланган маалыматты аны ишке ашыруунун жүрүшүн баалоо үчүн Кеңешке берип турсун.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасында ЕККУнун серверин жайгаштырууну жана аларды андан ары тейлөөнү камсыз кылсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
1-тиркеме
Жөнгө салуучулук реформа боюнча кеңештин курамы
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри, Кеңештин төрагасынын орун басары
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин лицензиялык-уруксат берүү ишин жөнгө салуу жана жөнгө салуучу таасирди талдоо бѳлүмүнүн башчысы, Кеңештин катчысы.
Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары рангындагы финансы-экономикалык талдоо жана мониторингдөө бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бѳлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин Катчылыгынын жетекчиси (макулдашуу боюнча).
2-тиркеме
Жөнгө салуучулук реформа боюнча
кеңеш жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Жөнгө салуучулук реформа боюнча кеңеш (мындан ары – Кеңеш) ишкердик ишке таасир көрсөтүүчү, базар экономикасынын принциптерине жооп берүүчү жана бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртууга көмөк көрсөтүүчү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн.
2. Кеңеш өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Кеңештин максаты жана милдеттери
3. Кеңештин ишинин максаты ишкердик ишти жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын күчүн жоготту деп таануу жана/же өзгөртүүлөрдү/толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштамаларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү болуп саналат.
4. Негизделбеген жана базар экономикасына багытталбаган ченемдик укуктук актыларды четтетүү боюнча сунуштамаларды кароо, кабыл алуу же четке кагуу Кеңештин негизги максаттары болуп саналат.
3. Кеңештин функциялары
5. Кеңеш:
- ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды жана жөнгө салуучу таасирди талдоонун негизинде аларга карата негиздемелерди карайт;
- кароонун жыйынтыгы боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына белгиленген тартипте ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүүнү сунуштайт;
- ЖСТТ долбоорун ишке ашырууга контролду жүзөгө ашырат.
4. Кеңештин укуктары
6. Жүктөлгөн милдеттерге ылайык Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардан ЖСТТ долбоорун ишке ашыруу маселелери боюнча керектүү документтерди, материалдарды жана маалыматтарды сурап алууга;
- Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилерине аткаруу үчүн милдеттүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча ишке мыйзам базасына инвентаризация жүргүзүүгө тартылган мамлекеттик органдардын кызматкерлерин тартууга;
- өзүнүн жыйындарында Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилерин угууга;
- мамлекеттик органдарынын адистерин, көз карандысыз эксперттерди, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу менен эксперттик жумушчу топторду түзүүгө;
- Кеңештин жыйындарына кызыкдар тараптардын өкүлдөрүн чакырууга.
5. Кеңештин ишин уюштуруу
7. Кеңештин алдында жумушчу орган - жөнгө салуучулук реформа боюнча бөлүм түзүлөт, анын иши Бишкек шаарында 2014-жылдын 19-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен ЕККУнун Бишкектеги Борборунун ортосундагы “Жөнгө салуунун тутумдук талдоосу” жөнгө салуучулук реформа боюнча долбоорду ишке ашырууга карата өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга ылайык жүзөгө ашырылат.
8. Кеңеш өзүнүн ишин жыйындарды өткөрүү аркылуу жүзөгө ашырат. Кеңештин жыйындары зарылчылык болгондо, бирок кварталына бир жолудан кем эмес жолу өткөрүлөт.
9. Кеңеште каралууга тийиш болгон маселелер боюнча материалдар жөнгө салуучулук реформа боюнча бөлүмдүн берген материалдарынын негизинде Кеңештин катчылыгы тарабынан киргизилет.
10. Кеңештин катчылыгы Кеңештин кароосуна киргизилүүчү маселелер боюнча материалдарды Кеңештин мүчөлөрүнө жана жыйындын катышуучуларына жыйын өткөрүлүүчү күнгө чейин 5 жумушчу күн мурда жиберилет.
11. Кеңештин жыйынын Кеңештин төрагасы алып барат. Кеңештин төрагасы жок болгон учурда анын милдеттерин төраганын тапшырмасы боюнча анын орун басарларынын бири аткарат. Кеңештин жыйыны анын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышкан учурда укуктуу деп эсептелет.
12. ЖСТТ долбоорун ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдар Кеңештин жыйындарында өздөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусун камсыздоого милдеттүү.
13. Чечим жыйынга катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда Кеңештин төрагасынын же аны алмаштырган адамдын добушу аныктоочу болуп саналат.
14. Чечим иштелип чыккан сунуштар жана сунуштамалар менен протокол түрүндө таризделет.
15. Жыйындын протоколу Кеңештин катчылыгы тарабынан жыйын өткөндөн кийинки үч күндүн ичинде таризделет, төрага (ал жок болгондо - төраганын орун басары) кол коёт жана Кеңештин мүчөлөрүнө жана кеңештин жыйындарынын катышуучуларына жиберилет.
3-тиркеме
ЖСТТ долбоорун ишке ашырууга тартылган
мамлекеттик органдардын тизмеги
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай- коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрө жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы;
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 470 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги.